Меймансап
Форум




  Cыр маек

Артык Саитов:
"Чоң муштум болчумун…"
"Артык&Сапар" дуэти алгач жарк этип чыгып, эл көңүлүнөн тез эле орун алып, ырлары хитке айланып калган.
Шоу-бизнес суу сыяктуу колго токтобойт экен. Көп өтпөй "Артык&Сапардын" тандеми урап, өздөрүнчө жеке ырдап калганына күбө болдук.
Бирок, бир чындыгы Артык да, Сапар да жеке ырдап чыккандары менен баштагыдай рейтингдери көтөрүлгөн жок.
Мына, жакындан тартып, Артык ишенимдүү өнөктөшүн таап, "Артык&Жандос" дуэти болуп, кайрадан сахна чөйрөсүнө жаңыча багыт менен келип олтурат.
Ушул туурасында жана Артыктын жеке үйбүлөлүк абалы жөнүндө төмөндөгү маегибизден окуп, билсеңиздер болот.

Чыгармачылык чыйыр
- Артык, мына кайрадан жарк этип, жаңы топ катары "Артык& Жандос" дуэти болуп чыгып жатасыздар. Ушул туурасында азыноолак кеп сала кетсеңиз?
- Сапар экөөбүз бөлүнүп кеткен соң, көп убакыт жалгыз ырдап жүрдүм. Бирок, эл Сапар экөөбүздүн дуэт ырдап чыгып жүргөнүбүзгө көнүп калган эле. Ошондон улам Жандос менен бирге иштешүүнү туура көрдүм. Жандос менен мурдатан бери эле тааныштыгым бар. Экөөбүз буга чейин деле чыгармачылыктын казанында чогуу кайнап, кафелерде бирге ырдап жүрчүбүз. Кийин Жандос өзүнүн жеке иштери менен Нарынга кетип, ортодо чыгармачылык байланыштар да үзүлүп, мен кийин Сапар менен иштешип калгам. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" же "Ат айланып, казыгын табат" демекчи, кайрадан кезигишип, талантыбызды, жөндөмүбүздү биргелешип элге тартуулоону чечтик. Жакында эле "Сагыныч" деген патриоттук демдеги ырыбызды иштеп чыгып, элге тартууладык. Жаңы формаларды тиктирип жатабыз. Анан да эң башкысы, биздин негизги максатыбыз - улуттук коларитибизди жоготпой, аны ар дайым аздектеп, бийиктерге чыгаруу болуп саналат. Калганы эл таразасында.
- Сиздердин ортоңуздарда да "Артык - Сапар" окуясы кайталанат деп чоочулабайсыздарбы?
- Мм… Мен ушул туурасында көп ойлондум. Анткени, оозу күйгөн айранды үйлөп ичип калат эмеспи. Ошондон улам биз дуэт гана ырдабастан, жеке да ырдап чыгып жатабыз…
Турмуштун ой-кыры көп го. Алдын-ала эмне болоорун айтуу кыйын. Антсе да Жандос экөөбүз жигиттик сөзүбүзгө бекем туруп, туруктуу иштешип кете алабыз деген ишеним чоң.
- Сахна дүйнөсүндө аты белгисиз жигит менен ырдап чыгып, баштагыдай популярдуулукка жетпей калам деген чочулоо жокпу?
- Ооба, чынында Жандосту көпчүлүгү билбейт. Бирок, таланты күчтүү жигит. Андыктан, Жандос деле Сапар жеткен ийгиликтерди багындыра алат деп айта алам.
Үй-бүлөм - менин бактым
- Анда сөзүбүздү жеке жашооңузга бурсак. Өзүңүздүн үй-бүлөлүк абалыңыздан кеп сала кетсеңиз?
- Мен сегиз бир тууганмын. Үйдүн улуусу болом. Үй-бүлөлүк абалым боюнча айтсам, сүйүктүү жарым, татынакай сүймөнчүктүү үч кызым бар. "Балалуу үй базар" эмеспи. (Күлүп…) Эжең мени кубантып "дагы төрөп берем"-дейт.
- Татынакай жубайыңыз бар экен. Бир көрүп эле ашыктык жалынына чырмалсаңыз керек?
- Оо, экөөбүздүн сезимибиз туурасында айтсам, чоң томдук сүйүү романы болот го.
Гүлбара (жубайым) менен таанышуум да кызык болгон. Башында мен анын Чынара деген сиңдиси менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүмүн…
