presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№11, 15.04.08-ж. Президент баурларга барат
Президент Курманбек Бакиев Казакстанга иш сапары менен 17-апрелде барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Кыргыз президентинин Астанага эки күндүк сапары учурунда кыргыз-казак Мамлекеттер аралык Кеңештин алгачкы отуруму өткөрүлмөкчү . Эки президенттин жолугушуусу жана Мамлекеттер аралык Кеңештин ишине даярдык көрүү максатында Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин президенттин сапарынын алдында Казакстанга барат.

"Ар намыстын" программасы алга сүйрөйбү?
"Ар намыс" партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев "элдик курултайдын чечимдерин бийлик эске алып, аткарууга аракет кылыш керек" -дейт. Анын айтымында, президенттин басма сөз катчысынын оппозиция курулай сындан башка иштиктүү программа сунуш кылган жок деген билдирүүсү негизсиз. Анткени "Ар намыс" партиясы эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана саясий кризисттен чыгуу жолдорун көрсөткөн программаларды иштеп чыгып, өкмөт менен президентке сунуш кылган. Бирок алардан азырынча жооп жок экенин билдирди.

Окуучулар тестке даярбы?
Жалпы республикалык тест сынагына катышуу үчүн каттоодон өтүү соңуна чыкты. Каттоо 25-мартта башталган. Буга чейин кабарлангандай республиканын бардык региондорунда 90 тест өткөрүү борборлору ачылган. Андыктан бүтүрүүчүлөр борборго келбестен эле өз регионунда тест сынагынан өтө алат. Бишкек шаарында жана Чүй облусу боюнча тест сынагы 16-майда башталып, эки күнгө созулат. Тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кабарлашты. Жалпы республикалык сынактан алган упайлар боюнча абитуриенттерге сертификат 25-июнда орто мектептерде бүтүрүү кечесинде тапшырылат. Жогору упай топтой алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Театр жашоосунан…
Жакында драматург С. Раевдин "Меккеге карай узак жол" чыгармасынын негизинде спектакль коюлду. Аталган чыгармада бүгүнкү баш аягы табылбаган, көйгөйлүү турмушубуздун жан дүйнөсү терең философиялык нукта көркөмдөлүп сүрөттөлөт. Оюнду койгондор "Учур" телетеатрынын таланттуу жаш артисттери. Мындай актуалдуу, глобалдык маселелердеги жүрөк өйүткөн окуялар, алгач бир караган адамга бир аз түшүнүксүздөй, татаал сыяктуу. Энесин көтөрүп Кудайын издеп, Меккеге жөнөгөн жөнөкөй бала менен кошо жети адамдын жашоосундагы чаң-тополоңдуу жоруктар менен императордун трагедиясы баяндалат. Меккеге алып барам деген император ара жолдо өлүп, азап-тозокту башынан өткөргөн эл, аягында ар бирибиз өз напсибизди тыйсак, ниетибизди оңдосок, жүрөгүбүздү тазаласак Меккеге баруу деген ошол. Мекке, Кудай биздин жүрөгүбүздө дешип чөгөлөп туруп, колдорун көкүрөктөрүнө алуу менен спектакль аяктайт.

Күлкүлүү комедия Нарында
Журтубузга аттын кашкасындай белгилүү болуп калган "Учур" телетеатрынын жаш артисттери Мар Бажиевдин "Тил табышкандар" (балдар үчүн), И.Содиковдун (Өзбекстан) "Апендинин беш катыны", Б. Асанованын "Шок кыздардын шоу концерти" комедиялары менен Нарын жергесин кыдырып, Теңиртоолуктарга күлкү майрамын тартуулашты эле. Эми апрель айынын 14түндө -Карасууда, 15инде - Атбашыда, 16-17-18инде Нарын шаарында, 19-апрелде Эмгекчил айылында кызыктуу өнөрлөрүн элге тартуулашат.

Жол кире кымбаттайбы?
Кичи автобустардын айдоочулары жол кирени көтөрүү боюнча атайын акция катары массалык иш таштоо кылышты. Ушуга байланыштуу Бишкектин ичинде №235 маршруту боюнча жүргөн кичи автобустардын төрт айдоочусун Свердлов райондук соту 15 күнгө абак жазасына кести. Буга кечээ 15 айдоочунун ишке чыгуудан баш тартып, жол кире акысын 10 сомго көтөрүүнү талап кылгандыгы жана башка айдоочуларды да өзүлөрүнө кошулууну талап кылып, баш ийбегендерге тил тийгизгендери себеп болду.

