№10, 08.04.08-ж.
  Майкачан маек

Өзүмдүн үлүшүмө торпок алып койгом
Курсак бийи жана кызыктуу рекламалык роликтерде роль аткаруу жана "Бүктөп коём" деген сөзү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан "Дем" театрынын актеру Камчыбек Сарыбаев бизде конокто
- Сизди караган кишинин күлкүсү келип турат, кимге окшошсуз?
- Үйүмдө апама да, атама да окшошмун десем болот. Атам Камаз айдачу, темир-семир деген нерселерди жөн эле ийип койгон киши. Конок тосконду аябай жакшы көрөт жана ошол нерсенин устасы десем да болот. Мен да конок тосконду, тамак жасаганды аябай жакшы көрөм. Кичинекейимден эле тилеген тилегим бар кафе ачып, кыргызымдын тээ эски улуттук, оромо, гүлдөмө, чалдовар тамактарын жасасам деген.
- Анда сизге талант да атаңыздан өткөн турбайбы?
- Жок, талант таякем тарабынан өткөн десем болот. Балачагымда таякем үйгө келгенде комуздун кулагын тиштетип комуз ойноп берчү. Менимче ошондон көбүрөөк таасир алсам керек.
- Өзүңүзгө кандай мүнөздөмө бере аласыз?
- Омеей, мен өзүмдү мактасам, мактап деле берем. Менин кемчилдигим, ак көңүлдүгүм, бат ишенем, бирөөгө катуу айта албайм. Ошол эле учурда жакшы жактарым да ошолор.
- "Эркек айта берет, сөзүнөн кайта берет" деген сөз бар, бул сиз үчүн канчалык деңгээлде?
- Эркек сөзүнө туруш керек да негизи. Меники азыркы заманга жараша эле. Алдыга максат коёсуң да, эгерде ошол максатың орундалышын кааласаң сөзүңө турушуң керек, мындайраак болсо билбейм анда. Менимче мен сөзгө турам. 70% га жакыныраак, 30%га жакыны жок.
- "Дем" театрына кантип кошулуп калдыңыз?
- Мурда "Кыргызстан обондору" радиосунда иштеп жүргөндө эле, бул жакка театрга келип турчумун. Радиодо иштеген убакта, студияда отурасың, кулагыңда наушник, бет маңдайыңда микрафон жана манитор, андан башка эч нерсе жок. Ыр дүкөнгө кардарлар келгенде сүйлөп жаткан учурда ошону элестетип сүрөттөп коёт элем. Кадимкидей жанымда отургандай "Кандайсыз анан?" деп буттар, колдор иштеп, кыймылдап кеткен учурлар да көп болгон. Театрга болгон кызыгуум 3 жашымда ойгонгон десем да болот. Анан шаарга келгенде театрдан бир да калчу эмесмин. Ибраевдин, Жумагуловдун, Рыскуловдун спектаклдерин көрүп алып "ух ата" деп алчумун. Азыркы учурда М.Токтобаев деген актерду эң күчтүү актер катары баалайм. Мен өзү адам менен бат тил табышып кетем. "Ош" театрынын балдары андан мурун деле тааныш элек. Ошентип чогуу иштешип калдык.
- Бул театрды түзүү кимдин идеясы болчу?
- "Дем" театрды түзүү Н.Меңдибаев менен М.Козукеевдин идеясы болчу. Илгери, бизге чейин жаштардан Марат, Назым, Айбектер иштечү, анда театрда көпчүлүгү улуулар болчу, жаштар саналуу гана эле. Гастролдо жүргөндө "жаштар ай тургула, бир нерсе уюштуруп жибергиле" дегенде ий карачы биздин аздыгыбыздан деп, Марат менен Назым кейип калчу экен. Дагы көбүрөөк жаштар болсо деп жүрүп, бара-бара ушинтип чогулуп, "Дем" деген театр түзүлүп калды, азыр составында бүт жаштар, кудайга шүгүр дейбиз.
- Жакында эле концерт берип, аншлаг менен өткөнү баарыбызга маалым, түшкөн каражатты эмнелерге сарптадыңар?
- Мен өзүмдүн үлүшүмө торпок алып койгом, балдар эмне кылышты билбейм. Аялым жакында эле төрөбөдүбү, ошого сарптадым. Калганы төрөт үйүнө, дагы майда-чүйдө болуп жок болду.
- Келинчегиңиз менен кантип үйлөндүңөр эле?
