presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№10, 08.04.08-ж.
  Көйгөй

Кайырчынын кайгысы
Жалпы журтчулуктун камылгасына ар качан береке ыроологон соода очогунун айланасы, көпчүлүктүн быкы-чыкысына толгон "Ош", "Дордой" жана "Баткен" базарларына корголоп, жараткандан жакшылык тилеп кайыр сурагандардын уюгуна айланып баратканы көпчүлүккө жаңылык деле болбой калган.
Кандай болгон күндө да сурамчылык менен күн көрүп аны адатка айлантып, ал тургай алакан жайып олтурууну бизнеске айланткандар да арабызда аз эмес. Биз мына ошол кайырчылык менен жан баккан замандаштарыбыздын жашоосу менен таанышып чыктык.

"Кайырчылардын" уюгу Ош базары

Аарынын уюгундай кайнаган базарларда издегениңдин баары болот эмеспи, анын ичинде кайыр сурап оокат тапкандар да ондоп саналат. Андыктан алгач "Ош" жана "Дордой базарынын" карап көрмөкчү болдук.
"Ош" базарында күн көргөндөр шаардын кире беришинен тарта базардын чыгышына чейинки жол катар турушат экен. Бул жердеги кайырчылар кирип-чыккандарды күзөтүп, өткөн адамдарга карай алакан жайып отурушат. Биз кезиккен кайырчыга нанга жетээрлик акча сунуп, - Мынтип, кайыр сурап олтуруп калганыңыздын себеби эмнеде? - деп, сурамжылап өзүбүздүн ким экендигибизди ачык айтканыбызда: "Сүрөткө тартып, тууган урукту көпчүлүккө шылдың кылбагыла" - деп терс карап алды. Кенен сүйлөшүүгө шарт болбой калгандан кийин андан ары жөнөдүк. Шаардын түндүк тарабындагы көпчүлүк каршы-терши өтүп жаткан жолдун боюнан дагы бир топ адамды кезиктирдик. Кыларга иши жоктой бул балдар ушул аймактын кайырчылары. Болгон жумуштары таң эртеден кечке чейин кол созуп тура бермей. Аларды божомолдоп билип алып кепке тартмакчы болуп, жакындай келгенибизде "ата-энем жок, жардам бергиле" - деген каропканы мойнуна илип алып олтурган жаш балдардын жанына олбурлуу эле жигит алдындагы топтолгон акчасын бирин да калтырбай алып кетип калса болобу?! Байкаганыбызга караганда, жаш балдарды ушул жол менен иштетет өңдүү. Сабыры суз ыйлагысы келген баланын арыраак жагында турган жигитти көрүп, балага жакын барып сурай албай арыда эки баласын колуна кармап олтурган эжеге кайрылдым.
Өзүн Анара деп тааныштырган айым төмөнкүлөрдү айтып берди: жокчулуктун айынан эки баламды багайын деп, ушинтип олтурам. Жашаган туруктуу үйүм жок. Жолдошум болсо каза болгонуна эки жыл болду. Энем тогузунчу классымда каза болгон. Бир тууган агамдын жер тамы бар, ал жакка кээде гана айла кеткээде гана барбасак, көбүнчө алакан жайып жан сактайбыз. "Өздөн көрө жат жакшы, өзбектен көрө сарт жакшы" - дейт беле ошондой сиңдим. Ал эми сен сураган тиги жаш балдар болсо ата-энеси жок же үйүнөн качып чыккан балдар. Булар куулук-шумдукту билбеген айылдыктар. Үстүнөн күн көрүп токумун жеген тигил күрөөздөр, булардын курсагын чала тойгузган болот да кечке тапкан акчасын шылып алышат. - "Өзүңөрчө эле олтурбайсыңарбы?" деп айтып калам кээ бирлерине. "Мынтүүнү биз да ойлогонбуз, артыңдан сая түшүп куугунтуктап турса анан…" Жол боюнда 200-300 сом, машинелерде аралап 500-800 сомго чейин иштешет.

