presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№11, 15.04.08-ж.
  Бешене

Табышмактуу тагдыр
Бул жашоодогу ар бир адамдын сезиминде катылып жаткан терең сырлары бар. Ал сырлар күнүнө сизди миң ирет ойлонтуп, миң ирет түйшүккө салаары бышык эмеспи. Качан гана ошол сырды бирөөгө айтып, сезимиңиздеги букту чыгарганда жашоо ыргагы кайрадан калыбына келип, жаркый түшөт. Эмесе, келиңиз окурман, мындан ары "Сезим сырлары" сиздердин кызматыңыздарда болуп, көкүрөк көйгөйүндө катылып жаткан сырларыңызды тең бөлүшүп, чер жазуу үчүн өз жардамын аянбайт. Кат жазып, телефон чалып, жүрөк сырларыңызды бөлүшүңүз.
Почта үчүн дарегибиз:
Бишкек-48 А/Я 1551.

(Башталышы өткөн
сандарда)

Дамирдин ойлонууга да акылы жетпегендей жалгыз гана көөдөн түпкүрүндөгү жүрөгүнүн кызга болгон ашыктык сезиминин түрсүлү кулагына угулуп туруп алды. Кайрадан ортодогу жымжырттыкты жигит бузду:
- Азыр чогуу эле биздин үйгө баралы? -деди кайрадан жолукпай калчудай кыздын назик колдорун кармалап.
- Азыр болбойт, бир аз убакыт бар. Экөөбүздүн жолукканыбызды Жамал эжеңе да айтпагын, - дегенде Дамир калдастап:
- Анда кандай болот? - деп жиберди.
- Бул убактылуу, эжекең кийинирээк өзү күбө болот, - деп койду.
- Кийин өзүм жолугам, - деп жигиттен узап кете берээрде Дамир төрт чарчы жашыл жибек жоолукту кызга кармата берди. Жылмайган калыбынан жазбаган сырдуу кыз Дамирди бекем кучактап коштошту.
Жөргөмүштүн желеси
Ырас эле аз убакыт өтпөй Дамир менен Наргиза кайрадан караңгы түндө кезигишти. Кыз бул жолку жолугушууда жигит менен көпкө элжирешип олтуруп, экөөнүн чогуу болооруна аз гана убакыт калганын айтты. Дал ушул аралыкта Дамир да шайыр болуп, жалгыз Жамал эжесинен бирдеме жашыргандай болгону менен көңүлү ачык, куунак жүргөнүнөн бир боорунун жаны тынч алгандай болгон. Кийинки күндөрү Дамир кызга кезиккен сайын кайра эле аны менен жолуккусу келип жүрдү. Бирок, кыз айткан күндөрү гана жолугушчу. Жолугууга жети күн калганда жигиттин чыдамы кетип, кызды ар кай кезиккен жерлерин издеп жүрүп, таппай айласы куруду. Эртең мененки жумушуна барбай эле таң эрте туруп, кыздын ата-энеси жайыттаган жалгыз айылды көздөй сапар алды. Зыпылдаган жеңил авто унаа бат эле колоттогу жалгыз чыйыр жолго жеткирди. Унаадан түшүп өйдөлөгөн өрдү көздөй булак сууга кошулган тоо суусунан обочороок жайгашкан кыздын кабырына келди. Ал жигиттин кабыр эмес эле жер төлөө сымал үй көрүндү көзүнө. Ылдый карай түшкөн үч-төрт тепкичтен кийин мурун көрбөгөн, дегеле адам заты колдонбогон кооз буюм - тайымдарды карап олтуруп, арасынан кызга өз колу менен берген жашыл жибек жоолукту көрдү. Ал жерде канча күткөнү белгисиз, күн уясына батып баратканда кайрадан жолго чыкты. Сырдуу жигит ар качан көргөн билгенин чөнтөк дептерине түшүрүп жүрчү. Ушул жолу да үйүнө келгенден кийин көзү менен көргөндөрүн, эмне жасагандарынын баарын тизмектеп чөнтөк дептерине жазып олтурду…
Дамир жумушуна атайын барып жумуштан бошонуп алды. Анан эмгек китепчеси менен күндөлүк дептерин терезеге коюп ошол бойдон кармабады… Ал күн сайын түнкүсүн эшикке чыгып көңүлү жай алып калат.
Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Жамал инисинен кабар алганы келип, кароосуз короону көрүп, көргөн көзүнө ишене бербей турду. Оор дат баскан темир дарбазаны кыйчылдата ачып, эмнегедир кооптонуп алды. Бир караган адамга бул үйдө көп жылдан бери эч ким жашабагандай сезилет. Ичкери кирип каалганы ача берди. Буруксуган чаңдын жыты анан ар кай жерин тегиз каптаган жөргөмүштүн илешкен желелери, чаңдан терезелер бубактанат. Электр лампасын күйгүзгөндөн кийин терезедеги желе каптаган инисинин эмгек китепчесин анан күндөлүк дептерин алып амалсыз ага көз жүгүрттү. Анан каңырыгы түтөй терезени каптаган караңгы түнгө тигиле солкулдап ыйлап олтурду…
Дамир бул убакта Наргиза экөө кол кармаша эч ким бизди ажырата албайт деген таризде шынарлаша түндүн бир оокумунда гана жигиттин жер тамын көздөй келе жатышкан…
(соңу)



  Сезим сырлары

Чексиз сүйөм
Бүгүн ал экөөбүз учураштык. Баягы дайым экөөбүз жолугушчу жер. Бизди курчап турган бак-дарактар да биздин аярлуу бактыбызга суктанып жатышкандай сезилет. Сизди назданган кыздардан гана эмес биздин сүйүүбүзгө күбө болгон жаратылыштан да кызгангансыйм. Мунумду сиз да түшүнөт болушуңуз керек. Мунун себеби, сизди жанымдан артык көрөм! Эх, башка кезде убакыт зымырап учса да экөөбүз жолугушканда токтоп турса кана эми. Азыр мен чексиз бактылуумун. Бул бактым көөдөнүмдө сыйбай кайдадыр мени калкып алып бараткандай сезилет. Ардагым, ар качан жалгыз гана сизди сүйөм!
Түшүмдө экөөбүздүн тоюбуз болуп жатыптыр. Ойгонсом жанымда сиз жок. Ичим жалынсыз түтөп ыйлагым келди. Анткени, ата-энеңиз башка бир кызга сөйкө салып койгонун алгач эле айткансыз. Ал кандай гана бактылуу анан ошол эле учурда бактысыз кыз. Жүрөгүм сезет, сиз аны сүйбөйсүз…
Биз кайрадан жолугуштук. Эмнегедир сиз мени улам-улам бооруңузга бекем кысып, жүзүмдөн өөп, "сени чексиз сүйөм" -деп кулагыма алсыз шыбырап жаттыңыз. Биз экөөбүз бири-бирибизди кыялбай чогуу маршруттук такси менен бараттык, айдоочу: "- Бүгүн кеч кайтыпсыңар…" деди эле экөөбүз тең күлүп жибердик. Дайым экөөбүз учурашкан убакта бир тестиер бала гана кошоктолгон коюн кайтарчу. Бизди андан бөтөн жан тааныбайт десек, маршруттук таксисттер да таанып калган тура.
Бүгүн ооруганыма карабай сиз менен жолугушканы бардым. Үмүттүү көздөрүңүз менен жол карап олтурупсуз. Бул ирет убакытты уурдатканымдан улам өтө аз сүйлөштүк. Сиз да шашылыш экенсиз. Эх, ажырашуу кыйын экен…
Сизди кетиргим жок. Жүрөгүм бир башкача согуп, колдорум калчылдап чыкты. Түбөлүк бөлүнүп калчудан бетер көз жашым жүзүмдөн кулап жатты. Анан эсиме келе калгандай тигиле жүзүңүзгө карап: "сиз кетип калсаңыз кантем?.. Мени унутуп калбаңыз?.." - дедим. Сиз мени унутпоого, а тургай амал ойлоп келүүгө убада бердиңиз. Бирок, кантип…
Жалгызым, сизди мынчалык сүйбөсөм эмне экен?! Сиз жок күндөрдүн өткөнү азап болуп жатат. Сизге болгон ыйык арзуум мени жүрөк ооруга кептеп тынды. Сизди ойлобой коюу колумдан келбейт экен. Кайда жүрбөйүн сабакта да курсташ кыздар арасында да бөлмөдө да сиздин элесиңиз эч качан көз алдымдан кетпейсиз. Мындай абалымды досторум да билип, таң калышып кээ бири шылдыңдашчу болду. Мейли, ким эмне дешсе ошо десин, мен сизди катуу, анан чекити жок чексиз сүйөм… Сиз деп гана жашайм…

Медиана, Бишкек




(Башталышы өткөн
сандарда)
Арзыкан мени кайра кирип мугалимдерге айтып коёт дедиби же ушунчалык бакытка толуп турган өмүрүнүн бир үзүмүнөн бөлүшкүсү келдиби, айтор телегейи тегиз маанайы менен:
- Эмне, Элмира үйгө келбей жатабы? Уйкуң келбесе биз менен бол, чогуу кадыр түн тособуз,-деди. Атайы кийинип эшикке чыккандан кийин кайра кирип кетүүгө болбой калды. Ошондой эле көкүрөгүм боштуктан жадагандыктан, башка бир себеп алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатышканын билгим келгендиктен кайра кирип кете албадым. Мурда башыман өтүп көрбөгөн жигит менен чын дилден сүйлөшүүнүн сырларын жакындан байкап, таанып, билип көрүүгө ашыктым, дегинкиси алардын жанына баргым келди. Бардым.