Курултайда эмнелер айтылды?
Курултай 9 пункттан турган чечим жана элге кайрылуу кабыл алып, ишин аяктады. Курултай кабыл алган чечиминде мамлекеттеги саясий-экономикалык, социалдык абалды оңдоо үчүн президент шашылыш чара көрсүн, ишин алып кете албаган өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын, өткөн жылы референдум менен кабыл алынган Конституция менен Шайлоо кодекси мыйзамсыз деп табылып, парламент таратылсын жана ал кабыл алган бардык чечимдер мыйзамсыз деп табылсын деп айтылат. Андан тышкары бурмалоо менен шайлоо өткөргөн БШК менен жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жоопко тартылып, БШК таратылсын жана жаңы курамы саясий партиялардын сунушу менен түзүлсүн, кыргыз-казак чегарасы жана төрт пансионат боюнча мыйзамга президент кол койбосун, эгер бул талаптар аткарылбаса жарандык баш ийбөө катары нааразылык акциялар уюштурулсун деген чечим кабылданды.
"Асаба" партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров элдик курултай кабыл алган чечимдердин ичинен нааразылык акцияларды уюштуруу аракети президенттин кыргыз-казак чегарасы жана төрт пансионат тууралуу талапты кандай аткаргандыгына жараша болот. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Матубраимов бийлик менен оппозиция бири-бирине айып такпай, карапайым элдин пикирин, интеллигенциянын арыз-муңун, сунуштарын укса жакшы болор эле, деген пикирде. Ал эми А.Жекшенкулов Курултай бийликке элдин мүдөөсүн сунуштады, аны ишке ашыруу эми бийликтин милдети экенин айтса, коомдук жана саясий ишмер Накен Касиев бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүүдөн эч кандай жыйынтык чыкпайт деген пикирин айтты. Ал эми "Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, жалпы элдик курултай коомдун көйгөйүндө турган чечимдерди кабыл алды. Бирок, аны ким таанып, ким аткарары так белгиленбей калгандыгынан улам чечимдердин ишке ашышына күмөн саноо жаратууда.
Ошол эле учурда Адилет министри Марат Кайыповдун айтымында "Курултай өткөрүү жөнүндө мыйзам жоктугуна байланыштуу анын чечимдери күчкө ээ эмес.
Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин билдирүүсү боюнча, курултай сунуштаган экономикалык реформа президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу менен мурда эле башталган. Социалдык-экономикалык абал 3 жыл ичинде мурдагыга караганда жакшырды, муну эки жарым эсеге жогорулаган мамлекеттик бюджет далилдейт жана ага жараша маяна 50%дан 60%га чейин өстү деген басма сөз катчы азыркы парламентти шайлоочулардын 80%ынын добушу менен шайлангандыгын жана аны курултайга катышкан 1400 делегаттын пикири менен салыштырууга болбостугун белгиледи. Ал эми референдум менен кабыл алынган Конституцияны эл өзү гана жокко чыгара алат деп билдирди.




  Дүйнө дүбүрт

Франция ортомчул позицияда
Франция Пакистанды Ооганстан менен чек арасын бекемдөөгө чакырды. Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнердин айтымында, Ооганстандагы кагылышуулар Пакистан чек араны көзөмөлдөөгө жардам көрсөтсө гана токтойт. Бернард Кушнер Канаданын тышкы иштер министри Максим Берниер менен кечээ күнү Канадага жасаган сапары учурунда ушундай пикирин билдирген.

Азык-түлүк маселеси дүйнөлүк масштабда
Эл аралык финансы уюмдары азык-түлүккө баанын өсүшүн талкууну уюштурду. Вашингтондо болгон жыйынга бир катар өлкөлөрдүн министрлери, Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги катышып, баалардын өсүшүнө каршы чара көрүү маселесин талкуулашууда. Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик азык-түлүккө баанын өсүшү жарды өлкөлөрдө ачкачылык жана массалык тополоңдорго алып келиш ыктымалдыгын эскертти. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, акыркы айларда эле күрүчкө баа 75%, буудайга 120% көтөрүлгөн.

Ирак бийлиги мунаса берди
Ирак бийлиги радикал шииттерге каршы күрөшүүдөн баш тарткан аскерлерди бошотту. Жалпысынан өкмөттүк 1300 жоокер кызматтан бошотулду. Алар өткөн айда Басра чөлкөмүндө Моктада аль-Садрдын куралдуу топторуна каршы күрөшүүдөн баш тартышкан. Басрада кагылышуу март айынын соңунда аяктаган, бирок Багдаддын Садр сити чөлкөмүндө кагылышуулар уланууда.

Жөөттөрдүн желмогуз кылыктары
Палестина өкмөтү Израилдин палестиндик мектеп окуучулары үчүн чыгарган атайын сагыздары жөнүндөгү болгон чындыкты ачыкка чыгарышты. Көрсө, жөөттөр чыгарып жаткан сагыздарда адамдын ден-соолугуна зыян келтире турган заттар бар экен.
Израилден чыккан сагызды чайнаган кыздар төрөбөй калуу коркунучунда болуп, адамдын денесиндеги сексуалдук гармондорду ойготуучу, тез жетиштирүүчү атайын химикаттарга да бай экен. Бул ачылышты тастыктоо иретинде Палестин өкмөтү, Каирде өткөн атайын изилдөөнүн жыйынтыгын көрсөтүшкөн. Ага ылайык, ошол сагыздын натыйжасында айрыкча кыздар сексуалдык эргүүгө муктаж болуп калышат. Палестинанын бир эле Аль-Халиль шаарында ушундай сагыздын 200 тоннасы табылган.
Буга жооп иретинде Израил Өкмөтү мунун баарын жалганга чыгарды.

Ирак газды кандай сатат?
Ирактын өкмөт башчысы ушул жумада Европа Биримдигине сапар менен барат. Брюсселде ал Биримдиктин жетечилеринин бири Хавьер Солана, НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен жолугушат. Анда Ирак менен Биримдиктин саясат, экономика жана Ирак газын Европага сатуу маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Иранда жардыруу болду
Ирандын Шираз шаарындагы мечиттеги жарылуудан 12 киши каза тапты. Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалымдоосуна караганда, жарылуудан 12 киши каза таап, 202 киши жарадар болду. Шираздын бийликтери жарылуу Иран-Ирак согушуна байланыштуу көргөзмөгө коюлган бомбалардын жарылып кетишинен чыкканын айтышууда. Ирандын ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлоодо.










??.??