"Каңырыгым түтөп кетет…"

Ушундай эле көрүнүштү "Дордойдун" айланасын көрмөкчү болдук. Бул жерде кайырчылар арасында эч бир жыргап кеткендер жок. "Көкөйдү кескен" жокчулук деп жан үрөп жүрүшөт. Жараткан ыроологон беш күндүк өмүрүнөн кечип, кайырчылыкты пааналап күн көргөндөр таң атпай келип калышат. "Дордой" тараптагылар шаардын ток ортосун кесип өткөн жолдо турушат. Бул жердеги кайырчылар туш-тарапка чачырабай бир тилке катардан орун алган. Алакан жайып тургандардын соңунда орун алган орто жаштагы мырза менен өзүбүздү тааныштырып, сүйлөшө кеттик.
- Учурда, жашаган жериңиз анан бүлөөңүз барбы?
- Туруктуу жашаган турак жайым жок. Аялым менен автокырсыкка учурап бир бутумдан айрылгандан кийин ажыраштым. Бала-чакам бар. Эки уул бир кыздын атасымын. Жубайымдын өтүнүчү менен бир бөлмөлүү үйүмдү балама каттатып койгомун. Бир үйдө жашап жакын адамдарыңдын салкын мамилеси көңүлүңдү муздатат экен. Өткөн күнүмдү анан азыркы күнүмдү салыштырсам каңырыгым түтөп кетет. Ошол себептүү учурда батирде турам. Албетте, мамлекет тарабынан да жардам берилет бирок, алган 800 сом чындап келсе тамагыма да жетпейт калат. А бул жерде күнүнө саат 7ден 4кө чейин олтурсаң, кайрымдуулук жакшы болгон күндөрү 400- 700 чейин да болот.

Кайырчыларды да тоношобу?..
"Ош, Дордой" базарына караганда "Баткен" базарларында кайыр сурагандардын кирешеси жакшы эмес. Мында деле жолду жээктеп ар кай жерде 15тей кайырчы тилемчилик менен оокат кылышат. Экөө көпчүлүктөн окчунаар жерде олтуруп алып, колундагы эскилиги жеткен чемоданын жаап жатып бөтөлкөнү оозуна жакындатып култулдатып жутуп, түбүндөгү калганын шеригине сунду. Биз экөөнүн жанына бардык.
- Эмне, кайырчыларга жардам бергени келдиңерби же тоногонубу? -деди, олтурган бала оордунан артын көздөй кетенчиктеп…
Жол боюнда ары-бери өтүп жаткандар менен иши болбой, чаңга оонап жаткан кыргыздын кээ бир эр азаматтарын кайырчы же ичкич экенин так кесе айтуу өтө кыйын. Ата сакалы тепселип, чаңын күбүүгө шайы келбей бир ууртам ачуу суудан көзү өтүп, кирдеген кийими менен иши болбой, капкара майга айланган калпагын алдына коюп олтурган карыяны көргөндө, айласыз башың шылкыя түшөт. Анан аргасыздан мындай ой туулат:
Кең аймактуу өз мекенине сыйбай, андан паана табалбаган кыргыздын кыргызчылык жалкоолугубу же ашыкча мейман достугубу. - деген суроо пайда болот. Сен жакшы деп далыга таптап койсо эле, болгон ичиндеги дилин сунуштап олтуруп, өз мекенинде жанын бага албай кайырчылардын топтомун түзүшүп олтурат.
Мындагы тилемчилик кылып күн көргөндөр эки топко бөлүнөт;
Биринчилери, алты саны аман туруп ичкилик айынан өз үйүнөн баш тартып акыры кайырчылык менен күн көрүп калгандар. Булар күнүнө 100-150 сомдон 200 сомго чейин табышат. Тапкан акчаларын калтырбай ичип, эртеңки жашоосун тобокелге салып жашагандар.
Экинчи топтогу кайырчылар, тубаса майып төрөлгөндөр же кырсык айынан мунжу майыпка айлангандар. Бул топтогу адамдар таң эртеден кечке чейин туруудан тажашпайт. Алардын тапканы кээ бир кызматкердин бир айлык маянасы менен барабар. Тактап айтканда ар күнү орточо эсеп мене 300 сомдон 500 жүз сомго чейин табышат экен.
Биз көчө бойлоп, көпчүлүктүн көзүнө көрүнгөндөрүбүз ушунча болду. Кантсе да жолун таап калсак, кийинчерээк жаш балдарды чоңдук көрсөтүп кайырчыларды тоногондор жөнүндө маалымат беребиз.

