presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№11, 15.04.08-ж.
  сүф-сүф

Гипноз Деген эмне?
Сыйкырдын күчтөрү
Сыйкырдуулук байыркы илимдердин бири. Магия деген сөз грек тилинен алынып "сыйкырчылык, көз байлоочук" дегенди түшүндүрөт. Сыйкырдуулук дүйнөсүнө баш оту менен берилген адамдар гана бул илимди тереңден кабыл алып үйрөнүп чыга алышат. Устаттардын айтымына караганда сыйкырдын бир канча түрү бар, алар:

1 Ак сыйкыр (белая магия) - асманга багынып, адамдардын жан дүйнөсүндөгү жаман ойлордун аурасын жакшыртууга багыт алат. Иши жүрүшпөгөндөрдү тоскоолдуктардан арылтууга жана баласыздарды наристелүү кылууга дегеле ак, адал, пайдалуу иштерге бул сыйкырдын дубасы окулат.

2 Кара сыйкыр (черная магия) - жерге багынып, адамдардын жан дүйнөсүнө будуң-чаң салып алдоо, жек көрүү байлык мансапка умтулуу, ынтымакта жашаган үйбүлөлөрдүн ортосуна жарака кетирүүнү күч алдырат. Кара сыйкырдын күчүнө таянып башка бирөөлөрдүн бактысына, өмүрүнө ал тургай психологиясына запкы келтирип, дубаны көтөрө албай каза тапкан учурлар да кездешет. Бул кара дубаны артка кайтарууга болбойт жана аны жандырууга мен касиеттүүмүн дегендердин да алы жетпейт. Керек болсо кара дубаны окуган адамдын өзүнүн да жандырууга күчү жетпейт.

3 Боз сыйкыр (серая магия) - бул эч нерсеге багынбай эле кара жана ак сыйкырдын функцияларын аткарат. Боз сыйкыр чындыкты чыркыратып тактыкты талап кылуучу жалгыз күч.

4 Кызыл сыйкыр (магия крови) - канга багынат. Атында аталгандай, адамдын денесинде жүрүп турган канына карай окулуп, өтүшүп же денеге сиңип кетсе, адамдын өмүрү коркунучка туш келет.

5 Жашыл сыйкыр (магия природная) - жаратылышка багынып, андагы түрдүү сырлар менен тыгыз байланышта болгон күчтүү сыйкырдын бир түрү. Бирок, жашыл сыйкыр учурда колдонуудан чыгып, эмнегедир жоголуп баратат.




Гипноз түшүнүгү болжол менен б.з.ч 2500-3000-жылдары "гүлдөп" турган. Анын тарыхы адам баласынын өнүгүү этабы менен тыгыз байланышта. Гипноз алгачкылардан болуп байыркы Индияда тамырлап, жер кыдырып жүргөн факирлер аянттарды аралап адамдын акылы жетпеген нерселерди көрсөтүшкөн. Байыркы Египеттин, Грециянын жашоочулары оорулууларды айыктыруу үчүн ыйык уйкуну чакыра алышкан. Андан бери канча кылым өтсө дагы гипнозго болгон кызыгуу күч алып, анын табышмактуу сырларына кызыккандар чет жактан чыгышат. Негизи гипноз аркылуу көптөгөн сыркоолордон арылса болот. Мисалы, чылым чегүүдөн, арак ичүүдөн, ашыкча семирип кетүүдөн, кекечтиктен, тиш, баш оруудан жана жаман түш көрүүдөн. Айрым бир учурларда гипноз кадимки эле медицинага караганда натыйжалуу таасир берет деген ишеним болгон.


Бүбү - бакшылардын чордонунда
Бүгүнкү күндө атайын бизнестин чакан маркетин түзгөн табып-бакшы, психолог, гипнозчулар арбын. Алар Теңирден бакыт тилек кылып соңун күтүүгө чаркы келбеген капчыгы жука карапайым элдин канын соргон "аферистер же жарым көзү ачыктардын" уюшкан топтому. Чыныгы дарамети барлар мынтип эл быкпырдай кайнаган базар четинде олтурбасы аныктыр. Кандай болгон күндө да көзү ачыктар үчүн орун аныкталып, атайын ак маталар менен чүмбөттөлгөн "Ош базарына" барып, алардын касиеттерине өзүбүз күбө болуп, бүбүлөрдүн жосунсуз жоруктарынан учкай маалыматты назарыңыздарга тартуулайбыз.


