presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№12, 22.04.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Максимдин ден-сакчылары кабарчыларга кол көтөрүп…
Новгородго гастролдоп келген ырчы концерт болуучу жерге джип "Ниссан" маркасындагы машине менен келип токтоору менен арткы орундукта отурган ырчыны бир көргөнгө ашыккан күйөрмандар машинени тегеректеп калышкан. Аңгыча "Комсомольская правда" гезитинин кабарчылары фотоаппараттары менен чуркап келип, сүрөткө тарта башташат. Бул убакта машинадан чыга келген ырчынын ден-сакчысы сүрөткө тартууга болбосун айтып эскертүү берген. Бирок бул эскертүүнү кулагынын сыртынан кетирген кабарчынын колунан фотоаппаратты жулуп алган ден-сакчы күрсүлдөп кол көтөргөнгө чейин барган.

Анна Алина өзүнө үй-сатып алды
"Ассорти" тобунун солисткасы өзүнө жаңы бир бөлмөлүү квартира сатып алды. Москвадан 10 км алыстыкта жайгашкан үйдүн баасын ырчы жашырып, сыр кылып сактап келүүдө. Ал эми күйөрмандарга бул топтун курамын түзгөн сулуулар тез аранын ичинде үй-жайлуу болуп жаткандары табышмак болуп, мынча көп суммадагы акчаны кайдан табышат деп баш катырып жатышты эле. Буга да бат эле жооп табылды. Көрсө ырчы кыздар бош убактыларында саунага барып иштешет тура. Албетте, ал жерде төлөнгөн ири сумманы чогултуп, үй эле эмес, андан башкасын да алууга болот экен.

Александр Буйнов беш жашка жашарды
Кабарчылардын ырчыларга тынымсыз жайган торуна бул жолу Александр Буйнов түштү. Тагыраак айтканда, атайын уюшулган кабарчылардын тобу чыныгы жашын жашырышып, өзүн жаш кылып көрсөткөн атактуулардын айыбын ачышкан. Жакында эле Буйнов өзүнүн 53 жашка чыкканын белгилеген. Чынында ырчы 53 эмес 58 жашка чыккан. Мындай "жаш" ырчылардын катарына Маша Распутина, Татьяна Овсиенко кирет. Ал эми Яна Рудовская да эмнегедир өзүн жети жашка жашартып алган.

Жасмин үйлөнүү тойго даярданат
Жасмин өзүнүн сиңдисин турмушка узатуу алдында турат. Элла 25 жашка чыкса да, турмушка чыкпаганынын себебин, эжесинин тонун кийип, каардуу күйөөгө туш болуп каламбы деп чочулаганы менен түшүндүрөт. Бирок беш кол тең эмес дегендей Эллага жар болуучу жигитти Жасмин өзү элегинен өткөрүп, сынап көрүп купулуна толгондон кийин гана сиңдисине турмушка чыгууга уруксат берген. Сүткө оозу күйгөн ырчы учурда эки жагын абайлап, жети өлчөп бир кескенди эң мыкты өздөштүрүп калганын журналисттерге берген маегинде айтып өткөн.

Антон Зацепин жаңы клип тарттырууда
Жакынкы күндөрдө Мосфильмдин аянтында Антон Зацепин "Билем, бирге болобуз!" аттуу ырына клип тарттырып жатат. Бул клиптин идеясын, тартылышын, башкача айтканда бүт түйшүгүн өз мойнуна режиссер Резо Гигинешвил алган. Ал эми клиптин кыскача мазмуну мындай: жаш, сулуу кыз өзүн барктабаган, сыйлабаган жаман чөйрөдөгү жигит менен сүйлөшүп жүргөн болот. Ал эми аны бул тирүүнүн тозогунан жаш, адамегрчиликтүү жигит (Антон Зацепин) алып чыгат. Дагы бир белгилей кетчү нерсе бул клипте башкы ролду композитор Игор Крутойдун кызы - Виктория Крутая аткарат.