- Анда Данияр деген бала менен чогуу иштечүмүн. Спектаклге тебетей тандап кийинүүчү жерде отурсам, ары жагымды карасам бир татынакай кыз турат. Даниярга карап "эй алдагы кыз ничего экен ээ" деп тийишип койгом. Ойлогом Данчиктин сүйлөшкөн кызы деп. Батынып барып "Сиз Данчиктин девушкасы болосузбу?" десем унчукпай күлүп коёт, Данчикке айтсам "жок , жердешим болот" дейт. Ошол жерде шак кармап алдым. Анан тез-тез жолугуп турдук. Бир да концерттен калбай барчубуз. Ошентип сүйлөшүп жүрүп 18-ноябрда "мен сени сүйөм, дос бололу" деп сунуш киргиздим. Анан 27-ноябрда "мага турмушка чыгасыңбы" десем көрөбүз деп койду назданып. Досторум менен эмне кылабыз деп сүйлөшүп отуруп апамдар менен байланышсак "оой коё тур биз шаарда жүрөбүз, эртең алып кел" дешсе, анан Элнураны машинага салып Сьездбектин үйүнө бардык. Ал билбейт эч нерсе, тыпылдап бизге тамак ашын жасап даярдап жүрөт. 28-ноябрда эртең менен саат төрттө жолго чыктык. Үйгө барсак апам чачыла, боорсокторун даярдап, баарын кылып коюптур. Кашайып ошол күнү айыл боюнча свет да өчүп калыптыр. Шам чырак менен отурдук. Анан экөөбүз чогуу өзүбүздүн көшөгөбүздү тартканбыз. Ал мык алып берет, мен кагам. Бүткөндөн кийин "сонун болот экен ээ" десем, ал да "ии" деп коёт. Ошентип той берип, бата алып, кайра шаарга келгенбиз.
- Жакында эле балалуу болгонуңуз баарыбызга маалым. Атын ким койдуңуз, кимге окшош?
- Азыркы убакта кубанычым койнума батпай турган учур. Атын Барсбек деп койдук. …Менин атым Камчыбек, Каныбектин иниси Барсбек болсун деп жакшы тилектер менен келечекте кичине болсо да кыргыз элимдин керегине жараган балдардан болсун деп койдум. Кимге окшош десең мага куюп койгондой окшош. Төрөлгөн күнү кыйкырып, өкүрүп атам ошол жерде. Азыр сагынып кеттим аябай. Апам "кыркын чыгарам" деп айылга алып кеткен. Азыр ошол жакта.
- Барсбекке өмүр берсин деп тилейли, келечекте ким болуусун каалайсыз?
- Кесиптин ээси эмес, негизгиси ыймандуу, ата-энеге күйүмдүү болуусун каалайм. Андан кийин гана өзүнүн талантына жараша шарт түзүп берем. Мисалы, мени деле аскер кызматкери болсун деп атайын Суворовскийге тапшырткан, 5-курсумда ал жактан да жолум болбоду. 2 жыл айылда фермер болом деп, иштедим ал да жыйынтык берген жок. Мына көрдүңбү, баары эле биз ойлогондой боло бербейт. Биз деле баламдын өзүнүн шыгына карап иш тутабыз. Мен жөн гана кайда барбасын аны колдоп турууга аракет кылам.
- Алган айлыгыңыз өзүңүзгө жетеби?
- Алган 3500 сом айлыгым жолума жетет. Андан сырткары рекламаларга тартыла коёбуз, тамада болуп тойго чыга коёбуз, радиолорго рекламалык роликтерге үн жаздыра коёбуз андан сырткары. Айылда мал бар, кудайга шүгүр.
- Ушундай келбетиңиз менен "Көкжал" долбоорунда Эрмектен жеңилип калганыңызга көпчүлүгү түшүнбөй калды окшойт?
- Мен негизи 12 жылдан бери бир жолу да колкап кийбептирмин. Ойлоп көрсөм, ошол учурда аш-тойлорго тамадалык кылып жүрүп, машыгуу залына да дээрлик барган жокмун, болгону 4 эле күн калганда бардым. Анда мага бетти тосконду гана үйрөттү. Көп техникасын билбейт экенмин. Мен ушул салмагым менен барып чапкыча Эрмек шамдагайлык кылып ачко менен утуп алды.
- Алдыдагы пландарыңыздан бөлүшө кетсеңииз?
- Кудай буюрса 14-апрелде Турцияга фестивалга кетип жатабыз. Андан кийин Алматыга "Алмалуу бак" деген спектакль менен барууга даярданып жатабыз. Кудай насип этип аман-эсен кайтып келсек Кыргызстандын бардык аймагына талантыбызды тартууласак деген тилектер бар.