Даярдаган Чынара Абдраева




  Тагдыр

Төрөт үйүнөн алмашылган балдар
"Беш кол тең эмес" дегендей бу жарыктыкта ар ким өз бешенесине жазылганын көрөт тура. Андыктан бүгүндөн тартып эч кимге айталбаган сырыңызды, жан дүйнөңүздү жабыркаткан бугуңузду гезитибиздин "Тагдыр" рубрикасы тең бөлүшөт. Мындан ары биз менен кызматташта болуп, төмөнкү дарек аркылуу кайрылыңыздар.Биздин дарек: Горкий/Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиши. Тел.: 44-98-21

Мындан 29 жыл мурун, тактап айтканда, 1979-жылдын 17-майында тун уулум төрөлүп, 21 жашымда эне болдум. Операция жолу менен жасалма төрөп, канча кыйналып, кысталсам да ыңаалаган наристе үнүн укканда баары унутулуп, эне менен баланын ортосундагы кандайдыр бир жылуулук, ыйык сезим мени бакыттын кучагына бөлөндүрдү. Ал кезде азыркыдай ымыркай төрөлөөр замат эне колуна берчү эмес. Эмизээр убагында гана алып келип беришип, кайра орундуктарына (койкаларга) жаткызып койчу. Менин татаал тагдырым мына ушундай учурдан башталды.
Өзүбүздүн айылдык Айна аттуу келин менен бир күндө төрөп, бир бөлмөдө жаттык. Менин биринчи балам болсо,анын экинчи төрөтү экен. Экөөбүз бири-бирибизди тааныбасак да бат эле тил табышып, чогуу жүргөн курбулардай сүйлөшүп отурсак, медсестралар балдарыбызды алып келип беришти. Мында балама экинчи жолу сүт беришим эле, негедир баштагыдай катуу эмбестен акырын гана оозун кыймылдатканынан жүрөгүм бир нерсени сезгендей селт дей түштү. Ишене албай баламды кайра-кайра карап, анан алгачкы төрөтүм болгон үчүн мага ушундай сезилип жатат го деп өзүмдү жоошутуп койдум. Андан көп өтпөй балама Сүйүнбек деп ат коюп, төрөт үйүнөн да чыктык. Жолдошум үйбүлөдө жалгыз уул болгондуктан небере жытын эңсеген кайнатам менен кайненем эл чакырып, чоң той беришти. Ошентип, күн өтүп балам 1 жашка толуп, өз алдынча кадам шилтеп, кылыктары чыга баштады. Жагымдуулугу, сүйкүмдүүлүгү менен бизди сүйүнткөнү менен эч кимибизге окшоштугу жок. Сүйүнбегимди карап отуруп оорукана эсиме түшүп, ар кандай ойлорго чөмүлчүмүн. Так эмес, түшүнүксүз абалымды кимге айтаарымды билбей, чыдамым кеткенде кайненеме "эмнеге бизге окшошпойт" деп келесоолонуп да койчумун. Анда энем: "Балам бешик баласы беш түлөйт"-дейт экинчи антип айтпай жүр дечү. Баары бир деле жүрөгүм тынч албай, өзүмдү жаман сезе берет элем.

