presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№10, 08.04.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу
times
Ильяздын Казакстандагы күйөрманы...
Оригиналдуу ырлары, тамшандырган таланты менен таанылып келаткан ырчы Ильяз Андаш казак бийкечтеринен күйөрман таап олтурат. Балнура аттуу казак кызы Ильяздын чыныгы талантын баалап, дисктерин чогултуп угуп жүргөн. Кыргыз ырчылары Астанага концерт коюп барган кезде Балнура Ильяз менен таанышып, дос болуп калышкан. Чукул арада эле Мирбек Атабековдун концертине Ильяз Андаш катышаарын билген Балнура Бишкекке келип, Ильяздын кубулжуган үнүн угуп кетти.


Орус бийкечи Бокең менен…
Белгилүү ырчы, тамада, куудул Борончу Кудайбергеновдун "Сагынып сага карай жол издейм" аттуу альбому жана сатира, ыр, клиптер жазылган DVD диски жарык көрдү. Кыргыздын кыздарынан көңүлү калганбы, айтор, кытай улутундагы кыз менен клип тартса, ал эми Рита аттуу орус улутундагы бийкеч менен "Ырчылар", "Бүгүн кеч кандай салтанаттуу" деген дуэттерин жаздырышыптыр. Эмнеси болсо да, Борончу менен Ритага чыгармачылык ийгилик каалап кетмекчибиз.

Ди-джей Нурзада Жолдошева кимге ат койду?
Радио угармандарынын жашоосун керемет кылган "Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи Нурзада Жолдошева сегиз жылдан бери наристелүү боло албай жүргөн үй бүлөнүн кубанычына ортоктош болуп олтурат. Себеби, Сапаргүл эже жаңы көз жарган наристесине ди-джейдин ат коюп берүүсүн өтүнгөн. Кубанычы койнуна батпаган Нурзада "Мендей чечен, сүйлөсө тилинен бал тамган ди-джей кыз болсун" деп наристеге өзүнүн атын ыйгарган. Буюрса, Сапаргүл эже төрөт үйүнөн чыгаары менен "Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейлери жарык жашоого келген кичинекей Нурзаданы көрүп барганга даярданып жатышат.

Замир Мырза 1000$ га клип тарттырды
Шоу бизнестен өз ордун таап, аз да болсо калайык-калкка таанылып, чыгармачылык менен алпурушуп келе жаткан жаш ырчы Замир Мырза "Кайып булак" ырынын ремикс вариантын жаздырды. Клип Ош жергесинде тартылып, 1000$ ды чапчыган жана "Кайып булак" кино-тасмасынан саунтректер алынган. Буюрса, 20-апрелде Замир Мырза, Б. Бадыева, С.Искеналиев баш болгон жаш ырчылар Москвадагы боордошторго таланттарын тартуулап келишет.

Даярдаган Мээрим Сатарова




  Сен сүйгөн обон

Ташкент кызы Гүл
Мен өзгөрүп
Баратамын
Сөзү,обону: Ташкент кызы Гүлдүкү

Өчүп барат сенин карааның
Жанбайт го эми менин жамалым.
Сагынбай эми сени мурункудай,
Негедир мен өзгөрүп баратамын.

Албетте сага арнап ыр жаратамын,
Атайлап сезимимди каратамын.
А бирок, сени сүйбөй баштагыдай,
Ишенсең мен өзгөрүп баратамын.

Убакыт өтөт-кетет кайрылбайт,
Жалындап сүйүүм сага жагылбайт.
Кечиргин, кечиктиң сен ардагым,
Жоготкон сүйүүң эми табылбайт.

Өчүп барат сенин карааның
Жанбайт го эми менин жамалым.
Сагынбай эми сени мурункудай,
Негедир мен өзгөрүп баратамын.




  Дасторкон

Бүгүн шаарыбыздын чет жакасындагы он экинчи кичи районго сапар алдык.
Тоо этеги, таза аба, тынч, кооз жаратылышты жайгашкан "Алтын төр" кафеси көпчүлүктүн көңүлүн даамдуу тамактары менен өзүнө бурат.
15 жылдык тажрыйбасы бар Гүлкайыр Иманакунова өз жумушун мыкты аткарып, кафе конокторунун ашказанын сүйүнтүп жөнөтөөрүнө өзүбүз күбө болдук.
"Алтын төр" салатынын сырын жашырбай тартуулап бергенден эринген жок. Кафеге келүүгө мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, каражатын сатып алып, үйүңүздө жасооңузга мыкты шарт түзүлөт. "Дасторкон" рубрикасы сиз үчүн "Алтын төр" салатын кантип даярдоонун жолун көрсөтөт жана аны жасоодо сизге төмөнкүлөр керектелет:
1. Жылкынын эти - 50 гр
2. Чучук - 50 гр
3. Памидор - 50 гр
4. Голландиянын сыры - 30 гр
5. Жүгөрү - 10 гр
6. Жашылчалар, салат жалбырагы
7. Майонез
Жогоруда көрсөтүлгөн азык-түлүктүн баарын кубик формасында туурап майонез кошуп аралаштырып, андан соң тарелкага салып, жашылчалар менен кооздосоңуз, атына заты жарашкан "Алтын төр" салаты мейман тосоор дасторкондун көркү боло алат.

Даярдаган Нурзат Жусупова










??.??