Маектешкен Нурзат Жусупова




Кызыктар дүйнөсүндө
Адам кейпин кийген Кудай жерге түштү
Ушул тапта индустардын көпчүлүгү Сайни айылын көздөй агылып, эки баштуу ымыркайды өз көзү менен көрүүгө ашыгып жаткан учуру.
Мындай көрүнүш ымыркайдын ата-энесин капалантмак тургай ойлонтуп да койгон жок-деп маалымдайт KNBC жаңылыктар каналы. Ал эми жергиликтүү врачтар баланы текшерип көрүп, эч кандай ойлонуунун кереги жок экенин билдиришти. Индустар Кудайды төрт көздүү деп элестетишет эмеспи, ошондуктан алар тынчсызданышкан жок. Тескерисинче Кудай жерге адам кейпинде түштү деп эсептешүүдө. Ата-энеси, Кудайдын кызын жакшылап караш үчүн Өкмөт алардын эмгегин баалап бир аз пенсия ыйгаруусун үмүттөнүп олтурушкан чагы.

Алгачкы автомобиль
1875-жылы австралиялык Зигфирд Маркук газ менен иштөөчү кыймылдаткыч аспаптарды чогултуу менен төрт дөңгөлөктүү арабаны ойлоп табат. Мындай тажрыйбадан Зигфирд бирге иштешкен достору Кари Бенц жана Петрибан Дайлипер менен кеңешип, 1885-жылы алгачкы автоунаанын жарык көрүшүнө чоң салым кошушкан.

Кытайлык кызды 50 килограммдык оордуктан арылтты
Ухань аталышындагы Кытай шаарында көлөмдүү, салмагы 50 килограммга жеткен шишиктен арылтуу операциясы ийгиликтүү аяктады.
"Синьхуа" маалымат агенттиги билдиргендей, 15-июнда Ухань университетинин алдындагы ооруканага 23 жаштагы оорулуу түшкөн. Оору тарыхына караганда ал балалык кезинде сол бутундагы шишиктен жапа чеккен. 8 жылдан кийин дарыланган. Натыйжада шишик кичирейип, бирок кыз өз алдынча баса албай калган.
Өткөн жылдын август айында бутунан жаракат алып, ал мурунку ооруну козгогон. Ошондон тарта шишик тынбай өсүп, операция учурунда анын салмагы 50 килограммга жана көлөмү 100 сантиметрге жеткен.
Врачтар тирүү адамга өлгөн

Донордун бетин которду
Дүйнө жүзү боюнча бетти которуу операциясын жүргүзүп, франциялык хирургдар шишиктен түрү суукка айланган адамды сактап калышты. Ал 30 жаштагы Паскаль Колэ Ремингхаузен оорусу менен жапа чеккенден улам түрү бузулуп кеткен. Профессор Лоран Лантьерн баштаган хирургиялык топ 16 сааттык операциядан кийин Колэге жаңы жашоо тартуулашкан. Паскаль Колэнин бетине толугу менен өлгөн донордун бети которулган. Бир жылдан соң Колэ, алты жашында башталган оорудан толугу менен кутулуп азыркы тапта бухгалтер болуп иштөөгө камынып жатат.

Телефон кантип пайда болгон?
Телефонду жаратуучу болуп шотландиялык Грэхем Белл эсептелинет. Грэхем өз кесиби боюнча врач болгон. Ошону менен катар дүлөй жана кереңдер менен иштешкен. Ал үн толкундары жана дабыш тууралуу көп нерсе билген экен. Так ушул таланты анын телефон ойлоп табуусуна түрткү болгон дешет. Сигналдарды миллион эсе эртерээк жеткирүүгө болооруна ишенген. Грэхем Белл 1876-жылы эң алгачкы телефонду жарыкка чыгарган экен.

Танканын пайда болушу
Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда англиялык армияда кадимки эле 200 литрлик бочкага суу сакташкан. Камкор англичандар, бошогон бочкаларды ыргытууну туура көрбөй, тескерисинче ага 4 дөңгөлөк жармаштырып түбүн төрт чарчы кылып тешип, ичине пулёметчик отургузууну ойлоп табышкан. Мындай ийгиликтүү аяктаган идеянын негизинде алар атууга чыга баштайт. Карачы, жыйынтыгында кадимки эле танка болуп калганын.

Велосипед качан колдонула баштаган?
Европада жарык көргөн эң биринчи велосипед жыгачтан жасалган дөңгөлөктөрү жана жыгач отургуч, рулдары менен 1801-жылга таандык. Негиздөөчүсү деп эсептелген Е.М.Артаманов ийгиликтүү аяктаган эмгегинин натыйжасында Уралдан Москвага жыгач велосипеди менен келген экен.

Даярдагандар Айжан, Чынара