presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№11, 15.04.08-ж.
  Тентек пикиробон

- "Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт" дейт. Акын катары мунун маанисин кантип түшүндүрөсүз?
Лариса Асанбекова, акын:
- Акындын жан дүйнөсү өтө назик, ашыкча сезимтал келгендиктен эч бир жан байкабаган, эч ким сезбеген нерсени акын көрүп туя билет. Акын өзүнүн башынан өткөргөн окуянын негизинде ыр жазбайт, ал чөйрөдөн, коомчулуктан алып, башка адамдын образына кирип алып поэзия булактарын жаратат. Сөзүм куру болбос үчүн бир мисал келтирейинчи. Бир акын менен бир юрист жөө басып келатса, жолдун ортосунда суу толгон "көлчүк" болот. Ушул жерге келгенде юрист "көлчүктү" айланып өтүп кетет. Акын болсо көлчүктү көпкө карап туруп, карачы ушунун ичинде да не деген керемет бар. Муну жакшылап карап турсаң тереңинде сулуу ай бардай сезилет деп суктанып өтөт экен. Карабайсызбы акын керек болсо жерде сапырылган топуракты да тепселеп өткүсү келбейт. Ошон үчүн бардык нерсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт деп айтылат.

- Адам мас болгондо жүрөктөгү сырын айтабы?
Жаныбек Алыкулов, куудул:
- Орустардын "Соонун дилиндеги мастын тилинде" деген жакшы сөзү бар. Чынында көпчүлүк адам жүрөгүндөгү эч кимге айтылбаган арманы болобу, сүйүнүчү болобу, мас кезинде төгүлүп-чачылып айтып берет. Андыктан сиз берген суроонун кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар деп ойлойм.

- Аялзаты кайсы учурда сулуу болот деп ойлойсуз?
Роза Адилканова, ырчы:
- Негизи аялзаты табиятынан сулуу, назик жаралган жан. Ошентсе да адаттагыдан башкача болуп кулпуруп, адамды өзүнө тартып турган убак деп "кош бойлуу" кезди айтаар элем. Бул учурда айымдар чырайына чыгып, энелердин ыйыктыгы, асылдуулугу бөтөн жанга билинип асылзаадаларда улуу касиет бар экени сезилип турат.

- Көчөдө өбүшүү биздин менталитетке туура келеби?
Майрамбек Осмонов, ырчы:
- Бул мындай да. Мухаммед (С.А.В.) пайгамбарыбыздын хадисине таянып айта турган болсок Алланын элчиси катары Мухаммед Алейхи-саламдан шакирттери "Кыямат качан болот?"-деп сурап калат. Анда пайгамбар:
- Албетте аны Аллаху Таалам өзү билет. Ал эми белгилери:
1. Адамдар кыямат жакындаганда жарышып үй сала баштайт.
2. Күн чыгып кайра тез батат.
3. Кыз менен жигит канчык менен дөбөттөй көчөлөрдө эч кимди көзгө илбей калат деген экен. Демек, мусулманчылыкта да кыргыздын менталитетинде да бул терс көрүнүш. Уят-сыйыттын, ыймандын жоктугунан биздин жаштарды акыркы кезде ушундай жагдайларда көп учуратып жатабыз. Мындай нерсе ата-бабаларыбыз сактап келген менталитетке таптакыр коошпойт.

- Бир көрүп биротоло сүйүп калуу мүмкүнбү?
Урмат Усенов, ырчы:
- Менимче, адамдын ички дүйнөсү менен жакындан таанышпай туруп сүйүп калуу мүмкүн эмес. Ал жөн гана жакшы көрүү, жактыруу сезими болушу ыктымал. Тактап айтканда жактыруу эң башкы чекит болсо, сүйүп калуу сезимдин акыркы точкасы. Демек жүрөктөгү сезимдин башталышын эч нерсе чечпейт, чыныгы түбөлүк сүйүүнү романдын акыркы жыйынтыгы баяндайт.




  Эстрада ырчысы, жаш талант Азат Болотбек:

