presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№11, 15.04.08-ж.
  Спорт

Пекин-2008
БУУ башчысы Пекинге барбайт
Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык - катчысы Пан Ги Мун жумушу көп болгондуктан Пекиндеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышпай турган болду.
Пан Ги Мунун планы КЭР башчылыгына бир канча ай мурда билдирилген. Генералдык катчынын Олимпиадага катышууга тоскоолдук кылып жаткан кандай жумушу бар экени жашыруун. Андан башка Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун да ачылыш аземине катышпайт. Бул чечимди Браун эки-үч ай мурда чыгарган. Бирок Олимпиаданын жабылуу аземине келээрин билдирген.

Канада -2010
Канададагы кышкы Олимпиада оюндары дүйнөлүк эстафетасыз өтөт
Улуттук олимпиада комитетинин башчысы Джон Фарлонгдун айтымында Канада Олимпиада отунун дүйнөлүк эстафетасы өткөрүлбөйт деп билдирген.
УОК башчысы белгилегендей Олимпиада оту туптуура эле Канада борборуна алынып келинет. Эстафета Канаданын ичинде 100 күндө 12000 адамдын катышуусу менен болуп өтөт.
Бул чечим азыркы болуп жаткан Пекин -2008 эстафетасына эч кандай тиешеси жок деп билдирилет. Айта кетсек, бир канча өлкөлөрдө Пекин - 2008 эстафетасы Тибеттин көз карандысыздыгын колдогон адамдардын көтөрүлүштөрү менен өткөн.

Бокс
Кличко наамсыз калабы?
IBF президенти Мэриан Мохаммеддин айтымында Виталий Кличко Тони Томпсон менен беттешүүдөн мурда, ноябрь айына чейин Александр Поветкин менен беттешүүсү зарыл деп билдирген. Эгер Виталий Кличко мындан баш тартса IBF президенти анын IBF версиясы боюнча чемпиондук наамын алып коёрун айткан.

Чемпиондор лигасы -2008
Барселона англичандарга каршы...
9-апрель күнү кечинде Чемпиондор лигасынын жарым финал катышуучулары белгилүү болду. Өткөн жылдагыдай эле бул жылы да англиянын үч командасы ("Манчестер Юнайтед", "Ливерпуль", "Челси") чыкты. Төртүнчүсү Испаниянын "Барселона" командасы. Өткөн жылы англичандар менен "Милан" командасы ат салышса, бул жылы "Барселона" беттешет.

"Арсенал" - "Ливерпуль"
Бул эки команданын беттешүүсү эң кызыктуу болуп, күйөрмандардын эсинде калды. Биринчи оюнда "Арсенал" менен "Ливерпуль" 1:1 эсебинде, Адебайор менен Дирк Кейттин голдору менен аяктаган.
Экинчи оюнда жарым финалдын катышуучусу акыркы минуталарда билинди. 84-минутага чейин эсеп 2:2 боюнча сакталып, күйөрмандар пенальтини күтүп отурушкан. 85-минутада күтүлбөгөн жерден "Арсеналдын" коргоочусу оюндун шартын бузуп, 11 метрлик айып тобу жарыяланган. Чечүүчү голду кошумча убакытта Район Бабел киргизип, Ливерпульду жарым финалга алып чыкты. Эсеп 4:2.

"Фенербахче" - "Челси"
Бул жолу "Челси" күчтүүлүк кылды. Биринчи оюнда ийгилик "Фенербахче" командасын коштоп, түрктөр өздөрүнүн талаасында 2:1 эсебинде жеңип чыккан эле.
Экинчи оюн Лондондо болуп өтүп, "Челси" бир канча күчтүүлүк кылды. Оюндун төртүнчү эле минутасында Михаэль Баллак, 87-минутасында Лемпард гол киргизип "Фенербахченин" үмүтүн биротоло үздү.
Жарым финалда "Челси" "Ливерпуль" менен беттешет. Өткөн жылы бул эки команданын оюну пенальтиге чейин барып, "Ливерпуль" дарбазачысы команданы финалга алып чыккан. Бул жылы кандай оюн болоору белгисиз. Бирок оюн башынан аягына чейин кызыктуу болоору шексиз .

