presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№10, 08.04.08-ж.
  Адабий чоку

"Таңдагы жааган ак жамгыр..."
Сейит Жетимишевдин ыр табиятынын түзүлүшү бир карасаң жөнөкөй, сулуу сыяктанат. Бирок бул нерсе анын сырткы гана көрүнүшү. Эгер алың жетип акындын ай-ааламындагы шурудай тизилген сөз төркүнүн талдасаң, анын ар бир тамга, үтүр, чекитиндеги чеке тердеткен чеберчиликти көрүп, чериң жазылат. Байкаган бутасын бура кетирбеген, кыл мергендин кыялга бай кылык-жоруктары, эркин элестери эң сонун саймаланат. Ыйык махабаттын мүрөк суусунан ууртап алгандай, апакай таңдарга аралашасың. Жылмаясың, жашарасың, күлөсүң, кайгырасың….

Жазуучу, акын Сейит Жетимишев
Элеске
Күн болот экен төрөлөр,
Күн болот экен көгөрөр.
Туз чайнап жалгыз калганда,
Туулган жерди өбөгөр.

Жан азабын сезегөр,
Жалгандан алыс көчөгөр.
Жап-жалгыз жолдо калсаң да,
Жалдырап чөкпөй өчөгөр.

Шуңшуйсаң жолуң бөгөлөр,
Шумпай дарт буттан өгөлөр.
Шуңшуйбай сызып баратып,
Шумкардай көктөн өлөгөр.

Көз жумса шумкар өбөлөр,
Көйкөлүп жерге жөнөлөр.
Көзөмдөр көрсөң шумкарды,
Көк желек желпип көмөгөр.
13.03.08

Кара так калат так болуп,
Ак булак агат ак болуп.
Ак болуп булак акпаса,
Агымы соолур как болуп.

Соолуса булак санаалайт,
Соолутпай гүлдү салаалайт.
Гүлдөрдүн искеп бал даамын,
Гүү-гүүлөп аары талаалайт.

Агылат булак агылат,
Ааламга сиңип арылап.
Агымын анын токтотпос,
Ак таштар тоссо барылап.
02.04.08

Карадан акты көрө алган,
Каргыштан алкыш бөлө алган.
Какшатса турмуш сыздатып,
Кайышып туруп көнө алган.

Сайраса булбул үндөшкөн,
Сайрообуз түбү бир дешкен.
Санаасыз закым сызылса,
Сан ойду сезип сүйлөшкөн.
Ушундай жанды ким билет,
Уюлдай уюп тим жүрөт.
Уулайм деп жылан ышкырса,
Урутун козгоп бир күлөт.
20.03.08

Кыздардын уксам күлкүсүн,
Кызыктай уктайм түнкүсүн.
Кыз күлкүсү билип кой,
Кыл жүрөк жандын мүлкүсүн.

Күлкү укса жүрөк чертилет,
Күлкүсү келип сенчилеп.
Күү уккан күлкү күткөнсүйт,
Күү черткен жүрөк келчи деп.

Күү берер сырдын деминдей,
Күтсөң бир күлкү эринбей.
Күүлөнүп жүрөк бир жыргайт,
Күттүргөн жаздын желиндей.
20.03.08

Кундуздай жалын сылаган,
Кулунга кулун кураган.
Кымызын сунуп барпылдап,
Кыялга-кыял улаган.

Жылкычы жакын жүрөккө,
Жылыга барам түнөккө.
Жыпар жыт урат жылгадан.
Жылмайып шамал гүл өпсө.

Жылкычы жайлоо эгиздей,
Жылбырскы чөптөр тегиздей.
Жайлоонун көп-көк асманы,
Жан үчүн бүткөн деңиздей.

Деңизден илеп келгенде,
Дениңди кыял жеңгенде.
Тентигиң келет кыз издеп,
Теңелип алып кербенге.
29.03.08

Табият сени карасам,
Тамырлаш болуп жанашам.
Тамырың менен суу берчи,
Так катып суусап баратам.

Сууңду берчи ичейин,
Суроолу ишти бүтөйүн.
Суйсалып сулуу келатса,
Суусабай туруп күтөйүн.

