presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
  Бокс

Джо Кальзаге:
"Мен өзүмө сыймыктанам!"
Дал ушундай сөздөр менен WBA, WBC жана WBO версиялары боюнча экинчи оор салмактагы Дүйнө чемпиону Джо Кальзаге, IBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Бернард Хопкинсти жеңгенден соң журналисттерге айтып берди. Бул беттешүү Кальзагенин карьерасындагы эң оор мушташ болуп саналат. Улуу Британиялык мушкер: "Бул жеңиш менин карьерамдын туу чокусу" деп жар салды.
Эске сала кетсек, Джо Кальзаге бул убакка чейин 45 жолу рингге түшүп, бир да жолу утулбаптыр.

Султан Ибрагимов мушташка даяр
WBO версиясы боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону россиялык Султан Ибрагимовдун промоутерлери дүйнөнүн 3 мыкты мушкери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Алардын максаты атактуу саналган беш белгилүү бокс ассоциацияларынын чемпиондук наамына ээ болгон мушкерлер менен Ибрагимовго беттешүү уюштуруу. "Азырынча жыйынтык белгисиз, бирок, апрель айынын аяк чендеринде Султандын атаандашы белгилүү болот. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында болсо мушташ өткөзүлөт"-деп билдирет Ибрагимовдун менеджери.

  Теннис

Мария Шарапова оюндан чыкты
Чарлстондо болуп жаткан теннис турниринин чейрек оюндарында россиялык Мария Шарапова атаандашы Серена Уильямска уткузуп койду. Буга чейин орус теннисчиси бул турнирде бир да жолу утулган эмес. Биринчи партияда (5:7) эсебинде Серена күчтүүлүк кылып, андан кийин Мария кичине өзүн колго алып, экинчи партияны (6:4) эсебинде утат. Тилекке каршы, бул ийгилик көпкө созулбай, үчүнчү партияда М.Шарапова (1:6) эсебинде жеңилип, оомат Серенаны коштоду.

  Футбол

Чамда "Челси", Алга "Арсенал"
Англия футбол Премьер-Лигасынын 35 -оюндары болуп өттү. Чемпиондук наам үчүн болгон күрөштүн курчуганын "Манчестер Юнайтед" курама командасынын "Блекбернди" ута албай калышы себеп болду. "Манчестердин" башкы атаандашы саналган "Челси", "Эвертонду" өз талаасында утуп, группа лидеринен артта калууну 3 упайга чейин кыскартып, жакшы оюн көрсөттү.
Чемпиондор Лигасынан чыгып калган "Арсенал" болсо өзүнүн бүт күчүн Англия Премьер - Лигасына бурду. "Челсиден" болгону 6 упайга артта калып бараткан "Арсенал" өз талаасында "Редингди" кабыл алып, 2:0 эсебинде оңой эле жеңишке жетишти. Эми "Челси" экөөнүн ортосун болгону 3 упай бөлүп турат.
Чемпиондор Лигасынын жарым финал оюндарына даярданып жаткан "Ливерпуль", "Фулхемди" кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңип, группада татыктуу төртүнчү орунда кетип бара жатат.

  Кыргыз спорту

"Дордой-Динамо" жарым финалда
Кыргызстандын "Дордой - Динамо" командасы АФК президенти кубогуна арналган чечүүчү оюнду эң сонун көрсөтүшүп, атаандашы камбоджалык "Нагакорп" командасын ишенимдүү түрдө 2:0 эсебинде утуп алдыга чыкты. Россиялык футбол адиси Сергей Дворянковдун айтуусу боюнча "Алар тең чыгышса да, жарым финалга Кыргызстандын командасы чыкмак экен". Дордойчулар төмөндөгүдөй командалык курам менен футбол талаасына чыгышкан. Волков, Кудренко, Самсалиев, Сыдыков (капитан), Князев, Бокоев, Байматов Мурзаев, Аскаров, Харченко, Амиров, запастагы оюнчулары: Матяш, Аблакимов, Абитов, Муладжанов.
Оюндун 5-минутасында камбоджалыктардын дарбазасында кооптуу кырдаал пайда болуп, бул абалдан араң чыгышты. 13-минутада эсеп ачылды. Биздин Айбек Бокоев дарбазачы менен бирме-бир чыгып, Вадим Харченкого пасты өткөзгөндө, ал топту дарбазага жаңылбай таамай тээп, киргизген голу менен күйөрмандарын кубандырды. Дем алгандан кийин экинчи бөлүмдө кайрадан демилгени "Дордойчулар" колго алышты. Ильдар Аминов бош турган Мирлан Мурзаевге пастты өткөрбөй, өзү үч жолу топту пайдасыз тээп, камбоджалыктардын коргоочуларына кабылды. Оюндун 74-минутасында Роман Аблакимов сол жактан топту бурчка тээп, гол киргизип, эсепти 2:0гө жеткизди.
Кыргызстандык футболчулар 6 упай менен өздөрүнүн "В" группасынан жарым финалга чыгышты. Жарым финал менен финал оюндары 2008-жылдын 19-21-сентябрында болмокчу.

