presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№11, 15.04.08-ж.
  Кыз сайкал

"Кореец жигит олумду сурады"
ЭлТР коомдук телерадио компаниясынын Бишкек студиясынын көркөм аналитикалык телеберүүлөрүнүн бөлүм башчысы, теле алып баруучу Аида Арстаналиева менен маек.

- Аида, ар бир кадамдын алгачкысы эсте калат эмеспи. Андыктан маегибизди теле көрсөтүүнүн босогосун аттаган күнүңдөн баштасак.

- ОшМУнун физика-математика факультетинде окуп жаткан кезде сулуулар конкурсуна катышып, ошол жерден Паризат аттуу кыз менен таанышып, жакын дос болуп кеттик. Ошол кезде Паризат Ош мамлекеттик телерадио компаниясында практикада жүргөн экен. Бир күнү ал менен телеге барсам Олжобай Кубатаев деген агай мени көрүп эле "Кай жактан келдиң, кайсы жерде окуйсуң деп сураштырып, анан Жаңы-жылга карата бир программа даярдап жаттык эле, сен телеге ылайык кыз экенсиң, аяз кыз болуп бербейсиңби"- деп сунуштап калды. Негизи мен 1-классымдан 7-классыма чейин мектепте аяз кыздын ролун аткарып жүргөм. Ошондуктан мен үчүн аяз кыз болуу көп деле кыйынчылык туудурбайт болчу. Колумдан келген жумушту көзүмдөн окуп койгон Олжобай агайга бир чети таң калып анын сунушуна макул болуп, түнү менен уктабастан өз колум менен аяз кыздын көйнөгүн тигип чыктым. Ошентип 25-декабрь күнү биринчи жолу Сулайман тоого чыгып аяз кыздын образын жаратып эфирге тартылдым. Мындан көп өтпөй Ош-3000 телерадио компаниясында дикторлукка "кастинг" болуп жатат келип катышып көрбөйсүңбү дешкенинен барсам жалаң журналистика, филология факультеттеринен келген 10-15 тей конкурсанттар жүрүптүр. Алардын катарында мен да туруп атымды жаздырайын десем эле кабыл алып жаткан эже "Кайдан келдиң?"-деп сураганынан, физматтан десем, "физматтан келсең бул жакта эмне адашып жүрөсүң?" деп каткырып күлдү. Анын бул сөзүнө көңүл деле бурган жокмун. Студияга кирип "Ош облусунун губернатору Алайга иш сапар менен барды" деген текстти окуп бердим. Ошентип күтүлбөгөн жерден 15 кыздын ичинен Жазгүл деген кыз экөөбүз тандоодон өтүп кеттик. Эфирге биринчи чыккан күнү "Жаңы толкун" берүүсүн алып бардым. Аталган тармакта иштегениме быйыл төрт жылдын жүзү болду. Кесибим журналист болбосо да болгон күчүмдү, болгон аракетимди ушул жаатка жумшап, жан дүйнөмдү арнап келем.
- Ары татаал, ары түйшүктүү кесипке капысынан келип кызмат кылып жатыптырсың. Өз адистигиң боюнча да күч сынайын деген оюң барбы?

- Буга чейин өзүмдүн бир туугандарым өз кесибим боюнча эмгектенгенге бир жерден орун да таап беришти, бирок ага менин бутум тарткан жок. Келечекте дагы кандай күндөр күтүп тураары азыр белгисиз. Ошентсе да өзүмдү теледен бөлүп карай албайм. Өзүм сүйүп, ырахат алып иштеп жаткан жумушум бар үчүнбү, айтор, өз кесибим менен иштебей калганыма өкүнбөйм.
- Ар бир эфирге чыккан сайын камера алдында кандай сезимдер болот?

- Жаңыдан эфирге чыгып жүргөндө кадимкидей калчылдап сүрдөчүмүн. Ошол учурларда жаңылышуулар, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Азыр эми андай жолду басып өтүп, камера алдында толкунданмак түгүл, тескерисинче андан эргүү ала турган кезге жеттим десем жаңылышпай. Менин сезимимде толкунданып, сүрдөнүү жоголуп, анын ордуна чоң жоопкерчилик пайда болду.
- Теманы башка жакка бурсак, сүйлөшкөн жигитиң барбы?