Арадан 6 жыл өткөндөн кийин капысынан мени менен төрөт үйүндө чогуу жаткан Айнага жолугуп калдым. Мен бир айылдын башында, ал аягында жашагандыктан жолугушчу эмеспиз. Ал баласын ээрчитип жүрүптүр, баланы көрүп эле сөзүмдү таппай дендароо болуп калдым. Анткени өңү-түсүнөн тартып кыймыл-аракетине чейин менин күйөөмдүн эле өзү. Бир убакта турмушка чыгып балалуу болсом, балам атасына окшош болсо деп кыялданчумун. Ушундай күтүүсүз жолугушуудан кийин уйкум качып, төрөт үйү эсимден кетпей, ойлоно берип сыгылып да кеттим. Эми бул боюнча кимге эмне деп айтам. Менин мындай оюмду ким колдойт. Чын эле менин балам ушулбу? Кантип далилдейм. Же жаңылып жатамбы деген суроолорго жооп табалбай айлам кетти. Ошол учурларда балама да көп көңүл бурбай, энелик мээримден алыстап бараткандай, күн-түн дебей эртеңки жашоомду элестетип, корко берчү болдум. Акыры жүрөк өйүгөн бул маселени бир гана күйөөм аркылуу чечээриме көзүм жетип, бул үчүн алдыдагы бардык жагдайларга, керек болсо жолдошум менен ажырашууга да даяр болдум. Анткени, ушул мезгилде мен үчүн баарынан да ичимден чыккан өз балам артык эле.
Мына ушундай кадамга бут шилтээр алдында "жыгылганды желкелейм" болуп Сүйүнбегим капыстан сарык оорусу менен ооруп калды. Менин жашоом андан бетер оорлоду. Баламдын ден-соолугу күндөн-күнгө начарлап, оорусу күчөй баштады. Ушул учурда бардыгын унутуп, баламдын аман-эсен айыгып кетүүсүн гана Кудайдан тиледим. Ооруканада 1 ай жаттык, такыр жылыш болгон жок, аны көрүп жүрөгүм эзилип бүттү.
Арадан туптуура 1,5 ай өткөндөн соң Сүйүнбегим менен кош айтышып, кара жерди кучактап кала бердим. Мына ушул кайгылуу учурдан кийин өзүмдү - өзүм жек көрүп, кудайга жакпаган ишти баштайм деп жараткан берген белегимден айрылдым деп өзүмдү күнөөлөй баштадым. Үй ичи тунжурап, жолдошум да санааркай берип, абдан азып кетти. Ошондо күнөөсүз баламды изилдебей дагы төрөгөнгө белсенсем болбойт беле деп аябай өкүндүм.
Билинбестен арадан 6 ай өттү. Күйөөмдүн көңүлү такыр ачылган жок, дайыма ойлуу жүрөт. Анын мындай илбериңки көрүнүшү мени андан бетер жүдөттү. Акыры эмне кылаарымды билбей туңгуюк оюмду, төрөт үйүндөгү абалымды, андан кийинки Айшанын баласын көргөндүгүмдү, анын күйөөмө окшош экендигин тобокелге салып, жолдошума айтып жибердим. Муну уккан жолдошумдун өңү-башы кубарып, мага кол көтөргөнгө чейин барды. Анан ата-энесинин бөлмөсүнө алып кирип, мага айтканды буларга да айт, -деди. Ыйлап отуруп айтып бердим. Кайнатам көпкө ойлонуп отуруп туруп, мурда эмнеге айтпадың, эми балабызды жок кылып алып алардын алдына эмне деп барабыз. Ушундай да болобу деп башын мыкчып отуруп калды. Анан туугандарды ээрчитип Айналардын үйүнө бардык. Ошол күнү аксакалдар жыйылып, айылда чоң ызы-чуу түштү. Акыры Айналар тараптын сунушу боюнча баланы алып ооруканага жөнөдүк. Кан текшерип алган соң андан аркы ишибиз сотко өттү.

Сот бала биздики экенин мыйзам түрүндө далилдегени менен алардын баласы биздин колдо жок болгондуктан бир канча жыл талаш-тартыштар болду. Ошентип, балабыз 5-класста окуп жатканда өз үйүбүзгө алып кеттик, тилекке каршы, башка бүлөдө, бөлөк тарбия алган балабыз биздин үйбүлөгө көнө албай өзү чоңоюп өскөн үйүнө кача берчү болду. Ошондон кийин баланы өз эркине койдук. Убакыт учкан куш дегендей арадан 28 жыл өттү. Мен андан кийин 4 баланын энеси болдум. Тун уулубуз болсо (Нурбек) багып алган ата-энесинин колунда эр жетти. Мындан 3 жыл мурун өз колубузга алып келип үйлөндүрүп, эми акылына кирди, биз менен бирге жашайт го деген үмүт менен колубуздан келишинче чоң той бердик. Мына ошондон эки жума өтпөй "Эми сиздер капа болбоңуздар, биз тиги үйгө барып кызмат кылалы" деп рахматын айтып, келинчегин ээрчитип чыгып кетти. Канча аракеттенип өзүбүзгө тартсак да баары бир бала жүрөгүн берген жок. Көрсө, бала үчүн тогуз ай көтөрүп төрөгөн эне эмес, ак сүтүн берип чоңойткон эне турбайбы.

Жазып алган Ж. Бороева












??.??