presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
  Тагдыр

Селсаяктык… Акыркы учурларда күч алып, кыргызымдын намысын бийик көтөрө алган улан-кыздарыбыз көчөлөрдө, таштандылар төгүлчү жайларда, базарлардын аялдамаларында, подьездерде бүк түшүп, томолонуп, үй-жайы жок самсып, журтубуздун беделин түшүргөн "маңкуртчулукка" келип жеттикпи? Мындай жагдайларды көрүп, угуп отуруп зээниң кейип, көңүлүң чөгөт. Бир четинен буга ким күнөөлүү?... Түз агып бара жаткан заман агымы будуң-чаң болуп төңкөрүлүп, толкун урган кайыктай чайпалып, тагдырындагы сыноолорду көтөрө албай, эркинин боштугунун айынан ушундай башаламан жашоого бет алышууда. Айрым жаштарыбыз мындай жүрөк өйүткөн маселелерибиздин бар экенинен деле кабарсыз. Туугандары эмес, коомчулук, бийлик тарабынан да унутта калышкан бул инсандар кимдер? Мындай түбүң түшкөн, чагылгандай чартылдаган алаамат турмушка кантип туш болушкан? Бул суроого жооп табуу максатында селсаяктарды кепке тарттык.

Селсаяк же туңгуюктун тереңине кептелгендер…
Аялдаманын олтургучтарынан, таштандынын жээктеринин жанынан таң эртеден кыймылга кирген бомждарды кезиктирүү анчалык деле кыйын эмес. А дегенде эле Бейшеналиева, Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан шише издеген эки аялга туш келдик. Алгач таңыркай тигилип, кетенчиктегени менен эки айым бат эле кепке келишти.


- Ырас, чындап эле биз бомжбуз, мунун эмнесин жашырабыз. Биздин кейпибизди көргөн көпчүлүк үч метр алыстан жийиркене карап өтүшөт. Анткени, самогондун буруксуган жыты кийим түгүл денебизге да сиңип бүтпөдүбү. Бирок, билесиңби сиңдим биз деле адамбыз да…
Арык чырай бул аялдын аты Замира экен. Ал тагдырына наалыгандай улутунуп алды.
- Эжеке, аял үйдүн куту, балдардын ырыскысы дейт эмеспи, минтип көчө таптап жүргөнчө жылуу үйүңүздө оокат кылсаңыз болбойт беле?
- Эгер, үстүмдө үйүм болсо минтип аял башым менен ичкич болуп таштанды топтолгон жашиктерди аңтарбас элем…
Замира эженин тагдыры айтып олтурса өзүнчө эле арман экен:
- …Эки балам бар. Бир уул, бир кыздын энесимин. Мүмкүн мени тууган-туушкандарымдын жоктугунан пайдаланды окшойт. Чынында жолдошумдун оорукчан экенине карабай жактырып турмушка чыкканмын. Экөөбүздүн жылуу мамилебизде чынында чек жок эле. Таш боор ажал аны эртелеп бул жарыктыктан алып кетти. Үйдөн какшанган кайненемдин заар тили денеме уудай тарап баратканда чыдабай, үстүмдө кийип турган кийимим менен гана чыгып кеткем. Андан бери бир топ жыл өттү, кайрылып кайра барбадым. Башында бул жашоого көнө албай балдарымды эстеп сыздачумун. Азыр баары унутулуп баратканы менен көөдөнүмдөгү калдайган жара эч качан айыкпасын билем.
Замира эжени эш тутуп, чогуу жүргөн Зарема эжекенин тагдыры, атап өткөн эженин тагдырына үндөшүп кетет. Бул айымдын турагын күйөөсүнүн бир тууган иниси же кайнагасы тартып алыптыр. "Жалгыз кызымды багам деп, мен иштебеген иш калбады" дейт, мууну бошой көзүнөн жашын сүртүп жаткан эже. Кендирин кескен жокчулук жүгүн артып турган заманда кызым күйөөгө чыкты. Алгач ижарага берилген жер тамда турчумун. Кийин болсо моминтип, - деп көзүнөн жашы куюлуп кетти.
- Зарема эже, кызыңыздын туруктуу үйү барбы?
- Ал азыр Таласта турат. Жашоолору жаман эмес. Болгону, мендей селсаяк энеси үчүн кызым жек көрүнбөсүн, деген ойдо катташпайм. Кызым байкуш кез-кезде менден кабар алып келип кетип турат.
- Көмөк көрсөткөн адам болсо, мурунку калыбыңызга келет белеңиз?
- Ал бизге жомок сыяктуу туюлат. Бирок, куураган кулкун айынан бул жашоодон кайтуу кыйын. Чолок жашын сүртүп жаткан аял шаша:
- Кызым, акчаң болсо бизге нан менен самогонго жете турган акча таштай кетпейсиңби? -деп калды.
Мындайда кандай жок дейсиң, сураган акчасын колуна карматып андан ары жөнөп кеттик.

үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы…

Андан ары шаардын ар кай жерлерин кыдырып баратып таштандылар төгүлчү жерден Акыл аттуу кишиге кез келип, аны кепке тарттык. Жанагы айымдардан да тагдыры татаал көрүнөт. Бирок, көргөн күнү алгач темир тордон башталып эми минтип кара курсактын көйгөйү, -дейт, баштыгына буруксуган эски калдыктарды салып жатып.
…Башында үстүмдө үйүм алдымда машинем, анан колуктум бар эле. Баары кызганыч айынан болгон. Ойлоп көрсөм, мен чекте жок кызганчаак экем. Анда машинем менен адам ташуучумун. Жолдо машинем бузулуп калып Балыкчыдагы үйүмө эртеси кечинде бардым. Барсам аялым жок, өзүмчө ар демени бир ойлоп кыжырым келди. Колуктум караңгы коюуланып калганда бир эркек менен чогуу үйгө кирип келбеспи. Экөөнүн күлкүсү тим эле таш жарат. Менин үйдө экенимди көргөн жубайымдын жүзү заматта мостое түштү. Анткени ал менин кызганчаак адатымды жакшы билчүү. Тиги жигит дале күлкүсүн тыйбай мени менен учурашууга кол берейин деп, жакындай келгенде, эч нерсеге үлгүртпөй мойнун катуу толгоп жибердим. Аялым ортого түшө калды. Бирок, кечигип калган эле. Бир заматта эмне болуп кеткенин өзүм да билбейм.Тиги бала ошол бойдон көзүн ачпады… Көрсө, бейтааныш жигит колуктумдун бөлөсү экен… Андан кийин эң оор жаза менен 23 жыл эркимден ажыратылдым. Азыр болсо айылыма барышты деле ойлобойм. Болгону эптеп кара курсакты тойгузуп жашап жүрөм -деп сөзүн аяктады.

