presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№10, 08.04.08-ж.
  Cырмаек

Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
"Сүйүү жаш өзгөчөлүккө карабайт"
Кыргыз сахнасы дегенде эле айтылуу Айчүрөк Иманалиева эске келет. Мындан 20 жыл мурун "Роза гүлү", "Кызыл гүл", "Комузчу", "Тоо булагым арманым", "Ак куу белең айперим" аттуу ырлары менен музыка чөйрөсүнө келип, Айчүрөк айымдын чыгармачылык чыйыр жолу башталган. Бир топ жылдан бери сахнанын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, өз кесибин сүйүп, аталган тармакта талыкпай эмгектенип келаткан кыргыз эстрадасында өзгөчө орду бар "Айчүрөк" эстрадалык-театрынын жетекчиси, Россия Федерациясынын "За заслуги" орденинин ээси, кыргыз эстрадасынын чолпон жылдызы Айчүрөк Иманалиеваны кепке тартып маектештик.


Маектеш жөнүндө маалымат:
Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас облусунун Талас районуна караштуу Калба айылында туулган. Эки бир туугандын улуусу. 14 жашында Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кирип, аны ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студиянын вокал бөлүмүн бүтүргөн.

- Айчүрөк эже, редакцияга куш келипсиз. Менин билишимче бир канча жылдан бери "Айчүрөк" эстрадалык-театрынан көптөгөн таланттуу жаштарды тарбиялап чыктыңыз. Маегибизди эң оболу аталган театрдын бүгүнкү абалынан баштасак.
- Чоң рахмат. Алгач кайрадан жарык көрүп жаткан "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ийгилик каалайм. Учурунда өнөр адамдарынын эң сүйүктүү гезити эмес беле. Дагы да "Обонуңар" оболой берсин. Ал эми өзүм түптөгөн "Айчүрөк" эстрадалык-театры боюнча айта турган болсом, бүгүнкү күндө 4 жаштан 20 жашка чейинки 70 тей улан-кыздар тарбияланып жатат. Мына ошол 70 баланын баарын жылдыз кылып чыгаруу мүмкүн эмес. Убагы келгенде алардын ичинен эң шыктуусу, туруктуусу, таланттуусу өзүнөн-өзү иргелип калат. Мен буга чейин көптөгөн чет өлкөлөргө чыгып, ар кандай сынак-фестивалдарга катышып келдим. Менин максатым кыргыз сахнасынан алган жыйырмы жылдык тажрыйбамды, чет мамлекеттен үйрөнүп келген жакшы сапаттарымды биздин кийинки келечек муундарыбызга үйрөтүп жайылтуу. Бирок, айтканга оңой болгону менен өзүңдүн жакшы нерселериңди мурас катары калтырып, окутуп, башка адамга сиңирүү өтө кыйын. Ошого карабай болгон дараметимди болочоктогу сахна жаштарына жумшап, алдыга койгон максаттарым үчүн кызмат кылып келем. Жогоруда өзүң айткандай көпчүлүккө белгилүү Клара Алибекова, Сапар Сопубеков, Анжелика өңдүү таланттар менин колумдан тарбияланып чыкты. Кудайга шүгүр, дагы да келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрпоздордон куру эмеспиз. Мен өзүм үлгү көрсөткөн таланттуу балдарымды сахнадан көрсөм чексиз ырахат алам.
- Бүгүнкү күндө бир адамды сахнага алып чыгуу кыйын. Дегеним келечек муундарын колдоп, демөөрчүлүк кылган эр азаматтар барбы?
- Чынында алгылыктуу деле демөөрчүбүз жок. Жакында эле балдарга стимул болсун деп кеткен чыгымды өз мойнума алып 13 баланы Астанага эл аралык фестивалга алып барып келдим. Белгилей кетчү жагдай, быйылкы театрдын жаңы составынын ачылыш аземиндеги концертке "Замандаш" ассосациясынын президенти Муктар Өмүраканов бир аз болсо да көңүл бөлүп, көмөк көрсөттү. Мындан сырткары мени менен 12 жыл бирге жашаган Нура аттуу сиңдимдин өкүл атасы менен өкүл апасы өзүмдүн чыгармачылыгым, басып өткөн жолум жөнүндө жазылган китебимдин басылышына жана театрдагы балдардын сахналык костюмдарына чоң жардам беришти. Учурдан пайдаланып талантты сыйлаган адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Кудай буюрса, жакынкы күндө Айчүрөк Иманалиева деген аталыштагы өз калемиме таандык китеп жарыкка чыгат.
