presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№11, 15.04.08-ж.
  Ыр сынак

Алим Токторов, "Жылдын мыкты ыры" сынагынын редактору:
"Жаңы ырлар жаралбай жатат…"
- Алим мырза, айтсаңыз, "Жылдын мыкты ыры" сынагын эмне максат менен уюштуруп жатасыздар? Катардагы боло келген сынактардан айырмаланган өзгөчөлүгү болсо керек?
- Сынакты уюштуруунун негизги максаты- Кыргызтанда жаңы ырлар, жаңы обондордун жаралуусуна өбөлгө түзүү болуп эсептелет.
Дегеле, жаңы, жакшы чыгармалар кандай учурда пайда болот? Албетте, обончуларга, аткаруучуларга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, жогоруда сөз болгондой сынактар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турса ошондо гана эң сонун ырлар, кайрыктар жаралаары чын.
Аттарын атабай эле коёюн, бирок, буга чейинки өткөрүлүп келген көпчүлүк сынактарда ырга эмес, обонго эмес, аткаруучунун чеберчилигине басым жасалчу. Мындай болгондо аткаруучу эски ырлардын аранжировкасын кайрадан жаңылап иштеп чыгып, ошентип упай топтоп, алдыга чыгып кетет. Ырас, мында аткаруучулардын деңгээли өсүп жатат десек болот. Бирок, тилекке каршы, жаңы ырлар жаралбай калып жатат.
Кыскасы, элдин кулагына эски ырлар жагымдуу угулгандыктан ырчылар да сынактарда эски ырларды жаңыча формада алып чыгышат да, жаңы ырлар экинчи орунда калып, ага анчейин көңүл бөлүнбөй жаткандыктан улам биз ушул жагын да колго алып, аздыр-көптүр жаңы ырлардын, кайрыктардын жаралышына дем берүү максатында сынакты баштадык. Келечекте бизден да таланттуу обончулар, композиторлор чыгып, классикага айлана турган чыгармалар жаралаарына шек жок.
- Байгелер боюнча айтсаңыз?
- Сынактын жеңүүчүлөрүнө баш байге жана кызыктыруучу сыйлыктар бар. Эгер ырдын сөзү, обону, аранжировкасы мыкты болуп, аткаруучу аны жогорку чеберчилик менен алып чыга алса баш байгенин ээси боло алат. Андан тышкары мыкты обондорго да номинацияларды беребиз.
- Конкурсанттардын жаш өзгөчөлүктөрүнө, улутуна чектөө коюлбайбы?
- Жок, аларга чектөө коюлбайт. Улуу-кичүү, ал гана эмес, ар улуттун өкүлдөрү да катыша алышат.
- Сынактын уюштуруучусу ким? Идеясы кимге таандык?
- "Ибарат" маданий-агартуу борбору тарабынан уюшулуп жатат. Идеясы бир адамга таандык десек туура болбой калат. Жалпы чыгармачылык жамаатыбыз биргелешип, кеңешип, алып чыгып жатабыз.
Баарлашкан НУР-КЫЯЛ




"Жылдын мыкты ыры" деген республикалык фестивалынын
ЖОБОСУ
Бардык жагынан элибиздин маданий, эстетикалык мүдөөсүнө бап келген ырларды жандандыруу, жамырап келаткан кунарсыз ырлардын, обончулардын жана аткаруучулардын көбөйүшүн тизгиндөө максатында Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы, Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын маданият министрлиги менен биргелешип, 2008-жылдын акырына чейин "Жылдын мыкты ыры" деген республикалык телефестиваль өткөрөт.

Фестивалдын максаты:
l Ыр жаратуучулардын, аткаруучулардын сапатын жогорулатуу, чыгаан өнөрпоздорду тандоо жана тарбиялоо менен, алардын чыгармаларын радио, телевидение, басма сөз аркылуу кеңири пропагандалоо, элге таанытуу, жайылтуу.
l Республикабыздагы жалпы маданий-массалык иш чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык мүдөөсүн канааттандыруу менен, маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
l Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук өнөрдү адистик деңгээлге көтөрүү, алардын көркөмдүк деңгээлин жогорулатуу максатында авторлорго моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү.

