presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№11, 15.04.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Казак кызы көңүлүмдү арбады…"
Жалындаган жаштык кез
- Болот агай, жаштык кездин өзү бир ажайып кооз дүйнө эмеспи. Балалык баёо сезимиңизден төгүлүп бир айтып бербейсизби? Ашыктык сезимсиз жашоо да көрксүз эмеспи…
- Мм… Менин балалык кезим согуштан кийинки өтө татаал, каатчылык, жетишсиз мезгилге туш келди. Бирок, азыр ойлоп көрсөм, ошол убактагы адамдардын ниети кенен, көңүлү жарык, жүзү ачык, анан да эң негизгиси жүрөгү таза экен.
Ошол мен жашаган Чым-Коргон айылында 35-40 түтүн бар эле. 35-40 түтүндүн ичинде мен курактуу баладардан төртөөбүз эле болчубуз. Ал эми кыздардан үч-төртөө гана бар эле. Ошондон улам биз 3-4 класстан тарта эле турмуш менен эрте аралашып, үйдөгү жумуштарды да, талаа иштерин да кабагым-кашым дебей жасачубуз.
7-классты бүтөөрүбүз менен чөп чаап, ат минип, араба айдап, айтор оокатка быштык. 9-классымдан тарта "Келечекте учкуч болсом" деп кыялданат элем. Менде патриоттук дем күчтүү болчу. Сууда сүзүүгө, күрөшкө, бокска катышып, убактымдын көпчүлүгүн окуума, спортко жумшачумун. Ошондуктан, кыздарга көңүл бөлүүгө деле убактым чектелүү болчу.
9-классты аяктап калган кезде ооруп калдым. Эки жарым жылдай дарыланып жүрдүм. Ал кезде он алты жашка толгон жигиттерди согуш камиссариатында учётко алышчу. 11-классты бүтүргөн соң, согуш камиссариатына бардым. Анда менин боюм болгону 1,62 см, салмагым 44 кг болчу. Ошол жерде иштеген пропорщик мени көрүп: "Зайчик, үйүңө бар, спорт менен машык. Даярдан дагы, эмдиги жылы кел"-деди. Ошентип "согуштук окуу жайына барам" деп кыялданып, жогорку окуу жайына документтеримди кеч тапшырып калгам.
Андан соң, Бишкекке келип, политехникалык институтка тапшырдым. Эртең мененки 9 дан кечки саат 8 ге чейин Чернышевка китепканасында окуп олтурам. Анан үйгө келип, саат түнкү 1-2 ге чейин сабактарга даярданып, экзмендеримди ийгиликтүү тапшырып, беш жыл бою жогорулатылган стипендия алып окудум. Менин жогорулатылган стипендиям 47 сом 75 тыйын болчу.
Оо, ал убакта бул абдан чоң акча эле да. Анда киного кириш үчүн билеттин баасы күндүзү 15-20 тыйын, ал эми кечкисин 25 тыйын боло турган. Жакын адамыңды ээрчитип алып, 50 тыйынга киного кирчүбүз. 20 тыйынга балмуздак алып жечүбүз. Бир букет гүл 70-80 тыйын эле. Андан алып, жакын адамыңа бир жылуу сезим менен тартуулап, көңүлүң жылый түшчү.
Ар бирибиздин башыбыздагы адамдык касиеттин эң бир орчундуу ички сыры махабат сезими деп эсептейм. Ашыктык көөдөнүн жарып өтпөгөн адам болбосо керек.
Андай аруу, тунук ойлор, сүйүү элестери мектепте окуп жүргөн кезде да, студенттик куракта, кер мурут жигит кезде да болгон. 8-9-класстардан тартып эле кыздарга көз салып, баа берип калчу элек. Көрсө, махабаттын учкундарынын адам дүйнөсүндө жаралышы ички руханий асылдыктын өсүшүн шарттайт тура.
Себеби, кимдир бирөөнү жактырсаң, "Ушул айымга жаксам экен, мени сүйкүмдүү көздөрү менен карап, мени көргөндө күлүп турса экен"-деп мүнөзүңдү, турган турпатыңды, баскан-турганыңды оңдогонго аракет кыласың. Көңүлүбүз сүйгөн айымдарга жагыш үчүн кийимдерибиз эски болсо да аны жууп-тазалап, үтүктөп, зыңкыйып жүрөт элек. Ал кезде өтүк май деген да тартыш болчу. Кадимки салидорду ээритип, аны өтүк май ордуна колдонуп, ботинкелерибизди жалтыратып майлап алып, жолугушууларга барчубуз.

