presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№10, 08.04.08-ж.
  Чолпон Жылдыз

Кыргыз искусствосунун кайраткерлери
"Кайталангыс талант эле…"
Таланттардын тагдырына саресеп салганыбызда алардын дээрлик көпчүлүгүнүн жашоо-турмушу тегиз, бир калыпта өтпөгөндүгүнө күбө болобуз. Жашоонун өйдө-төмөн ыргагында бирде бийиктикке чыгып, бирде жол таба албай адашып, алдастап, акыры бу түбүң түшкүр дүйнө менен кош айтышып кете берген инсандарыбыздын өмүр таржымалы көңүл өйүтөт, аргасыз, сансыз ойлорго жетелейт.
Бүгүн биз миң жылда бир кыргыз элинин бактысына жаралган айтылуу Соң-Көлдүн ак куусу, театр жана кино актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева туурасында азыноолак сөз кылууну эп көрдүк.
Ырас, кыргыз искусствосунун кайраткерлери тууралуу сөз боло калганда Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы биринчилерден болуп, бадырайып көзгө учурайт.
Аты аңызга айланган улуу актриса 1944-жылы 12-июлда Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
Таттыбүбү үйдүн эрке кызы болуп чоңойгон. Анткени, ал төрт эркектин ортосунда жалгыз кыз эле.
Тилекке каршы, атасы балдары кичине кезинде эле башка бир адам менен мамиле түзүп, үй-бүлөсүнөн кол үзүп кетет. Беш бир тууган апасынан татыктуу таалим-тарбия алып, өсүп-чоңоюшат.
Кудай даарыган талант Таттыбүбүнүн кичине кезинен тарта эле маңдайына жазылып коюлган экен. Мектепте окуп жүргөн кездеринде эле агасы Нуркан экөө таланттуу балдардын катарына киришчү. Агасы Нуркан аккардеондо кол ойнотсо, Таттыбүбү созолонто обон созуп, көпчүлүктүн көңүл борборунда болушкан.
"Аккан арыктан суу агат" деген чын белем. Тээ баштатан эле Турсунбайдын ата-бабасы да ар кыл өнөргө шыктуу, талант даарыган адамдар болгон экен. Көрсө, улуу өнөр атадан-балага өтчү кереметтүү кубулуш окшобойбу.
Таттыбүбү алгачкы жолу он алты жашында чоң ийгиликке жетише алган. Тагыраагы, ал ушундай күлгүн курагында республикалык кароо-сынактардын бирине "Гүлкайырды" ырдап катышып, лауреаттык наамга ээ болгон. Мына ушул кароо-сынак болочок актрисанын жашоо багытын жаңыча өзгөрүүгө бурган десек болот. Ошондо жаш талант кыргыз киночуларынын купулуна толуп, көп өтпөй "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу көркөм тасмага тартылуу бактысына ээ болот. Бул 1960-жылдар эле. Ал кезде кыргыз киносу жаңыдан гана кадам шилтеп, телчигип келе жаткан… Андан соң, буйрук экен, Таттыбүбү агасы Нуркан экөө эгиз козудай ээрчишип жүрүп, талбаган аракет менен Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтуна кабыл алынышып, татыктуу билим алып кайтышкан.
