presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№11, 15.04.08-ж.
  Адабият айдыңы

Кыргыз поэзиясынын дербиши
Акын Алик Акималиев
Кыргыз поэзиясынын дербиши, генийликтин артынан жылаңач чуркаган, өжөр бир адам өзүн төшүнө ура гениймин деп жүрүп, генийликтин тепкичине көтөрүлүп алган. Анын кара курсактын айынан жазган арзымат ырларынан сырткары мыкты бир үлгүлөрүндө Алик Акималиев дүйнөлүк деңгээлдеги акын. Мисалы, "Чырак" поэмасындагы "Герника" деп аталган роман дастанын окуп көрсөңөр, публицистикалык роман, философиялык дастан деп койсо болот. Анда жер ааламдык көйгөй маселелери жатат. Бул жөнүндө пикир айткан киши жок. Алик кеңкелес, дубана, оома, айнып калды дей беришет. Чыныгы акын кайсыл бир деңгээлде дербиш болот, ал айнып калат. Биздин көзүбүзгө туптуура көрүнгөн эреже жашоодон сырт, башка рух дүйнөлөрдө ал эркин жашайт. Ал ошол жашоодо туура адам. Ал эми бул жашоодо кеңкелес, шордуу тигиндей мындай… Кандай болгон күндө да ал чыныгы поэзиядагы өз жолун нак тапкан ооматтуу инсан.
М.Төрөгелдиев

Мемуар
Атаандашкам Алыкул, Есенинге,
Айбаттуу, жаш болчумун кезегинде.
Жан жалбырттайт ыр куйду отто туулуп,
Тушоом кескен устат Токтогулов.

2-курс, чыгардым тунгуч китеп,
Аны эстесем денем бүт дүргүп кетет.
Басёнун жат билип ырын эске,
Акыл жактан байытты Рюнеске.

Жолон, Омор жемелеп арак ичсем,
Жалтанчумун бир гана Рамистен.
Аяз мезгил аралап бороондордун,
Жолун бастым Поль Верлен, Рембонун.

Даамын таттым шор менен ачуу тердин,
30 жашка чейин мен катуу келдим.
Болбосом да Вийондой ууру - кески,
Боздоп жаным сел менен өрттү кечти.

"Акча тап" деп аялым кыйнаганда,
Жаш балдарым "нана" деп ыйлаганда,
Баары мага көрүнбөй бир тыйынча,
Сапыргым келген дүйнө, мен куюнча.

Бирок колдон оор шартта эмне келмек,
Бактым таптым өжөр, көк кургап тердеп.
Кол жуусам да мансаптан, бутка тургам,
Ак кызматты элиме, журтка кылгам…

Отуз беште Коргоолду жылоолодум,
Эми Кудай, жакшылык ыроологун.
Бирок билбейм, жарк этип качан чыгам,
Адабиятта экинчи фронт ачам.

Канаттуу ракетадай канаттуу ырлар,
Бийик учат кырсыксыз өтөт жылдар.
Чардай берсин жашоонун салтанаты,
Поэзиянын мен бир жаш лейтенанты.
Өмүрдүн бар али үч чейреги,
Кандай жылдар зарыгып күткөн мени.
Илхам, талант ичке күч сырын ачса,
Поэзияда болбойт эч отставка.

Протест
(же биздин замандын ыйы)
Көпөс курсак мен эмес,
Тоготпос да кенебес.
Шорлоп, зарлап жазмышта.
Миң жан болсо мусаапыр,
Ызаланткан турмуш да,
Ырайымдуу эч эмес.

Укмуш эмес бул турмуш,
Убайымдуу кул турмуш.
Күчүгүн сатып орус кыз,
Жашаялмет аял аргасыз
Баласын саткан културмуш.
Кайран Жоомарт айткандай,
Качан болот гүлтурмуш?

