presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№11, 15.04.08-ж.
  Дөө менен "бөө"

Ала жипти аттагандарды кантип жазалашкан?
Ар бир кичинекей мамлекетте (үй бүлөдө) жубайлар арасында бири-биринен жашыруун, тымызын ала жипти аттоо, бири-биринин көзүнө чөп салуу деген көрүнүш бар экенине шек жок. Бүгүнкү күндөгү мыйзам ченемдүү көрүнүш байыркы заманда көзгө абдан өөн учураган. Бул кылган кылмышы үчүн кандай жаза алышканын билгиңиз келсе анда төмөнкү макалага назарыңызды бурабыз.

Ташбараңга алып өлтүрүшкөн
Ислам дининдеги мусулмандар мындай кылмышты өлүмгө барабар катары кабыл алышат. Мисалы, Иран, Мавритания, Араб өлкөлөрүндө күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялга бирдей жаза беришкен. Тагыраак айтканда мындай жосунсуз жорукка барган аялды көпчүлүктүн алдына алып чыгып, таш бараңга алышчу. Натыйжасында жамгырдай жааган муштумдай таштар айымдын денесин жанчып, жаны кыйналып өлчү.

Түрмөгө камашкан
Индонезия менен Израилде да мындай кылмыш үчүн таш бараңга алып, өлүм жазасына буйрушпаса, колу менен кылганын мойну менен тарттырып беш же он жылга абакка камап же болбосо он миң доллар акчалай салык салышкан. Ал эми чектен чыккан "кылмышкерлерге" 10 жылга түрмөгө ошол эле учурда он миң доллар көлөмдөгү айыпка жыгышат. Эмнеси болсо жарыкчылыкта тирүү басып жүргөн 10 миң доллар эмес 100 миң доллардан да кымбат эмеспи.

Ойношунун сөөмөйүн жедирип...
Жаңы Гвинеяда болсо мындай учурда ала жипти аттап башка эркекке көз арткан айым өлүм жазасына тартылбайт, тескерисинче аялдын көңүлдөшүн өлтүргөнгө мыйзам жол берет, бирок өлөөр алдында эркек өзүн азгырган аялдын сөөмөйүн жегенге милдеттүү, ошентип гвинеялыктар бир ок менен "эки кылмышкерди" жазалашкан.

Кайнатылган смалага тирүүлөй салышкан
Европанын көпчүлүк бөлүгүндө байыркы заманда күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, никесин суудан таза, сүттөн ак сактай албаган ишеничтен кеткен жубайларды смаланы кайнатып алып тирүүлөй салышкан, смалага малынган аял ошол замат эсинен танып, жаны кыйналып атып өмүрү менен кош айтышчу. Айрыкча мындай зулумдукка, зордукка туш болуп өзү сүйбөгөн адамга турмушка чыккан он жети, он сегиз жаштагы жаш кыздар туш боло турган. Өз сүйүүсү үчүн күрөшкөн айымдардын көбүнчөсү ушундай ташбоорлуктун курмандыгына айланышкан.

Кайнак жана муздак сууга салып кыйнашкан
Монгол эли да мындай өөн ишти эч качан көз жаздымынан калтырышкан эмес. "жоругу жолдо калгырларды" эки жол менен жазалашчу. Биринчиси киши бою менен тең челекке таштай муздак суу толтурушуп, ага жаза алуучу адамды салышат да башын чыгарып камап коюшат, мындай учурда адамдын бүткөн бою калчылдап чыгаары айтпаса да белгилүү болсо керек, өлүп калбаса да бара-бара эсин жоготуп, бир жарым саат кыйналып, ат чыдагыс абалга туш болот. Ал эми экинчи ыкма биринчисинен да оор, тактап айтсак айыптууну ушундай эле чоң челекке сууну кайнатышып, алгач бутунан баштап малып, муну менен гана тим болбостон кайнатылган денени алып чыгып башынан ылдый муздак суу куюшуп, жыйынтыгында эт сөөктөн бөлүнүп, шылынып түшө баштайт, мындай кордукту эч им көтөрө албай ошол эле жерден жан беришкен.