- Мына кызык… Анан эжесин алдым деңизчи?
- (Күлүп…) Туура эмес түшүнүп алдыңыз. Алар бир тууган эже-сиңдилерден эмес. Чынара Гүлбаранын алыс туугандарынын кызы.
Ошентип, анда Чынара менен сүйлөшүп жүргөм. Бир күнү ал мага: "Сени бир эжем менен тааныштырып коёюн" деп калды. Көрсө, ал эжеси Гүлбара экен. "Эжени көрүп сиңди өсөт" демекчи, көргөндө эле көңүлүмө бүлүк салып койду.
Жалындаган махабатка жетмейин жашоо да көрксүз болот окшобойбу. Сүйүктүүм менен бир жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.
- Көпчүлүк учурда артисттердин үй-бүлөлүк очогу кызганычтан улам бузулат эмеспи. Жакын адамыңды берилип сүйүп турсаң дагы ортодо кызганыч азабы бар эмеспи?
- Эгер түгөйлөр бири-бирине чындап эле ишенсе, кызганыч сезими деле болбойт. Чынын айтсам, Гүлбара экөөбүз бири-бирибизге түшүнгөнгө аракет жасайбыз. Жөнү жок кызгануудан эч кандай пайда таппайсың. Былтыр биз гастролдоп Ошту кыдырып келдик. Ал жакта үч айдай жүрдүм.
Үйгө келгенде Гүлбара кабагым-кашым дебестен жадырап-жайнап тосуп алды. Анын мындай жылуу мамилесине ичим жылып калды. Анан кантип мага чоң ишеним көрсөтүп жаткан түбөлүктүү жарымды кызганып, көңүлүн оорутат элем.
- Тапкан каражатыңыз үй-бүлөңүздү бакканга жетеби?
- Менимче, эч ким "Бүттү, мага баары жетиштүү болду" деп айтпаса керек. Анткени, жеткен сайын көз тойбойт эмеспи. Ар бир адамдын ырыскысы бар. Күнүмдүк жашоо өтө берет. Үй-бүлөмдү багууга ал - күчүм жетет. Бирок, тилекке каршы турмушта өкүнтө турган да көйгөйлөр болот экен. Менин ортончу кызым Ануранын тубаса жүрөгү ооруйт. Аны операция кылуу үчүн миң доллардан бир жарым миң долларга чейин каражат керектелет экен. Колумдан келишинче аталган каражатты чогултканга аракет кылып жатам. Гүлбара экөөбүздүн жакшылыктан үмүтүбүз чоң.
- Сыртыңыздан көргөндөр сизди "Аябай сүрдүү, орой" дешет. Дегеле, турмушта кандай адамсыз?
- Адамдын сырткы көрүнүшү алдамчы келет. Сыртынан көрүп, адамга баа берүүдө көп жаңылабыз. Тааныштарым да: "Сени алгач көргөнүбүздө сүрдөп, коркконбуз" деп калышат.
Сүрдүү көрүнгөнүм менен ички дүйнөм таптакыр башкача. Жайдарыланып, тамашалашканды жакшы көрөм. Бир ачылсам, бапылдап, эч кимге сөз бербейм. "Укук коргоо кызматында иштесем жүзүмдөгү сүрүм керек болот эле"- деп ойлоп калам. А ырчыга сүрдүү болуш керек эмес. Кандай болгон күндө да Кудай келбетимди ушундай кылып жаратып коюптур.
- Кыздарыңыздан ырга шыктуусу барбы?
- Улуу кызым бийге, ырга шыктуу. Айрыкча бийге аябай кызыгат. Ошондон улам Сырга Жапар кызынын бий мектебине берип койгонбуз. Азыр бий мектебине барып, окуп жатат.
- Гүлбара эженин кандай мүнөзүн өзгөчө баалайсыз?
- Негизи биз - эркектер көп катачылыктарды кетиребиз. Ошонун баарын көтөргөн аялзатынын бийиктигине таазим кылууга тийишпиз. Гүлбаранын кечиримдүүлүгүн, адамгерчилигин жогору баалайм.
- Жигиттик кылып, ала жипти аттап көрдүңүз беле?
- (Каткырып күлүп…) Эми аны эч бир эркек мойнуна албаса керек деп ойлойм. Бирок, чынында эле ала жипти аттаган болсоң, анда ал үй-бүлөлүк очоктун бузулушуна алып келет. Андыктан, шоктукка алдырбай үй-бүлөдөгү түбөлүктүү, бактылуу жашоону ойлогонуң абзел.