"Рома" - "Манчестер Юнайтед"
Бул эки команда өткөн жылы да 1/4 финалда ойношкон. Анда 1-оюнда Рома - 2:1 жеңип, экинчи оюнда Манчестер Романы - 7:1 эсебинде уят кылган эле.
Бул жылы экинчи оюнда Рома 1:0 эсебинде жеңилип, "Манчестер" жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Эми финалда "Манчестер" "Барселона" менен беттешет.

"Шальке" - "Барселона"
Бул оюндар күйөрмандар күткөндөй эле болуп өттү. "Барселонын" жарым финалга чыгуусу шексиз эле. Эки оюнда тең "Барселона" 1:0 эсебинде жеңди.
Биринчи оюнда "Шалькеде" гол киргизүүгө бир канча мүмкүнчүлүктөр болсо да, "Барселона" дарбазачысы Виктор Вальдес жол берген жок.
Жарым финал оюндары 22-23-29-30-апрелде болуп өтөт. Анын жеңүүчүлөрү 21-майда Москвада "Лужники" стадионунда чемпиондук кубок үчүн ойношот.

1/4 финал экинчи оюндар
"Ливерпуль" (Англия) -
"Арсенал" (Англия) - 4:2
Голдор: Диаби -13, Хююпл -30,
Торрес-66, Адебайор -84,
Джеррард -85 (пенальти), Бабел -90-2
1-матч - 1:1
"Челси" (Англия) -
"Фенербахче" (Турция) 2:0
Голдор: Баллак-4, Лэмпард-87,
1-матч - 1:2
"Манчестер Юнайтед"(Англия) -
"Рома" (Италия) - 1:0
Гол: Тевес 70
1-матч 2:0
"Барселона" (Испания) -
"Шальке" (Германия) - 1:0
Гол: Ял Туре 43
1-матч - 1:0




Кыргыз спорту
Кыргызстан Футбол федерациясы футбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын тизмесин жарыялаган.
Тизме боюнча 1-оюн 19-апрель күнү Кант менен Ош шаарында болуп өтөт. Белгилей кетсек Кантта "Абдыш-Ата" - "Дордой Плаза", Ошто "Алай" - "Нефтчи" командалары беттешишет.
ххх
ФИФА өзүнүн ай сайын чыгарып турган футбол боюнча рейтингин жарыялады. Бул айда Кыргызстан 4 орунга төмөн түшүп азыр 131-орунда турат.
Боордош өлкөбүз Казакстан 17 орунга ылдый түшүп 122-орунда. Калган КМШга кирген өлкөлөрдүн тизмеси: Россия (25), Украина (32), Литва (48), Өзбекстан (60), Белоруссия (61), Латвия (73), Армения (78), Грузия (81), Эстония (119), Азербайжан (137), Тажикстан (146), Түркмөнстан (147)
Биринчи беш орунга футбол лидерлери: Аргентина, Бразилия, Италия, Испания, Германия өлкөлөрү кирген.

Жакын арадагы оюндар
16-апрель: "Дордой - Динамо"- Нагакорп (Камбоджа)
19-апрель: "Абдыш- Ата" - "Дордой Плаза"

"Алай" - "Нефтчи"
20-апрель: "Шер"-"Кант 77"
7-май: "Кыргызстан" - "Афганистан"
9-май: "Кыргызстан" - "Бангладеш"

Теннис
Россия - Чехия
11-апрелде Москвада Девис кубогунун 1/4 финалы башталган. Анда теннис боюнча Россия менен Чехиянын курама командалары ат салышууда.
Буга чейин эки команда 8 жолу ойноп, ар бири 4 жолудан жеңишке жетишкен. 1994, 2003-жылдары болгон акыркы эки оюнда Россия күчтүүлүк кылган.










??.??