Түшмөк белем хандыктан,
Түз эле айтам андыктан!
Эл миң эркин болсо да,
Эч кутулбайт окшойт-ов,
Эзилген шор кулдуктан.

Эрбеңдешип жаш балдар,
Элим окшойт бечелге,
Еврей, дунган кореец,
Кытай, орус же немец,
Шылдыңдап күлөт көчөңдө
Силер намыс кылбасаң,
Байкуш эл деп турбасаң,
Бейбечара не болот,
Кандай болот эл эртең?
Эх!
Тагдырың кыйын жылдыздуу эл,
Баарысы бар кыргыз жер.
Бирок неге,
Таалайлуу эмес бул өлкөм!
Жалгыздыктын
бир ыры
Жүрөгүм кусага жык толуп турат,
Бир аван көз жаралбайт, тыбырчылайт.
Дүйнөнү кезип кетким келет менин,
Бир ырын жалыздыктын жалгыз ырдап.

Үйү жок, аялы жок, баласы жок,
Үшкүрүп дүйнө кезген шамалга окшоп,
Мен бул кез жалгыздыктай бир дос күттүм,
Арманым дирилдеген аван козгоп.

Арманым муңканса да муңдаштыбы,
А жаным, унчукпаган бир жаш сулуу,
Фатимаш, шул дүйнөдө окшош экен,
Азаптын, атактын да жалгыздыгы.

Сызылып байкуш жаным ыйыңды угат,
Сыбызгы көмөкөйдөн бир ыр чыгат.
Асылзат, ушул дүйнөдө пенде деген,
Бийликте, даңкта дагы жалгыз калат.

Хан жалгыз тээ жылмайган, туталанган,
Жан жалгыз сагынчтан кусаланган.
Кудай да, пайгамбар да жалгыз көктө,
Куу мээнет пенделерге ызааланган.

Күн жалгыз алоо чачкан адамзатка,
Жер жалгыз … жаан да ыйлап туман
басса.
Тузу шор, бирок, мага бал ширедей,
Туулган журт болду гүлдөп;
Аман жатса…

Билип жүр, сен да элимде жалгыз эркем,
Алыска сапар тартам балким эртең?
Турмушта бүт жолдорум жарык кылган,
Тутантып бир сүйүүңдү өчүрбөсөң…

