presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№10, 08.04.08-ж.
  Билип ал

Пивонун зыяндулуугун билесиңби
Пивону аз алкоголдуу пайдалуу суусундук деп элдерди массалык түрдө алдашат. Ал эми пиво жөнүндө чыныгы реалдуу көрүнүш такыр башкача. Пиво сиздин салаңдаган курсагыңыз, оорулуу боор, жүрөк жана эркектин сыймыгы болгон жыныс мамилесиндеги алсыздык экенин көптөрү көңүлдөрүнө ала бербейт. Статистикага таянсак Оруссияда ар бир адам жылына 60 литр, Чехия 161 литр, немецтер 149 литр ичишет экен. Албетте, биздеги пиволордун сапаты чехтер менен немецтерге жетпесе да, алардын артынан тездик менен кубалоонун жолунда.

Ашказанды айнытат
Ооба, пиво аз алкоголдуу ичимдик, бирок ал жөнөкөй суусундук эмес, этил спирти аралашкан ичимдик. Кээ бир сапаттагы пивонун түзүлүшүндө 10-14% чейин алкоголь бар, башкача айтканда 50-100 грамм арак, бир бөтөлкө пивого тепе-тең. Күнүгө ичилген алкоголдук ичимдик суюктугу тамак өтүүчү каналдарга, ашказанга жана ичегилерибизге анын ачыткыч таасири, терс жактарын тийгизбей койбойт. Организмдеги жумшак былжыр жерлерди агрессивдүү түрдө жабыркатып, уулайт. Ашказандын булуң-бурчтарындагы сок бөлүп чыгаруучу кызматын начарлатып, тамактын толук майдаланып иштелишине тоскоол болуп, иштетилбеген тамак ичегилерге бара баштайт. Мындай түйшүк гастрит сыяктуу илдеттердин пайда болушуна шарт түзүп, тез чарчаган көңүл чөгөттүккө, адамдын оорлошуусуна алып келет.Боордун душманы
Боордун бирден-бир душманы - алкоголь. Эгер бул - тазалоочу кызмат өтөгөн органыбызды пиво менен күрөштүрүп койсок, анда боор зыяндуу уулуу заттарды бөлүп калуучу жумушун жакшы аткаралбай калып, анын аягы гепатит сыяктуу зыян нерселер жабышышы мүмкүн. Пивого болгон кармана албаган кумарды учурунда өтүштүрүп ийбей токтотпосо "боор циррозуна" барып такалганда трагедиялуу окуялар болуп кеткенин турмушта көп жолуктуруп жүрөбүз.

Бөйрөктү бүлүндүрөт
Бөйрөк адамдын ички органдарындагы ысык менен сууктун балансын жөндөп туруучу регулятор. Пиво дегениң бөйрөктү үч эсе көп күч менен иштөөгө мажбурлайт. Пиво сүйүүчүлөргө жакын жерде тез-тез каттап турганга даараткана болушу шарт. Мындайды илим тилинде заараны бөлүп чыгаруучу органдардын тездик менен иштеп жаткандыктары менен түшүндүрүшүп, бөйрөк шашып иштегенинен, анын фильтрлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөп, организмге эң керектүү болгон микро, макро элементтерди, калий, магний, С витаминдерин заара менен кошо чыгарып салган зыяндуулугун көптөрү билишпейт. Калий жетишпесе жүрөктүн иштөө ритми бузулат, магний азайса адамдын уктоосу качат, С витамини төмөндөсө иммунитет азайып, болбогон нерсеге суук тийип калуу жана башка илдеттер илешет.

Жүрөктү карытат
Денебизде тынбай айланып турган кан жүрүүчү тамырлардын каналдарын тез толтуруп жүрөктүн көлөмүн чоңойтуп, вена кан тамырын кеңейткен варикоздук илдеттерге жолуктурат. Рентгенологдор мындай синдромду "Пиво күйөрмандарынын жүрөгү" -деп тамашалйт. Эң маанилүү орган күнүгө ашыкча суюктукту жүрөк аркылуу өткөрүү менен алек боло берип, жүрөк начарлап, анын сыртын май баса баштайт. Тамырдын кагышы күчөп, кан басымы көтөрүлөт, дем алуу оорлоп, жүрөктүн ишемикалык илдеттери жүрөктүн артка жыйрылуусун бузат. Аягы барып инсульт деген балээ оорулардын көбөйүүсүнө орун даярдайт.

