presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№12, 22.04.08-ж.
  Дарамет

Замир мырза:
"Ар дайым музыка менен жашайм"
- Замир, окурмандарыбызга жакында боло турган концертиңиз туурасында айта кетсеңиз? Дегеле концерт кандай өзгөчөлүктөр менен коштолмокчу?
- Аталган концертим 29-30- апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Бул менин Бишкекте өтө турган алгачкы тушоо кесүү концертим болуп саналат.
Концерттеги өзгөчөлүк катары мен жаңы жана жакшы ырларымды, аны менен катар классикалык ырларды да жандуу аткарып чыгам.
- Сиз ырларыңыздын обондорун да өзүңүз жаратсаңыз керек?
- Ооба. Ырларга обон жаратам жана аранжировкасын да өзүм жасайм.
Негизинен мен сахна менен аралашкан алгачкы күндөн тарта бир топ ырларды жаратууга жетиштим. Бирок, убакыт чектелүү болгондуктан концертимде ал ырларымдын баарын аткарып чыгууга мүмкүнчүлүк болбойт. Ошондуктан эл жүрөгүнөн орун алган тандалган, жакшы делген ырларды ырдап, күйөрмандарыма жылуу, жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылам.
- Кичинеңизде спортко кызыкчу экенсиз. А ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз экен?
- Туура. Балалыгымда спортко аябай кызыкчумун. Эмне экенин билбейм, бирок кийинчерээк эмнегедир музыкага көңүл коюп, ага тартылып кеттим.
Кайсыл тармак көңүлүңө дал келип, жан дүйнөңө жакын туюлса, ошол жаатка өкүнбөй кетет эмессиңби. "Жети өлчөп, бир кесип", "Менин ордум музыка чөйрөсүндө экен" деген жыйынтыкка келдим.
Ошондон тартып, аруу кыялдарым акырындык менен ишке аша баштады. Мектепте окуп жүргөнүмдө Андрей Газимов деген жигит ырга шыктуу таланттуу балдарды топтоп, "Заман" деген аталыштагы топ түзүп калды. Мен да ошол топто солист болуп, ырдап жүрдүм. Шоу-бизнестин ой-кыры, табышмактуу сыры көп эмеспи. Кийин аталган топ таркап, андагы жигиттердин ар бири өз жолун таап кетишти. Мен да ошондон тарта жеке ырдап калдым. Андан соң, атам менин жөндөмүмдү байкап, 6-классымда Ибрагим Жунусовдун колуна тапшырган. Устат катары бул киши мени көп нерсеге үйрөткөнүн сыймык менен айтып келем.
- Жакында сиздердин продюсерлер менен болгон кагылышууларыңыздан учкай кеп сала кетсеңиз? Башкы талабыңыздар эмне эле?
- Ооба, таланттуу жигиттер менен Улуттук 1-каналда иштеген продюсерлердин ортосунда кагылышуу болду. Буга биздин Улуттк 1-каналдан ырларыбыз чыкпай калгандыгы башкы себеп болгондугун билсеңиздер керек. Чынында кийинки кездерде ал продюсерлердин тоскоолдугу аркасында биздин эң сонун клиптерибиз, ырларыбыз телекөрсөтүүдөн көрсөтүлбөй, радио уктуруулардан уктурулбай калган эле. Ошондон улам эл арасында: "Булар чыкпай калды. Сахнадан алыстап кетишти" деген да сөздөр болбой койгон жок. Бирок, биз чыгармачылыктан алыстабай, тескерисинче, чоң аракеттер менен иштеп жатабыз. Кандай гана тоскоолдуктар болбосун анык талантың болсо эл өзүнүн калыс баасын берип, таразалап алат деп ишенем.
- Эмнегедир анын жыйынтыгы чыкпай калгандай. Же сиздер оюңуздарды өзгөрттүңүздөрбү?
- Жок, биз баштапкы оюбуздан кайта элекпиз. Биз өзүбүздүн укугубуз боюнча аягына чейин күрөшөбүз. Анткени, баары эле үч продюсердин айтканы менен болуп, таланттуу ырчылар көмүскөдө кала бербеши керек. Биздин балдардын нааразычылыктарынан кийин аздыр-көптүр жыйынтыктар да болуп жатканын айта кетишим керек. Себеби, биздин ырларыбызды да телекөрсөтүүдөн бере башташты.
- Сиздер убагында жарк этип, жакшы эле чыккан элеңиздер. Балким, ал продюсерлер сиздерден кийинки жаш таланттарды чыгарып жаткандыр деген да ой кетет…
- Иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Ырас, жаш таланттарды ар тараптан колдоо зарыл. Бирок, ал продюсерлердин саясаты боюнча башкаларды эмес, "өз балдарын" көрсөтүш болуп жатат. Эгер алар баарына бирдей, тегиз караса кеп башка болот эле.
Ойлоп көрсөңүз, которулган ырларды хитке айландырып жиберип жатышат. Ошонун айынан өзүбүздүн композитор, акындарыбыздын эмгектери четте калып келет. Өзүбүздүн эстрадабыз өспөй, казактардын, өзбектердин ырларына муктаж болуп калгандыгыбыз- биздин трагедиябыз деп билишибиз керек.
- Айтсаңыз, сизди жумшактыгына жашынган ачуулуу мүнөзү бар дешет?
- Балким, ошондойдур. Бирок, мен ар дайым өзүмдүн ордумду билгенге аракет кылам. Анан да мен өзүмдү, чыгармачылыгымды баарынан бийик коём.
- "Кайып булак" тасмасына тартылган соң, сизди "Неляга арзып жүрөт" деген да имиштер тараган эле. Чындыгын өз оозуңуздан уксак?
- Чынын айтсам, Неля экөөбүздүн ортобузда сүйүү сезими жок. Биз жөн гана чыгармачылык байланыштабыз. Менде бат жанып, бат өчө турган сезим болбойт. Адамдын жеке мамилесине олуттуу түрдө жоопкерчилик менен мамиле жасайм.
- Сизге кандай учурда чыгармачылык эргүү келет?
- Кай бир чыгармачыл адамдар эргүү келиш үчүн ичип да, чылым чегип да, сүйүп да көрүшөт. Албетте, бул ичте катылган сезимдерди ойготушу мүмкүн. Бирок, мен эргүүнү күтпөйм. Эргүү сени эмес, сен эргүүнү кууп жетишиң абзел.
- Университетте мугалим болуп да эмгектенет эмессизби. Бул сиздин чыгармачылыгыңызга кедерги болбойбу?
- Тескерисинче, мугалимдик кесип менин чыгармачылыгыма чоң демөөр болуп, күч-кубат берип турат. Мен ар дайым музыка менен болом. Тартипти сактап, студенттер менен иштеше билем.
- Ырчы катары, агайы катары студент кыздар сизге арзууларын билдирип, азап чегишсе керек?
- Андай жагдайларга көп кабылууга туура келет. Кыздардын мага карата болгон сезимдерин туура түшүнөм жана өзүм да чектен чыкпай жүргөнгө аракет кылам.
Көп бийкечтер 14-февралда арзуу каттарын жазышат. Кээ бир ачык мүнөздөгү тартынбаган кыздар "Машинеңизге салып, бизди ойнотуп келбейсизби?" деп тийишип да калышат…
Баарлашкан НУР-КЫЯЛ