"Машинама кол салган ууру камакта отурат"
- Азат, чыгармачылыкта кандай жаңылануулар болуп жатат?
- Жаз мезгили жаңылануунун, жашоонун башаты болсо, энелер өмүр башаты деп коёт эмеспи. Жаздын келиши менен энелерге арнап ыр жаздым. Кудай буюрса жакынкы арада күйөрмандарым бул ырдын күбөсү боло алышат. Андан тышкары жайында чет өлкөгө барып клип тарттырып келсемби деп турам.
- Сырыңды ким менен бөлүшөсүң?
- Мен азыр улуу агамдар менен чогуу жашайм. Жеңем "У любви свои небеса" фильминде башкы ролду аткарган. Мен улуу жеңеме абдан жакынмын. Ал менден эки жашка кичүү болгонгобу, айтор, экөөбүз теңтуш катары ачык сүйлөшүп, сырдашабыз. Мен гастролдоп эки-үч күнгө жоголуп калсам, телефон чалып "эртерээк келбейсиңби?" деп калат. Мен да бат-бат сагынып калам. Учурда Айтеңир аттуу эки айлык баласы бар. Кээде карап турчу деп таштап кеткенде, кичинекей наристени колго алганда башкача сезимдерге кабылам. Башкача айтканда күнүгө бөбөгүмдү жыттап турбасам сагынып калам.
- Эл ичинде "Асман пресс" гезити Азаттыкы деп айтып жүрүшөт ушул чынбы?
- Ооба. "Асман пресс" гезити 13-февралда жарык көргөн. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз саны чыкты. Негизинен бул гезит 8 беттен туруп, коомдук-саясий деп айтылат. Бир гана саясий турмуш жөнүндө баяндалбастан, мында шоу - бизнес да орун алган. Өзүбүздүн тажрыйбалуу журналисттерибиз бар. Эми буюрса келечекте гезиттин барагын көбөйтсөм деген оюмду ишке ашырсам дейм. "Асман" деп аталышынын себеби, асман - космос деген түшүнүктү камтыйт. Ал эми космос бардык ааламды камтып турат. Дагы бир жагы "асман" деген сөздү көп жолу айтсаң "Манас" болот. Манас атабыз ыйык бабалардан эмеспи. Ошондуктан, асман деп атоону туура көргөм.
- Окуучу кездеги кызыктуу, эстен кеткис окуялардан айтып берсең?
- Мектепте бүтүрүү классын окуп жатканда, бизге англис тили сабагынан практикант жаш эжей келип калды. Сабак берген эжебиз өтө эле сулуу болгондуктан, ага көп тийишчүбүз. Ошентип 1-апрель күнү мугалим эжекени тамашалай турган болуп, кабинетине кирип барып, "Эже, ачкычыңызды берип турасызбы"-десем, оюнда эч нерсе жок эле мугалимим ачкычты берип койду. Эшикке чуркап чыгып, сыртынан эшикти бекитип, сабакка кирип кеттим. Алтынчы сабактан чыгып үйгө баратып чөнтөгүмө колумду салсам ачкыч жүрөт, бекитип коюп ачам деп унутуп калыптырмын. Чуркап барып эле ачсам, эже ушунчалык ачууланып, мени жаман түрү менен карады. Көрсө эжебиз окуу жайды кызыл диплом менен бүтмөк экен. Тилекке каршы, ошол күнү анын дипломду коргоо күнү болуп дипломун коргогонго жетишпей, барбай калган. Тамаша күнү мугалим эжемди тамашалайм деп аны дипломсуз калтырып койгонум үчүн андан дагы деле кечирим сурайм.
- "Эл оозунда элек жок" дегендей "Азат байлыгы менен эле сахнага чыкты" деген сөздөр да жок эмес…
- Албетте, мен баймын. Бирок, бул сөздү айтып жатканда материалдык жактан эмес, бир туугандарым, ата-энем бар мен баймын. Жан дүйнөмдөгү эргүүдөн жаралган ырларым менен, талантым менен баймын десем жаңылышпайм. Себеби, ырларымдын сөзүн да, обонун да өзүм жазам. Сахна дүйнөсүнө жан дүйнө байлыгы менен чыга алдым. Талантың болсо эч жерде кыйналбайсың да. А бирок, материалдык байлыгы менен чыкты дегенге кошула албайм.
- Күйөрман кыздарың сенин тармал чачыңды таң берүү менен ар кандай пикирлерди айтып келишет…
- Өзүмдүн чачым табиятынан эле тармал. (күлүп) Кээ бирлери "атайы тармалдатып, химиялап жүрөт" деп айтышат экен. Жок, андай эмес. Генетикага таянсак, атамдын агасынын чачы тармал болуптур. Мен ошол чоң атамдын чачын тартып калгам. Канча түздөсөм да болбойт, дайыма тармалдашып турат.
- Жакында эле машинаңа ууру киргени маалым болду эле. Кандай зыянга учурадың?
- Эгер башынан айтып берсем, мындайча болгон. Түнкү саат төрттөрдө кошуналарым эшикти тыкылдатып калды. Сыртка чыксам машинамдын ичине ууру киргенин, а түгүл ууруну кармаганын айтып калышты. Кыргыз элинин өтө күйүмдүү экенине баа берем. Себеби, кошуналарым мен үчүн түн ортосунда туруп, ууруну колго түшүрүп, керек болсо милиция чакырып коюшуптур. Ушундай жакшы күйүмдүү кошуналарыма чоң рахмат. Ал эми кылмышкер машинадан магнитофонду чыгарып, ага кошуп дисктерди жана очкимди уурдап жаткан жерден колго түштү. 7-марттан бери ал убактылуу камакта отурат. Бирок, жакын арада сот болот. Бир чети аны түрмөгө отургузууну элестетип, аяп кетем. Менин оюмча бир айдан бери камакта отуруу ага жетиштүү болду го.
- Бир кезде бүркүт алам деп жар салдың эле. Бул маселе аягына чыктыбы?
- Мен кыргыздын накта тоолук жигити экенимди далилдеп, имиджимди өзгөртүү максатында бүркүт сатып алуу керектигин жарыя салган элем. Тилекке каршы бул оюбуз ишке ашпай калды. Туш-туштан бүркүт сатуу тууралуу сунуштар түштү. Бирок шаарда жашагандыктан, бүркүттү багыш деле оңой иш эмес экен. Себеби бүркүт- эркин куш. Эми накта кыргыздын тоолук жигити экенимди бүркүт аркылуу эмес, эмгегим, туруктуу сөзүм менен далилдей алам.
- Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат.

Маектешкен Айжан Атаканова










??.??





??.??