Терисин тескери сыйрышкан
Ассирияда бир айым күйөөсүн чанып башка адамдын колун кармап кете берген. Байыркы заманда ал жерде да тартип темирдей катуу болгондуктан, ал айымдын мыйзамдуу күйөөсү аялын жерден чукуп таап, "терисин тескери сыйрыган". Оң жолунан адашкан аял дал ушундай жазага тартылган. Башкача айтканда айыпкерди чечинтип алышып, биринчи терисин сыйрып, анан дарга асып өлтүрүшкөн.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева




Өтө чоң жана өтө кичинекейлердин турмушунан
Башкаларга окшобогон дене бою өзгөчө чоң инсандар кыргыздардын арасында деле болгон. Өткөн тарыхыбыздагы минген атын мойнуна артып, көтөрүп кеткен Кожомкул балбан бабабыздын бир колунун алаканы эле канчалык зор. Кызыккандар Кожомкул атындагы спорт сарайына барып көрсө болот. Бүгүнкү учурубузга келсек Нарындык Жеңишбек деген гигант жигитти коомчулугубуз жакшы таанып калды. Анын кийген ботинкасынын эле узундугу 50 см ашат. Аны айылдан алгачкылардан болуп элге таанытып, клип тартып, ырдап чыккан артист Бакыт Мамаев. Мындай адаттагыдан сырт адамдарга болгон зор кызыгуу чет өлкөлөрдө деле укмуш байкалып элдин кызыгуусун арттырат. Жанына барып көргүлөрү келет. Учурашып, сүрөткө түшкүлөрү келип, тартылып турушат. Киного, шоу-бизнеске аралаштырып, пайда табуунун жолдорун издешкендер башка элдерде деле кездешет. Биз бүгүн ошондой өтө чоң, жана өтө кичинекей кишилердин кызыктуу турмуштарынан сөз кылалы дегенбиз.

Эң кичинекейлер кимдер?
Дүйнөдөгү эң узун адам 274 см, эң кичинекей 56 см (жаңы төрөлгөн наристенин бою 46,50 см). Эргежелдердин (Карлик) мынчалык кичинекейлигин илимий көз караштагылар төмөндөгүндөй түшүндүрүшөт. Бойду өстүрүүчү гармондордун жетишпестиги, генетикасынын бузулушу. Негизинен лилипуттар оорулуулар. Мындай эргежелдер өткөн мезгилдерде начар тамактануудан да жапа чегип келишкен.
Эң кичинекей аял Голландиялык принцесса Полин Мастере. Төрөлгөндө 30 сантиметр болуп, 9 жашка жеткенде салмагы бир жарым килограммга жеткен. 19 жашында спирт ичимдиктерин көп ичип, анын залакасынан өпкөсүнө суук тийип, менингит оорусунан каза болгон. Чоңойгон кезде 3,4 - 4 килограммга араң жетип, көкүрөк жамбаш башы 47-48-43 сантимметрге жеткен. Бул көрсөткүчтөр абдан арык экендиги жөнүндө айтып турат.
1979-жылы бою 50 см ге, салмагы 1,98 кг жеткен 9 жаштагы грек кызы Стаматула катталган. 16 жашында Афинадагы монастрда 67 см бою, 5 килограмм салмагы менен көз жумган.
Кытайлык 19 жаштагы Хи Пинпин бою 73 сантиметр. Апасынын айтуусу боюнча ал кыз төрөлгөндө чоң кишинин бир алаканына баткан.
Лилипут эркектердин тарыхында атактуу инсан катары (бою 77 см)Чарлз Шервуд Стрэттон бар. америкалык цирк өнөрүндө атагы чыгып, 25 жашында өзү менен бирге иштеген Лавини Уорренге үйлөнгөн. (81 см ) Ал 45 жашында дүйнөдөн кайткан.

Узун, кыска бойлуулардын махабаты
Кытайдагы эң гигант эркек Бао Сишунь бою 2 метр 36 сантиметр. кызыгы ал эң кичинекей кыз менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурашып, өздөрүнүн башкаларга окшобогон жашоолору жөнүндө пикир алмашышып, ашыктык отторун жандырышкан. Аягында 56 жаштагы Бао Сишунь 19 жаштагы Хи Пинпинге үйлөнгөн. Бао өспүрүм кезде башкалардан эч айырмаланбаган, бирок 16 жаштан 26 жашка чейин 2 метрден бою ашып кеткенинен чочулап, дарыгерлерге кайрылганда, алар анын ден-соолугу чың экенин айтышкан. Тегерегиндегилер анын бою узун экендигин сыйлашкан. Баскетбол оюну боюнча да зор ийгиликтерге жеткен. Баонун салмагы 165 килограмм. Хи менен Баонун жубайлык турмушу коомчулуктун көңүл борборунан сырт калбай, телекөрсөтүүлөрдөгү оюн-зоок, ток-шоу программаларга тез-тез катышып турушат.

А.Адишов










??.??





??.??