Окууларын бүтүрүшкөн соң, борборго келишип, кыргыз мамлекеттик драма театрына ишке орношушат.
Ушундан тарта Таттыбүбүнүн актрисалык ары оор, ары түйшүктүү тагдыры башталат. Өң десе өңү, тубаса талант-шыгы бар актриса театрга аралашкан алгачкы күндөн тарта эле өзүнө атаандаштарды чакыра алды. Кай бир дили кара, ичи тар адамдар актрисага биринчи күндөн тарта эле чабуул жасай баштаган. Анын улуу сахна дүйнөсүндө аз гана убакыт, тагыраагы, он беш жылдан ашуун гана жашаганы да ушуга байланыштуу десек болчудай.
Т. Турсунбаева ачып берген образдар өтө көп. Бирок, алардын ичинен чолпон жылдыздай "жарк" этип көзгө биринчилерден болуп көрүнгөнү деп Ак-Мөөр, Уркуя сыяктуу тарыхый адамдардын ролунда ойноп, алардын образын жеткилең ачып бергендигин айтууга болот.
Дал ушул эки образ Таттыбүбүнүн өзүнүн керт башындагы оор учурлары менен айкалышып, жуурулушуп, анын таасиринде кайталангыс улуулук жаралганын танууга болбойт. Бул инсан өзүнүн таланты жана ажайып сулуулугунун курмандыгы болуп кала берди. Мына ушул сыяктуу асылдыктары менен ал кузгун сыяктуу адамдардын жемине айланып, тузагына илинип, акыры өмүрү өксүк толо аяктады. Ошентип, 1981-жылы 21-декабрда кыргыз эли өзүнүн таланттуу кызынан, сахнаны көркү болгон актрисасынан айрылып калды.
Аттиң… "Бири кем дүйнө" деген ушул тура. Улуулукка сапар алган өмүрдүн арты өкүнүч, көз-жаш, муң-зарга батып кала берди.
Дүйнө ыйлап, дүйнө караңгылады. Таттыбүбүнүн трагедиялуу тагдыры мыйзам ченемдүү көрүнүш катары айрымдарын таңдандырган деле жок. Көпчүлүгү кайдыгерлик кылышты… "Түбүң түшкөн ушул кайдыгерлик болбогондо, балким, актрисанын өмүрү да жөн жеринен бырчаланып, талкаланбайт эле"- деген ой да келет.
Кандай айтпайлы, бирок, Рыспайдын обонун эч ким өзүндөй жарата албаган сыяктуу эле өчкүс өнөр ээси Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылык жолун да эч ким кайталап бере албайт! Мына, анын жаркырап кылымдар бою жашап калчу баалуулугу да ушуга байланыштуу.
Театр, кино искусствосуна укмуштуудай көрк берип, бирок, өмүр менен эрте коштошкон айтылуу Соң-Көлдүн сулуусу эл эсинде, тарых барактарында түбөлүк жашай берет.
Анткени, ал кайталангыс таланты менен өзүнө-өзү урагыс, түбөлүктүү эстелик тургузуп кете алды.
Актрисанын жашоосундагы бирден-бир табылгасы ушул болду.