- Таанышып алгыла, мен дегенде күндүр-түндүр уйкудан безип жүргөн жигит, -деди Арзыкан тамаша аралаштырып.
- Ий, ии, - деди жигит чолок үнүн чыгарып башын ийкегени менен мында сенин кандай жумушуң дегени мага таң калгандай караганы аркылуу туюлуп турду. Буга чейин шарактап жүргөн ачык- айрымдыгымдан эч жерден өзүмдү ашыкча же ыңгайсыз сезчү эмесмин. Биринчи жолу өз заманымда төрөлбөй калганымдай, эртерээк бул дүйнөгө көз жаргандай абалга туш болдум. Эми мынча басып келгенден кийин кайра кантип бурулуп басып кетмек элем. Өзүңдү жоготпо, Элмира, -дедим ичимен өзүмө-өзүм. Кандайдыр бир эрдик жасоочудай күч пайда болду ушул ойдон кийин.
- Элмира-деп жигитке колумду сундум. Менден мындай кыймылды күтпөгөн окшойт, калдаңдап калды да шап колуман кармап:
- Азиз. Быйыл унуиверситетти бүтүп жатам. Силердин Арзыканыңарга - Арзуума арзып келип, мына минтип түн катып мында жүрөм-деди шайыр мүнөз менен.
- Жакшы, болсун, болсун.
Бизде андан жакшы кыздар бар деп айтып жибере жаздап барып токтодум. Балким, башка учур болуп, бөлөкчө шартта жайчылык менен күндүз кездешкен болсок ушинтип айтып салмакмын. Бул жерде ушунчалык бактылуу болуп турган Арзыканды көргөндө жана өзүм ошондой бакытка жетпей минтип армандуу басып жүргөндүктөн, сөзүм оозуман түшүп калды. "Арзуу" деп айтканына караганда жигити да бул күндө өзүн абдан бактылуу сезип турат.
Кыздардын бардыгына таандык болсо керек, кандайдыр бир мааниси ачылбаган кызганыч пайда болду. Эмне үчүн түрү суук Арзыкан бактылууга болууга тийиш да, мен мындай бакыттан кур калышым керек? Ушундай кыздарга жигиттер алыстан арзып келет да, мага окшогондорду көрүшпөйт, эмне себептен? Эмнеге мен башкалар сыяктуу кадимки эле жигиттерди сүйө албайм. Эмне үчүн кыргыздын дордойгон, ормойгон жигиттери мага ашык болбойт? Алардын жанында жылмайып турганым менен ушундай суроолор жүрөгүмдү эзип жиберип жатты.
- Элмира, сүйлөбөйсүңбү?-деди Арзыкан жайдары, жумшак үнү менен. Баятан өз оюма алаксып кеткенимди түшүнүп, аларга жолтоо болуп жатканымды сүйлөмдүн терең маанисинде баамдадым. Анткени алардын бири-бирине багытталган жылуу сөздөрү түгөнүп, ушул учурда мени эле тиктеп калышыптыр. Аларды андан ары алаксыткым келген жок, ошондой эле өзүмдүн кызганыч ойлорума уялып кеттим да:
- Башым ооруп турат, -дедим колумду чекеме коюп. Силер мага алаксып калдыңар окшойт. Мен кичине ары - бери басайын да, барып эс алайын.
- Аябай кыйналып жүрөсүң ээ. Мугалимдерге айтып коюп шаарга кете бербейсиңби. Деканатка справка тапшырып коёсуң да. Бекер жаныңды кыйнабай. Дарыланбасаң болбойт го? - Арзыкан мага чын ниетинен боору ооруду.