Бийик сезим үйбүлөгө арналат
- Махабатты "Балалык кездеги сезим, жигит курактагы сезим, эр ортону элүү жаштагы сезим" деп үч топко бөлөт го. Токтолуп, акыл-эс жетилип, эр-ортону элүүгө толгон кезде ашыктык сезимге арбалдыңыз беле?
- Эң негизгиси чыныгы махабат сезими тереңде сыр болуп катылып калат. Анын баалуулугу да ушунда деп түшүнөм. Бирок, турмуш менен байланыштырып келгенде өзүмдүн сүйгөн жарым, үйбүлөм эң биринчи орунда турат. Ошондуктан бийик сезимимди эч качан үйбүлөмдөн ажыратып карагым келбейт. Жаркырап - жайнап жарың, балдарың турса мындан артык кандай жыргал, бакыт бар? Бирок, толкундоо, эңсөө маселеси - бул адамдын руханий дүйнөсүнүн дагы бир багыты, агымы болсо керек.
Татынакай ырчылар, мыкты адистер, адамгерчилиги жогору ишкер айымдар бар. Аларды кантип сыйлабай, урматтабай коё аласың.
Демек, жүрөктөн чыккан арзуу сыйынын эки агымы бар дегим келет.
Алгачкы таанышуу
- Казак кызынын жүрөгүн кантип арбап алдыңыз экен? Жубайыңыз менен кандайча таанышканыңыз туурасында уксак?
- 1972-жыл эле. Мен ал убакта Сүлүктү шаарындагы эт комбинатында башкы инженер болуп иштечүмүн. Институтту бүтүрүп, эки жыл бойдок иштеп жүрдүм. Эмгек өргүүмдү алып, шаарга келсем, атам менен апам "Алыста жалгыз бой иштеп жүрөсүң. Үйлөнүшүң керек"- деп айламды кетиришти. Анан бир күнү эле автобустан эжеңди көрүп калдым. Тимеле жүрөгүм "зырп" дей түштү. Кийинчерээк балдарымдын апасы менен жолугуп, жакындан тааныштым. Казак кызы экен, Кордай районунан болот.
Токмоктогу медициналык орто окуу жайын бүтүрүп, биздин Чым-Коргон айылындагы ооруканада иштейт экен. Ошол жерден таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан үйлөнүп, эжеңди Сүлүктүгө алып баса бергем.
Бийик урматтоо, таза сезимдин таасири менен ушул күнгө чейин жубайым экөөбүз бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай өмүр кечирип келебиз.
Төрт балам, бир неберем бар. Кенже кызым 3-класста окуйт. Андан улуураагы азыр Пекинде билим алып жатат. Калгандары жогорку окуу жайын бүтүп, өз алдынча оокатын кылып жатышат.
Балдар бактыбыз
- Уулуңуз жакында үйлөнөт экен. Тойго катуу даярданып жатсаңыздар керек?
- Ооба, уулум өзү арзып сүйгөн кызга баш кошсом деп үйлөнүү-үлпөт тоюна даярданып жатабыз. Ар бирибиздин күткөнүбүз эле жакшылык эмеспи. Балдарыбыз, келечек муун таза, аруу махабаты менен кыйынчылыктарды жеңип, татыктуу үйбүлө күтүп, бийиктиктерди багындырышса деген тилек.