Жыгачтын жумшагын курт, адамдын жумшагын адам жейт экен…

Андан обочороок жерде токмоктон көзү шишиген Садык аттуу жүдөңкү киши жаныбызга чукул келгенинен аны сөзгө тарттык…
"Жыгачтын жумшагын курт, адамдын жумшагын адам жейт." Бул сөздү менин айтайын дегеним, мүнөзүмдүн жумшактыгынын айынан, баа жеткис алтын күндөрүмдү моминтип көз ачылбаган селсаяк жашоодо өткөрүп келем. Эркекти эр кылган да мобу кейпимдей (тамтыгы калбаган кийимин көрсөтө) жер кылган да аял тура…
Таяк жегенден шишиген көзүн жүлжүйтө ойлонуп кеткендей болду. Өзүн Садык деп тааныштырган бул байке, жолдун аркы бетинде бараткан милиция кызматкеринен жүзүн калкалай башын жерге салып, сөзүн андан ары улады.
…Башында телегейим тегиз, жашоом ойдогудай эле. Жубайым Майрам энем экөөбүздүн мал алабыз деп чогулткан акчаны алып шаарга келе берген. Анын артына келип, кайра Токтогулга кете албай калдым.
Ушул жерден Садык байкеге суроо узаттык.
- Байке, артынан келгениңизге караганда жубайыңызга акчаны өзүңүз алып бердиңиз беле?
- Кайдан, Майрам мени менен да макулдашпай туруп түйүлгөн акчаны уурдап шаарга келе берген. Энемден уялганымдан кантейин. Чогуу бир төшөктө бут сунуп жашап жүргөн аялымдан мындайды күтпөгөм. Көп өтпөй анын "унаа жуугуч" болуп иштеп жатканын угуп, артынан издеп келдим. Айтылган дарек боюнча, кебелбей иштеп жүргөн жеринен жолуктум. Мени көргөн Майрам, даакыланып жок сөздөрдүн башын чаргытып олтуруп жанына жолотпой койду. Менин жумшактыгым ай, айтаар сөзүмдүн баарын ичиме жутуп алгандай турган ордумда дал боло, анын узатып кала бердим.
- Арак ичип, селсаяктар тобуна кошулуп калууңузга эмне себеп болду?
- Албетте, намыс. Ырасында Майрамдын наадандыгы.
…Эх күндөр, күндөр!.. Бири-бирине окшобогон татаал тагдырлар. Мен кайгымды ачуу суу менен унутайын дегем. Мына кайрадан сезим жараатымды эстөөгө аргасызмын. Жанымды жалынсыз өрттөгөн кайгымды кимге айтам?... Эгер жанымда сүйүктүүм Жанара болсо, өпкөлөп ыйлап, көңүлүм ачылат беле.
- Сиз атап өткөн айымды кайсы убакта кезиктирдиңиз?
- Аны дал ушул жерден селсаяк жашоомдон кезиктирдим. Караан түндөй кайгымды, өкүнүчүмдү жан шеригим Жанарага гана айта алам. Аны менден талашып туугандары эки ирет алып кетти. Жанарам кайрадан кайтып келсе, куураган самогонду таштап, Токтогулга энеме кайрылып барып жашоомду кайрадан баштайм. Апам байкуш кантип калды экен... О жүрөгүм көөдөнүмө батпай жара тээп кетчүдөй, акыркы күндөрү жалгыз үмүт менен жашап келем, ал Жанара...
Эгер менин сөзүмдү гезит бетинен окуп же бирөөдөн угуп калсаң сөзсүз кайрылып кел! Чыдамсыздык менен сени күткөн Токтогулдук байкең - дейт, жашын сүртүп жатып.
- Анда сүйүктүү Жанараңыздын айынан келтек жегенсиз го?
- Андай болсо жакшы болмок. Түнү төрт баладан токмок жеп калдым. Алар мени акча бергин деп талап кылды бизде кайдагы акча… Болбосо кейпимди оңдоп, бир аз оңолгондой болуп калдым эле. Мүмкүн, сүйүүнүн күчүдүр. Бирок, Жанарамды эжеси алып кеткенден бери кайрадан иче баштадым…
Мезгил өтүү менен тагдырдын сыноолорун көтөрө албай ачууга алдырып, заманы тарып, тайгак жолго бет алып, жашоодон тажап буюккан учурда туугандары жардамга келбей, тагдырдын катуу соккусуна туруштук бере албай акыры бомж же селсаяктыкка кадам таштап, өз бактысына өзү кайдыгер карап, үмүттүн шоолалары күңүрттөнүп жашоо кечиришкен инсандардын саны арабызда арбын эле экен. Бомждардын ар бир күнү ачуу суудан башталып, аны ичпей койсо башы оорусу айыкпайт. Азыр кайда барбагын, мейли базарга, мейли көчөдө болбосун таңдан заарга кечке чейин кыбырай таштандыларды аралап жүргөн бул адамдарды көрүп кылымдарды карыткан кыргыздын кыйрап баратканына күбө болосуң.

Даярдагандар
Ч.Абдраева, М. Сатарова










??.??