№11, 15.04.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү
залкар инсандардын, акын жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Күйдүргү Күмөндөр
Төрөлгөндө эле жерге күлүп, тамаша, шакабасы менен түшкөн куудул Күмөндөр Абылов айыл аралап концерт менен барып калат. Концерт бүткөндөн кийин автограф алайын деп, алакандай кагазды айрып айылдык бала кирип:
- Байке, автограф таштап кетпейсизби?
- Эмне бул кагаз менен туалетке барасыңбы? Алдын ала айтып коёюн, туалетке барсаң абайла, колум кирип жүрбөсүн, -деп баарын күлдүрүп, кол тамга сураган бала кызарып, татарып эч нерсеге карабай эшикке качып чыгыптыр…

Катын эңсеген делегация
Белгилүү акын Жолон Мамытов беш-алты аттуу-баштуу адамдардын башын бириктирген делегацияны жетектеп Белоруссияга барып калышат. Көрбөгөн жерди көрүшүп, маданий жайларды 2-3 күн кыдырышат. Бир ирет чогулуп калган мезгилде делегация мүчөлөрү:
- Жоке, ушунча алыс келип, көп элди, жерди көрдүк, эс алдык. Эми ушунча болду катынга да бир барып кетпейлиби?-дешет жылмайышып.
- Хатынгабы? Болуптур туугандар. Эртең жасанып, түзөнүп тургула, автобус келет-дейт Жоке.
Аял көздөрүнөн учкан эргулдардын каректеринен нур чачып, алакандарын ушалап калышат. Эртеси айткандай автобус келип токтойт. Аларды Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун тарыхый эстелиги турган Хатынга алып барат. Көз алдыларына перилерди, жагымдуу кучактарды эстешип, эс-мас болуп келген эргулдар:
- Биз кайда келип калдык? Жоке, сен бизди катынга алып барам дебедиң беле? -дешет эки жактарын элеңдешип.
- Мына, Хатын -дейт Жоке тигилерди жылмайып карап. Айласы кеткен катынпоз делегаттар келген жерди бир сыйра айланып чыгышкан экен.
Ж.Кадыров




Алаксыткан алдамчы күлкү…
"Күлгөндүн билгени бар" дешет элибизде. Биз 15 жылга созулган Акаевдик жылмайган, алдап күлгөн жылма демократиянын жосунсуз жоруктарын жон терибиз менен сезип, далайга чейин арман ачуусун тартат көрүнөбүз. Көрсө таза күлкү гана өмүрдүн мүлкү тура…
Тарс эткен тамаша күлкү,
Кошоматчыл жанаша күлкү.
Алаксыткан алдамчы күлкү,
Жарытпаган жалганчы күлкү.
МАИ кызматкерлери токтоткондо,
Айдоочуларда болуучу митайым күлкү.
Мурдун салаңдаткан мусаапыр күлкү,
Бөтөлкө көрсө бөжөңдөгөн ырсаң күлкү.
Араң, араң үн чыккан тыртаң күлкү,
Улам бирөөгө шыңкылдаган кытмыр күлкү.
Чын көңүлдөн жылмайган, арамдыгы жок аруу күлкү…
Акын, сатирик Жолочу Рысбаев

Инопланетянин тууптур
Чоңколордун айылында көзүн тырмап тешкендей жымшык, таноолору жер кепенин оозундай эңирейген, сырттык бир агай болор эле. Бирок, ал өзүнүн ушундай кебетесине карабастан, бой көтөрүп, менменсинип, бирөөнү шылдыңдоого, кемсинтүүгө маш болчу. Ошол сыланкороз бир күнү адатынча Чоңкого тийишип, буларды сурап калбайбы:
- Сары канчыгыңыз көз жарды деп уктум, күчүктөрү кандай экен, майлап бербейсизби?-деп. Анда Чоңко:
- Ал туубай өлсүн, күчүктөрүнүн көздөрү жымшыйып, мурундары теңирейип, андан өпкөлөрү көрүнүп турат же адамга, же итке окшобой "инопланетянин" тууп койгонбу?- дейт. Кептин төркүнүн даана баамдаган ал байкуш ошондон кийин Чоңкого тийишкенин койгон экен.

Эрмегиңди этиятта
Кыргыз эл акыны, маркум Абдырасул Токтомушевди дунган элинин кулуну кыргызча ыр жазган Смар Шимеев коноктоп калат. Ал аксакал дунган тилин билчү экен. Бир кезде жаш бала тентектик кыла баштайт. Дунгандардын бири өз тилинде:
- Тентектик кылбагын, бул кыргыздар чочконун балдары, чочогуңду тиштеп жеп алат, -деп Абдырасул акени көрсөтөт.
- Канча балаңардын чорбосун кыргыздарга жедирип ийдиңер эле? Силердики жок калып, кыргызга бердиңер беле?- деп Смарга карап жылмаят.
- Кечиресиз, сизди тилди түшүнөт деп ойлобоптурбуз-деп алдына түшүп, жапырт кечирим сурашыптыр.

