presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№11, 15.04.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу
times
Медер Осмоналиев тулпарлуу болду
Атагы алыска, даңкы далайга жеткен "Кыргызстан обондору" радиосунун маалыматтык программасынын директору Медер Осмоналиев "BMW" үлгүсүндөгү тулпарлуу болду. Унаасын 4500 $ алды. Медердин жубайы Ош жергесинде жүргөндүктөн, жакын арада жарын сүйүндүрүп, Ош жергесине барып келмекчи.

Акбар жөө калды…
Шоу бизнестен өз ордун таап, аз да болсо калайык-калкка таанылып, чыгармачылык менен алпурушуп келе жаткан жаш ырчы Акбар Сүйүнбаев жаңы ырларынын үстүндө талыкпастан иштеп жатат. "Кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө жүрөт" демекчи, Акбар жиберип "Ауди" маркасындагы унаасын сатып, маршрутка, такси менен иштерин бүтүрүп жүргөн маалы.

Ынак жубайы менен ырдайт
Кыздардын жүрөгүн жаралап, далайларын кыялга батырган, чын жүрөгүнөн гүл сунуп, "Аппак карды" себелеген Ынак Осмоналиев жумурай журтуна жеке концертин берүүгө катуу даярданып жатат. Анан да кызыгы, "Шаң эле", "Тигүүчү кыздарга" деген жаңы ырларын жаздырып, концертинде жубайы менен бирге дуэт ырдап чыгат экен го, ой-боой…

"Обонтай" кастинг жарыялайт
Дүйнө таанымы терең, фантазиясы күчтүү, жашы 21 жаштан жогору болгон улан кыздарга "Кыргызстан обондору" радиосу кастинг жарыялайт. Уялып тартынбастан, өнөрүңөр болсо өргө чаап, күчүңөрдү сынап кеткиле. Сурап билүү телефону: 531065 Дареги: Алма ата көчөсү 4б 8-кабат

Кундузга 7 жаштагы бала арзуу катын берди
Өзүнүн оригиналдуу үнү, фигурасы менен жигиттерди кызыктырып, "90 60 90" ыры менен популярдуулукка жете алган Кундуз, Сема менен түштүк жергесинде гастролдоп жүргөн кезде күйөрмандарынан мол кат алды. Баарынан кызыгы 7 жаштагы бала Кундузга ашыктык сезимин билдирген арзуу катын берген. Жүзүнө күлкү аралаган Кундуз кичинекей болсо да, Семанын кийинүү стилин туурап, уялбай сахнага келип, сүйүүсүн айтып, катын сунган балага баа берип калган экен.

Даярдаган Мээрим Сатарова




  Сен сүйгөн обон

Бактыгүл Бадыева
Сүйүү тамгасы
Сөзү, обону: Урмат Усеновдуку

Таалайыма тартуу белең,
Тамгасы танбаган арзуу белең.
Тамчысына эриндерим,
Эркелейт эңсөөсү жазуу менен.
Жадабайм Жараткандан сурагандан,
Жамалым шамалыңа сылаткандан.

Кайырма:
Маңдайыма жазганым,
Махабатым арманым.
Айдайыңмын арнаарым,
Ак кептер маанайым.

Кумарыма кубат белең,
Кусалык сагыныч сынак белең.
Сындырбачы садагасы,
Саамайым сылачу ынак белең.
Ырысым теңир берген, термеп берген,
Ырымды ыргак менен ырдап берем.





  Дасторкон

"Гималай" дегенди укканда эле көпчүлүгү белгилүү тоону элестетет эмеспи. Ошондой атка татыктуу Бишкек шаарында "Гималай" кафеси жалпыбызга маалым. Кайда жайгашканын билгиңиз келсе Кызыл - Аскер тарапка барсаңыз шаарга көрк берип көрүнүп турат. Аталган кафеде "Сема" тобу созолонтуп обон созсо, даамдуу тамак-аштары менен Болушова Замира төрт жылдан бери кардарларды сүйүнтүп келүүдө.
Бул жакка келээрден мурда тамактардын баасы аябай кымбат болсо керек деп ойлогон элек. Көрсө чөнтөгүңүзгө анча деле доо кетирбеген баадагы салаттардын түрү бар экен. Алардын катарында "Гималай" салаты 70 сом турат. Бирок даамы тарабынан анча-мынча салатты алдына чыгарбасына шек жок. Анда келиңиз, рецептти жазып алып, жасап көрүңүз. Бул салатты жасоо үчүн сизге төмөндөгүлөр керек болот:
1. Краб таякчалары - 50 гр
2. Бадыраң - 35 гр
3. Жумуртка - 1 даана
4. Жүгөрү - 40 гр
5. Оливка - 20 гр
6. Майонез - 30 гр
7. Көк пияз - 5 гр
8. Лимон - 3 тилик
Жогорудагылардын баарын майда таякча түрүндө туурап, майонез кошуп аралаштырабыз. Тарелкага салат жалбырактарын кооздоп даяр болгондо салатты үстүнө салабыз. Ортосуна кесилген лимонду гүлдөп коёбуз. Мына биздин салат да даяр. Бул салатты жегендер ушул салаттан дагы бир жолу берүүсүн сурануусун толук мүмкүн. Себеби, даамын сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Андан көрө, жасап жеп көрүңүз. Сизге ийгилик каалайбыз.
Даярдаган
Нурзат Жусупова










??.??