№12, 22.04.08-ж.
  Шыр маек

Назира Айтбекова:
"Кыргыздын Манасын, Каныкейин төрөгүм келет"
Чукугандай сөз таап, буудай кууруган тили менен жаштардын гана эмес, улуу муундагы инсандардын да көңүлүн өзүнө бурдуруп, бир канча ийгиликтерге жетише алган, "Хит параддын" бир убактагы булбулу, Ысык-Көлдүн аккуусу Назира Айтбекова 1985-жылы күркүрөгөн күздүн 7-ноябрында Бишкек шаарында төрөлүп, Балыкчыда чоңойгон. Бул кызыбыз кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Анда Назира Айтбекова менен болгон маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.


- Акыркы күндөрү булутка жашынган айдай болуп көрүнбөй кеттиңиз. "Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың" дегендей, деги кайда жүрөсүз?
- (Күлүп) Кимдин колун кармадым эле деппи. Чындыгында жоголуп кеттим. Себеби, Ата-түрк Ала-Тоо университетинде иштеп жаткандыгым десем болот. Бул жакта жаңы жолдор, долбоорлор болуп жатат дегендей. Мурунку ишиме салыштырмалуу келечектеги долбоорлор дүйнөлүк масштабда болуп жатат. Ошол нерсе мени аябай кызыкдар кылып, азыр ага даярдык көрүп жаткан учурум. Ошон үчүн Кыргызстандын ичинде көп билинбей деле калдым.
- Аталган долбоорлор жөнүндө кененирээк маалымат бере кетсеңиз?
- Долбоорлор дегеним, Түрк университетинде иштегендиктен түрктөрдүн конференциясынбы, концертинби, салтанатын болобу, баарын кыргыз- түрк тилдеринде алып барып жүрөм. Туркияда баалаган адамдар ошол жакка алып баруучулукка чакырып жатышат. Бул жакта алып барган концерттеримди дискке көчүрүп берип жибергем. Алардын баарын көрүшүп, баалашыптыр жана азыркы учурда түркчө алып баруумду, кыргызчанын деңгээлине жеткирейин деп жатам. Азыр түркчө китептердин баарын жайып алып даярданып жаткан кезим. Кудай буюрса майдын аягында Туркияга сапар алам.
- Канча убакка кетип жатасыз?
- Эми ай болобу, жыл болобу, анысы белгисиз. Эң алгач мени кызыкдар кылып жатканы, дүйнөлүк 200 өлкөнү тарткан түрк тилинен олимпиада болуп жатат. Бул олимпиада жыл сайын өтөт. Быйыл алтынчы жолку өткөрүлүшү. Мына Кудай буюрса ошол олимпиадага алып баруучулукка көргөзүлүп жатам. Ошон үчүн жан дилим менен даярданып жүргөн убагым.
- Ата-түрк Ала-Тоо университетинде кайсы сабактан окутасыз?
- Азырынча сабак берүүнү токтото турдум. Негизинен бул жактагы маданий иш чаралардын бардыгын көзөмөлгө алып жатабыз. Сабакка болсо кээде эле түрк тилинен кирип калам.
- Өзүңүз жаш мугалим болгондуктан артыңыздан чуркап, сөз айткан студенттериңиз да бар чыгаар?
- Башында келегенде 1-курстта окуган студенттер аябай кызыгып, "Оо Назира" экен деп, артымдан ээрчип, сүрөткө түшүп кызыкдар болгондор да болду. А азыр болсо көнүп деле калышты. Кадимки мугалимдей эле "саламатсызбы эже" деп сыйлап турушат. Анчалык деле чектен ашып кетишпейт. Бул жактагы студенттердин баары тартиптүү болгондуктан сыйлап гана турушат.
- "Хит параддан" кеткенден кийин сизди дээрлик көрбөй калдык. Сурайын дегеним Динара Эсенгулова менен мамилеңиз кандай?
- Динара эже менен мамилем өтө тыгыз, жакшы. Азыр дагы концерт болуп калганда мага байланышып, чогуу иштешип жүрөбүз. Ал чыгармачылык жактан эне катары мага аябай жакшы нерселерди үйрөттү. Дагы деле мамилебиз уланып келүүдө жана аябай жакшы деп айта алам.
- Сизди популярдуулукка жеткирген "Хит параддын" эсиңизде калган күндөрүнө бир кайрылып кетпейлиби?
