№10, 08.04.08-ж.
  Бешене

Табышмактуу тагдыр
Бул жашоодогу ар бир адамдын сезиминде катылып жаткан терең сырлары бар. Ал сырлар күнүнө сизди миң ирет ойлонтуп, миң ирет түйшүккө салаары бышык эмеспи. Качан гана ошол сырды бирөөгө айтып, сезимиңиздеги букту чыгарганда жашоо ыргагы кайрадан калыбына келип, жаркый түшөт. Эмесе, келиңиз окурман, мындан ары "Сезим сырлары" сиздердин кызматыңыздарда болуп, көкүрөк көйгөйүндө катылып жаткан сырларыңызды тең бөлүшүп, чер жазуу үчүн өз жардамын аянбайт. Кат жазып, телефон чалып, жүрөк сырларыңызды бөлүшүңүз.
Почта үчүн дарегибиз:
Бишкек-48 А/Я 1551.

(Башталышы өткөн сандарда)
…Кабырдын төр жагында атайын этиет бүктөлүп коюлган калыбында кыздын жигит менен жолукканда кийип барган кофтасы турган. Көргөн көзүнө ишенип-ишенбеген Дамир жин даарыган немече:
- Мына, мынакей, - деп бүктөлгөн кофтаны шаша колуна алып, жазып жиберди. Аппак бүрмөнү жаза салганда ырас эле тамактан тамган майдын тагы жүз арчыдан калган саркындысы так ошол бойдон калган экен. Дамир кубанычтан кыйкырып жиберди.
Карап тургандар бир чети жигиттин жоругуна таң калышса, экинчи четиндегилер болуп өткөн окуяга акылдары жетпей коркконунан жакаларын кармап, тобоо кылышты. Көр башында бир саамдан ашык күбүр-шыбыр басылбаган соң, казылган жайдан баары бир пикирге келбеген бойдон тарап кетишти. Көр башында жалгыз Дамир, анан эжекеси Жамал экөө көпкө дем тарпай олтурушту. Инисинин жин даарыгандай жоругун жокко чыгаргысы келген Жамал болуп өткөн окуяны эскертип, ага кайрылды:
- Каралдым, жолдон кезиккен кайдагы бир азгырык кыздын изин эмне мынча кубалайсың! Мунуңду карыган апам укса эмне дейт. Ушундайда акылыңа келип, артыңа кайт! Мындай капсалаңдуу чакырыкка мен десең, экинчи кайра кайрылбагын. Инисине күйүп айтылып жаткан эжекесинин сөздөрү кулагынын сыртынан кеткендей эле болду. Анын көз алдына Наргизанын нурданган аппак жүзү анан сүйлөгөндө өзгөчө көрк берген, тегиз бир кырка тизилген акактай тиштери элес болуп тартылып баратты. Ансайын жигиттин жүрөгү эч нерсеге баш ийбей кабынан чыгып кетчүдөй катуу кагат…
Мүмкүн, андан бөлөк эш тутаар бир тууганынын жоктугунанбы, болгон сырын баарын түгөл айтып, андан эч нерсе жашырчу эмес. Дамир ичинен өкүнүп, үшкүрүп алды. Аттиң, балким атамдын көзү тирүү болсо менин абалымды түшүнөт беле… анан эжесинин ага карап айткан сөзүн толук укпаса да:
- Макул, энеме айтпай эле коёлу, - деген болду. Зыпылдаган жеңил авто унаа менен бат эле шаардын чеке белинен орун алган энеси менен чогуу турган, оор дарбазалуу үйүнүн астына жетип келишти. Күн кечтеп калганда Жамал энеси менен инисинин амандыгын тилеп алар менен кош айтыша такси менен өз үйүнө андан ары сапар алды.
