presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№10, 08.04.08-ж.
  Обонтөр

Тентек пикиробон
"-Септүү кыз алганча, эптүү кыз ал" дегенге кошуласызбы?
Динара Эсенгулова, продюсер:
- Кошулам. Анткени, ата-эненин жыйнап берген оокатын туура колдонбосо эки жылда жок болот. Андан көрө сепсиз болсо да колунан көөрү төгүлгөн эптүү, жыйнактуу кыз алса жок нерсени бар кылып, жашоону алга сүрөп кетет. Башкача айтканда эркектин таап келгенин орду менен пайдалануу аялдын милдети. Андыктан сиз берген суроо бүгүнкү күндүн талабы десем жаңылышпайм.

- Эркек астанадан алты кадам аттаган соң бойдокпу?
Кубан Эсенбаев, журналист:
- Эркектердин жаратылышы ушундай болсо эмне дейсиң. Бирок, минтип айтылганы менен мырзалардын баары эле кыйын эмес. Бойдок болуп алып деле жарытып эч нерсе кылалышпайт. Андан натыйжа жок. Самындын көбүгүндөй болуп көбүрүп, көбүрүп эле калып калышат. Ушакташсак аялдардан да ашып кетебиз. Муну моюнга алыш керек.

- Сүйүүнүн баркы эмнеде?
Гүлнара Калдарова, "Кыз Бурак" тобунун солисткасы:
- Сүйүүнүн баркы жашоодо. Себеби, жашоонун негизги өзөгүн сүйүү түзөт. Сүйүүнү сөз менен айтып, көз менен көрүүгө болбойт. Сүйүү тунук, таза жана ыйык.

- Шариятта шаан-шөкөт, шоу-бизнеске аралашуу күнөө деп айтылат. Ыйман жолуна түшкөн ырчы катары буга эмне дейсиз?
Жаныш Момунов, ырчы:
- Азыр мен мусулмандык парзымды аткарып, намаз окуп жатам. Шариятка баш ийип, уурулук кылбай, калп айтпай, спирт ичимдигин ичпей койгонго кудуретим жетет. Бирок сахнаны таштайм деп убада бералбайм. Башкача айтканда сахна мен үчүн оору. Ошондуктан Кудай берген таланттан кол жууп калууну каалабайм.

- Үй-бүлөдө аялга караганда эркектин сүйүүсү күчтүү болуш керекпи?
Кутман Жолдошев, ырчы:
- Негизи үйбүлө бекем болуш үчүн эки жубайдын сүйүүсү бирдей болгону жакшы. Эркектерге караганда аялдар чыдамкай, ийкемдүү келгендиктен сүйүп, жакшы көрбөсө да сабырдуулук менен жашап кетет. Ал эми эркектердин көпчүлүгү өзү сүйбөгөн аял менен берилип жашай албайт. Мындай учурда кеч болсо да сүйүүсүн таап басып кетиши мүмкүн. Бирок бул бардык эле эркектерге таандык эмес.

- Сизди сөз эркиндиги чечен кылдыбы?
Шайырбек Абрахман уулу, журналист:
- Сөз эркиндиги эле дей бере турган болсок, сөз эркиндиги кээ бирлерин чечен кылмак түгүл бечел кылып коёт. Чечен болуу үчүн көп сүйлөөнүн кереги жок. Болгону көп угуу гана зарыл.

- Байлыгына кызыгып баш кошот белеңиз?
Гүлзат Копобаева, актриса:
- Чынын айтсам мен мындай көрүнүшкө каршымын. Байлыгы мага бакыт болуп бере албасачы. Андыктан "Байлык мурас эмес, жоктук уят эмес" дегенди туура көрөм. Бул татаал турмушта бакубат жашоого өзүбүз умтулушубуз керек.




  Азамат Сарыбаев, ырчы:

"Үйлөнгөн соң баары өзгөрүлөт…"

- Сиздерди "Бактылуу түгөйлөрдөн" дешет. Айтсаңыз, жубайыңыз сиздин көңүлүңүздү кантип арбап алды?
- Турмуш курганыма алты жылдын жүзү болду. Бир кыз, бир уулубуз бар. Келинчегим Каныкей менен студент кезимде таанышкам. Ал кезде мен Консерваторияда окуп, маданият үйүндө иштеп жүргөм. Каныкей да созолоно жакшы ырдайт эле. Ал мен иштеген маданият үйүнө келип ырдап калчу. Ошентип, татынакай, жароокер Таластын кызы өзүнүн уккулуктуу үнү менен, анан да эң башкысы, башкалардан айырмаланган туруктуу мүнөзү менен жүрөгүмдөн орун ала алды. Каныкей экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Андан соң, баш коштук.