Сулууну сулуу дебесем,
Сулуу үчүн кайгы жебесем.
Суусунум канбас түбөлүк,
Сулууга артып бересем.
01.04.08

Жаман ой жанды жейт экен,
Жан уусун катар сейф экен.
Жакшы ой жанды жуушатып,
Жарашык берер кейп экен.

Табийгат жакшы ой берегөр,
Талпынтар илхам келегөр.
Ак кагаздын бетине,
Аппак гүл болуп өнөгөр.

Күлгөн кыз гүлдү жыттасын,
Күйүттүү күүнү укпасын.
Күйүп жүргөн бир шордуу,
Күйүксө жыттап уктасын.
01.03.08

Таманым баскан топурак,
Тактысында отурат.
Таңдагы жааган ак жамгыр,
Таалайым деп кошулат.

Кагылайын топурак,
Камырабай отурат.
Кара мүртөз сары алтын,
Качып турат чочулап.

Аны билип топурак,
Алптай тып-тынч отурат.
Алтын келсе көжөлүп,
Ары тур деп озунат.
07.02.08.



  Шайыр шайлоо

"Кичинекей" партком
Өткөн турмушта бүткүл өлкөнүн жер-жерлериндегидей эле Кыргызстан жазуучулар союзунда да баштапкы партиялык уюм бар болчу. Партиянын идеология боюнча ишенимдүү куралдарынын бири жазуучулар болгондуктан, бул уюмдун чогулуштарына Борбордук Комитеттин өкүлдөрү көп катышчу. Бир жылы баштапкы уюмдун отчеттук-кайра шайлоо чогулушу болуп жаткан. Чогулуштун экинчи маселеси парткомдун жаңы курамын шайлоо башталды. Акын Түмөнбай Байзаков кайра-кайра кыйкырып жатып, парткомдун жаңы түзүмүнө "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы, адабият сынчысы, философ Кадырбек Матиевди көрсөттү. Анан ар бир кандидатураны жеке колго салмай башталды. Тизме боюнча Кадырбек Матиевге кезек келгенде Түмөкө: - Ордунан туруп көрүнсүн, буерде тааныбагандар бар, деди. Кадырбек Матиев ордунан тура калса, Түмөкө: - Ой, кокуй, мунун отурганы менен турганынын айырмасы жок турбайбы, деди эле залдагылар дуу күлүп, президиумдагылар кыйрап, Борбордук Комитеттин башчысы Роба Насыровна Абдысаматова ичин басып, үстөлгө жыгылып калыптыр. Ушундан кийин чогулушту - бүттү деп тарап кетишиптир.
Ж. Жапиев