Кайрадан кезигүү
Таңдын кандайча атып, кандай батканы менен иши болбогон Дамирдин жалгыз, жөө тумандаган оюу эле Наргиза болуп калган. Канчалык жумушуна ыктап унутайын десе да ар качан кимдир бирөө атайын эсине салып койгондой түпөйүл ойдон арыла албай жүрүп, энесинин ноокастап жүргөнүн да байкас албаган. Карыган эне уулунун жумуштан келгенин көрүп:
- Дамир, кагылайын, бери келчи жаныма, - деди каргылданып. Дамир өзү менен өзү болуп, энесинин акыбалын да сурабаганына көп болгон эле. Кары энесинин жанына чукул келип, сансыз кыйма-чийме бырыш баскан жүзүнө эңилип карап, ичинен аяп алды да:
- Ээ апаке, эч жериң оорубайбы? - деген болду.
- Дамир, садага эми мындан ары менин өсөөрүм калбады, каралдым. Көзүмдүн тирүүсүндө качан колукту алып, мени кубантасың?- деди муңкана дирилдеген алсыз үнү аягына чыгып чыкпай. Заматта жигиттин көзү тумандап, бет алдына кайрадан жолоочу кыздын жылмайган элеси тартыла калды. Анан аны издеп табуунун амалын издебей, олтуруп алганына өзүнө кыжырданды.
Башын төмөн сала үн катпай олтурган уулунун жоругуна энеси да түшүнө бербеди.
- Кулунум, эмнеге үн катпайсың же көңүлүңө жаккан эч ким жокпу? Дамир ичинен дагы бирөөнү таап койбосун дегендей шашып:
- Көңүлүмдө бар, бирок…
- Андай болсо го мейли балам. Көзүмдүн тирүүсүндө сенин тоюңду көрөйүн, эртелет балам, жакшылыктын эртерээк эле болгону жакшы, - деди уулун үмүттү караган эне.
Арадан аз убакыт өтпөй, карыган энеси карайлап төшөктөн тура албаган бойдон, оо дүйнөнү көздөй сапар тартты. Табиятынан токтоо мүнөз жаралган Дамирге энесинин өлүмү кошулуп андан бетер азаптантып, түнт мүнөздүү адамга айлантты да койду. Жамал жалгыз инисине боор ооруганы менен анын түнөргөн кабагын жаза албай, далай жолу бушайман тартты. Атайын инисине келген эжеси Дамирди кечке чейин күтсө да келбеди. Жолукпай кайра кетип баратканына өкүнө болочок келинчек алсаң муну саласың деп түрлөп алып келген жоолуктарын Дамир жатчу бөлмөгө коюп, жолго чыкты. Жумуштан кеч кайткан жигит иреттелүү үйүн көрүп эжесинин келип кеткенин байкады. Анан жаздыгынын үстүндөгү алакандай кат менен түрлүү жоолуктарды көрдү. Жазылган катта энесинин айткан кеңеши бар экен. Өзүнчө эле жылмайып алды. Анан түрлүү жоолуктардын арасынан жүз аарчыдан чоңураак болгон жибек жашыл жоолукка көзү түштү. Эмнеликтендир аны төш чөнтөгүнө салып, караңгы коюуланып калган учурда жеңил унаасына олтуруп кайдадыр жолго чыкты. Дамир энеси кайтыш болгондон бери алгач ирет көчөгө чыкты. Ал эжесинин жазган акылын туура көрүп, борбордогу кыркалай тизилген кафелердин бирине кирмек болуп, машинесин токтотуп жерге түштү. Жигиттин алдынан караан кылак этип бир көрүндү. Үч-төрт кадам алга карай баса берээрде бет алдында көптөн көксөгөн сүйкүмдүү Наргизасы кайдандыр пайда болгондой алдын утурлай тосуп чыкты.
- Наргиза, чын эле сенби?.. Кубанычтан үнү каргылданып чыкты.
- Чын эле мен… кыздын капкара чачтарын учурган эрке желдин мээримдүү эпкиндеринен кыз-жигитке жылуулук ыроолонуп турду.