- Үйлөнгөн соң бойдокчулук менен коштоштуңуз да. Айырмачылыгы байкалдыбы…?
- Чынында бойдок кезиңде досторуң менен каалагандай басып-туруп жүрө бересиң. Айырмачылыгы өтө эле чоң экендигин байкадым. Баш кошкондон кийин баары башкача нукка өзгөрөт экен. Өзүңдү ашыкча эркин сезбей, турмушка карата көз карашың да туруктуу жана терең болуп калаарын баамдадым. Анан да башкысы, ата-энеңе ишенип, алардын көзүн карабай, өз алдынчалуулукка умтулат экенсиң. Мунун баары албетте, мен үчүн чоң кубаныч.

- "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" дешет. Бойдокчулук кезиңизде жигитчилик кылып, кыздан-кыз тандаган чыгаарсыз?
- Негизинен мүнөзүм жоош. Шоктугум деле жок болчу. Шаарга келген соң студент болуп, окуу менен эле алек болуп жүрдүм. Антип шудуңдап-кудуңдап, бир кыз менен жүрүп, кайра экинчисине баруу менин оюма да келбептир. Бойдокчулук кезде кыз менен деле ишим жок болчу. Бир да шоктук кылбаганыма бирде таңдансам, бирде кубанып калам. Эң биринчи махабатым Каныкей эле болду.

- Жубайыңыз менен эс алып олтурганыңызда сүйүктүүңүзгө кандай жылуу сөздөрдү арнайсыз?
- (Уялып…) Чынында Каныкей экөөбүз антип деле бири-бирибизге жылуу сөз арнап, эркелетишкен эмеспиз. Биз бири-бирибизге болгон жактыруубузду, ички сезимибизди көз караштар аркылуу эле түшүнүшүп алабыз. Чыныгы сезимди сөз менен айтып, анын баркын кетирүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм.

- Сизди кай бир күйөрман кыздарыңыз "колу-жолу бош бойдок" деп ойлошсо керек. Кыздар ашыктыктарын арнап, тынчыңызды алган учурлар болдубу?
- Кандай десем, көчөдөн, концерттерден кыздар автограф сурап, кайрылып калышат. Сүйүү sms ин жазып, арзууларын арнашкан кыздар да жок эмес.

- Ичимдик, тамеки дегендерге кандайсыз?
- Жакшы жери ичимдиктен алысмын. Ал эми тамекини мурда тартчу элем. Азыр таштап койгом. Мсулман болгон соң, жакында намазга жыгылсам деген да оюм бар. Азыркы тапта жумасына бир жолу өтүүчү ыйман сабагына барып, катышып турам.
Адам өзүнүн кайгысын, көйгөйлөрүн "ичимдик ичип, чылым чегүү менен чыгарам" десе жаңылышат. Анткени, ал убактылуу гана адамды алаксытып туруучу азгырыктуу терс көрүнүштөрдөн деп билүүбүз керек. Андан көрө бир нерсеге ачуууланганда даарат алсаң, кадимкидей жеңилдей түшөсүң. Анткени, жуунганда адам өзүн сергек сезип, тазаланып калат эмеспи. Мындай учурда адамдын ички сезими да агарып, нурдана түшөт.

- Тырмакчадагы "досторуңуз" капа кылып, көңүлүңүздү оорутушту беле?
- Турмуш ак-кара сызыксыз өтпөйт эмеспи. Ооба, кээде тырмакчадагы достор ушак сөздөргө жетеленип, көңүл ооруткан кездер да болот. Бирок, чыныгы, түбөлүктүү досторум да бар. Алар дайым менин урматтоомдо, көңүл борборумда жүрүшөт. Мен алар менен таарынышпайм, дайым мамилебиз түз бойдон калаарына да ишенем…

- Адам канткенде бул жашоодон өзүнүн чындыгын таба алат деп ойлойсуз?
- Менимче, адам качан гана туруктуу бир масатка токтолсо өзүнүн жашоодогу чындыгын табышы мүмкүн. Ал эми мен өзүмдүн чындыгымды чыгармачылык жолумдан таба алдым…

Баарлашкан Нур-Кыял









??.??