- Чынын айтсам жок. Ушинтип айтсаң эч ким ишенбейт, жигит менен сүйлөшкөнгө жумуштан кол бошобойт. Биздин убактыбыз чектелүү гана. Эртең менен жумушка келип кайра кечинде кетмейден башка ашыкча эч нерсе жок. Башкача айтканда рамканын ичиндеги күндөлүк менен жашайбыз. Анан эми ушул жазда сүйүү келеттир деп күтүп жатам. (күлүп) Кудай буюрса, ушул жылы өз теңимди табам го деген үмүт бар. Мага да бирөө баласын багып жаткандыр.
- Акыркы кезде бир кореец бала Аидага ашык болуп, колун сураптыр деген имиштерди угуп калдым. Ушунун чын-төгүнүн өзүң айтып берсең?

- Ой, муну каяктан уктуңар?! Бул мындайча болгон да. Былтыр капысынан эле актриса Гүлсина Чотонова мага байланышып кореецтердин "Сүйүшкөндөр" деген сериалына "кастинг" өтүп жатат, барып катышып көрбөйсүңбү -дегенинен эженин көрсөтмөсү менен барып, берилген тапшырмаларды колумдан келишинче аткарып келгем. Жыйынтыгында менин аткарган ролдорум кореецтерге жагып, буйрук экен ойдо жок жерден киного катышып калдым. Өзү менин тагдырым ушундай окшойт, турмушумда бардыгы капилеттен болот. Негизи аталган сериал Кореяда тартылып жаткан кино экен. Болгону кинодо сүйүшкөн эки жаштын Кыргызстандын Ысык-Көлүнө келип эс алган жери бар экен. Ошон үчүн кинонун 4-сериясын биздин касиеттүү Ысык-Көлдөн тартышты. Мындагы эпизоддорго кыргызстандан 8 киши катыштып. Ушул учурларда котормочулар аркылуу кореецтер менен таанышып, жакшы пикир алышып аттык. Анан эле бир күнү күтүүсүздөн менден 15 жаш улуу режиссер кореец жигит (аты эсимден чыгып жатат) мени чакырып алып "Сен мага жактың, мага турмушка чык, Бишкекте эле жашайбыз, чыгармачылыңа эч кандай тоскоол кылбайм" деп арзуусун айтып, бир топ эле аракет кылды. Аларда жакшы көргөн адамына күн сайын белек берүү салт экен. Мага да күндө ар түрдүү белектерди берип жатты. Жакшылап сураштырсам, мурда үйлөнүп, 2 балалуу болуп ажырашыптыр. Ичимден ачуум келсе да "үйгө келген адамды ит кабат" кылып капа кылбайын деп алыстан келген конок катары сыйлап, жакшы сөзүм менен эле башка улутка турмушка чыгуу мен үчүн жат көрүнүш экенин билдирдим. Чынын айтсам аябай намыстанып кеттим. Кыргызда жигит калбай калса да кореецке тиймек эмесмин. Асмандагы айды алып берем десе да өз мекенибизден, өз кулундарыбыздан айланып кетейин. Башка улут жөнүндө кулагым укса уксун, көзүм көрбөсүн.
- Маегибиздин соңунда башыңдан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берсең?

- Мындан 3 жыл мурун университеттер аралык конкурсту алып барып калдым. Анан сынактын аягында калыстар тобу жыйынтык чыгарганча көрүүчүлөрдү залдан кетирбеш керек болчу. 2-3 ырчыны алып келсек, алар өз номерин аткарып бүтүп кетип калышыптыр. Дагы эле жыйынтык чыга элек, сахнада эч ким жок. Бир маалда элдин баары ызылдап башташты. Мен болсо элди кантип алаксытышты билбей ары-бери чуркап, айлам кеткенде өзүм сахнага чыгып алып "Жел кайык" деген ырды ырдап кирдим. Аягында көрүүчүлөрдүн баары кол чаап колдошту. Ошентип эптеп кырдаалдан чыктым. Анан бир күнү теледе түз эфирде отурсам бир студент бала байланышка чыгып "Аида эже, мен сизден бир нерсе сурайын дедим эле, ырдап бербейсизби?" -дейт. Мага азыр эфирде ырдаш мүмкүн эмес, эфирден сырткары эч нерсе жасай албайм. Экинчиден мен ырчы эмес, алып баруучумун десем, өткөндө конкурста ырдабадыңызбы, сонун ырдайт экенсиз, тигил бул деп көгөрүп туруп алса болобу. Ага түшүндүрөм деп убактым да кетти. Канча талашканым менен акырында ырдоого туура келип, түз эфирде алып баруучу эмес, ырчы болуп жибербедимби.
- Эфирдеги эрежени бузуп, жетекчиликтен тил уккан жоксуңбу?