- Эмнеңиз ооруйт? Жигити да баятан берки оңтойсуз абалдан чыккысы келди көрүнөт.
Ушинтип ооруп жүрөм деп айта алмак белем. Бир жигит үчүн ушунча ооруган келесообу дебейби. Же сени ушинтип дубалатып салгам деген Бахиддин сөзүн кантип айтып бермек элем. Ушинтип салыптыр десем, ошондон улам ооруп жүрөм десем, анда бул жинди болуп калган турбайбы, муну "Чым-Коргонго" жөнөтүш керек деп ойлобойбу. Ошентип, ичимдеги бугумду сыртка чыгара албай муунуп турдум да:
- Башым эле ооруйт, эмнеден экенин өзүм да билбейм, мындагылар да таппай койду, - дедим өзүмө тааныш эмес каргылданган үн менен.
- Көп болдубу? - Азиз өрүктүн бутагынан жалбырак үзүп мага боору ооругандай кобурады.
- Бир айдай болуп калды. - Калп айткан сөзүмө өзүмдү ыңгайсыз сездим. Үнүм жаны кыйналып турган кишиникиндей чыкты.
- Анда догдурга көрүнүш керек экен . - Азиздин мага карата бир туугандай кылган мамилеси эреркетти. Ичим өрттөнүп буулугуп ыйлап жатканым менен көз жашым түгөнүп калса керек, булжолу көзүмдөн бир тамчы да жаш чыкпады, ыйлаган жокмун. Ага өзүм да таңмын. Башка учурда мындай кырдаалда көзүмөн жаш ыргып кетмек токтобой.
Ушул жерден Арзыканга абдан ыраазы болдум. Булар биринчи курска келгенде биз шаардык кыздар аларды теңибизге албай, таптакыр түркөй катары мамиле кылчубуз. Азыр ошону эстеди бекен деп ойлоп кеттим да, ал күндөдрү эстеп алып уялып турдум. Абайлап байкасам ал эчак унутуп койгон окшойт же азыркы учурда эстеген жок. Мен ыялыма алаксып кеткен окшойм, анын жаныма акырын басып келгенин коомай кучактаганда сездим.
- Эртең шаарга кет. Азиз сени үйүңө чейин жеткирип коёт. Минтип жүрө бергенге болбойт. Баш оору жаман болот. Эгер азыр көрүнбөсөң кийин кеч болуп калышы мүмүкүн. Арзыкан дагы көп сөздөрдү бежиреди, азыр менин эсимде калганы ушулар экен.
- Эртең кетем го, - шалкым бош жооп бердим.
- Азиз, Элмираны үйүнө чейин жеткирип коёсуңбу? -деп Арзыкан Азизге мага мурда байкалбаган, өтө сыйкырдуу аялзатына гана мүнөздүү болгон эркелегендей мукам үн менен кайрылды. Бул үн Азизди эле эмес, мени кошо таасирлентти. Мен кайрадан ойго чөмүлүп кеттим.
Эх, ушундай эркелей турган, мага түшүнгөн жигитим болсо... Бахиддин элеси көз алдыма тартылып, анын бая жинди өңдөнгөн жылмаюсу көз алдыма келди да, Азиз экөөнү көз ирмемде салыштырып жибердим. Чынымды айтсам, Бахид мага мындан кыйла бийиктей көрүндү. Ал Азиздей жөнөкөй эмес, менден башка эч бир кызы түшүнө алгыс татаалдай сезилди. Бир эсе сыймыктанып кттим. "Мен эч кимге эч качан окшошпогон адамды сүйөм",-дедим өзүмө-өзүм. Мени Азиздин:
- Жарайт, жолдош камандир,-деген тамаша менен коштолуп айтылган сөзү чочутуп жиберди. Мен башымды өйдө көтөрдүм. Үчөөбүз тең күлүп жибердик.
- Сага күлүп жүргөн жарашат, - деди Арзыкан. Ушинтип өзүңдү шайыр алып жүрсөң ооруну жеңесиң.
Муну мен деле билип турам. Бирок ичтен жеген курттай башымды уялаган санаа мени өзүнөн куткарбай койду го.
