presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№10, 08.04.08-ж.
 "Обон"-почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге жөнөткөнгө шашылыңыздар!..
Сиздердин ой-пикирлериңиз гезит бетине жарыяланат. Мыкты деп табылган SMS билдирүүлөргө атайын белектер бар.

Ошондой эле гезиттин электрондук почтасына, obon_pr@mail.ru дареги боюнча жиберсеңиздер болот.

Мындан сырткары
0555 002691 же 0555 000986
номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.
ОП-10-01. Сүйүктүү байкем Курсанды 9-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Жубайыңыз менен кармашкан колуңар үзүлбөй бактылуу болуп, балаңыздын убайын көрүңүз. Нурзат

ОП-10-02. Салам "Обон". Менин саламым ИИМдин академиясында окуп жаткан сүйгөн кызым Эммануэлге. Мен сени чексиз сүйөм. Кантип сага сүйөөрүмдү билдирсем болот. Сенин сүйүүңө зар болгон Байрам

ОП-10-03. Анекдот: Мугалим окуучудан сурады:
- Отундун түрлөрүнө кайсылар кирет?
- Көмүр, көң, жыгач, аял...
- Аял кандайча?
- Атам кошунанын бойдок баласына "Катын алсаң төшөк жылуу болот" деп айткан. Көчкөнбай

ОП-10-04. Болот, Келсинай үй-бүлөңөрдүн очор-бачары көбөйүп, Асема аттуу кыздуу болушуңар менен куттуктайбыз. Чынара

ОП-10-05. Туулган айлымдан алыста жүрүп, балалыгымдын таза асманын эстегенде туулган жериме Меккеге бараткандай жөө-жалаңдап кетким келет. Жүрөгүмдө жашаган ыйык жеримдин касиети Меккеден кем эместей туюлат. Кожогул

ОП-10-06. Нурсултан, мен сени сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Жази

ОП-10-07.
Сүйүү дартын көңүлүмө сен
салдың,
Жүрөгүмдүн ортосунан жай
алдың.
Махабаттын ээси болдуң
сен өзүң,
Сүйөм сени бир өзүңдү
ардагым.
Эммануэль, сураныч Бишкекке кетпечи. Байрам

ОП-10-08. Султан Садыралиев, сенин үнүң абдан жагат. Бирок башка элдин ырларын которуп ырдаганың эч жакпайт. Эгер ыр жоктон ошого барып жатсаң, менде жарык көрө элек көп ыр бар. Кааласаң, каалаган ырыңды жазып бере алам. Менин ырларым сага ийгилик алып келээрине ишенем. Эгер бул идея кызыктырса мени менен байланыш Нургүл

ОП-10-09. Астанада талыкпай билим алып жаткан досум Эммануэлге салам. Мен сени аябай сагындым. Досуң Байрам

ОП-10-10. " Обон" салам. Гезитиңер абдан жакты. Биринчи жолу алып окудум. Силер менен эми дайыма бирге болом. Жаңы окурманыңар Нургүл

ОП-10-11. Жылдыз напиши на мой mail, а то у меня не получается, жду. Чолпон 69@mail.ru

ОП-10-12. Чочко, карызды качан бересиң? Депутаттын жардамчысы болгону "Кидала" болуп кеткенсиңби? Жими

ОП-10-13. Анекдот: Чоңко пойузда кетип баратса, орус бычак сурап калат. Бир топ убактан кийин келип:
- Бабай капа болбоңуз, бычагыңыз менен чочконун салосун кестик дешет сынамакка.
Анда чоңко:
- Ээ балдар эч нерсе эмес, андан бычагым мокоп калмак беле. Ал бычагым менен эшегимдин кулагын, итимдин куйругун кескем,- деген экен. Жунус

ОП-10-14. Россиянын Братск шаарындагы базар багынткан бир туугандарыма жана жалпы мекендештериме сагынычтуу салам жолдойм. Чың ден-соолукта болуп, "Базар баатыры" деген орден тагынып мекениңерге кайткыла. Алик

