№10, 08.04.08-ж. ЖоКе 100 күн иштеди
Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын 100 күндүгүнүн урматына бүгүн төрага Адахан Мадумаров маалымат жыйынын өткөргөнү жатат. Партиялык тизме менен шайланган жаңы парламент өткөн жылдын 21-декабрында расмий ишке киришкен. 16-декабрдагы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын ичинен шайлоо алдында президент Курманбек Бакиев негиздеген "Ак жол" партиясы 71 орунга ээ болушкан. Шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеген коомчулук өкүлдөрү ушул күнгө чейин нааразылыктарын билдирип келатышат.

Жарыктар жалп өчүүдө
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тараткан маалыматка караганда, апрель айында республика боюнча 107 миллион киловатт сааттык электр энергия өчүрүлөт. 520 миллион киловатт саат электр энергиясын пайдаланууга уруксат берилет. Энергия бөлүштүрүүчү компанияларга берген мындай тапшырманы өкмөт Токтогул суу сактагычында азайып кеткен сууну өз деңгээлине жеткирүү аракети менен байланыштырууда.

Меккеге карай узак жол
Белгилүү инсан, жазуучу, драматург Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" спектаклинин алгачкы саамалыгын "Учур" телетеатрынын артисттери ачып, 5-6- апрелде КТР дин концерттик залында көрсөтүлдү. Койгон режиссёру (Тажикстан) Барзу Абдураззоков. Чыгарма жалпы адамзаттын көйгөйлөрүнө арналып, руханий дүйнөбүздөгү сүйүүнү, тазалыкты, аруулукту, чындыкты, абийирди адегенде өзүң изде. Ниетибизди оңдоп, дилиңди тазартсаң, ошол Меккеге барып келген менен барабар деген ойлорду козгоп, сезим силкинткен азыркы башаламан турмушубуздагы адашуу, изденүүлөр эң сонун сүрөттөлөт.
Бул шедеврге айланчу спектакль жөнүндөгү кеңири ой-пикирлерди кийинки саныбыздан окуй аласыздар.

Чолпонатада "чоң чатак"
Жергиликтүү бийлик Чолпоната шаарынын "Чолпон" театрына чогулган элге эски базардын санитардык архитектуралык жана өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан аны 2-апрелде жаап, милицияларга кайтартып койгондугун түшүндүрдү. Базарда иштеген тараптан Ырыскүл Секетаева мындай кадам ишкерлердин укугун басмырлоо деп облустук прокуратурага кайрылгандыгын билдиргенде көпчүлүк каршы болушту. Эски базарды жаңы базарга көчүрүү зарылдыгын айтышты. Базар башчысы Света Асанова анда "согуш" ачабыз деп жарыялап, залдан чыгып кетишти. Анда аксакалдар соту, депутаттык корпус жана жергиликтүү бийлик аны сотко берүү боюнча чечимин белгиледи.

"Чыңгызханды" Түркияда коюшат
Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драма театрынын чыгармачылык жамааты Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту" аттуу чыгармасынын негизинде коюлган спектакли менен 11-апрелде Түркияга эл аралык фестивалга барат. "Чыңгызхан" спектаклин түркмөнстандык режиссер Какажан Ашыров өткөн жылы декабрь айында Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата сахналаштырган.

Молдолор тескелүүдө
Муфтият Баткен облусунда дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүдө. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Мамбетасан Ибраев бүгүн билдирди. Учурда өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыгынан атайын комиссия келип облустун район шаарларында жергиликтүү имам, хатиб жана казылардын деңгээлин текшерип, аттестациядан өткөрүүдө. Маалыматка ылайык, республика боюнча мындай текшерүү аяктаган соң аймактардагы дин кызматкерлеринин деңгээли, диний кырдаал тууралуу атайын отчёт өкмөткө да жиберилет.

Авиакомпаниялар текшерилүүдө
Ушул тапта Кыргызстанда 24 авиакомпания катталып, анын 21и иштеп жатат. Бир компания банкрот деп табылды. Бул тууралуу жарандык авиация департаментинин директору Алик Аскаров билдирди. Анын айтымында, 2007-жылдын 11-сентябрында "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясы Бишкек шаардык соту тарабынан банкрот деп табылган. 15-апрелге чейин 12 авиакомпанияда текшерүү иштери өткөрүлүп, эл аралык талаптарга жооп берген компаниялар мындан ары дагы ишин уланта алат. Алик Аскаров 30-апрелден тарта 22-октябрга чейин Бишкеке-Астана-Бишкек маршруту ачылаарын дагы кошумчалады.

Баалар эмнеге өсүүдө?
Кыргызстанда баа туруксуздугу сакталып кала берүүдө. Муну дүйнөлүк туруксуз баанын таасири менен байланыштырган Улуттук Банктын төрагасынын айтымында, бааны турукташтыруу максатында Улуттук Банк менен Кыргыз өкмөтү кыркка чукул багытта чараларды иштеп чыкты. Банк төрагасынын Парламентте отчёт берүү маалында журналисттерге билдиргенине караганда, быйыл Кыргызстанда инфляциянын өлчөмү 12-15%ти түзөөрү күтүлүүдө. 2007-жылы инфляция 20,1%ке жеткен.