Эркектер аялдарга окшоп калат
Пиво кошулмасындагы фитоэстроген деген нерсе аялдардын гармону-рогетеронго окшош зат. Ал нерсе эркектердин тестостеронун азайтып, анын ордуна аялдарга керектүү гармон үстөмдүүлүк кылып кетип, натыйжасында эркектин денесиндеги булчуңдар азайып, көкүрөгү өсүп, үнү ичкерип, томолок курсактуу, май баскан жамбаштуу эркек аял сыяктуу боло баштайт. Жыныстык турмушундагы кызматын төмөндөтөт.

Пивонун армандуу жолу
Көптөрүбүз бул ичимдикти аз алкоголдуу деп өзүбүздү өзүбүз укмуш алдайбыз. Ал аз алкоголдуу болгону менен организмге литрлеп кирип жатпайбы? Медицинада "Пиво алкашы" деген термин бар. Пиво аракка караганда үч-төрт эсе тез өзүнө арбап алып, көз каранды кылып саларын байкабай калып балээ болуп жүрбөйбүзбү. Наркологдор пивого болгон көз карандылык оор жана аны айыктыруу оңойго турбасын айтышат. Пиво синдромуна байланган пенделердин белгилери күнүгө 1 литрден ашык ичкен адам жоро-жолдоштору менен чогулушуп пиво олтуруш жасагылары келет, ичпесе сиркеси суу көтөрбөй жини келе баштайт. Допинг- пивосуз жакшы эс ала албай, уйкусу качат. Эртеси туруп дагы ичкиси келет.