Н.Сагынбаева




Гүлшан Молдоева:
"Бүт өмүрүмдү, жаштыгымды телекөрсөтүүгө арнап келем"
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Бизде бош убакыт деген жок. Мага азыркы күнгө чейин убакыт тар. Мурда телевидениедеги көрсөтүүлөр 90% дикторлордун моюнунда эле. Эми бара-бара балдарды тарбиялап орду-ордуна коюп алсам дейт экенсиң. Аларды да турмуштун жетишпестик жактарын көрбөсө, жокчулук туйбаса экен, сезбесе экен деп далалат жасайт экенсиң. Андан сырткары өзүбүз үчүн бир топ иштерди баштап алганбыз. Ошол иштер менен алектене иштеп жүргөндүктөн менде бош убакыт деген жок. Кандай адамдарда бош убакыт болот болду экен деп өзүм да тамшанып коём.
- Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңызга токтолсок…
- Беш кол тең эмес дегендей, ар бир адамда кыял, түркүн мүнөз болот эмеспи. Мен өзүм шайыр, анан күлүп жүргөндү, тамаша сүйлөгөндү жактырам. Кээде жаман, мага терс жагын көрсөткөн көрүнүштөргө көп маани бербейм. Кичине "чорт" мүнөзүм бар. Башкача айтканда мага төп келбеген нерселерге макулдугумду бере албайм. Кээде бетке айтканым артка тартып коюшу мүмкүн. Ал эми жаккан сапатым менин адамгерчилигим деп эсептейм. Билбейм, эми көпчүлүк айтып калышат абдан жөнөкөйсүң, адамгерчиликтүүсүң деп. Бой көтөрүп, асмандагы жылдызды эмес, баарыбызга тегиз караган сага рахмат деп калышат.
- Теледен түшпөй, эфирге чыкканыңызга канча жыл болду?
- Мына, Кудай буюрса 30 жыл толгону турат. 30 жыл теледе иштегеним бул өз кесибимди терең сүйгөндүгүм. Бүт өмүрүмдү, жаштыгымды телевидениеге арнап келем. Мени сүйгөн күйөрмандарыма рахмат. Эфирге чыкпай калсам, мени "эмнеге чыкпай калды?" -деп сурап калышат.
- Сиз менен баарлашууда менде мындай суроо пайда болду. А эмне үчүн "Арноо концертте" гана көп жылдардан бери эмгектенип келесиз? А балким башка көрсөтүү менен иш алып барсаңыз кандай болмок?
- Туура айтасыз. Союз ыдырап, заман өзгөрдү. Заманга жараша телевидениедеги долбоорлор да бир топ өзгөрүүгө учурады. Киийнчерээк ар бир көрсөтүүгө өзүнчө алып баруучулар болсун деген тартип киргизилгендиктен, ошол боюнча тандалып калгандыктан бүгүнкү күнгө чейин "Арноо концертинде" эмгектенип келем.
- Камеранын да өзүнчө сүрү бар. Сиз 30 жыл телевидениеде иштесеңиз да, бүгүнкү күндө камерадан сүрдөө сезимине кабыласызбы?
- Ар бир чыгармачыл адам ийгиликке жетиштим, баарын билем деп эч качан айта албайт. Биз эми билимибизди жогорулатып Ташкенттен, Москвадан окуп келдик. Абдан чоң залкар, тажрыйбалуу дикторлордон, теоритиктерден билим алдык. Чыгармачыл адамдын бийиктикке жеттим, түпкү чегине чейин жеттим дегени ал адамдын өлгөнү"- деп дайыма ошол дикторлор айтып калышаар эле. Себеби, чыгармачылыктын кульминациялысына жеттим деген чоң жаңылыштык. Мен бүгүнкү күндө да өзүмдүн эфирге чыкканымды талкуулап "бул жерин минтсем элге жетиштүү болмок экен"-өзүмө-өзүм сын көз караш менен карап келем.
Ал эми "Арноо концертке" чыгаар алдында баарыбир "азыр көрүүчүлөр менен көрүшөм, миңдеген көрүүчүлөр биз менен" деп жүрөк бир "болк" этип алат. Көрөмандар менен биздин ортодогу байланышты бириктирген камера эмеспи.
- Эфирге тартылып жатканда кандай кызыктуу окуяга туш болгонсуз?
- Мындай окуялар көп эле болот. Өзгөчө бир жолу менин жанымдагы Маргарита Михайловна экөөбүз студияны ачып жатканбыз. Бул орусча жана кыргызча программа эле. Мен өз текстимди окуп жатып карасам эле мен эфирде жокмун, көрсө Маргаританын кезеги келип, ал аны билбей акырын столдун астына кирип алып тырмагын боёп жатыптыр. Мен тынчып калсам ал мени карап эч нерсе түшүнбөй калды. Көрсө бул жерден режиссёрдон катачылык кетип, Маргаританын тармак боёгону эфирге кетип калыптыр. Анан бир күлкүбүздү тыя алсакчы. Бирок телекөрүүчүлөр туура эле кабыл алышты. Ушул окуя эч эсимден кетпейт.
- Гүлшан эже, алтындай убактыңызды бөлүп, кызыктуу маек кургандыгыңыз үчүн сизге чоң рахмат.

Маектешкен
Айжан Атаханова










??.??