- "Хит парадга" биринчи келген күнүмдү жакшы эстейм. Аябай коркуп, титирегеним азыркыга чейин жадымды. Анда чачым узун эле, ооруп жаңы эле турган кезимде чачым аябай түшүп калды. Чычкандын куйругундай болуп, тигиндей кылсам да болбойт, же мындай кылсам да жарашпайт. Анан салонго барып кестирип салгам. Досторумдун баарын бир бөлмөгө чогултуп, "Мен бүгүн телевизордон чыгам, мени көргүлө"- деп коём. Макияжым туура эмес болуп калганбы, айтор бетим балтайып, табактай болуп, көзүм бүтүйүп тим эле түрү суук кыз чыкты дейт досторум. Ошол учурда мага атаандаш болуп бир кыз да бар болчу. Мени таанышпай, "мынакей атаандашынын түрүн кара"-деп сөгүп отурабыз дейт. Бир кезде үнүмдү угуп Назира турбайбы деп өлөрчө күлүшкөн экен. Үйгө келсем апамдар да шылдыңдайт. Ошол күнү чыкканымды Динара эже кассетага жаздырып койгон экен, өзүмдү бир шумдук элестетип көрөйүн десем, бир эле түрү суук кыз. Жатып алып бир күн кечке "Эми чыкпайм" деп ыйлагам. "Көч бара-бара түзөлөт" демекчи, кийин баары өзгөрүлүп, эми такшалып, түзөлүп калганда тилекке каршы кетип калдым.
- Нурзат Токтосунова менен мамилеңиз жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Ошол жөнүндө өз оозуңуздан уксак?
- Элдин баары айтат Нурзат экөөңөр ит-мышык болуп, бири-бириңерди көрө албайсыңар го деп. Ал кептин чыккан себеби, бирөөдөн угуп калдым, бирок чынбы-калппы билбейм. Мен Нурзаттын ордуна "Хит парадга" келгенде ага мындай суроо берилген да. "Н.Айтбекованын алып баруу жөндөмүн кандай баалайсың?" дегенде мага жаккан жок дептир. Эми ал өз оюн айткан да. Демек, мен жакпасам жаккан жоктурмун. Мен аны эмнеге жаккан жокмун деп күнөөлөбөйм. Нурзаттын ошол сөзүнөн кийин "Супер Инфого" мага болушкан адамдардын каттары келген да. Ошондон жыйынтык чыгарган элдин баары экөөбүздүн мамилебизди жаман деп ойлойт экен. Чынын айтсам, анын мага болгон мамилесин кандай экенин билбейм. Мен ага ысыкмын деп да, суукмун деп да айта албайм. Ал дагы кыргыздын бир алып баруучусу. Мен да алып баруучумун. Болгону ошол. Ортодо эч нерсе жок.
- Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр деген сөз бар эмеспи. Сизде дагы тыйылбай жүргөн кыялдар бардыр?
- Менин тыялбай жүргөн кыялым бул эркелик. Чоңойдум, белим бешиктен чыкты десем да болот. Турмуш куруу мезгили келип калса да баары бир эркелик сапатымды такыр жоё албай келем. Биякка келип алып жумуштагыларыма эркелейм, үйгө барып апама эркелейм. Ошо эркелигим алиге чейин кала элек.
- Балдарга караганда кыздарда көрө албастык көбүрөөк учурайт. Сизде да бут тосуулар болбой койбосо керек?
- Андай нерселер турмушта көп учурайт экен. Ошондуктан мен кыздардан курбу күтпөйм. Бир убакта 3 кыз менен аябай катуу достошконбуз. Бирок, ортобузда келишпестиктер болуп кетип, сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп калбадымбы, айтор азыр кыздарга жакындагандан, сырымды айткандан корком. Ошол себептен жанымда тегеректеген жолдошторумдун баары эркектер. Анткени аларда ичи тардык деген нерсе жок. Өзүм да эркектей болуп далдаңдап жүргөндүктөн эркектердин мүнөзү мага аябай жакын.
- Кыздар менен мушташканга кандайсыз?
- Мен негизи тынчтыкты жакшы көргөн адаммын. Ошондуктан чатактан, согуштан, уруштан болушунча качам. Ал туура эмес жасаса да кечирим сурап, сиздики туура деп турам. Аялзаты деген менимче назик, кызыл гүл кандай болсо ошондой болушу керек.