Даярдаган Алмазбек Эркебай




  Сандан-санга

Асанбек Стамов
Үч мээрим
Махабат дастаны
Аны өз башыңардан кечиргенде түшүнөсүңөр. Негизгиси, ашыктык жөнүндө ушу кезге чейин эч ким жеткилең жооп бере электир. Анын табиятындай татаал не бар дейсиң. Болбосо, Самат ажонун кенже кызы Арзыгүл жалаң атчан, жалаң тончон Бөрүбайды жактырып калат беле. Кызга жан оту менен ашык болгон Бөрүбай, Самат карыянын айлына биротоло байланган го… Адегенде муну эч ким элес албайт. Бир бечара жигит жүрөт да айылда деп тим коюшкан окшойт. Кийинчерээк, бир жылдан кийин Самат эки уулунун ашын берип, кыз-кыркыны менен жесирлердин башындагы карасы алынат. Мына ошондо Бөрүбай менен Арзыгүл ачыкка чыгышса керек. Сөз Саматтан мурда, анын тун уулу Ибрагим бекке жетет. Селсаяк жигиттин дымагына Ибрагим таңгалат. Баш чайкайт. Ал бийлигине, өкүмүнө салып, жалгыз бой эмени айылынан кууп чыгып же өлтүрүп койсо деле эрки жетмек. Атасынын көзү турганда батына албай, бир жолу жай басып барып, Ажонун үстүнө кирет да, өзү уккан окуя жөнүндө сөз катат. Самат ошо замат Бөрүбайды чакыртат да, бир аз унчукпай отурган соң кейиген экен.
- Олдо, уулум, ай! Дымагыңа чактап иш кылсаң болмок. Эрдин дымагы эмнелерди гана кылбайт. А бирок дымакты, көкүрөктү акыл-эс бийлейт. Ошону кантип эстен чыгардың, уулум…
Айласы кеткен Бөрүбай сыңар тизелей калып, жалынып жиберет:
- Ажо ата, мен улагаңдагы кулуң болуп берем. Башым тартуу.
Ибрагим бек мыскылдайт:
- Сенден башка да кулдарыбыз жетишет…
Эстүү карыя жигит сынып калбасын деп уулун акырын зекийт.
- Кулуң болом деп айтпа, шордуум. Бек айлы кулга кыз берчү беле. Андан көрө сага арка болчу урук-тууганың, элиң барбы? Ким кепил болот?...
- Коколой башым, жалгыз атымдан башка мага арка болор эч кими жок, ата. Бирок колумдан баары келет…
- Келгенде кандай? - Мен колумдан көөр төгүлгөн устамын.
- Аның го дурус экен. Негизгиси, сени менен бет маңдай келип, улуу иштеги салтты бузуп жатабыз. Кай салтта бар эле жигит өзү келип кыздын колун сураганы…
Ушу жерден Ибрагим бек тамаша-чындын ортосунда бүтүм чыгарыптыр:
- Ата, бу азамат өз дымагына ишенбесе Арзыгүлдүн колун сурайт беле. Карындашымды бул жолу мен билейин…
Уулунун бир амалы бар экенин түшүнгөн карыя баш ийкейт.
- Айт балам, айта бер. Менин да ичер суум аз калды. Эчкинин жашындай жашым бар. Мындан ары журт эгеси өзүңсүң. Сен кандай айтсаң, биз макул..
- Арзыгүлдүн калыңы үч миң кысыр калды кой, ичинде жүз күлүгү бар, тандалган миң жылкы, жүз каймал төө. Анын ичиндеги беш төөгө кылторкодон тартып, жибек-бейкасамга чейинки не түркүн дүйнө жүктөлгөн жүгү болсун. Мына ушуларды таап келсе, Бөрүбайга Арзыгүлдү аттантып жиберебиз…
- Айтканыңда өөн жок, уулум. Эр жигит үчүн ушу кеппи. Түрүлүп-качып бараткан калмакка бир жолу чыгынып койсо, табылчу дүнүйө экен да ал.
Самат карыя жамбаштай берип унчукпай калат. Ал биринчиден Бөрүбайдын үмүтүн үздүрүүдө мындан башка айла жок экенин түшүнсө, экинчиден "андай кыйын экен тапсын" дегендей аны сынайт. Негизгиси, жооптун жумшагы, сыпайкерчиликтүүсү ушул эле. Катуу сөз айтылып, жигиттин шагы сынган жок. Өздөрү да жаманаттуудан алыс болушат.
