№11, 15.04.08-ж.
  Майкачан маек

Жолдошбек Жанжигит уулу, актер:
"Журналист эженин байпагын кийип, эфирге чыккам"
Маектеш жөнүндө маалымат: Жолдошбек Жанжигит уулу Чүй облусундагы Чоң Кемин районунун Тегирменти айылында 1980-жылы 12-майда туулган. "Учур" телетеатрынын актеру жана "Замана" берүүсүнүн алып баруучусу, үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

- Айтсаңыз, "Учур" жаштар телетеатрына кандайча кабыл алынып калдыңыз эле?
- Жаңыдан окууну бүтүп келгенбиз. Экс президент Аскар Акаевичтин жарлыгы менен биринчи жолу телевидениенин алдында "Учур" жаштар театры түзүлгөн. Бул театрды биринчилерден болуп биз ачканбыз. 2001-жылы 8-июндан бери эмгектенип келе жатабыз. Азыр ошол учурда иштегендерден беш-алтообуз эле калбасак, калгандары турмуш-шартка байланыштуу ар кайсы жакка кетип калганынан, өзүбүздөн, Ташкенттен, Москвадан, Алматыдан бүтүп келген таланттуу жаштар менен курамыбызды толуктаганга жетиштик.
- Кичине таанылып калган адамдар жөнүндө ар кандай ушактар тарайт эмеспи, алардын артынан кууган учуруңуз болгонбу?
- Бизди окутканда дайыма актерлук жеңил-желпи оокат эмес деп айтышчу. Элдин адамы болгондон кийин өзүңдү туура алып жүрүшүң керек. Менин артымдан ушактай турган нерселер деле жок. Бул турмушта андай болуп келген, боло берет дагы. Мындай рекламага караганда "анти реклама" кылсаң жакшы болот го. "Анти реклама" сени ого бетер популярдуулукка тартат. Анын артынан түшүп алсаң, чын чычалайт болуп аброюңду андан да түшүрүп алышың мүмкүн. Андан көрө "ии, ошондой болчу" деп кете беришиң керек.
- Актерлук кесиптин кыйынчылыктары кайсы мезгилде билинет?
- Актердук кыйынчылыктар күндө болот. Анткени бизде ар дайым изденүү болуш керек. Бүгүн кылганыңды эртең да кайталасаң, бул тажатма штамп боло баштайт. Акындардын ырларын элге бир гана актерлор жеткире алат. Тамсилин тамсилдей, лирикасын лирикадай кылып, ырдын образын ачып, акындын чыгармасын дагы бир жолу өзүнчө жаңылаган да актердун түйшүгү болуп эсептелет.
- Кийинки күндөрү "Замана" берүүсүнөн да көрүп атабыз, кантип келип калдыңыз?
- Өзүбүз телевидениеде иштегендиктен реклама, мультфильм, роликтерди даярдап эле жүрөбүз. Тамара Жаманбаева өзү "Жоки бизде ушундай болуп жатат,өзүңдү бир сынап көрбөйсүңбү" деп калды. Азыр келишимдин негизинде иштеп жатам. Өзүңүздөр билгендей бул маалыматтык берүү, эгер шоу болсо бизге да бир жактуу болуп жакшы болмок. Бир жакшы киного тартылуу үчүн чачымды өстүрүп алдым эле, "Замана" үчүн алдырууга туура келди. Кудай буюрса келишим бүткөнгө чейин иштейм, болбосо көрөм деп эки анжы болуп жүрөм. Негедир актерлук кесипке көнүп калгандыктанбы, айтор үч саат бир жерде, жарылып кетчүдөй болуп араң эле отурам.
- Биринчи эфирге чыккан күнүңүздү бир эстеп кетпейлиби?