(Башталышы өткөн санда)
Кийиз жабуу жасалгасынан башка: кереге-уук, түндүк жана босого-аяк сыяктуу жыгач жарактарын илгеркилер боз үйдүн сөөгү деп коюшчу. Айтмакчы, Бөрүбай баатырдын кесиби жөнүндө баяндоодон мурда, алды менен анын Ой-Кайыңга кайдан жана кандайча келип калганы жөнүндө азыраак сөз баштап берейин. Бөрүбай деле өз учурунда ата-энелүү, тууган-уругу бар бир чакан элдин эр көкүрөк жигити экен. Эр сайышка эңишке, күрөшкө түшсө алдырбаган эрдин бири го сыягы. Анын киндик каны тамган коломтосу, жайлаган жайлоосунан баштап, ичкен суусу жана илгери үмүтүнө чейин ак калпак кыргыздын атам замандан берки ыйык мекенинин бир чеги, айтылуу Анжиян. Мисалы, Анжиян кыргызы, кыпчак кыргызы делип түштүк тараптагылары аталса, аркалык кыргыз жана алтайлык кыргыз делип быяктагы түндүк тарабындагылар өзүнчө бөлүнгөн. Бытыраган кайран эл анда деле өз элдүүлүгүн жоготпой, кыргыз аталышса да, Жунгар баскынчыларына көз каранды бойдон калган. Кыргызды тукум курут кылгысы келишкен Алтын Хандын канкорлору элдин атын өчүрмөкчү болуп, "Бурут" деп ат коюшкан бизге. Андан мурдараак Султан Бабурдун карамагында турганда баарыбызды тоолуктар же сактар деп тергешкен. Айтор, кыргыз көрбөгөн азап жок, балдарым. Менин жомогум ал жөнүндө эмес, анжияндык Бөрүбайдын башынан кечирген кордугу жана махабаты жөнүндө.
Айта келсек, антип жаз чыгары менен жер чийип, аштык айдап, терим бүткөндө боз үйдүн сөөгүн жасап, ата кесибин уланткан Бөрүбай жыйырма төрт жашка толгончо бейкут турмуш сүрөт. Ал аңгыча ата-энесинен ажырайт да, жанына күйөр бир туугандары жок, коколой башына өзү ээ болуп, жалгыз бой калат. Колунда мыдыр малы жок, үйүнө ак жоолук киргизе элек кези экен бечаранын. Ал кезде шарт ошондой. Калың төлөй албаса жигитке аял тийбейт. Аялсыз эркектин көргөн күнүн теңирим эч жанга бербесин. Аны азыр түшүнө элексиңер. Ошентип, бир жолу жайдын кап ортосу ченде Бөрүбай жараган жалгыз атын минип, тоо тарапты көздөй аттаныптыр. Кыязы, Анжияндын мээ кайнаткан ысыгынан качтыбы же көңүл жубаткысы келдиби, же тагдыр азгырдыбы, же оңуту келсе атып алармын дедиби, айтор, саадагы менен кара мылтыгын асынып жер болжобой кете берет. Ал кезде Анжиян менен Оштун тегерегиндеги тоолордун койнунда ак кийиктер менен маралдар толтура болчу экен. Азыр бар дейсиңби, Эсентур? Кайдан… азыр андагынын бири жок. Элдин тукуму өстү. Техника дегенибиз быкпырдай кайнайт. Ал эми касиеттүү жер эне өспөйт экен да… Ошту жарып аккан азыркы Ак-Буура дайрасын анда эл Куба суусу деп аташчу экен. Ошол Кубаны бойлой бастырып, тоо тарапты көздөй кете берген го сыягы. Түш оой тоо өндүрүн өрдөп калган кезде Бөрүбай жалгыз тигилген ак боз үйгө туш келет. Жакындап бастырып келсе, калган боз үйлөр андан окчунураак, ойдуңда, жапсарда экен дейт. Ат добушун укса да үйдөн эч ким чыкпаптыр. Жигит атын мамыга өзү байлап, боз үйдүн эшигине жете бербей тык токтойт. Себеби, эшиктин босогосунда кара туу илинип турганын байкайт да: "Аза күткөн үй тура" деп ыргылжың боло түшкөндө ичкериден кошок кошкон үн чыгат. Бөрүбай баш тарта албай калат. Мындайда чоочун экенине карабай салт боюнча үй ээсине көз көрсөтпөсө өөн иш кылмак. Жолоочу жигит үйгө кирип кошок басылганча камчысын бөйрөгүнө таянган бойдон жер тиктеп чөгөлөй отурат. Керегени карап кошок кошкон аялдар басылганда гана Бөрүбай капшыттагы күмүш ээрди чыканактаган карыяга салам бериптир.
- Арбаңыз, ата!
- Бар бол, уулум.
Үй ичине алдыртан көз салган Бөрүбай кошок кошкондордун бири он алтылардагы кыз бала экенин баамдайт. Төбөсүндөгү аземдей үкү сайылган кундуз тебетейдин алдына чекесин жаба кара жоолук буунган жүзүн чоочун жигитке көрсөтпөөнүн айласын кылып, ого бетер үлбүрөй тамак камын көрө баштайт. Бөрүбай кызды уурдана кароо менен алек болуп жатканда, карыя андан жай суроого өтөт:
- Кайсы элдин кулунусуң? Кайсы жердин кыргызысың, уулум?
- Савайдан болом, ата, -деп Бөрүбай дароо жооп берет.
- Анда өз боор экенсиң. Кечээки казатта силер тараптан жардам келбей биз көп өксүдүк. Дагы да болсо кыпчак боордошубуз ишке жарады. Туу жыгыларда ошолор жетип келип, абийирибиз жабылды. Калмактарды кууп чыктык куттуу конуштан. Жеңиш, мөөрөй оңойго турган жок, уулум. Канча бир нур жигиттерибиз шейит болду. Мен өзүм эки көк жалымдан ажырадым.
Карыя тунжурай түшөт.
Катары менен эки уулунан ажыраса да, кайратынан жанбай, мөгдүрөбөй, аңгеме салып отурган карыяга Бөрүбай кайрат айткан болуп, алдына келген кымыздан кылдат жутуп, курут кошулган жууган майдан кичине ооз тиет да, өзүнө сый көрсөтүп жаткан кызга алдыртан көз кырын салат. Жүзүнөн нуру төгүлө, олоң чачы жер чийген кыздын бойго жетип турган чагы экен. Ошо кезде карыя буйрук бере сүйлөйт.
- Арзыгүл балам, тышта ким бар экен? Айт, мейманга казан ассын.
Үлбүрөгөн сулуу кыз эшикке чыгат. Мейманга казан ас деген сөздү карыя сыпайкерчилик үчүн айтпаганын Бөрүбай түшүнөт да, каршылык кылбай дымый түшөт. Улуу киши айтып жатканда сөз талашпай унчукпай угуп олтуруу ал кезде салт болгон. Аксакалдын сүйлөгөнүн эч ким эки кылган эмес анда. Илгертеден элибиз сөзгө маани берип, сөздүн кунун баалай билишкендиги менен айырмаланган, балдарым. Сөзгө жыгылбаган, сөз жебеген адамды эл сыйлаптырбы… Ажо атанын сөзүнө карк болгон Бөрүбай эшикке чыкса, күн кечтеп калган экен дейт. Ал ошол өзү кирген чоң ак боз үйдүн туура жагындагы жапсардагы чоң айылга көз чаптырат да, айылдан кеткиси келбей бир аз туруп кайра кирет. Тамак желип бүткөнчө күн кечтеп, кечинде кайрадан кой союлат. Ошентип, ал түнү бул меймандос айылда конуп калат Бөрүбай. Айыл карыяга таандык, карыянын аты Самат ажо экен. Журт ээси аксакалды ал кезде Ажо дешкен.
"Ай дээр Ажосу жок, кой дээр Кожосу жок" деген макал да ошондон калган го. Айтымына караганда, ошо жолку майданда карыя өзү туу башында туруптур. Майдан кызуу жүрүп жаткан жерден чабарман келип, уулуң Аккочкор баштаган кол жыгылды. Аккочкор өлдү деп кабар бергенде карыя: "Аккочкор өлсө Каңкым бар, ааламга жетер баркым бар!"-деп кичүү уулу Каңкыны баш кылып жоого каршы айдаган дейт. Акыры Каңкы дагы найза жеп, кол башчысы жок эл селт эте түшкөндө, Самат карыя өзү туу баштай калмактарга каршы туруп, аларды касиеттүү ата конуштун чегинен ары өткөзө кууп таштаптыр.
… Уйкуңар келген жокпу, балдарым? Мейли, уйкуңар келбесе, мен жомогумду уланта берем. Түн бакырдыкы. Эмки сөз Бөрүбай эрдин кантип Арзыгүл сулууга ашык болгону жөнүндө…
Айтса балдарым: өлүм менен өмүр, күлкү менен кайгы ар качан бири-бирине тең орток. Акырындай ошол аза күткөн айылга үйүр алып, баягы бир көргөн перизат Арзыгүлдү сүйүп калат Бөрүбай. Мен силерге сүйүү-ашыктык деген сыйкырдуу дарттын табиятын чечмелегим келбейт.
Аны өз башыңардан кечиргенде түшүнөсүңөр. Негизгиси, ашыктык жөнүндө ушу кезге чейин эч ким жеткилең жооп бере электир. Анын табиятындай татаал не бар дейсиң. Болбосо, Самат ажонун кенже кызы Арзыгүл жалаң атчан, жалаң тончон Бөрүбайды жактырып калат беле. Кызга жан оту менен ашык болгон Бөрүбай, Самат карыянын айлына биротоло байланган го… Адегенде муну эч ким элес албайт. Бир бечара жигит жүрөт да айылда деп тим коюшкан окшойт. Кийинчерээк, бир жылдан кийин Самат эки уулунун ашын берип, кыз-кыркыны менен жесирлердин башындагы карасы алынат. Мына ошонддо Бөрүбай менен Арзыгүл ачыкка чыгышса керек. Сөз Саматтан мурда, анын тун уулу Ибрагим бекке жетте. Селсаяк жигиттин дымагына Ибрагим таңгалат. Баш чайкайт.

(Уландысы бар)










??.??





??.??