Анда Самат жаман экен дейсиңерби… Самат жаман эмес, балдарым. Ал канчалык баатыр, адилет болсо да, өз доорунун кишиси. Ал кезде: "Каадасыз кыз болсо да, калыңсыз кыз жок" деген макал бекеринен айтылган бекен? Анын үстүнө Самат бир элди бүтүндөй бийлеген журт ээси. Сөздүн кыскасы, анча калыңды Бөрүбай кайдан табат эле. Жигиттин айласы кетип жүргөндө, Арзыгүлгө бычылган калың жалпы журтка тарайт да, бир жолу Самат баатырдын айылын жакалата мал айдап Кең-Алайдын койнунда жашаган атактуу Баргы элинин мыктысы Жоору келген дейт. Кол куушура салам айтып, тизе бүгө ийилген Жооруну Самат жакшы кабыл алат. Коно жатып, мейман болот. Ызаат-сыйга карк болгон меймандан "кандай жумушуң бар эле?" деп Самат баатыр сурабайт. Кийинки күнү ал өзү сөз салат:
- Айлыңызга бекер келген жокпуз, баатыр.
- Түшүнүп отурам. Чыгынып келиптирсиң. Себеби бардыр…
- Сөздүн ток этер жери баатыр, Арзыгүлдүн колун сурап келдик.
Самат ойлоно калып, Жооруга назарын салат.
- Кыз бала сурагандыкы. Кадыр-көңүл жарашса…
- Биздин кадыр-көңүлдү жараштырчу сиз бычкан калың.
Чыпчыргасын коротпой, айылыңыздын этегине түрүп, сүрүп айдап келдик. Калган сөз өзүңүздө.
- Жоору баатыр, билсек болор бекен? Беш уулуң бар деп укканбыз. Кызымдын колун кимисине сурап келдиң?
- Самат баатыр, мен Арзыгүлдүн колун өзүмө сурап келдим. Айып этпе…
Ошондо Самат Ажо бир чети чочуп, ачуулана Жооруну үңүлө тиктептир.
- Жаңылбасам сен экөөбүз чамалашпыз. Жашыбыз элүүдөн ашты. Бойдок уулдарың турганда, кызымдын колун өзүңө сураганың кандай?
Жоору дароо жооп айтат:
- Баатыр, сиз кызыңыздын калыңын бычканда, күйөөнүн жашын кошо бычкан эмессиз. Өзүң айткандай эр ортону элүү жаш. Мен жаңы эле элүүгө толдум. Ал эми үйлөнө элек уулдарымдан кам жебеңиз. Кудалашкан жери бар. Баатырдын сөзү эки болбойт, биз дагы элдин салтын билебиз…
Эң мурда айттым го, сөзүнө ээ болбогондорду илгеркилер жектешкен. "Адамдын сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" - деп бекеринен айтылбайт. Анын үстүнө Самат эр киши. Бир журтчулуктун Ажосу. Ал өзү да бекеринен жаман аттуу болгусу келбейт. Жоору да Саматты катуу жерден кармады го. "Аттиң" деп ичинен өкүнгөн Самат жигиттерине буйрук бериптир:
- Алып келген калыңынан өөн издегиле. Бир жеринен кынтык табылса, малы тескери айдалсын.
Жоору да бекеринен чыгынды дейсиңерби, балдарым. Алып чыгаарда, айдап чыгаарда жүз өлчөп, бир кести да. Саматтын жигиттери Жоорунун калыңынан эч кандай өөн таба албай, кайра өзүнө келип айтышат. Ал аргымагын минип "ууга" деп айылынан чыгып кетээрде: "Кызымдын көз жашын көрбөйүн. Ыйлаганын укпайын. Тагдырына буйруганы ошол. Атказып жибергиле"-деп бастырып кетиптир.
Ошентип, кыз чалга катын болду? Катын деген орой сөз, Эсентур. Аялы же жубайы деп сура мындан ары. Кыз ыйлап, тытынган менен айласы канча. Доор ошондой. Ал кезде салтка, адатка баш ийбеген эч жан болбогон. Анын кан какшап көшөргөнү менен кимдин иши бар. Арзыгүлдү даярдай башташат. Ошо кезде Бөрүбай кайда экен? деп сурабайсыңарбы андан көрө. Айласы түгөнгөн жигит, эптеп да болсо кызга жолугууга аракеттенет. Кыз болсо кайтарууда, көзөмөлдө. Ала качып кете албасын түшүнөт. Кабыргасы кайышып, намысына чыдай албаган жигит түн ичинде келип, карт күйөөнүн жүрөгүнө канжар уруп, өзү айылдан чыгып кетиптир.
Ырас, ошону менен Саматтын айлы кунга жыгылат. Ал эми сүйгөнүн картаң эрге тийүүдөн куткарган Бөрүбай, баарына кайыл болуп кете берген.

(Уландысы бар)










??.??