Хулиган бала
- Оозуңуздагы кичинекей тырык эмнеден калган эле?
- Бул шоктуктан калган белек деп түшүнсөңүздөр болот. Өспүрүм куракта мен аябай тентек, "хулиган" бала болчумун. Жүргөн жеримдин баары уруш-талаш, мушташ, жаңжал боло турган. Балдарды сабап, тоноп жүрө берчүмүн. Кыскасы, чоң муштум элем.
Оозумдагы калган тырыктын тарыхын кыскача айтып берейин. Анда кафелерде ырдачумун. Бир жолу "Октябрь" кинотеатрынын жанынан үч бала менен мушташа кеттим. Үчөөнү атасын тааныта сабадым. Бирөөсү шамдагайлык кылып, оозго уруп жиберди эле, күч менен тийген экен. Ошондон тырык калды. А мен ал балдардын бирөөсүнүн тишин түшүрө койгом. Ошентип, алар ызылдап барып, менин үстүмөн арыз жазып, милицияга берип коюшуптур. Он миң сом берип жатып, кызыл шапкечендерден араң кутулдум. Ошондон кийин муштумумду чөнтөгүмө катып калдым. (Тамашалап…) Бирөөлөрдү уруп, айыпка жыгылгыча бирөөлөрдөн токмок жеп, он миң сомдон алып коюп жата берген түзүк окшойт деп калдым.
Анын үстүнө ыр дүйнөсүнө аралашып калгандан кийин мушташ, ызы-чууну токтотууга туура келди.
Бирок, кимдир бирөөлөр ачуума тийген кезде "Баштагыдай баягы шайтаным козголуп кетпесе экен" деп коркуп калам.
- Анда Сапарды да өзүңүздүн чоң муштумуңуз менен коркутуп алган эмессизби?
- Жоок. Чынында Сапарга кол көтөргөн жокмун. Ырас, кээде ортобузда пикир келишпестиктер болуп кетчү. Бирок, аны жай олтуруп, чечишип, түшүнүп алчубуз.
- "Артык күйөрман кыздарына орой мамиле жасайт. Ал гана турсун аларга кыйкырып да салат экен" деп угуп калабыз?
- Андай деле эмес. Жалпы эле күйөрмандарыма жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылам. Эми беш кол тең эмес да. Бекерчиликтен тажаган кээ бир бийкечтер кээде чалып алышып, тийишип, кыткылыктап күлүп, кайра-кайра "маяк" берип тажатышат. Мындай учурда албетте, ачууң келет. Эгерде ал бийкечтер сүйлөшүүнүн эрежелерин билсе, ошого жараша жооп алышат. А билбесе жанагинтип тил угушат да.
- Чачыңыз башынан эле тармалбы?
- Ооба, кичинемден эле чачым тармал. Сахнага чыгаарда эле салондордон тегиздетип, түздөтүп алам. Ошондуктан көбүнчө чачымдын тармал экени билинбей калат.
Баарлашкан Нур-Кыял










??.??





??.??