- Өзүм да ырдап атканда, оюмдун бары ошондо болуп жатты. 2-3 күн качан жетекчибиз чакыра коёт экен деп коркуп жүрдүм. Эч ким эч нерсе деген жок. Бирок муну көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышыптыр. Азыр ойлосом өтө эле көңүлчөөктүк кылган экенмин.
Ж.Калдарова




Аялзатынын баа жеткис мыкты сапаттарын жана даанышмандыгын эске алып, аялзаттык сүйкүмдүүлүк, келбеттүүлүк, ишмердүүлүк эң негизгиси үйбүлөөнүн куту экендигин тастыктоо иретинде "Асылзат" аттуу атайын рубриканы ачтык. Мындан ары айымдар үчүн керектүү болгон аярлуу акыл тамчылары бийкечтердин түпөйүл терең сырлары жана алар үчүн ар кандай кеңешин берген биздин жаңы рубиркабыз сиздер үчүн өз кызматын аянбайт.
Мырзалардын айымдар менен маектешүү адеби

Айымдар ичиндеги болгон сырды бирөө менен бөлүшпөсө, анда адам болуудан калмак. Баарлашуу - селкилердин бугун сыртка чыгаруу касиетинин бири. Жалгыз же көпчүлүк селкилер менен баарлашууда алардын сөзүн кунт коюп угуп сөз арасында куйкум кепти орду-орду менен айта алсаңыз маектешүүнүн чыныгы чебери боло аласыз. Айымдар менен кеп курууда эмнелерге көңүл буруу керек, окуп баам салыңыз.
1. Баарлашкан айымдын жек көрүүсүнө кабылбоо үчүн тулку боюңуз жана кийген кийимиңиз кирсиз болсун.
2. Оозуңуздан жагымсыз жыт чыкпасын десеңиз, айымдын кашына барганда тиш тазалоону эске алуу менен сарымсакты анан кам пиязды жебеңиз.
3. Эки бийкечтин ортосуна уруксаатсыз кыпчылып олтурбаңыз.
4. Сизден жогору олтурган селки сыртка чыгып келүүнү кааласа, ордуңуздан туруп жол бериңиз.
5. Сырдашып жаткан айымдардын сөзүнө кеп кошууну кааласаңыз, ыктуу жерден кеп козгоп айта турган оюңуз маанилүү болсун. Эч качан сүйлөгөндө кабак түйүп, күңкүлдөп сүйлөбөңүз.
6. Капысынан чүчкүрүүнү каалап калсаңыз оозу-мурдуңузду жүзаарчыңыз менен жаап акырын чүчкүрүңүз.
7. Айымдар менен баарлашуу учурунда үргүлөп олтурууга болбойт.
8. Бийкечтердин алдында өзүңүздү билерман көрсөтүп, бөтөндөрдүн сөзүнө конок бербей кайра-кайра сүйлөй бербеңиз.
9. Сөз учурунда башкаларды шылдыңдагансып сөөмөйүңүз менен сайып сүйлөбөңүз.
10. Жаныңызда олтурган бийкечке ыктап шыбырап сүйлөбөңүз. Башкалардын көңүлүнө күмөндүүлүктү түшүрөсүз.
11. Уруксатсыз бийкечтер арасында жамбаштап олтуруу, адепсиздигиңизди айгинелейт.



Аялдардын тамеки Чегүүсү

Тамеки тартуу эркектерге салыштырмалуу аялдарга көбүрөөк зыян алып келет. Ал эми жетиле элек жаш кыздардыкы андан да жаман: алардын боюнун өсүшү жайлап, жай жетилип бронхит оорусуна кептелет. Тамеки чегүүнүн терс таасиринен тери бат чүрүшүп тез карыйт. Назик жүз саргарып, бырыш пайда болот. Мындай беттерди "никотиндүү бет" деп коюшат. Никотин менен углерод окиси нерв системасына дагы зыян. Ал мээ ткандарынын кислородунун камсыз болушуна тоскоол кылып анын жетишпестигинен өтө сезгичтикти пайда кылат. Албетте, а дегенде никотин мээ кан тамырларын кеңейтет, бирок, бара-бара тамыр системаларын тарыта баштайт. Тамекини көп чеккендердин денесин ошол калыбында катырып, мээдеги ойлоо процессин начарлатат.
Ошентсе да тамеки тарткан аял же бийкеч саргарып кеткен тишин тазалагысы келсе:
- Сууланган тиш щеткага бир аз аш соодасын салып, лимон маңызынан 2-3 тамчы тамызып жууса, тиш агарат(бул ыкманы көп пайдалануу зыян);
Ал эми тамекинин ышына сиңип калган кийимдин жытын кетирүүнү кааласаңыз, жуулган кийимди бир аз уксус кошулган сууга чайкап, желдүү жерге жайып кургатса жыты жакшы кетет.

Даярдаган Ч. Абдраева











??.??