Аларга көпкө жолтоо болгум келбеди. Анын үстүнө көңүлүм кичине сергий түшкөндүктөн, талыкшып уйкум келгендигин байкадым да, тигилер менен коштошуп бөлмөгө жөнөдүм. Уйкум келди деген менен көпкө уктай албадым.башымды ар түркүн ойлор аралайт. Көбүнесе Бахидге таандык ойлордун аягы кандай бүтөөрүнө кызыгам. Бирок кантип бүтөөрүнө көзүм жетпейт. Ар түркүн кыялдарга батам, аягы эмнегедир чындыка окшошпойт. Ушинтип түйшөлүп жатып уктап кетиптирмин.
Ойгонсом күн жаңы чыгып келаткан мезгил экен. Ордуман шар турдум да, кийинип болгон соң, бети колумду жууй электе эле, мугалимдердин бөлмөсүнө бардым да, мени үйгө жиберишин сурандым, негизинен башымдын катуу ооруп жатканын шылтоолодум. Мугалимдер жөн гана тизмеде жүргөндөрдү жакшы көрөк беле, кутулганча шашышты. Мени бекер жумуштан бошотушпагандыгын эскертип, сөзсүз деканатка справка тапшырып коюшумду өтүнүштү.
Үйгө даярдандым. Өзүм тааныгандардын баары менен коштоштум. Арзыкан айткандай, Азиз мени үйгө чейин жеткирип коймок болду. Жашырбай айтканда, өзүм жете алмак эмесмин. Жүктөрүм абдан оор экен. Ушунун баарын кылган "мамам" деп апамды ичимден тилдеп коём. Болбосо эл катары эки сыйра кийим менен келе бермекмин да, Азизге жалдырамак эмесмин. Арзыканды сыйладыбы, же өзүнүн сөзүнө турайын дедиби, айтор Азиз мени үйгө чейин жеткирип койду.
Үйдө мамам бар экен, ал мени көргөндө ушунчалык жадырап-жайнап тосуп алды. Эң таң калыштуусу мен аны мурдагыдай кучактап учурушканым менен берилип, боорума кысып өпкүлөй албадым. Өзүмдүн эркимен тышкары бир күч тургандай салкын учураштым.
- Сага эмне болду? - деди апам менин мындай аракетиме абдан таң калып.
- Билбейм, башым ооруп жатат - дедим сыр билгизбегенге аракеттенип. Ошол эле замат апам мурдатан берки алыш-бериши бар бир врач эжеге телефон чалды. Экөө көпкө сүйлөштү. Апамдын мүнөзүн билем, ал менин ал-баламды болушунча көбүртүпжабыркатып түшүндүрүп батыраак келип калышын өтүнгөнүн мен өз бөлмөмдө жатып эле туйдум. Бир саат айланбай ал дагы бир таанышын ээрчитип келди. Үчөөлөп көпкө сурашты. Деги баржңдык ал-абалымды өздөрүнчө аныктап билишти окшойт, эки врач акылдашып нервге суук тийген деген бүтүмгө келишти. Апамдын оозу ачыла түштү, буга мен да таң калдым. Себеби мага суук тийгизмек турсун, үлп эткен желден сактоочу апам мени жекире бир карап алды да, анан мага:
- Сен айыл-чарба жумушуна барып суук тийгизип алган турбайсыңбы? - деп урушчудай болуп даярдана баштаганда курма эсиме түштү. Ар жак бери жакты байкабай эле:
- Дубаланган курма жегем, ошондон бери ушинтип.... - Мен чын сырымды айтканым менен врачтар келесоо болгондой бир карап алышты да, күлүп жибериштии. Ызаландым. Алр кызыңды эртерээк дарылоо керек дегендей бирин бири карап, ошол көз караштан түшүнүштү окшойт, чыгып кетишти.
Кечинде жумуштан атам келди. Мен бул мезгилде төшөктө жаткан элем. Ал алгач мени байкабай эле, өз бөлмөсүнө кирип, кийим которуп, ала келген гезитин колуна кармап ашканага кетти.
- Сага эмне болду? Жумуштан бирөө менен уруштуңбу? Карачы көзүңдү, ыйлап отуруп тоодой болуп шишиптир. Ашканадан атамдын биресе таң калган, биресе апама боору ооруган үнү угулду. Баятан дабышы чыкпай жаткан апамдын ыйлап отургнын эми билдим.
- У-уу! - У - уу, - апам жаш баладай өңгүрөп кирди.
- Эй, эмне болуп кетти сага, мынча солууктап ыйлагыдай. Бирөө менен уруштуңбу?...
- Жок, - деди апам ый аралаш.
















??.??