"Төлгө ачуунун" баасы чектелген
Демейде аарынын уюгундай быжыраган "Ош базарына" кимдин кандай максатты көздөп келип-кеткени жөнүндө кимдин иши болмок?! Күнүмдүк тирилигин өткөрүүгө каршы-терши мында иштеген соодагери товарын жайса, ашпозчусу тамагын белендөөгө киришет, дегеле ар бир пенде өз күнүн өткөрүүгө жан үрөп эмгектенип жүргөндөрү да, бири-бирин алдап оокат тапкандары да бар. Айтылуу "Берекет" соода борборунун оң жак тарабындагы узун жолдо көзү ачыктардын орундуктары бар. Ал жерден акча тапкандардын саны 9 аял. Иштөө убактылары 10дон 6 га чейинки аралык. Олтургандардын ар биринин стол үстүнөн арча, шам, туз, 41 таш, Куран китебин, бычак, теспе, ийне, жип, камчы сыяктуу шаймандары коюлуп, кадимки соодагер өңдүү эле кардар күтүп олтурган "бакшылар" кимдин болбосун көзүнө дароо илинет. Мурда касиеттүүлөргө кайрылып көрбөсөк да калп эле бир шылтоону ойлоп, алардын кашына келдик.
Аңгыча жашы 40тын кырынан эчак ашкан эже "келегой, көөдөнүңдө көлөкөдөй ээрчиген кара так бар, бул маселеңди айтуудан апкаарыба, дароо эле чечип берем", деп калды. Бош турган олтургуч орун алганыбыздан кийин, дароо көзүн үлүрөйтүп, ичинен күбүрөп-шыбырай жүзүнө бата тартып мага суроолу тигилди. Эжени карап, "мени сагынткан, жалгызымды көрөт бекем?" дедим, калпымды билип калчудай ыргылжың болуп.
- Ичиңде кымындай кириң жок, ата-энеңдин ардактаган кызы экенсиң, өткөн бабаларыңда ыйыктык касиет бар… - деп сүйлөп кирген эженин оюн бөлүп суроомду кайталай кеттим.
- Эже, мени сагынткан жалгызымды көрө алар бекенмин?..
- Сөзүмдү бөлбөй турсаң боло, менин төлгө ташым төп түшөт. Кайрадан бир топко күбүрөнүп алган соң, шыбырай калып сүйлөп кирди. Бир кеби угулса, кийинкиси угулбайт.
- Жүрөгүң капалуу болуп турат. Азыр жалгызсың, жакын арада күткөн жигитиңе жолугасың.
- Жок, мени түшүнбөй калдыңыз? Жалгыз баламды көрөөр бекенмин, ал мени ойлойт бекен…
- Ооба, айтканың ырас. Кашайгыр эки таш биригип калса, жалгыз таштай көрүнөт экен. Мына турган таштын бирөө жолдошуң да, экөөң чогуу турасыңарбы?
Эмне деп жооп айтаарымды билбей:
- Жок, деп жибериптирмин.
- Аны менен жоолукканда кыжырың келип уруша да кетчүү экенсиң.
Уулуң канча жашта, азыр кимдин колунда?
- Энемде, балам бешке чыгып калды, мага кайрып берээр бекен? -дедим.
- Уулуң сени эстеп куса болот. Оомат сен тарапка ооп түшүп турат. Жолдошуң экөөңдү бузган бир сары кыз бар. Ал дуба окутуп, таман алдыңа мүрзөнүн топурагын сээп кеткен.
Ушуларды эбиреп жатканда күлкүм кыстаса да:
- Мурун бир көзү ачык айткан эле, экөөңөрдүн мамилеңерди сууту үчүн "кара сыйкыр" менен окутуп койгон, - деп, сиз мындайга күчүңүз жетпейт го…
- Анын да өзүнчө жолу бар. Тээтиги олтурган цыгандар "кара сыйкырды" кайтарууда 4000 сом менен жандырышат. Эми кызым аларды көрүп турасың, өздөрү ичип алышса анан кандай таасир бере алмак. Сен жаш экенсиң, сага 500 сом менен кайтарып, жолдошуңду кайрып берем.
- Кандай жол менен жандыра аласыз?
Мага үч түрдүү тогуз жип, лампочка анан арча алып келесиң. Андан сырткары ийнелер керек, ал өзүмдөн болот. Бир жумада үч ирет келесең жетиштүү болот.
Ишти качан баштайбыз дегендей мага суроолу карап калды. Анда эки күндөн кийин келем дегиче, "сөз бүттү" дегендей жүзүнө бата тартып, бизди карап калды.
- Канча берем?
- Алдыңарда эле бирөө муну таштап кеткен, деди тор алдындагы 50 сомду жаңсап. Айткан акчасын көрсөткөн ордуна коюп, "Кыял" тараптагы көзү ачыктар аллеясына жөнөдүк.

