presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
  Ой тобоо!

Өтө Таңкалыштуу адамдар
Тырмагы узун адамдар
Эң узун өстүрүлгөн тырмак боюнча дүйнөлүк рекорд Солт-Лейк-Сити шаарынын жашоочусу 65 жаштагы Ли Редмонтко таандык. Бул айымдын тырмактарынын жалпы узундугу 7 метр 51 сантиметр болуп, өткөн жылы чыгарылган Гиннестин рекорддор китебинин акыркы басылышына киргизилген.
Узун тырмак өстүрүүнү жакшы көргөн дагы бир адам Шридхар Чайллал. Бул мырзанын тырмактарынын жалпы узундугу 6 м, 15 см болуп, тырмак өстүрүүнү 23 жашында баштаган. "20 жашка келгенде 1 м узундуктагы тырмак өстүргөн индус жөнүндө окуп, мен андан да узун өстүрөм" деп айткан рекордсмен.




Эң чоң алакан
Улуу Британиянын жашоочусу Хусан Бисад өзүнүн эбегейсиз чоң алакандары менен белгилүү. Ортон манжасынан билегине чейинки узундугу 26,9 см түзөт.

Өзүнүн бою менен сыймыктанган кыз
Индиядагы Нагпур шаарында жашаган Йоти Амгэ дүйнө жүзү боюнча эң кичинекей кыз болуп эсептелет. 15 жаштагы мектеп окуучусунун бою болгону 58 см жана салмагы 5 кг ды түзөт деп билдирет Telegraph. Амгэ ахондроплазия деген аталыштагы эргежээл оорусунан жапа чегип келет. Бирок ошондой болсо дагы кызга атактуу болгон жагат. "Мен өзүмдүн кичинекей болгонум менен сыймыктанам, анткени мага адамдардын көңүл буруусу жагат"-деп мойнуна алат. Йоти жеке мектепте өзүнүн курбулары менен билим алат жана атайын арналып жасалган партада олтурат.

Чыпалак киши
Индиянын Нью-Дели шаарынын жашоочусу Гуль Мохамеддин бою абдан кыска болгон. (57 см) 1997-жылы жүрөк оорусунан каза болгон.

Эрте картайган наристе
Энесинин оорусуна байланыштуу (кээ бир маалыматтар боюнча спирт ичимдиктердин натыйжасында) Австрияда бою 25 см, салмагы 1 кг 733 грамм болгон ымыркай төрөлүп, тез эле картайып кеткен.

Эң узун
Радхаканта Баджапан аттуу адамдын кулагынан өскөн чачы 13,2 см болгон. Ушул эле категориядагы дагы бир адам индиялык Би Ди Тьяги. Бул адамдын кулагынын чачы 10,2 см.

Мурду Эң узун
XVII кылымда Бремен шаарында жашаган Густав фон Альбаха аттуу манаптын мурду адаттан тышкары да узун болгон. Густав абдан тамашакөй болгондуктан ар түрдүү карнавалдарга катышып, көпчүлүктү, айрыкча жаш балдарды күлдүргөн.










??.??