- Сен кайдан? Дамир кызга карай суроосун узатты. Жылмайып:
- Сиз мени издей бергениңизден кайрадан жолугууга! - деди ошол эле калыбында. Дамирдин ойлонууга да акылы жетпегендей, жалгыз гана көөдөн түпкүрүндөгү жүрөгүнүн кызга болгон ашыктык сезиминин түрсүлү кулагына угулуп туруп алды. Кайрадан ортодогу жымжырттыкты жигит бузду:
- Азыр, чогуу эле биздин үйгө баралы? -деди кайрадан жолукпай калчудай кыздын назик колдорун кармалап.
- Азыр болбойт, бир аз убакыт бар. Экөөбүздүн жолукканыбызды Жамал эжеңе да айтпагын, - дегенде Дамир калдастап:
- Анда кандай болот? - деп жиберди.
- Бул убактылуу, эжекең кийинирээк өзү күбө болот, - деп койду.
- Кийин өзүм жолугам, - деп жигиттен узап кете берээрде Дамир төрт чарчы жашыл жибек жоолукту кызга кармата берди. Жылмайган калыбынан жазбай Дамирди бекем кучактап коштошту.

Жөргөмүштүн желеси
Ырас эле аз убакыт өтпөй Дамир менен Наргиза кайрадан караңгы түндө кезигишти. Кыз бул жолку жолугушууда жигит менен көпкө элжирешип олтуруп, экөөнүн чогуу болооруна аз гана убакыт калганын айтып коштошту. Дал ушул аралыкта Дамир да шайыр болуп, жалгыз Жамал эжесинен бирдеме жашыргандай болгону менен көңүлү ачык ,куунак жүргөнүнөн бир боорунун жаны тынч алгандай болгон. Кийинки күндөрү Дамир кезиккен сайын кайра эле Наргизага жолуккусу келип жүрдү. Бирок, кыз айткан күндөрү гана жоолугушчу. Жолугуга жети күн калганда жигиттин чыдамы кеттип, кызды ар кай кезиккен жерлерин издеп жүрүп, таппай айласы куруду. Эртең мененки жумушуна барбай эле таң эрте туруп, кыздын ата-энеси жайыттаган жалгыз айылды көздөй сапар алды. Зыпылдаган жеңил авто унаа бат эле колоттогу жагыз чыйыр жолго жеткирди. Унаадан түшүп өйдөлөгөн өрдү көздөй булак сууга кошулган тоо суусунан обочороок жайгашкан кыздын кабырына келди. Ал жигиттин көзүнө кабыр эмес эле жер төлөө сымал үй көрүндү көзүнө. Ылдый карай түшкөн үч-төрт тепкичтен кийин эч мурун көрбөгөн, дегеле адам заты колдонбогон кооз буюм - тайымдарды карап олтуруп, арасынан кызга өз колу менен берген жашыл жибек жоолукту көрдү. Ал жерде канча күткөнү белгисиз, күн уясына батып баратканда кайрадан жолго чыкты. Сырдуу жигит ар качан көргөн билгенин чөнтөк дептерине түшүрүп жүрчү. Ушул жолу да үйүнө келгенден кийин көзү менен көргөндөрүн, эмне жасагандарынын баарын тизмектеп чөнтөк дептерине жазып олтурду…
Дамир жумушуна атайын барып жумуштан бошонуп алды. Анан эмгек китепчеси менен күндөлүк дептерин терезеге коюп ошол бойдон кармабады… Ал күн сайын түнкүсүн эшикке чыгып көңүлү жай алып калат.
Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Жамал инисинен кабар алганы келип, кароосуз корону көрүп, көргөн көзүнө ишене бербей турду. Оор дат баскан темир дарбазаны кыйчылдата ачып, эмнегедир кооптонуп алды. Бир караган адамга бул үйдө көп жылдан бери эч ким жашабагандай сезилет экен. Ичкери кире каалганы ача берди. Буруксуган чаңдын жыты анан ар кай жерин тегиз каптаган жөргөмүштүн илешкен желелери, чаңдан терезелер бубактанат. Электр лампасын күйгүзгөндөн кийин терезедеги желе каптаган инисинин эмгек китепчесин анан күндөлүк дептерин алып амалсыз көз жүгүрттү. Анан каңырыгы түтөй терезени каптаган караңгы түнгө тигиле солкулдап ыйлап олтурду…
Дамир бул убакта Наргиза экөө кол кармаша эч ким бизди ажырата албайт деген таризде шынарлаша түндүн бир оокумунда гана жигиттин жер тамын көздөй келе жатышкан…

(Уландысы бар)
Даярдаган Чынара Абдраева




(Башталышы өткөн сандарда)
Мына азыр баарын айтып жатам. Сенден башка менде эч ким жок. Сен менин бактыма төрөлгөнсүң, эркем!?"-деп кучактап кулагыма шыбырап жатканын элестеттим. Жок, бул чындыкка жакындашпай калды. Ал минте албайт, өзгөчө элдин көзүнчө. Элдин баары эле минтип айта алышат. Ал элден башкача айтат, ал мага сүйүүсүн башкача билдирбеди беле. Болбосо курма эмне? Андай курма эмес Африкадан келген тамак- аштарды, жер-жемиштерди жеп эле жүрбөйбүзбү. Ал жөн эле билдирип коюуга шылтоо болгон ... Анан бири-бирибизди көрүп, чогуу жүргөн күндү элестеттим.
Ал абдан акылдуудай, эң туура жолду тандап алгандай элес калтырды. Чынында мага окшогон шаардык эрке кыз анын жан дүйнөсүндөгү сезимин билдирген сөздөрдү туура кабыл алмак беле. "Сүйөм" десем мобул мени сүйүп калыптыр деп элге жайып, шылдың кылаарым бышык болчу. Менин андай кыялымды билген ал менден акылдуулук кылып, сүйүү жөнүндө бир сөз айтпай өзүн сүйдүрүп алганына таазим кыла баштадым. Анын үстүнө менин апам сүйөм деген балдарга эч качан ишенбе, алар бул сөздү айта бергени менен анын кадырына жете алышпайт, ал эми чыныгы сүйгөн адам сезимин айтпай эле билдирип коёт дечү. Апам көп нерсе башынан өткөргөн да, ал көптү билгендиктен ушинтип айтты да деген ойлор менин бул боюнча көз карашымды бекемдеп койду. Азамат, жигит деген ушундай болуш керек... Ушул түн жарым убаккытта ал менин идеалыма, жан дүйнөмдүн башкы каарманына айланды.
Кантип көзүмдүн илинип кеткенин билбейм, эртең мененки "подьемдон" улам ойгонуп кеттим. Күндөгүдөй башым салмактанбай көңүлүм сергек. Бирок шарт ордуман турбадым. Элден кийин оорулар менен тамак ичкенден улам, эртең менен эрте эч ким деле тур дебейт. Азыр башымды көтөрсөм эле талаага жумушка айдачудай, төшөккө чүмкөнүп алдым. Бир топтон кийин баары ишке кетип эл аягы суюлду. Турдум. Эшикке чыктым, көңүлүм жайдарыланып тургандыктан кичине сейилдемиш болдум да, анан эртең мененки тамакка бардым. Бирок тамакка көп табитим тартпады.
Автобус (анда сөзсүз автобус менен алып келчү эмес беле) кайсы жерге токтойт болду экен. Экөөбүз кантип жолугабыз. Мени кучактап эркелетеби? Балким таптакыр таанымаксан болуп коёр? Ушул ой келгенде бирөө муздак суу куюп жибергендей көңүлүм чөгө түштү. Андай болушу деле мүмкүн да, экөөбүз мурда эзилишип сүйлөшүп жүрбөсөк. Ушул ойдон кийин анын көзүнө жүдөгөндөй, чүнчүп кеткендей көрүнгүм келбеди. Чуркаган боюнча бөлмөгө бардым да, күзгүнү колума алып өзүмдү карадым. Ооруган кишидей көзүм киртийип калыптыр, муну көрсө табалайт го деген арам ой пайда болгондон кийин, көпкө убараландым да, кейпимди оңдогонго кириштим.