- Долбоор деп жүрүп, эми телевидениеден алыстайсызбы?
- Телевидениеге барбайм дей элекмин. Азырынча тыныгуудамын. Кудай буюрса албетте кайтам деген оюм бар. Бирок аябай оор атмосферада кыйналып кеттим. Ошол жактагы көралбастыктан, бири-бирин жек көрүп тебелегенден ушунчалык чарчадым. Эфир алдына ар бири келип маанайымды бузуп кетишет. Жакшы алып барган күндө да бирөөгө жакпайт экенсиң. "Эмнеге Айтбековаң мындай, тигиндей?" деп кулак-мээңди жей берет. Динара эже да аябай кыйналып кетти. "Менин кызым силерге жакпаса, элге жагып жатат" деп калканчык болот. Көчөдө басып калсам элдер токтотуп алып батасын берет. Сонун каттарды, ыраазычылыктарды алам, анан эле өзүмдүн иштегендериме жакпай койдум. Ошентип жүрүп катуу ооруп да калдым. Бут тосуулар болуп кеттиби, эмне болгонуна өзүм да түшүнбөй калдым.
- Азыр эфирди сагынсаңыз керек?
- Аябай сагынам, көзүмдөн өтүп турат. Кээде телевизордон көрүп, кыргызчанын эки башын араң кошуп сүйлөп аткан алып баруучуларды көрүп зээним кейийт. Алардын ордунда мен болсом, мен ушундай сөз колдонмокмун, камераны мындай койдуруп сүйлөп, тияктан чыга калмакмын деп, идеялар келе берет. Азыр КТРге баргым келбегендин себеби, КТР, сахна мурда мен үчүн ушунчалык ыйык, такыр кол жетпеген бийик нерсе эле. Азыр болсо көчөдөгүлөрдүн баары эле мен артист болом деп ырдай алганы деле, албаганы деле, алып баралганы да, алып баралбаганы деле, таланты бары да, жогу да сахнаны тебелеп кетишти. Сахнага боорум ооруйт да. Мага бир ыйык эне сыяктуу. Барып алып аябай сылагым, эркелетип бөпөлөткүм келет. Көрүнгөндүн баары тебелеп атканга ичим ачышып, ошол кир жакка баргым келбейт.
- Кайсыл стилдеги кийимдерди кийгенди жактырасыз?
- Университетте иштеп атканыма байланыштуу студенттерге бир аз үлгү болушубуз керек экен. Ошондуктан классикалык кийимдерге таянып атабыз. Ага чейин негедир шымаланып алып, эркин жүргөндү жакшы көрөөр элем. Азыр кичине кызга окшоп, назданып көйнөк кийип калдым.
- Туркияга барып, түрк жигитине ашык болуп, биздин азаматтарыбызды зар какшатып койбойсузбу?
- Жок, мен өтө намыскөймүн. Өзүмдүн элимди, улутумду ушундай сүйөм. Ошондуктан дагы бир чоң максатым кыргыздын уулуна турмушка чыгып, кыргыздын Манасын, Каныкейин төрөгүм келет. Кыргызымдын керегине жараган уул-кыздарын көбөйтүшүм керек. Ошондо гана максатка жетем десем болот.
- Ошол максатты орундата турган жүрөгүңүздү ээлеген мырза барбы?
- Кандай десем. Азыр бир адам турат. Көңүлүмө бардык жагынан аябай төп келип атат. Көңүлүмө төп келген адам кандай болушу керек десең, эгерде мен анын алдында өзүмдү алсыз, эрке, кичинекей сезсем анда менин жүрөгүмдөгү мырзам ошол. Ал адамдын алдында өзүмдү ошондой сезип жаткандыктан, демек, ошол адам го менин жүрөгүмө эле эмес, маңдайыма да жазылган деген ой келип жатат. Анын баарын алдыда убакыт көрсөтөт.
- Кыздын бараар жери күйөө демекчи, анда жакын арада бойдокчулукка чекит коюлат турбайбы?
- Бойдокчулукка чекитти азырынча койбой турабыз го, "үтүр" эле болуп турсун. Анткени, башка дагы чоң иштерим болуп жаткандан кийин ага күйөөм, кайын-журтум кандай түшүнөт, билбейм. Ошондуктан азыр турмуш курууну ойлоно элекмин.
Маектешкен
Нурзат Жусупова