ОП-10-15. Тунгуч кичи районундагы бөлөлөрдүн бардыгына чоң салам. Сезим менен Арленге бактылуу балалык каалайм. Бөлөңөр

ОП-10-16. КУУнун филология факультетинин старостасы Наркозиева Назгүлдү туулган күнү менен куттуктайм. Каалоорум окууларына ийгилик, сүйгөнүнө жетип, бактылуу болсун деп группалаштары

ОП-10-17. Ош КУУ да окуган дос кызым Айсулууга салам жолдоймун. Айсулуу, мага звонок кылчы. Менин номерим +77024487766. Алматыдан Мирзали

ОП-10-18. Айланайын кыздар, куйругун жулган тооктой болуп кийинген (мода деп эле) белге жетпеген кыска шымыңарды таштагылачы. Алды, артыңардан суук өтүп, эртеңки күнү эне болуу бактысынан ажырасаңар эмне болот? Өзүңөргө өзүңөр күйсөңөр боло, өсүп жаткан жаш денеге тар кийимдердин зыяны көп. Алмаз

ОП-10-19. Саламатсыздарбы? Мен Карабалта шаарынан болом. Кудай Таала Мелис деген жигитти жаратыптыр. Ал менин жакын адамым деп айта алам. Мага болгон сезими анын көзүндө эле байкалат. Менин ага болгон сезимим таза жана күчтүү. Кымбат

ОП-10-20. Шамшиева Койсунайды келе жаткан 12-апрель туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылыгыңа "Космический полет" каалайбыз. Досторуң.

ОП-10-21. " Обон" эч нерсеге жетише албай жатам. Убакытты туура пайдалануу жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Мураталы

ОП-10-22. "Хит парад" деген сөздүн кыргызчасы жок бекен? Аны айылдагылар тили келбей "ит парад" деп алышыптыр. Айымбү

ОП-10-23. Кытайда 40 млн эркекке кыз жетишпейт экен. Кудай сакта, көгөрүп кетишпесе экен. 05551804..

ОП-10-24. Мирбек Атабековду аябай жаман көрүп калдым. Кызганычтан го… Назира

ОП-10-25. Акча көзүн кыспаса, кылмышкер чынжырын үзөбү? Түрмөдөн келген Толик

ОП-10-26. Дилмурат агай, сиз практикант болуп келгенден бери тынчым жок. Билем сезип жатасыз, бирок байкабаганга албаңыз. Н….

ОП-10-27. МУКта окуп жаткан Айбекке салам. Айбек сабактарды калтырбаганга аракет кыл. Досуң

ОП-10-28. Бир эне өз баласын отко таштайбы? Жок, анткени эне өтө мээримдүү. Бирок эне мээримин жараткан Аллахтын мээрими астында эч нерсе болбой калат экен. Аллахка кулчулук кылайлы. Аллах мээримдүү. Сапарбек

ОП-10-29. №70 орто мектебинин 7-б классындагы классташтарыма салам. Дүйшөмамбет кызы Айдайга, Наргизага, Гүлназга салам. Анара

ОП-10-30. Атам Сейтекке, апам Фаридага салам жолдойм - деп сүйүктүү кызыңар Анара

ОП-10-31. Ошко жаңы келген апама салам! Алинур Ашыров

ОП-10-32. Жаз келип жаштар жыргап атасыңарбы? Картбойдок

ОП-10-33. Айланайын чоң сөрөйлөр көчөдөгү таштандыларга көз салып койсоңор боло. Же БОМЖдарга өткөрүп бердиңерби? Күйгөн Мурат

ОП-10-34. Анекдот:
- Айланайын доктор менин бөбөгүм кум жеп алыптыр. А мен ага көп суу бердим. Айтыңызчы эми эмне кылайын.
- Бөбөгүңүзгө көз салып туруңуз, артынан цемент жеп албасын.
Акыл.

ОП-10-35. Күкү, мага телефон чалчы, менчелик сени эч ким түшүнүп, сүйбөйт. Качкын










??.??





??.??