"Эркиндик" партиясын ким башкарат?
5-апрелде Бишкекте өткөн аталган партиянын кезексиз 5-курултайында "Эркиндик" партиясынын төрагалыгына Шамшыбек Өтөбаев шайланды. Бул тууралуу "Эркиндиктин" мурдагы төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, ал партиянын төрагалыгынан өз ыктыяры менен кетерин өткөн жылы 22-декабрдагы пленумда расмий жарыялаган. "Эркиндик" партиясынын саясий кеңешинин жана президиумдун мүчөсү катары саясий ишмердүүлүгүмдү уланта берем"- дейт Тургуналиев.




  Дүйнө дүбүрт

Буш менен Путин эмнени сүйлөштү?
АКШ жана Орусия президенттеринин Сочидеги сүйлөшүүлөрүндө ортодогу талаш маселелер боюнча олуттуу бурулуш болгон жок, бирок тараптар мунаса таба аларына оптимизм билдиришти. Орус президенти Путиндин айтымында, Москва мурдагыдай эле АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруу пландарына каршы. Ал эми АКШ президентинин билдиргенине караганда, эки өлкө ракеталардын потенциалдуу коркунучуна каршы туруу үчүн Орусия, АКШ, Европа тең укуктуу өнөктөш катары катышкан система түзүүнү каалап жатканын макулдашты.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунан АКШ менен Орусиянын мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин мындан аркы стратегиясы боюнча декларация кабыл алышты. Буш Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү аракеттерине колдоо билдирди.

Олимпиада оту Парижде
Олимпиада оту Париж аркылуу күчөтүлгөн тартипте өткөрүлөт. Буга каршылык чараларынын болуш ыктымалдыгы себеп болууда. Кечээ олимпиада оту басып өткөн Лондон шаарында баш аламандык орун алып, ага катышы бар саналган 36 киши камакка алынган. Кытай бийликтеринин Тибеттеги саясатына нааразылык билдирген демонстранттар тобу Олимпиада отунун Лондондун көчөлөрү аркылуу жүрүшүн токтотууга аракеттеништи. Олимпиада отун өрт өчүргүч аспап менен өчүрүүгө аракет кылышты. 50 чакырымга созулган жүрүштө Олимпиада отун британиялык жана кытайлык сакчылардын үч катары коштоп жүрдү.

Пайгамбардын киносуна каршы
Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын Данияда кайра басылышына жана Голландияда Куран жөнүндө фильмдин чыгышына каршы Пакистандын Карачи шаарындагы кечээги демонстрацияга 5 миңдей адам катышты. "Дания жоголсун!" "Голландия жоголсун!" деп кыйкырган демонстранттар эки өлкөнүн желектерин өрттөштү. Өкмөттү Еврошаркет өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилесин кайра карап көрүүгө чакырышты.

Садрдагы чатак
Ирак башкалаасы Багдаддын Садр шаар деп аталган районунда ирактык аскерлер менен шийит согушкерлеринин кагылышуусунан кеминде 25 адам өлүп, 100дөйү жаракат алды. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти. Уруш шийиттердин радикал имамы Моктада аал-Садр бир апта мурда эле өз согушкерлине ок атышууну токтотууну буюрган соң орун алып олтурат.
Ал эми кечээ Багдадда ракета же минемет менен аткылоодон америкалык үч аскер каза таап, 31и жаракат алган. Алардан сырткары дагы эки жоокер Ирактын башка аймактарында курман болгон.
Келаткан шейшембиде АКШ Конгрессинде Ирактагы абал жана аскерлердин санын кыскартуу мүмкүнчүлүгү боюнча Багдаддагы элчи Раян Крокер жана америкалык аскерлердин командачысы, генерал Девид Петреус маалымат бермекчи.

Черногория президентин кайра шайлады
Черногориядагы президенттик шайлоодо бийликтеги партиянын талапкери, кызматтагы президент Филип, Вуянович жеңишке жетишти. Баштапкы маалыматтарга караганда, Социалисттердин демократиялык партиясынын өкүлү Вуяновичти добуш бергендердин 51%дан ашууну колдогон. Муну менен ал президенттикте дагы бир мөөнөткө, беш жылга калмакчы. Бул Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийинки алты жүз миң гана калкы бар Черногорияда алгачкы президенттик шайлоо болду.

Шри-Ланкада жардыруу
Шри-Ланкадагы жардыруудан кеминде 10 киши көз жумду. Башкалаа Коломбодон 20 чакырым аралыктагы марафон жарышынын ачылышында бомба жарылды. Курмандыктардын арасында ачылыш салтанатына келген Жолдорду өнүктүрүү министри да болду.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