Фестивалдын сынамдары:
l Аткаруучулук чеберчилик жана артисттүүлүк.
l Тематикалык ар түрдүүлүк.
l Тексттин терең мазмундуулугу, идеялуулугу.
l Обондун оригиналдуулугу, элдик мотивге жакындыгы.
l Аранжировканын улуттук колоритте болушу.
l Сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу
l Үндөгү дикция, артикуляция, жогорку техникалык табылгалар, диапозону, тембри, вокалдын тазалыгы.

Фестивалдын шарттары:
Фестиваль ырларды жаңы жараткандар жана мурда аткарылып жүргөндөр деп эки башка баа жана байге менен белгиленет.
l Баш байгеге талапкер акын, обончу, композитор, аткаруучу, аранжировкачы жогорку көркөм деңгээлдеги жаңы чыгарманы тартуулашы керек.
l Эски ырларды жаңы аранжировкада аткарып катышкандар болсо жогорку чеберчиликтин үлгүсүн көргөзүү керек.
l Телефестивалга катышуучулардын жашына, улутуна, чыгарманын кайсы тилде аткарылганына чек коюлбайт.
l Телефестивалга катышууну каалагандар сунушун, обонун, текстин, фонограммасын Кыргыз улуттук телерадиокопаниясынын "Ибарат" маданий агартуу борборунун "Манас" студиясына жибериши керек. Телефондор: 65-85-02; 65-66-40, 65-80-89 Дареги: Жаш гвардия-59.




Телефестивалдын жеңүүчүлөрүн баалоо жана сыйлоо:
Телефестивалдын жүрүшү, татыктууларды тандоо ай сайын атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан жабык бааланат да, алар телевидениеден көрсөтүлүп турат. Телефестиваль эстрада, эстрада-фольклор, фольклор номинациясы боюнча ар башка иргелет. Баш байгеге бир эле маалда обону, аткаруучусу, тексти, аранжировкасы эң мыкты деп табылган бир гана ыр татыктуу болот. "Жылдын мыкты ыры" деп табылгандар декабрь айында аныкталып, гала-концерт менен кошо байгелер тапшырылат.