Баарлашкан Н.Сагынбаева




  Жылдыздар төлгөсү

14-апрелге - 20-апрелге
Кой (21.03-20.04)
Жуманын биринчи бөлүгүндө интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүңүз артып, алдыга койгон иш планыңыз ойдогудай орундалат. Мындай жаңы күч менен чарчабай эмгектенсеңиз көксөгөн тилегиңиз ишке ашып, карьераңыздын өркүндөөсүнө жол ача аласыз. Бейшемби жана жума күндөрү сизге арналган маанилүү махабат жолугушуусу күтүлүүдө. Мындай маселеге кайдыгер карабаңыз, мүмкүн сиз күткөн түбөлүк түгөйүңүз ушул ирет жолугат. Апта аягында шаңдуу кеченин коногу болууңуз күтүлүүдө.

Букачар (21.04.-20.05)
Аптанын алгачкы күнүндө жалгыз эс алуудан көрө жакын досторуңуз менен биргеликте көңүл ачуу маанайыңызды жаркытат. Кызмат жаатына келсек, шейшемби жана бейшемби күндөрү сизге бут тоскондордон сак болуп, ишиңизге көңүл-кош карабаңыз. Мүмкүн, мунун алдын албасаңыз, катуу соккуга кабылууңуз ыктымал. Ишемби жана жекшемби күндөрү маанилүү ишиңиздин планын алдын ала түзүп алсаңыз, тоскоолдуктардан оңой кутуласыз.

Эгиздер(21.05-21.06)
Кызмат ишинде пикир келишпестиктерден улам чырдын себепкери болуп калууңуз ыктымал. Мындайда бал тилдүүлүк менен ишкердин көңүлүн жайкай билсеңиз гана ишиңиз илгерилеп итиңиз чөп жээрин эсиңезден чыгарбаңыз. Шейшемби күнү жеке турмушуңузда маанилүү жолугушуулар күтүлүүдө. Мүмкүн, сиз күткөн жакын адамыңызга дал ушул ирет жоолугасыз. Жума күнкү кайрадан кезигүү жакшы маанайды тартуулайт, мүмкүн мунун аягы сүйүү романтикасы менен коштолот. Эс алуу күнүндө өзүңүздүн хоббиңизге анан жакын досторуңузга да убакыт таба билиңиз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Бир ишти баштоодо бөтөн бирөөнүн сунушун калчап олтурбай, алгач өзүңүздүн акылыңызга салып көрүңүз. Эгер жумушуңуздагы маселени чечүүгө кудуретиңиз жете бербесе, сиз үчүн жан үрөгөн жакын адамыңызга же досуңуз менен кеңешип иш тута билсеңиз, майда бирок маанилүү иштериңиз өз изиндеги калыбына түшөт. Жуманын экинчи бөлүгүндө жакын туугандарыңызга кабарлаган маанилүү билдирүүңүздөн улам түшүнбөстүктөр келип чыгуусу күтүлүүдө. Андыктан ар бир маалыматты кабарлоодо анын канча пайызы чындыкка төп келээрин эсепке алганыңыз оң.

Арстан (23.07-23.08)
Алдыга койгон максатыңызга жаңылануу киргизем десеңиз, жөнсүз жалкоолукту таштаңыз. Сиз ойлогон бактыт кушу ошондо гана колуңузга келип конот. Шаршемби күнү кечинде, кимдир-бирөөдөн алданып калуудан абайлаңыз. Ал эми жакын туугандар менен жолугушуу убактысын бейшемби күнгө жылдырганыңыз жөндү болот. Ишемби күн сүйүктүүңүз менен көңүл ачууга ыңгайлуу.

Бийкеч (24.08-22.09)
Дүйшөмбүдө сүйүктүүңүз менен сөз учугун тактап олтуруп кагылыша кетесиз. Жакыныңыздын жоосунсуз жоругун алгач ирет баамдап, тегеректегилердин баарына жасаган суз мамилеңиздин соңу өзүңүзгө эле татаалдыкты жаратат. Аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү туугандарыңыз уюштурган жыйынга катышыңыз, мүмкүн сиздин да сөзүңүз өз деңгээлинде салымын кошот. Үйбүлөөлүк көйгөйдү биринчи планга койсоңуз сизди түйшөлткөн өткөөл өзүнөн-өзү калыбына түшөт. Романтикалык мамиле сиздин келечекке койгон чечкиндүүлүгүңүзгө байланыштуу. Жуманын соңку күнүндө үйүңүздө болуп, ден-соолугуңузга кам көрүп табитиңизге ылайыктап күрүч тамактарына ыктаганыз оң.

