presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№12, 22.04.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык-жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Куликово талаасындагы куудул
Артистикке окуп жүргөн кезинде Асанкул Шаршенов сабактан кеч калса да, тамактан кечикпей мугалимдерден да ашпозчулар жакшы көрүшчү экен. Анткени, сууга жеткирбей эле кашык, табакты жалтылдатып тазалап, идиш жуугандарды көп кыйначу эмес тура. Бир күнү тарых мугалими Асакеден Куликово талаасындагы салгылашууну сурап калат. Доскеге чыгып, балдарды карап алып жооп бере баштайт: "Бир чоң дөбө бар экен. Эки падыша колдорун (аскерлерин) ээрчитип дөбөнүн эки жагынан чокусун карай сойлоп жөнөшүптүр. Ошентип эки падыша өтө жакын келип бирин-бири аңдып жатат. Аңгыча бир падыша тигинден мурун тура калып чокмор менен башка бир чапкан экен, тигил падышанын башы көтүнөн чыгып кетиптир"-деп класстагы балдарды жабылта каткыртыптыр. Балдар бүлкүлдөп күлүп жатса, мугалимдин өңү бузулуп:
- Кана, Шаршенов, мына бул китептен жанагы башынан немесин чыгара чапкан жерин таап берчи?-деп ачуусу келиптир.
- Агай, ошончо чапкандан кийин, башы каягынан чыкмак эле деп, агайынан "2" деген бааны былчыйта алып, төрт жыл окуп мындан жогорку баага көтөрүлө албаптыр, жарыктык…

Качанаак шайтан
Куудул, ырчы Кубик Калыковдун айтуусу боюнча кадимки Шайтан балалуу болуп, анысын көмүскө жерде көпчүлүккө көрсөтпөй багат. Бир күнү баласы торолуп басып, тили чыгып калгандыгынан эшикке алып чыгып айлана - чөйрө менен тааныштыра баштайт. Бул деген уулум Асман болот. Ал аябагандай чексиз, кең деп асманды көрсөтөт. Бул деген алманын дарагы, ал бышканда мөмө байлап, алма берет. Ал эми бул деп айтайын дегенде алдынан Адам чыгат. Үн, сөзү жок, артынан бурула берип, качып жөнөшөт. Жоо куугандай качып баратканына баласы түшүнбөй, "Эмне качып баратабыз, ата?"-деп сурай берет. Акыры далдоо жерге жеткенде, "Бул деген балам - Адам болот. Бардык жаман иштерди өздөрү жасап туруп, анысын бизге шылтап жиберишет. Биз ошон үчүн качып кутулдук"-деп сөзүн бүтүрүптүр.

Куйручуктун жоруктары
Каргашалуу 1916-жылкы Үркүндө эл менен кошо Куйручук да Турпанга үркүп барды. Базар аралап, элди күлдүрүп, азыноолак табылгасы менен айылын багып турду. Түкбаш деген чоң бай бар эле. Куйручукту биротоло базардан кууп чыкмак болуп тийишти. Жанына ыржактаган кошоматчы жигиттерин ээрчитип келди. Эл көп. Куйручук менен Түкбашты тегеректеп турушту.
Дөөгүрсүгөн Түкбаш:
"Кулагы жок чунак Куйручук,
Куйругу жок чолок
Куйручук.
Өйдө чыкса өбөксүз
Куйручук,
Ылдый түшсө жөлөксүз
Куйручук!
Арка кылаар элиң кайда?
Азык берер жериң кайда?"-
деп калат.
Анда тайманбаган куудул:
"Түкбаш мырза! Желиң чыкпай желпинип калган экенсиң! Угуп тур:
Кулагым чунак болсо
шумкарлыгым,
Куйругум чолок болсо
тулпарлыгым!
Кулагы узунду эшек дейбиз! Хи,хи!
Куйругу узунду ит дейбиз,
ме,ме, күчү-күчү!
Өөксүз өйдө чыксам өзөгүм
таза,
Жөлөксүз ылдый түшсө
жүлүнүм таза!
Өөк коюп өйдө чыкканды
оору дейбиз!
Жөлөк коюп ылдый
түшкөндү ууру дейбиз!
Арып-ачып алыстан
келдим,
Арка болуучу мына бул эл
ушул!
Тентип-тербип тегимден
келдим,
Эне болуучу жер ушул.
Жалгыз десең күнгө тилиң
тийгени,
Жарык берген дүйнөгө!
Жарды десең айга тилиң

тийгени,
Шоола чачкан дүйнөгө!
Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт.
Өйдөсүнгөнгө өр бар,
Өбөктөтөт да жүгүнөт!"
- Бали, дешти угуп тургандар Түкбаш Шыгайдын шымындай эле болду.
Ж.Кенчиев