Түшкө жакын жүрөгүм алеп-желеп. Өзүмдү-өзүм токтото албайм. Аңгыча "коопнабор" студенттерди жеткирип автобус келди. Жыйырмага жакын экен. Акыркысы түшүп бүткөнчө үмүттүү карап турдум. Бахид жок. Жүрөгүм эңшериле түштү. "Келесоомун, каяктагы бирөөнү күтүп" жан дүйнөм ушул сүйлөмдү улам-улам кайталай берди...
Тажикстандыктар сылык келишет эмеспи, мугалимдерге жер-жемиш ала келиптир. Аларга беришкенде алар түз эле ары көтөрүп кете алышкан жок. Ошол жерде карап турган бизге "ооз тийгизишти". Бул жолу колума эски кургаган курма тйииптир. Муну да Бахид "дубалатып" берип жибергендей, аны жесем ушундай соолуп калчудай түр калтырды да, шар эле алып жеген жокмун. Жүрөгүм "зырп" этти. "Жеш керекпи же жебеш керекпи?" деген ой бир саам башымды уялады. Жебеш керек. "Бир курманын азабын ушунча тартып жатсам, экинчисин жесем таптакыр өлүп калам го"-деп ойлоп курманы ыргытып жибердим, баш аягы жок чаргыган ойдон кутула албай бөлмөгө бардым сүйрөлүп. Болбогон нерсеге ушунчалык элеп-желеп болгонума ызаландым... Кудай-ай! Эч ким түшүнбөгөн жан дүйнөнүн арманы...
Өксүп ыйлап-ыйлап уктап калыптырмын. Түн ортосунда ойгондум. Оозум кургап, кадим арак ичкен кишидей башым жарылып ооруйт. Сыртка чыккым келди, бир топко коркуп турдум да, ушуга чейин албаган Кудай ушул жолу алып кетмек беле, алса алып тынар деген эрдемсиген ой менен сыртка жөнөдүм. Бул жерде да биресе ата-энеме таарынгандай таарыныч кылсам, биресе күндөлүк тиричиликти көргөн азап-тозокторумдан кутулгум келгенин баамдадым. Мындай баш оорутма нерселерден кутулуунун бир гана жолу бар сыяктуу. Ал өлүм деп ойлоп жаттым. Өлгүм келди.
Бул ой мени далайга алаксытты. Өзүмдүн азыр өлүп калганымды, ата-энем ыйлап мында келгенин... алардын дос-туугандары, менин досторум келип көмүп жатканын, алардын арасында Бахид жүргөнүн элесттетим. Бир караганда баары тең чындай көрүнүп элестеп кетти. Бахиддин келгенин тыягынан ойлоп, быягынан элестетип чындыкка жакындаштыра албай койдум. Тигиндейинен карасам да, мындайынан карсам да ал менин "сөөгүмө" жакын келчүдөй эмес. Акырында мени өлүп калыптыр деп Тажикстандагы үйүнөн бул тарапка келе коймок беле деген ой жеңип чыкты да,ушул бүтүм туура дегенге келдим. Мени минтип кыйнап коюп өзүнүн бейкапар жүргөнүнө жиним келди, нервим бузулду. Эмне үчүн ойлонсом эле оюмдун баары Бахидге барып такалат? Таптакыр башка нерселер жөнүндө ойлонсом да барып-келип аягы Бахидке байланыштуу бүтөт. Ал катышпаган менин башымда эч кандай ой калбагандай.
Сыртка чыктым. Эшиктин маңдайында коюуланып, бир топ жерге чейин көлөкө түшүрүлүп турган өрүкзарлар. Мен сыртка чыкканда ошол тараптан эки караан кыбырай түштү. Жүрөгүм кабынан ыргып кете жаздады. Баятан өлүм жөнүндө ойлонуп, эрдемсинип турган жаным кайра артты көздөй чуркаганымда, мен экенимди тааный коюшту окшойт:
- Элмира! - деди, шыбыраган шоокумга окшогон кыздын үнү. Эсиме келе түштүм да коркуп өзүмдү жоготуп койгонума уялып тык токтодум.