Атактуулардын ааламында
Толук аты-жөнү: Диана Френсис Спенсер, Диана Спенсер Виндзор
Туулган жылы: 1-июль, 1961-жыл Англия; Өлгөн күнү: 1997-жыл 31-август Франция. Бою - 178 см, салмагы - 56 кг . Үй-бүлөсү - күйөөсү Чарльз Уэлский, балдары - Уильем 1982-жылы 21-июнь, Гарри 1984-жыл, 15-сентябрь.
Прицесса Диана
Диана Френсис Спенсер граф Олтер Спенсердин үй-бүлөсүндө туулган. Апасынын туулган жери Ирландия болгон. Ал эми Елизовета II үй-бүлөсүнө жакын адамдардын бири. Диана алты жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кичинекей кыз агасы менен атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин кичинекей Ди Францияда бир нече жыл жашаган, ал жерден психологдун окуусун окуп, кайрадан бир кездерде өзү окуп бүтүп кеткен "Жаңы Англияга" мугалим болуп орношот. Ошол жерден Чарльз Уэлски менен таанышат, табиятынан кыялкеч Диана үй-бүлө күтсөм, балалуу болсом дегени менен ата-энеси кетирген катаны кайталоодон корко турган. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жылуу мамиледе жүрүп 1981-жылы баш кошушат. Алгач жашоосу өз нугу менен кетип жатса да бара-бара экөөнүн ортосундагы мамиле муздап, Чарльз Камила Паркер - Боулз менен Диананын көзүнө чөп сала баштайт. Бул аристократтардын бүлөсүнүн чачырабай кармалып туруусунун себеби, балдары Ульям менен Гарри болгон. Бирок, Чарльз Камила менен Дианага үйлөнгөнгө чейин эле ысык мамиледе болуп, үй-бүлө күткөндөн кийин деле көңүлдөшүнөн кол үзгүсү келбеген көрүнөт, бир убакта Диана айым кыялданган жомоктогу жашоо аягына чыгып, турмушу таза тозокко айланган. Күйөөсүнүн мындай мамилесине ызаланган Диана кызганычтын айынан бир нече жолу тамырын кыйып, төшүн тилгенге чейин барса да, таңкалычтуусу Чарльз буга эч кандай маани берген эмес. Эч кандай майнап чыгара албасына көзү жеткенден кийин Спенсер өз арбайын өзү согуп, жеке жашоосундагы депрессиядан чыгыш үчүн кедей-кембагалдарга жардам берип, жетим балдарга кайрылышып, кайрымдуулук иштер менен алек боло баштайт.
"Менин ошол кезде кызганычтан өзөгүм өрттөнүп турганын эч ким билбесе керек, күйөөм менен мурунку мамилемди калыбына келтире албагандан кийин андан албаган мээримди, жылуулукту карапайым, жардамга муктаж адамдардан алып, аларга керек экенимди түшүндүм - дейт Диана.
Ошол кезде өзүнүн кол астында сакчы болуп иштеген Барри Манаки менен жылдызы келишип, ортолорунда жылуу мамиле тутанат, бирок тилекке каршы, көп убакыт өтпөй эле Барри кызматынан үйүнө бара жатып автокырсыктан каза тапкан, мындай табышмактуу өлүмдүн күнөөкөрү ким экенин Диана эң сонун билип турса да, анын эч кандай далили жок болгон. Түгөнбөгөн тагдырдын тамашасы хан бийкени бул жолу да мыскылдаганыбы, айтор бул жолку көңүлдөшү Джеймс Хьют ал күткөндөй эмес, котур ташын койнуна каткан адам болуп чыккан. Тагыраак айтканда 1994-жылы "Ханбийкенин сүйүүсү" аттуу китеп жарык көрөт, анда : Хьюттун ханбийке менен болгон мамилеси толугу менен баяндалган, ал тургай кийинчерээк Гарри Уэльский менин балам деп жар салган. Мындай көрүнүшкө чыдабаган Чарльз Диананын каршы экендигине карабай ажырашат. Ушундан көп өтпөй ханбийкенин ахыбалын угуп-көрүп боору ооруганбы же ажарлуу айым аны да арбаганбы айтор, египеттик миллиордер Мохаммед Аль-Файеда аны Франциядагы вилласына конокко чакырат. Ал жерден Леди Ди Мохаммед Аль - Файеданын жалгыз уулу Доди менен таанышып көп убакыт бою ысык мамиледе жүрүшүп, үйлөнүүнү да пландап коюшат, бирок тилекке каршы бул жолу да тагдыр таш боорлук кылып, Диананын багын биротоло байлайт. Тактап айтсак 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз автокырсыкка кабылып, өмүр менен кош айтышат.
Бул трагедияга француздар үйүнөн чыккандан баштап мотоцикл менен акмалап, туш тарабынан тооруп келген кабарчыларды күнөөлөшсө, англиялыктар болсо кырсыкка лимузиндин айдоочусу күнөөлүү деп келишет. Ал эми Додинин атасы Аль-Файед мунун баарына Диананын күйөөсүн бүгүнкү күнгө чейин күнөөлөйт. Анын айтымына караганда Чарльз өзүнүн аялынын мусулман менен байланышы бар экенин укканда аябай жини келет. Диана Додиге чейин мусулман дининдеги хирург Хаснет Хан менен жолугуп жүргөнү маалым болду. Экөө кайсы бир убакта таарынышып кетип, аны кызгандырып, өзүнө кайтаруу максатында гана Доди Аль-Файед менен байланышканын Спенсердин жакын курбулары билдирген. Дагы бир таңкалыштуу далил өлөөрүнө жакын калганда Диана табышмактуу каттарды жазып, үйүнүн ар кайсы жерлерине таштай берген, ал каттардын биринде - "Менин жашоомдун эң коркунучтуу учуру башталды. Менин машинамдын тормозу бузулуп калат, капысынан кырсыктап каламбы деген ой мени мүнөт, секунд сайын акмалап келет. Эгерде мен жок болсом Чарльз менен Камиланын баш кошуусуна эч нерсе тоскоол болбос эле…" -деген саптарды кездештирүүгө болот.
36 жашка чыккан Диананын сөөгүн Нортхэмптонширге коюшуп, уулдары Ульям менен Гарри 31-августта сүйүктүү апасын жыл сайын эскерип турушат. Кызыктуусу Чарльз менен Камила үйлөнгөндөн кийин мындай эскерүүгө бир да жолу келишкен эмес. Эл баалаган, эл сыйлаган Дианага Чарльз эмне себептен мындай таш боорлук менен мамиле кылганы бүгүнкү күнгө чейин чечилбеген табышмак бойдон калды.

Даярдаган
Анара Дүйшөналиева










??.??