Мидиндин жоругу
Атактуу сатирик Мидин Алыбаев үч-төрт адам менен турса Бакы дегени жандарына келип учурашып калат. Мидикең анын колун коё бербей туруп:
Банкеде жары Бакынын,
Бар экен сенин жакының.
Буурусун буттуу ит элең,
Бузуп алба катынын-дегенде Бакынын келмеси оозунан ыргып, Мидике эл укса уят сөзүңүз ушул жерде калсын деп "Ооз басырыкка" жыгылыптыр.

Тар шым
Апендинин аялы базардан күйөөсүнө шым сатып келет. Аны кийип көрүп, тырчыйып алаасы тар экен дейт имиш.
Анда аялы:
- Сеники эми чоңоймок беле?
- Ысык жан болгондон кийин ар түрдүү абалда болуу мүмкүн. Аны камап, байлап койгуң келип жүрөбү деп тар шымын чечип, аялынын колуна карматыптыр.

Апендинин арманы
Алма бакты аралап жүргөн Апенди бактын башында алма терип жүргөн дамбалы жок аялды көрөт да:
- Бах, чиркин, бактын баары ушундай жемиш байласа, атаганат деп армандаптыр.

Зериккен пайгамбар
Молдоке элге орозодо маселе айтып калыптыр. "Туугандар, силер отуз күндүк орозону да оор көрүп жатасыңар. Илгери бир жылда алты ай орозо кармачу экен. Ошол учурда Мухаммед пайгамбарым Алла - Тааллага барып, пенделериңиз кыйналып кетти деп, үч айга кыскарткан экен. Буга да болбой эл кыйнала бергенинен экинчи жолу дагы барып, бир айга кыскартыптыр. Ошондон бери бир ай орозо кармалып келе жатат десе", - отургандардын бирөө,-"Кап, Молдоке пайгамбарым зерикпей эле дагы бир жолу Алла-Тааланын алдында барып койгондо биротоло кечип жибермек экен",-деген экен.

Чатыңарды сууга алдырбагыла…
Алайда Эргешов Малик деген парткызматкер, партиялык системага жараша дайыма "мурчуюп" жүрүүгө аргасыз болгон. Жөн жай жерде кошо жүргөндөрдү күлдүрүп ичтерин эзип салчу. Ал жердеги "Бүлөлү чаты", "Будалык чаты"-деген жылгадагы бөлүмдөрдү Жибек, Жумагүл деген эжелер башкаруучу. Кезектеги отчеттук жыйналышта Жумагүл эже:
- Малик Эргешов, акыркы учурда тоодогуларга карабай койдуңуз, канча булдузор сурап бардым, чатты суу алып кетип айлабызды курутту. Өткөндө Бүлөлү чатын суу алып кетип, трактор бербей Жибекти да кыйнагансыз деп күйүп-бышып сындады.
- Ай сайын "булдузор" сурай берип шаштыны алдыңар го! Каралбайт деп коёт, экөөңөрдөн кол бошобой жүрүп канча иштен калдым деп отургандарга көз кысып коёт. Жата бербей аракет кылгыла да, качанга чейин сууга алдыра бересиңер чатыңарды?-деп жылмайганда отургандарды күлкү аралады.

Чоңдугуна чокоюм
Токтогулдагы райкомдо иштеген Сулуу Айдаров деген колхозго барып элди чөпкө чыккыла дей баштайт. Арасынан бирөөсү "Аялым чөпкө баралбайт"-деп моюн толгойт. Анда чоң сөрөй аке, "Эй бала, көзүң ач, билесиңби сен ким менен сүйлөшүп турганыңды!" -деп опузаласа тиги моюн бербей:
- Билем, сиз сарттардан чыккан сулуусуз, эки жаш менден улуусуз, аялымды алдап алпарып, бир нерсе кылганы турусуз!-деп бат эле коркок жүрөгүнө суу сээп жиберип, аялын чөптөн алып калыптыр.

Моюндуу көчүк…
Жаз келип күн жылып калгандыктан, жалпы коңшулар чогулуп, арыктарды оңдоп тазаламай болушат. Иш башталып, ортолоп калганда арык өтчү жерден темир бетон чыгып калат. Ошондо Кукеңдин өзүнөн жашы бир аз улуурак Жаанбай деген жалкоолонуп айтор:
- Ой, балдар жалпылап ары жылдыра салгылачы-дейт.
- Келиңиз, сиз да жардамдашыңыз-дешет жанындагылар.
- Ой менде бел жок да, бел-деп шашып калат.
Анда Кукең тигини тамашалап:
- Эмне сиздики моюндан кийин эле көчүкпү, - деп күлкү кылыптыр.

Даярдаган Алмазбек Эркебай