- Азыр өнөр майданында 30 жыл эмгек кылса да, сахнага чыкканына 1 эле жыл болсо да "XXI кылымдын жылдыздары" деген ат берип жатышат. Ушул туурабы? Сиздин көз карашыңыз?
- Кайсы кесипте болбосун биринчи кезде элге кызмат кылып, эмгегин сиңириш керек. "Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн болуп азыр талантууну эмес, тааныш, акча издешип калышпадыбы. Бир сөз менен айтканда бул ыр дүйнөсүндөгү трагедия десек болот.
- Эгер кайрадан өмүр бере турган болсо эмнени өзгөртмөксүз?
- Ак көңүлдүүлүгүмдү, ишенчээктигимди жоюп, куу болгонго аракет кылмакмын. Анткени, көп учурда ушундай мүнөзүм өзүмө тоскоолдук кылып коёт. Бирок, эне сүтү менен кошо берилген мүнөздү жоюш кыйын экен. Канча жолу өзгөрөйүн десем да жеңе албай келем.
- Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик, сезимтал келет эмеспи. Кимдир бирөөгө капа блуп, көңүл калган учурларыңыз болобу?
- Жашоомдо мындай жагдай көп болгон. Мурда ушуга аябай көңүл бөлүп, өзүмдү-өзүм кыйнай берчүмүн. Көрсө, ар бир адамдын ар башка мүнөзү, өзүнө жараша деңгээли болот экен. Азыр андай ойлонбой сүйлөгөн адамдардын деңгээлине түшүп башымды ооруткум келбейт.
- Сулуулуктун чыгармачылыкка тийгизген таасири канчалык?
- Сахнада өң келбет сөзсүз керек. Бирок, ал убактылуу нерсе. Элди сулуулук менен алдай албайсың, ошон үчүн эң алгач сулуулуктан кем калбаган талант болуусу зарыл.
- Бүгүнкү күндө сизди эмне түйшөлдүрөт?
- Чындыктын жоктугу…
- Эми маегибизди үйбүлөңүзгө бурсак. Эл ичинде Айчүрөк Иманалиева өзүнөн кичүү жигитке турмушка чыккан деген кептер айтылып жүрөт.
- Туура. Анын эмнесин жашырайын. Таалай өзүмдөн 5 жаш кичүү. Чүйдүн келинимин. Түтүн булатып, бирге жашаганыбызга 14 жылдын жүзү болду. Менимче турмушта жаш өзгөчөлүгү эч нерсе чечпейт. Эң негизгиси бири-бирин сыйлап, түшүнө билиш керек. Таалай "Пирамида" телеканалында диктор болуп иштеп жүргөн кезде таанышып, 4 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Азыр жашообуз жаман эмес. Кудайга шүгүр 3 баланын ата-энесибиз.
- Үй-бүлөлүү адам катары "турмуш" деген сөзгө кандай мүнөздөмө берээр элеңиз?
- Турмуш жөнүндө бир-эки ооз сөз менен аныктама бериш кыйын. Бул өтө татаал сыноо. Турмуш деп аты айтып тургандай бул мушка даяр тур деген эле сөз. Ошондуктан сабырдуу, көтөрүмдүү чыдамкай болбосоң турмуш деген оюнчук эмес.
- Бул менин акыркы соболум болсун. Чыгармачылыктагы эстен кеткис окуяларыңыздан айтып берсеңиз.
- Уулум Арлен 1 жашка чыккан кезде Белоруссияда өтүп жаткан "Славян базары" эл аралык конкурсуна өтүп, барыш керек болуп калды. Арга жок эмчектеги баламды таштап жөнөп кеттим. Баргандан кийин көкүрөгүм жанымды койбой тызылдатып ооруп баштады. Кайтып баса бергенге болбогон соң, 38 градус менен чыдап конкурска чыгып жаттым. Ошентип бир жумада үйгө келип эле баламды карамак турсун эс учумду жоготуп, медициналык тез жардам менен ооруканага барыптырмын. Адамдын жашоосунда кыйынчылык менен оору эстен кетпейт экен. Ошондогу азап чеккен күндөрүм азырга чейин көз алдымда турат.
Жолдошу Таалай Орозкулов:
"Айкамды чексиз сүйөм"
- Таалай байке, Айчүрөк эженин кайсы сапаты сизди арбап алды?
- Ак көңүлдүүлүгү, жөнөкөйлүгү, эмгекчилдиги. Бул мактоо эмес, негизи Айчүрөктөн аялзатына тиешелүү бардык бийик сапаттарды кездештирүүгө болот.
- Көптөгөн эркектерди ашык кылган колуктуңузду кызганасызбы?
- Биринчиден Айчүрөктүн чыгармачылыгын колдоп, анын элдик адам экенин жакшы түшүнөм. Андыктан обу жок чектен ашып кызгана бербейм. Бир сөз менен айтканда мен ага ишенем.
- Айчүрөк айымды канчалык деңгээлде сүйөм деп айталасыз?
- Айкамды чексиз сүйөм. Айчүрөк менин биринчи аялым, алгачкы сүйүүм, жашоодогу үмүтүм. Ал мен үчүн жалгыз айым.
Ж.КАЛДАРОва










??.??