- Ошол күнү гүлдүү байпак кийип алган экенмин. Эфирге эки мүнөт калганда Тамара эже көрүп калып, "Ай Жоки алдагы байпакты карага алмаштыр, көрүнүп калат" деп кыйкырып калды. Байпак таппай ары бери чуркап, акыры бир журналист эженин бутунан чечип келип кийгизип калышты. Анда кыш, ичиндегисин чечип кийип жатсам "ай 3 саат бою отурасың, бутуң тоңуп калат, үстүнөн кий" деп бир бутума эже кийгизип атат, бир бутума өзүм кийип араң эфирге жетишкем. Анда эфирге биринчи жолу чыгып жаткан жаным, ойлоп турган нерсенин баары чачырап эмне деп сүйлөөрүмдү билбей, башында 30-40 секунд оозума келгенди оттодум окшойт. Анан барып өзүмдү топтоп, кайра эфирди уланткам.
- Кийип чыкчу кийимдериңизди ким камсыз кылат?
- Негизи чоң мамлекеттерде кийимдин баарын мамлекет тарабынан келишимдик негизде камсыз кылынат. Биз анчалык деңгээлге жете элекпиз деп ойлойм. Буйруса андай нерсе да болот. Бирок, азыр биз кийип чыккан кийимдин баары өзүбүздүкү.
- Жеке жашооңуз жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз?
- Жубайым өзүмдүн курсташым. Үйдө мээримдүү эне, көчөдө сүйлөшкөн кызым, жумушта кесиптешим. Экөөбүз поездде таанышып, чогуу окуганбыз. Бирге жүрүп ошол жакта үйлөнүп келе жатканда жалгыз келбей өзүм, келинчегим, балам, эки диплом болуп "комплект" болуп кайтканбыз. Азыр эки балам бар, улуусу Улан, бала бакчага барат, кичүүсү Нуржигит 5 айлык. Жубайымды мактабайм, бирок Кыргызстанда Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, төш белги менен биринчилерден болуп сыйланган. Биздин театрдагы эң алдыңкы, ар тараптан өнүккөн актрисалардын бири.
- Баарыбир эркексиз да, үйдөн жети кадам аттагандан кийин бойдок болуу адаты сизде да барбы?
- Ушул жерде бир нерсе айткым келип турат. Кызы күйөөсү менен урушуп кетип, апасына келет "Апа, күйөөмдүн жүрөгүнө такыр жол таппай койдум, кантсем" десе, "Токойго барып арстандын мурутунан жулуп кел" дейт. "Ал жырткыч мени жеп койбойбу" десе, тапшырманы аткар деп буйрук берет. Байкуш кыз күндө аңдып ала албай коёт. Анан бир күнү бир тилик эт алып ыргытат, 2-күнү эки тилик, ошентип арстанды тойгузуп, өзүнө үйрөтүп алгандан кийин арстан келип кыздын бутуна жазданып уктайт. Ошондо мурутунан жулуп келген кызына апасы: "Жырткычтын жүрөгүнө жол тапкандан кийин, күйөөңдүн жүрөгүнө кантип жол таппайсың" деп жөнөтүп жиберет. Ошон үчүн ушундай болот бизде деле. Ары жагын өзүңөр түшүнгүлө.
- Актердук кесипти таштап, бизнес кылсам деген оюңузда барбы?
- Азыркы заманда бизнес менен алек кылбаса болбойт. Эгерде Кыргызстандын экономикасы күчтүү болгондо, айлыгыбыз жакшы болсо, артисттердин көпчүлүгү тамада болбойт болчу. Азыр элдик артисттен баштап, жаш ырчыларга чейин аш-тойлорду алып барып элдин көңүлүн ачканга аракет кылабыз. Ошол эле учурда айлыгыңдан үч-төрт эсе көп акча таап коёсуң. Мамлекетибиз бай болсо, ким эле ушул оңой оокатка кеткиси келсин. Анткени, алардын баары тең "суунуку сууга" деп коёт. Мен да ишкерликке өтсөм деп жүрөм. Өзү Кудай тараптан келе берет экен. Кудайга шүгүр, эч нерсеге муктаж эмесмин.