Жылдызыңыз жөнүндө толук маалымат
Бийкеч жылдызы (Дева)
(24-август - 23-сентябрь)
Бийкеч - реалдуулуктун, логиканын, ачыктыктын, тактыктыктын белгиси. Алардын айрымдары - бой жашаганы менен айрымдары эки жолу турмуш күтөт. Бийкечтер эреже боюнча тынчтыкты сүйгөн адамдар, көпчүлүктөн четте турууну жактырышат, коомдо өздөрүн оңтойсуз сезишет. Алар кыялкеч эмес, ишенимдүү, ак жүрөк, бирок анткорлоно билишет.
Бийкечтер бардык нерседен абдан жыйнактуу. Аларда кандайдыр бир иллюзия болбойт. Акылы иштиктүү, мүнөзү терең. Бийкечтер -сынчылар, реалисттер. Алардын иштери жана буюмдары дайыма ордунда, бирок өздөрүнүн кемчилдигин көрө албайт. Көпкө ишсиз, бир орунда отура алышпайт, сүйүүсүн билдирүүдө, акчаны чыгымдоодо анча жоомарт эмес. Башкалардын жардам көрсөтүүсүнө чыдабайт. Кедейлерди аяй билет. Бирок башына иш түшкөн досторуна жоомарт, жалкоолорду жана зарыл эмес адамдарды сүйбөйт. Таңгаларлык ден-соолугу болгон менен нерв оорусуна чалдыгуусу мүмкүн. Адамдагы чынчылдыкты, тактыкты, үнөмчүлдүктү, ойлоп табуучулукту баалашат. Шалаакылыкты, уятсыздыкты, жалкоолукту жек көрүшөт. Бардыгы индивидуалисттер, алардын олуттуулугунун алдында ойдун, максаттын тазалыгы жашырылган.
Эркек - Бийкеч
Эгер сиздин жүрөгүңүз романтикалуу сезимге умтулса, өз үмүтүңүздү эркек - бийкеч менен байкаңыз. Аны менен болгон сүйүү мамилеси сизди муздатып, көңүлүңүздү оорутушу мүмкүн. Мындай эркек толук ишкердүүлүктө материалдуулук деңгээлде. Ал үчүн сүйүү чын ниети менен үйбүлөгө, доско, өзүнөн чабалыраактарга байыралгандык болуп эсептелет. Ал алсызга жардам берүү үчүн төрөлгөн. Сүйүүнүн драмалык сезимдери байкалган, кейикчээл убада берүүлөр, жаш төгүп түшүндүрүүлөр, кызууланган сезимдер аны толук кайдыгер калтырат, а түгүл андан коркушу да мүмкүн. Сүйүүдө санга караганда, сапатка көп умтулат. Сапатка жетүү кыйын болгондуктан, сүйүү окуялары анчалык көп болбойт. Эркек - бийкечтин негизги талабы - тазалык, андан зор максат үчүн, же укмуштай периште аял үчүн гана анын чегинен өтүшү мүмкүн. Ал өз тагдырына күрөшсүз багынат. Анча байкалбаган менен азгырылмалуу. Бул эркек - акыл иши менен жөндөмдүүлүктөрдүн аралашмасы. Өз сүйүүсүн көңүл коюп тандоодон убакыт аябайт. Өз ара мамиледе тартиптүү, чынчыл, таза болууга умтулат. Эгер шарт аны ылайыксыз аял менен жашоого аргасыз кылса, алар көпкө бирге жашабайт. Анын сүйүүсү башка белгилерге мүнөздүү болгондой дүрт этип күйүп кетпей, катуу толкунданбай бир калыптагы жалын менен күйөт жана бул сүйүү сизге жылуулукту, ишенимдүүлүктү узак жылдар бою берип турат. Эгер ал бирдемени чечсе, биротоло чечет. Ал акмактык менен наадандыкка, шалаакылыкка чыдабайт.
Эркек - бийкеч менен сиз туруктуу келечекке ишене аласыз. Сиз менен илбериңки, кызыктуу, ишенимдүү жана жагымдуу адам бирге болот, бирок сиз анын айрым кемчиликтерине кечиримдүү мамиле жасаңыз.
Аял - Бийкеч
Бул белгидеги аялдар сергек, бирок аларга тепмерамент жетишпейт. Сүйүү оюнун сүйөт, бирок жыйынтыкка келгенде коркуп чегинет. Дээрлик бардык убакта тартынчаактыктан азап чегет, а түгүл аны чебер жашыра билген убакта да, анын мүнөзүндө дат баспаган болоттой бекем жактары бар. Өзүнүн бактысына жетүү үчүн максатка умтулуучулук менен бирге уяң. Бул жолдо ыйлап же жардам суроого намысы жол бербейт. Өз мазмуну боюнча ал сүйүүнүн өзүндөй таза. Эгер ал никедеги турмушу ойдогудай эмес экендигин сезсе же башка жактан кемчиликсиз сүйүү тапса, эки анжы болбой туруп мурдагы турмушунан кол үзөт. Бул учурда үйдү бузуу жаман, бирок анткорлук менен актанууну ал андан да жаман деп эсптейт.
Бийкечте чыдамдуулук, байкагычтык, кадыр-барктуулук, абалды оңдоочулук бар. Жыл өткөн сайын күндөлүк чарбанын тажрыйбасына таянып, өз үйүн аны курчаган нерселерди бакчасын, менчик коругун, жер төлөсүн сүйүүгө түртөт.
Жетилүү доору - 22-28 жаш бул эрк жана акылдын гүлдөгөнү учуру. Өмүр бул учурда белгилүү багыт, туруктуулук алыш керек. Негизинен аял - бийкеч 35-49 жашта күчкө толот.
(Кийинки саныбызда Тараза жылдызын
окуй аласыздар)










??.??





??.??