Бакшылардын накта уюгу ушул жерде
Ушундай эле көрүнүштө "Кыял" тараптан кирген жолдун оң тарабында боз маталар менен чүмбөттөлгөн бир топ алачыктар көзгө дароо эле көрүнөт экен. Мында ар бири стол үстүнөн жайнаган түрдүү дүйнөлөрүн коюп, кардар күтүп олтурган бүбүлөр. Баш-аягын санаганыбызда 50гө чукул чатырча курулуп, цыгандарды кошкондо 58 адам ушул жерден баар таап жашоо кечиришет. Анан көпчүлүгү чатырынын сыртына кагаз толтура өзү тууралуу маалыматтарын чаптап коюшкан.
Баш айланткан майда-барат шаймандарын карап жүрсөк, бизге карай басып келген цыган айым менен сүйлөшө кеттик.
- "Дубалап" койгон адамды жандырып бере аласызбы?
- Өзүңөрдүбү?
- Ооба.
- Мына, жүзүңүздөн эле көрүнүп турбайбы.
- Канча сом менен кайтарып бере аласыз?
- "Дубаны" жандыруу оңой эмес. Ал да өзүнчө илим. Сен чыгымдан коркпой эле бактыңды ачтыр. Сага тааныш эле аял, жолуңду байлап дуба окутуп салган.
- Эми канча?
- 4000 сомдон 8000 сомго чейин.
- Ушул сумманы бергенден кийин дуба жанабы?
Аны сиңдим келгениңде толук түшүндүрүп берем. Студент кыз окшойсуң? Мүмкүн болушунча арзандатып берем.
- Ишти качан баштайбыз?
- Кааласаң азыр деле, деп күбүрөнүп колундагы жиптерин түйө баштаганда:
- Эже, биз сиз айткан сумманы даярдап анан келели, - дедим.
- Сиңдим бөлүп-бөлүп берип кутуласыңар.
- Анда биз эки күндөн кийин келели дегиче жүзүнө бата тартып , бизди карап калганда:
- Канча берем?
- Көңүлүңдөн чыкканы? Болуптур анда деп 20 сом сунсам, шашкалактап "биздин ставка 100 сом" деп жиберди. Айткан акчасын колуна карматып, ары карай басарыбызда:
- Кызым, дубаңды жандырбасаң кырсыкка кабыласың? - дейт күйүгө.
Айткан сөзүнө жооп таба алган жокпуз. Колуна теспесин кармап , кардар тейлеген көчө боюндагы ачык тургандары менен баарлашканыбыз ушул болду. Кантсе да жолун таап калсак, кийинчерээк өз алдынча киши көргөн табып-бакшылар жөнүндө маалымат беребиз.

Даярдагандар Ч. Абдраева,
М. Сатарова











??.??