Маектешкен Нурзат
Жусупова




  Кызыктар дүйнөсүндө

Көз айнек кантип пайда болгон?
Эң биринчи көз айнек XIX кылымда Англияда пайда болгон. Сары жана жашыл түстөгү айнек көздү коргоо үчүн чоң функция аткарган. Тактап айтканда шамалдан, күндүн энергиясынан, чаңдан жана түтүндөн ушул түстөгү көз айнектер коргоп турган.

Шумерлер жөнүндө
Байыркы элдерден айырмаланып, шумерлер өз оюн сүрөттүү түрдө ылай такталарга түшүрүшкөн. Аталган тактайларга жазууга алар курч таякчаларды колдонушкан экен. Себеби, мышыктын курч тырмагы менен жер бетин чиймелеп көрүшүп, натыйжада алгачкылардан болуп жер бетине жазууну ойлоп табышкан.

Дөңгөлөктү ким ойлоп тапкан?
Ушул күнгө чейин дөңгөлөктү ким ойлоп чыгарганы белгисиз бойдон келүүдө. Окумуштуулардын көпчүлүгү болжолдуу түрдө белгилегендей, дөңгөлөктөр б.з.ч. 3500- жылы колдонулган. Жыгачтан жасалган бул буюм биринчи жолу Мексикадан табылганы талашсыз.

Эң биринчи мамлекет
Жер бетинде биринчи мамлекет мындан 4000 жыл мурда пайда болуу менен Африкада жайгашып, байыркы Египет деп аталган . Египеттин жашоочуларынын басымдуу бөлүгү чебер уста, курулушчу болгон экен. Мындай аракетчиликтин жыйынтыгында дүйнөнүн 7-кереметине кирген пирамидалары буга далил деп табылган.

Улуу Кытай сепили
Кытай императору Ши Хуандинин буйругу менен эң узун жана зор Кытай дубалы тургузулган. Анын узундугу 4000 километрге жакын. Аталган Улуу Кытай сепили Тынч океандан башталып, учурда Гоби чөлүнө чейин созулуп жатат.

Ширеңке кайдан пайда болду?
Биринчи жолу ширеңке 577-жылы Кытайда пайда болгон. Отту күйгүзүү үчүн кытайлыктар соснадан жасалган кичинекей таякчаларды күкүрткө малып, кургаган соң бирине-бирин айкалыштырганда от чыккан. Ал эми Кытайдан Европага ширеңкелер XVI кылымда жеткен экен.

Кагазды ким ойлоп тапкан?
Кадимки биз колдонгон ак барактар кытайлык окумуштуу Цай Луньдун колунан жаралган. Идеянын үстүндө иштөөдө алгач кадимки эле бамбукка суудан кошуп камырдай болгон массага жеткирет. Даярдаган аралашма ичке жана бир формада жыгач бетине чапталган соң кургаганча катырган. Мындай ачылышты Цай Луньга түшүндө чаян айтып кеткен экен.

Римдиктердин эс алуусу
Грецияда жумушту кулдар кылгандыктан, байыркы Рим элинин бош убактысы көп болуптур. Алардын календары боюнча бир жыл ичине 130 майрам болгон. Буга байланыштуу римдиктер театрда эс алуу менен гладиаторлор урушун көрүшүп эс алып кайтышкан.

Чаң соргуч кайдан чыккан?
Биринчи чаң соргуч 1901-жылы Англияда пайда болуп, "Пихтящий Билли" деп аталган. Эң кызыгы пайда болоору менен ал ар бир адамга жагып, эң улуу, кымбат деп эсептелинген. Ошондуктан, пайда болгон "Пыхтящий Билли" эң алгач Эдуард VII королдун астын тазалоодо колдонулган экен. Муну баалаган кароль чаң соргучтун дүйнө элине таралышын буйрук кылган.

Даярдаган Айжан Атаканова