Алланын өзүнөн сурайм…
Өткөн күндөрдүн биринде Абышка деген бийдин үйүнө Кочкор Эшен деген көзү ачык олуя келип калыптыр. Сый-урмат көрүп, чоң үйдүн капшыт жагын эшендер ээлеп: "Чүрпөмө тумар жасап бере көрүңүз, сол колум эле салмактанат дем салып берер бекен" деп түрдүү максаттар менен эшенге келип сыйынып жаткандар көп экен. Ошончолордун ичинде акча же мал кармап эшенден эч бир нерсе үмүт кылбастан, арткан тамактарын талаша-тартыша ичип, жеп жүргөн жалгыз гана Бекназар куудул болуптур. Бир күнү эл шарданы менен чөнтөгүндөгү эки сары чунактын бирин эшендин колуна кармата салып, колун куушуруп таксырдын алдына тура калыптыр:
- Эмне тилейсиз?-дейт Эшен.
- Өзүңүз кереметиңизди билип туруп эле сурай бересиз?
- Балдарыңызга өмүр тилейсизби?
- Балдар түгүл, энесине жетпей жүрсө сурайсыз да? Мен да үйлөнөйүн деген элем, бирок кайын энемди али тааный элекмин. Эгер кайын энем бар болсо, ал менин колуктумду төрөгөнбү же төрөй элекпи?
- Сенин кайын энең, колуктуң бар экенин Алла Таала өзү билет,- деди эшен жакасын карманып.
- Анда экинчи суроом. Мен келечекте акмак, алдамчы боломбу же адилеттүү акылман боломбу?
- Анын сага кандай кереги бар? -деп эшен ачуулана баштаптыр.
- Айып көрбөңүз, таксыр. Эгер мен алдамчы боло турган болсом, азыртадан баштап селделик үч-төрт ак мата таап алайын, жок адилеттүү болосуң десеңиз элдей талбай иштөөгө өзүмдү үйрөтө берейин деген ой.
- Мен сенин сурооңо түшүнбөйм, аны Алла Таала өзү билет?
- Анда, акчамды кайрып бериңиз, мен ошол Алла Тааланын өзүнө барайын- деп Эшендин оозунан сөзүн түшүргөн да, алар айыл которуп караанын көрсөтпөй жок болгон дешет.




Күйгөн мурут
Атама айтпай туруп мурут коюп алдым. Мурутуң майлуу, чайлуу болсун деп атасынан атайын бата алмайын илгери мурут койчу эмес экен. А мен анткен жокмун. Атам Долондун ары жагында, мен бери жагында жүрсөм, кубарымабы. Муруттуу болоюн десем, мурдум жырылсын. "Мага муруттуу жигиттер жагат"-деп Сүйүмкан көкүтүп атпайбы.
Кантем, коё бердим. Жаздын деминенби же кыздын кебиненби, мурутум дүркүрөп өстү да кетти. Болгону алтоо, жо-жок жетөө экен. Бирөө лишний, жулуп салдым. Теңдикти сүйөм, тең болсун, интервалды сактасын, ооп калбайын да. Мышыктыкындай сербейген мурутум Сүйүмканга жакты, Астапуралла. "Чынгыз ханым" деп тергөөчү болду.
- Эмне үчүн сага мурут жагат?-десем
- Эринимди эркектин "кистиси" кытыгылап турбаса, эркекке окшобогонсуй берет дебеспи.
Оозум "о" боло түштү. Сталиндикиндей болбосо да Чынгыз хандыкындай мурутумду чыйралттым. Кээде майлап койсом кундуздукундай кулпуна түшөт. "Күндө майлуу тамак жейт экен деп, эл ойлосун" деп жарым күрөшкө койдун майын тамакка кошпой катып койгом. Кудай уруп бир күнү тамекиге тыйын таппай жүрүп, көчөдөн бир бүчөк таап алдым. Күйгүзөйүн десем эле чыр дей түштү. Күзгүдөн карасам мурутум эле эмес, эриним кошо күйүп түшүптүр. Эч жакка барбай үч күн үйдө жаттым. Төртүнчү күнү чыдабай Сүйүнүмө барсам, ыраматылык Карл Марксты колтуктап кетип баратат. Ымандай сырым, заманга ырахмат, мурутума ырахмат. Эгер ал күйбөсө, Сүйүмканды сүйөм деп жүрүп, мен күймөк экенмин. Кудай колдойт деген ушу ничего, "не пуха, не пера". Мурут дагы чыгат. Эмкисин күйгүзө койбосмун.




Жүрөнөөк эр
Жүрөнөөк эри таң ата үйүнө келип аялынын жанына жата калат да аялынан жемени күтөт. Беш мүнөт, он мүнөт өтөт - аялы унчукпайт. Жарыкты күйгүзүп аялын караса көзүн ачып "Эмне болуп кетти?" дегенсип оодарылып жатып алат. Жарылып кете жаздаган күйөөсү аялына асылат.
- Сен эмне унчукпайсың, мен өлүп калсам деле сага баары бир экен го. Кечээ жумуштан чыгып жатсак…
- Билем-дейт аялы, - сен жумуштан чыгып жатсаң кошуна контора өрттөнүп кетип, сен ошол жакта өчүрүшүп жүрдүң туурабы?
- Кайдан билесиң, тобоо?
- Жанагы жардамчың таң аткыча жаныма жатып алып уктатпай күбүрөп чыкты.
- Эй, мен ал келесоону телефон чалып айтып кой дегем…

Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган А. Эркебай










??.??