Кашыңызда олтурган селкинин кыймылы эмнени билдирет?
Аял - ызат жана урматка ылайыктуу асылзат. Анын кызматтарын баалабастык адамгерчиликке сыйбайт. Аялдын көз жаруу учурундагы чеккен азаптарын , тозоктуу мүшкүлдөрүн көз алдыбызга элестетсек, баланы бул жарык дүйнөгө алып келүү аял үчүн же өмүр же өлүм менен барабар экендигин эч бирибиз тана албайбыз. Аман-эсен көз жарып, чүрпөнү бооруна басып алгандан кийин дагы аны тарбиялап эрезеге жеткирип алганча оңой азап чегеби? Энени канчалык урматтасак да аздык кылат. Ошондуктан "Бейиш эненин таман астында", деп бекеринен айтылбаган чыгаар.

Жүзүн буруу, жер тиктөө
1. Бийкеч сезиминдеги ойлорун сизден жашыргысы келсе көзүңүзгө тике карабай жер тиктейт же башка тарапты улам-улам карай берет.

Жаак таянып олтуруу
2. Эгер аңгемелешип олтурган селкиңиз жаагын таянып же маңдайын сылай баштаса, баарлашуу маанисиз жүрүүдө деп түшүнсөңүз болот. Мындай учурда теманын багытын өзгөртүп, сөздүн нугун башкача баштоого тура келет.

Манжаны эринге жакындатуу
3. Колдун манжаларын оозго улам жакындатып же эринин кармалаган айымдын кыймылы кандайдыр бир жардамга муктаж экенинен кабар берет. Эгер баарлашуу учурунда дал ушундай кыймыл-аракетти байкап калсаңыз, селкиге колдоо көрсөтүүнү эсиңизден чыгарбаңыз.

Көзүн жүлжүйтүү
4. Маектешкен бийкечтин мындай көрүнүшү жанындагы мырзага ишенбөөчүлүк менен бирге шекшигенинен же сөзүңүзгө кошулбайм деген маанини туюндурат.

Чачын кармалоо
5. Баарлашып жаткан айымдын сөз ортосунда улам чачын кармалоосу сиздин сөзүңүздү уккусу келбегенинен же өз оюн ортого салгысы келгенинен кабар берет.

Эринди боёнун өзгөчөлүктөрү
Адам турмушунда эринди боёосу жазууну үйрөнүүдөн да мурда пайда болгон. Алгачкы ооз боёгу муз доорунда пайда болуп, муз арасынан табылган. Дал ошол күндөн тарта бул косметикага улам жаңылануулар киргизилип келе жатат.
Ал эми эриндин көлөмү көрктүү эмес болгон күндө да, аны ооз боёгу жана контур калемдеринин жардамы менен сиз каалаган көлөмгө жана түскө келтирип алууга болот.










??.??