Тараза (24.09.-23.10)
Жанга жагымдуу алга карай өсүү жолу чыныгы турмуштук идеялардан келип чыгуусуна ушул ирет толук ынанасыз. Ал эми өзүңүздүн көз карашыңызды көпчүлүк алдында айтууда ишенимдүү анан далилдердин негизинде түшүндүрө билсеңиз, теория менен практиканы айкалыштырып кол сунган максатыңызга тезирээк жакындай аласыз. Аптанын эс алуу күндөрү көөдөнүңүздү боштукка кое бербей, кийинки күнгө койгон иш планыңызды акылыңызга калчай билүүгө көнүгө билсеңиз, ийгилик кушу ар дайым колумда деп ишенсеңиз болот.

Чаян (24.10-22.11)
Бул жумада соода жаатында кызмат кылгандардын иши илгерилеп капчыгы толот. Бул күндөрү сизге финансылык жаатында кайрылгандарга, карыз акча бербей турганыңыз оң. Кыштын акыркы күндөрүндө - ишенимсиз адамдар менен мамиле түзбөй туруңуз, сызга олтургузуусу толук мүмкүн. Ал эми ишембиде жолуктурган адамыңыз, келечектеги эң жакын адам болуп калуусу ыктымал.

Жаачы (24.11-22.12)
Алдыга койгон максатыңызга жаңылануу киргизем десеңиз, жөнсүз жалкоолукту таштаңыз. Сиз ойлогон бакыт кушу ошондо гана колуңузга келип конот. Шаршемби күнү кечинде, кимдир-бирөөдөн алданып калуудан сактаныңыз. Достор менен жолугууну бейшембиге жылдырганыңыз жөндү. Ишемби, сүйүктүүңүз менен көңүл ачууга ыңгайлуу күн.

Текечер (22.12-20.01)
Аптанын башталышында, курулуш иш маселесине байланышкан, үй-бүлөөлүк көйгөй келип чыгат. Мында сиз, өзүңүздүн ички сезимиңизди угуп, жакындарыңыз менен биргеликте гана көтөрүлгөн көйгөйдү чече аласыз. Шаршембиде сизди курчап турган, тегеректегилер менен пикир келишпестиктер болуусу ыктымал. Мындай учурда шашмалыктын кажети жок. Бейшемби жана жума күндөрү кызмат жаатында алга карай, жылуулар болот. Апта аягында ишиңиз кычайт, баардык нерсени таразалап чечиңиз.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Дүйшөмбүдө кайда болбоңуз, капчыгыңызга сак болуңуз. Бул күнү маанилүү нерсе сатып алуу опурталдуу. Ойлогон планыңызды башка күнгө жылдырууңузга туура келет. Кызмат ишиңизде, кесиптештер арасынан пикир келишпестиктер болуусу күтүлүүдө, бардык абалды өзүңүзгө жакын ала бербеңиз. Жекшембиде , өзүңүздү эмоцияга алдырбай ден-соолугуңузга да көңүл бөлө билиңиз.

Балык (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө көптөн күткөн сырдуу жакын адамыңыз менен жолугушасыз. Өткөн ишке өкүнбөй, кырдаалдык абалдан чыга билсеңиз, жакыныңыз менен болгон ынактыгыңыз андан ары ийгиликтүү уланып кетет. Шаршемби күнү жеке турмушуңузга байланышкан жагымдуу кабар уга аласыз. Ишемби жана жекшемби күндөрү бир жакка коноко барууңуз ыктымал.

Даярдаган Чынара Абдраева










??.??