Даярдаган Алмазбек Эркебай




  Жылдызыңыз жөнүндө толук маалымат

Арстан жылдызы (Лев)
(23-июль - 23-август)
Белгиси - От. Күндүн колдоосунда Арстан задиактагы борбордук фигура.
Мүнөзү бийликтүү, натурасы - бай. Мүнөзүндөгү башкы белги - боорукерлик. Арстан - жаныбарлардын падышасы, ал эми Арстан - адам бардык адамдарга бийлик жүргүзөт, анын ичинде сизге да. Андай болбогон учурда да, Кудай үчүн ага башкача деп ишендирбеңиз, антпесеңиз анын өзүмчүл жүрөгүн жаралайсыз. Айрым Арстандар жашы улгайганда бир аз жумшарат, бирок, сыймыктуу башын эч качан ийбейт, эч качан! Жүрүш-турушу шаңдуу жана бардык нерсеге жетекчилик кылчу стилде. Жоро-жолдошторунун арасында ал өзүнө дайым көңүл бурдурат. Же айтылып жаткан кеп-сөздүн борбору болот.
Арстан жылдызындагылар адамдарга таң каларлык элес калтырат. Алар бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда бардыгы анын алдында кыйналгансып турат. Алар мээримдүү үн менен сүйлөп, кеңеш бергенди жактырышат, бардыгына кандай жашоо керектиги жөнүндө кеңеш бергенди сүйүшөт. Арстандарда артыкчылыкка карата чынчыл сүйүү бар, бул каалоосун алар жашырбайт, аларда артыкчылык таңгаларлык таарынчактыгы менен аралашкан.
Арстандын чабал жери-бой көтөрөт. Мактоо ага бальзам сыяктуу таасир этет, сыйлоонун жетишпегендиги ачуусун сокурлук сезимге чейин жеткирет.
Эркек - Арстан
Анын алдында дайыма угуучулар болуш керек. Аны түзгөн сиз болсоңуз - Эркек - Арстандын өзгөргүс кайрымдуулугунан пайдаланасыз. Эгер бул назик, токтоо Арстан болсо, анын жумшактыгына алданбаңыз, аны тескери сыласаңыз, ошол жерден учкун чыгып кетет. Эстесеңиз, бул болгону жумшак адамдын ролун ойнойт. Анын жумшак көрүнүшү менен туруктуу чыдамкайлыгынын алдында учтуу урчук жашырылып жатат, аны башкарып алууга болот деп ойлоого жеткен акмак аялды өрттөп жиберүүгө жараган от дайым даяр.
Анын кызуулануусу көз ирмемде күйүп кетет. Ал сүйүүсүз жашай албайт, ага ашкере кастарлануу керек.
Аялды жактырып жүргөндө арстан акчаны айрым учурда гана үнөмдөйт. Ага каршылык кылуу үчүн сизде темирдей жүрөк болушу керек. Сиз ага денеңиз жана көңүлүңүз менен тиешелүү экендигиңизди унутпаңыз. Ал эмнени кийинип, чачыңызды кандай жасоо керек, кайсы китептерди окушуңуз керек, кандай достор сизге ылайык экендигин айтып турат.
Табиятындагы жумшактыкка карабай Арстан башканын кайгысына анча сезгич эмес. Өздөрүнүн мүнөзүндөгү ачыктыгында катаал жана маданиятсыз болушу мүмүкүн. Бирок алардын өзүнө тарткан күлкүлөрү чыңалган абалды тартат, алар кек сактабайт. Спортту сүйөт. Арстан коомдук баскычта өзүнөн төмөн турган аялды тандайт, көп учурда туура эмес тандоо жүргүзөт.
Аял - Арстан
Арстан - аял ашыкча сезимтал. Ал эркектер арасында абдан урматталат жана аны ээлөө укугуна жетүү үчүн көптөгөн атаандаштар менен беттешүүгө туура келет. Эгер сиздин фамилияңыз тектүү жерден болсо, анда башкалардын жанында артыкчылыгыңызга ишенсеңиз болот. Ал жетектөөгө, модадагы стилди, адат-адептүүлүктү түзүүгө төрөлгөн. Аялдардын достугун аз баалайт, эркектердин коомун жактырат. Ага сулуулукту жана келбетти берип, табият ага абдан кайрымдуу мамиле жасаган. Эгер арстан - аял жактырып, түгөй болууга макул болсо өзүңүздү бактылуу деп эсептеңиз. Ал назик жана жагымдуу боло алат, бирок анын кадырын басмырламак болсоңуз, үйүңүздө келишпестик түзүлүшү мүмкүн. Сүйгөн адамына көп талап коёт. Эки жүздүүлүккө аз барат. Алардын көпчүлүгү текеберлигин жашырбайт. Татыксыз мамилеге жол бере албайт, алардын нарк өзгөчөлүгү өтө курчуган. Мындай аялга жасалган биринчи кадам - жакшы табиттеги белек, орундуу мактоо. Ээн айтылган сөз, уятсыздык аны кайдыгер калтырат. Эгер сиз жетишээрлик күчтүү болбосоңуз, ал сизди сүйбөйт. Ал спортту сүйөт, бирок сиз спорт аянтына эмес, театрга чакырганыңыз оң болот. Эң кедей деген Арстан-аял терезесине парда жана колуна шакек сатып алгыдай акча чогулта алат. Кедейлик аны чөгүңкү абалга алып келет. Эгер ал чыныгы Арстан -аял болсо ал ошончолук жагымдуу, эл кубанычтуулук менен анын өзгөчөлүгүн моюнга алт. Ал ой-жүгүртүү жөндөмү бар, зээндүү, аялзаадалуу, мактоону сүйөт.
Ал жакшы кийинет. Дайыма моданын баштоочусу. Күндүз жеткилең талапта, кечкисин жасалгалуу кийинип жүрөт. Анын ишмердигин соодада, жасалга буюмдарын тандоодо, театрларды көркөмдөөдө байкоого болот. Он сүйүүдө драмага каалоо менен катышат, бирок эгер тандаган түгөйү жаш төгүп, азапка чыдаса гана. Эгер азап тартуучу кез өзүнө туш келип калса, абдан таңгалат, анан өзүмчүлдүгүнөн келип чыккан кайдыгерликти кыйынчылык менен көтөрөт.
Жетилүү доору - 15-21 жаш. Бардыгы алдыда болгон жаркын курак. 28-35 чыгармачылыктын доору, көп нерселер ишке ашкан учур. 52-59 жаш тынчтык, жетиштүүлүк, ыңгайлуу үй. Жагымдуу учур түштөн кийин.
Аялуу мүчөсү - жүрөк, омуртка.
(Кийинки саныбызда Бийкеч жылдызын
окуй аласыздар)










??.??