  Велоспорт

Евгений Ваккердин Азия чемпионатындагы алтыны
Нара, Япония: Евгений Ваккер дагы бир жолу Азия чемпионатында алдыга чыкты. 32 км жарышта 43.03 мүнөт убакытта 18 өлкөдөн келген 27 атаандашын артка калтырып, алтын медалга ээ болду. Күмүштү казакстандык Алексей Колесев, колону япондук Аширо Мисуи тагынышты. Натыйжада Е.Ваккер Азиянын велоспорт боюнча эки жолку чемпиону аталды. Азия континентинде кыргызстандык чоң спортчуга азырынча тең келээр эч ким жок. Машыктыруучусу Эркен Акрамов.
Алтын медалды уткандан үч күндөн кийин 182 км ге веложарыш болуп, 40-км де Евгенийдин велосипединин арткы дөңгөлөгү иштен чыгып, жарышты улай албай арманда калды. Эгер Евгенийдин велосипеди жаңы болгондо, балким бул жарышта да ийгиликти ийилтмек.

  Футзал

Кыргыз футзалы өркүндөйт
Эми Кыргызстандын футзалы боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурдин Жетибаевге Иран Ислам Республикасынан келген адис жардам бермекчи. Бизге белгилүү болгондой чет элдик машыктыруучу өз ишине киришти. Айта кетсек, мындан бир нече жыл мурун башка бир ирандык машыктыруучу биздин улуттук курама команданы жетектеген эле. Анын жетекчилиги астында Кыргызстан биринчи жолу Азия чемпионатынын чейрек финалына чейин чыккан болчу.

Дене тарбия жана спорт
Кыргызстандагы дене тарбия менен спорттун кейиштүү абалы бир гана экономикалык шарттарга барып такалбайт. Анын түпкү себеби сергек жашоого болгон мамлекеттик улуттук идеологиянын жоктугу. Дене тарбия жана спорт иштериндеги системасыздык кендирди кесип, ар кимиси ар жерде эптеп өз арабаларын тартып жаткандыктары жалган эмес. Ооба, мурдагыга караганда азыркы учурда спортко болгон мамиле оңолгонсуп, финансылык каражаттар аздыр-көптүр бөлүнүп жаткансыйт. Бирок алардын аракеттеринде ирээнжиткен популисттик саясат аралашып, көйгөйлөрүбүздү түп тамырынан бери тереңден карап, келечекке ишенимдүү иш алып барган аракеттер байкалбай, үстүртөн, ат үстүнөн мамиле кылып жаткан кокуйлугубузда. Ушундай кайдыгерлигибизден улам канчалаган кыргызстандык чоң аренадагы даяр спортсмендер чет өлкөлөрдүн намысын коргоп, туусун көтөрүп жүрүшкөндүктөрү биздин мамлекет жетекчилерин ойлондурбайбы?
Спортттун тамыры айылда, ошол жактан жөндөмдүү балдарды тандап таап келалбай канчалаган тубаса чыйрак балдарыбыздын багы ачылбай келет. Кээде биздеги чоң спорттук мелдештер көрсөтмө иретинде формалдуу өтөт. Ата-энелер менен айылдагы спорт мектептери тыгыз байланышта иш алып барууларды колго албай туруп, кантип олимпиада жеңүүчүлөрүнүн санын көбөйтө алабыз.
Дене тарбия (физкультура) менен спорт айырмасын билбей, чаташтырып жүргөн атуулдарыбыз канча, ал турсун бул нерсени жеткилең түшүнө билбеген чиновниктерибиз, депутаттарыбыз да бар.
Дене тарбия - дегенибиз адам организмине керектүү гана атайын кыймыл-аракеттер жана көнүгүүлөр маданий массалык ден-соолук жолуна багытталган иш-чаралар. Ал эми спорт атайын максатта эл алдына суурулуп чыгып, бир айылдын, шаардын, өлкөнүн намысын коргой турган кыл чайнашкан күчтүү атаандаштык. Мында ден-соолукка зыян келтирген түрдүү травмаларга кааласаң, каалабасаң да жолугасың. Анда намыс деген улуу журт алдыга чыгып, өзүн-өзү аямай жок болот. Антпесе ал спорт эмес.
Жеке адамдын жана мамлекеттин эң негизги байлыгы болгон ден-соолук маселелери (профилактика) колго алынып, алдын - ала камкордук көрбөсөк, ооруп калгандан кийин өтө кеч. Аптекалар менен дарыгерлердин көзүн карап калганда көптөгөн материалдык жана моралдык чыгымдарга учурайбыз. Так айыгып кеталбай, утурумдук гана айыгабыз. Ушундай өзүбүздүн ден-соолугубузга башка бирөөнүкүндөй мамиле кылган караңгылыгыбыздан улам канчалаган миңдеген химиялык дарыларды саткан дарыканалар шаарыбызда дүркүрөп өсүп, бизнес жасап жатышат. "Жаратылышта бардык жаныбарлар: куштар, балыктар өз денесин башкара билишет. Атүгүл микробдор да өздөрүн өздөрү дарылай алышат, алар эч качан ооруканага, аптекаларга муктаж болушпайт. Аптека - бул адамзаттын түркөйлүгүнүн символу"-деп Ж.Озава жөн жерден айтпагандыр. Натуралдык же табигый медицинанын тарых топтогон тажрыйбаларына кызыгып, өзүбүзгө-өзүбүз туура кам көрүүнүн келечектүү жолдорун карап көрбөйлүбү.

А. Эркебай
Даярдаган Санжарбек Абдырахманов










??.??