- Элмира, бери кел,-деди баягы тааныш кыздын үнү.
- Коркпо, биз элебиз,-деди жигиттин үнү. Бир эсе алардын кимдер экендигин билгим келди да аларды көздөй бастым. Бир топ жакын жерге барганда гана тааныдым. Биздин группада окуган Арзыкан деген көлдүк кыз экен. Жигити менен туруптур. Жигити бизде окубагандыктан, ушул күнү келем деп сүйлөшсө керек. Аны кондураарга жер жок болгондуктан, экөө эшикте кадыр түн тосуп жүрүшкөн экен да.
Арзыкан мени кайра кирип мугалимдерге айтып коёт дедиби, же ушунчалык бакытка толуп турган өмүрүнүн бир үзүмүнөн бөлүшкүсү келдиби, айтор телегейи тегиз маанайы менен:
- Эмне, Элмира үйкуө келбей жатабы? Уйкуң келбесе биз менен бол, чогуу кадыр түн тособуз,-деди. Атайы кийинип эшикке чыккандан кийин кайра кирип кетүүгө болбой калды. Ошондой эле көкүрөгүм боштуктан жадагандыктан, башка бир себеп алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатышканын билгим келгендиктен кайра кирип кете албайдым. Мурда башыман өтүп көрбөгөн, жигит менен чын дилден сүйлөшүүнүн сырларын жакындан байкап, таанып билип көрүүгө ашыктым, дегинкиси алардын жанына баргым келди. Бардым.
- Таанышып алгыла, мен дегенде күндүр-түндүр уйкудан безип жүргөн жигит, -деди Арзыкан тамаша аралаштырып.
- Ий, ии, - деди жигит чолок үнүн чыгарып башын ийкегени менен мында сенин кандай жумушуң дегени, мага таң калгандай караганы аркылуу туюлуп турду. Буга чейин шарактап жүргөн ачык айрымдыгымдан эч жерден өзүмдү ашыкча же ыңгайсыз сезчү эмесмин. Биринчи жолу өз заманымда төрөлбөй калганымдай, эртерээк бул дүйнөгө көз жаргандай абалга туш болдум. Эми мынча басып келгенден кийин, кайра кантип бурулуп басып кетмек элем. Өзүңдү жоготпо, Элмира, -дедим ичимен өзүмө-өзүм. Кандайдыр бир эрдик жасоочудай күч пайда болду ушул ойдон кийин.
- Элмира-деп жигитке колумду сундум. Менден мындай кыймылды күтпөгөн окшойт, калдаңдап калды да шап колуман кармап:
- Азиз. Быйыл унуиверситетти бүтүп жатам. Силердин Арзыканыңарга - Арзуума арзып келип, мына минтип түн катып мында жүрөм-деди шайыр мүмнөз менен.
- Жакшы, болсун, болсун.
Бизде андан жакшы кыздарбар деп айтып жибере жаздап барып токтодум. Балким башка учур болуп, бөлөкчө шартта жайчылык менен күндүз кездешкен болсок ушинтип айтыпсалмакмын. Бул жерде ушунчалык бактылуу болуп турган Арзыканды көргөндө жана өзүм ошондой бакытка жепейт минтип армандуу басып жүргөндүктөн, сезим оозуман түшүп калды. "Арзуу" деп айтканына караганда жигити да бул күндөөзүн абдан бактылуу сезип турат.
Кыздардын бардыгына таандык болсо керек, кандайдыр бир мааниси ачылбаган кызганыч пайда болду. Эмне үчүн түрү суук Арзыкан бактылууга болууга тийиш да, мен мындай бакыттан кур калышым керек? Ушундай кыздарга жигиттер алыстан арзып келет да, мага окшогондорду көрүшпөйт, эмне себептен? Эмнеге мен башкалар сыяктуу кадимки эле жигиттерди сүйө албайм. Эмне үчүн кыргыздын дордойгон, ормойгон жишгиттери мага ашык болбойт? Алардын жанында жылмайып турганым менен ушундай суроолор жүрөгүмдү эзип жиберип жатты.