presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
  Бешене

Баламды көрө албай…
Жашоого келген ар бир адамдын артында калаар изи наристе эмеспи. А мен өз канымдан жаралган баламды көрө албай жүргөнүмдүн өзү кандай кордук… Атанын каңырыгы түтөй оор үшкүрүп алды. Жол боюнда ойноп жаткан быйтыйган кичинекей балдарды карап, өз наристесин көрө албаганына ичи жалынсыз түтөп баратты…

Ачуу кыйкырык
Сабыры суз үйдө жалгыз олтурган Замир үмүт менен чөнтөк телефондон кимгедир кайрылып жатты.
- Жазгүл, мен канымдан бүткөн наристемди гана көргүм келет. Сенден андан башка эч нерсе сурабайм. Баламды гана…
Байланыштын аркы жагындагы адамдын ачуу чаңырыгынан колу калтырай телефону түшүп кетти. Жигит капысынан муш жеген баладай турган ордунда селейе калды. Үмүттүү тилегинин быт-чыты чыгып, эшикке көңүлсүз чыкты. Замир кайдадыр максатсыз эле бара жатып, жол боюндагы эч нерседен капарсыз ойноок балдарды карап, өз баласын ойлоп каңырыгы түтөп кетти. Көрчү аял затынын таш боордугун, чын эле баламды көрбөй каламбы? Ал менин балам экени анык эмеспи?
Мындан аз убакыт мурун эле өз бактысына ыраазы болчу. Көңүлдүү кызматы, анан кашында жубайы бар эле. Анан эмне болду? Баардыгы болбогон нерседен башталды.

Баары кийин болот
Жумуштан чарчап кирип келген Замир заары жүзүнө чыгып турган аялын көрүп, көңүлү чөгө түштү. "Мына дагы бекер концерт башталды" деди ичинен. Баш кошуп бирге түтүн улагандан бери мурдагы сылык мүнөзү жоголуп, тажаал адамга айланып бараткан эле. Бардар үйбүлөдө чоңойгон Жазгүл турмуштун оош-кыйышын, бар жогун түшүнө берчү эмес. Жумушунан келген Замир кабагы түнөргөн аялын карап:
- Сага эмне болгон? - деди жайдары.
- Көрбөй турасыңбы?..
- Айтсаң боло, эмне болгонун? Кийинки күндөрү мурдагы сылык мүнөзүң жоголуп бараткандай , -деди тамашага салып. Терс бурулуп алган Жазгүл үн каткан жок. Колуктусун өзүнө каратты да, анын ыйлап жатканын көрүп таң кала:
- Бул кандай жоругуң? Сени бирөө капа кылдыбы?
Жазгүл кучактап турган Замирди артка карай түртө салды да:
- Сурап коёсуң да? Ушинтип жүрө бер… Өзүңдү гана ойлоп! Сен мени да, ичимдеги баланы да ойлобойсуң? Ашкананы карачы, жээрге эч нерсе калбады? Колуктусунун жоругуна түшүнө бербей:
- Каалаганыңды сатып жей бербейт белең, акчанын баары сенде го?
- Кыйраткан акчаң бар беле? - деп кыйкырып жиберди.
Бул ирет Замирдин ачуусу келсе да кармана:
- Ушунчасына сабыр кылсаң боло, баары кийин болот да…
- Мага үйлөнгөндөн бери сен эмне кылып жыргатып койдуң? Качан, качан баары болот? -деди заар тилин агыта. Жадагалса жакшыраак киерге да кийимим жок.
- Билесиңби, менде сен каалагандай байлык болбогону менен сага деген тунук сезимим чексиз. Кечирип кой сен каалагандай бай күйөө болуп, алтын-күмүшкө орой албаганыма. Бирок, мен сени…
- Бага албасаң… Эми балада эч кандай акың жок!
- Эмне-е?
- Ошол, укканыңдай! Замирдин жүрөгү лакылдап эми кармана албай калды. Өзүн карай чердейе бөйрөк таянган аялын жаактан ары чаап жиберди. Анан үйдөн чыгып көчөнү каңгырап максатсыз эле ары-бери бир топко басып жүрдү. Ал күнү ичиндеги кайгысын унутууга бир бөтөлкө ачуу суу сатып алып жүрөк музун ээритмекке кайра-кайра ичип олтуруп бак четинде уктап таң атырды. Таң эрте башы ооруп үйүнө келсе Жазгүл кетип калган экен. Өзүнө тийиштүү буюмдарын койбой алып кетиптир. Жигит каңгыраган бош бөлмөдө башын мыкчып олтуруп калды.

Балам сен бала бага албайт экенсиң
Ушундан аз күн өткөндөн кийин Замир Жазгүлдүн иштеген ишканасына барып колуктусунун көз жарганын укту. Жазгүл менен чогуу эмгектенген кесиптештери Замирди көрүп кубанып кетишти.
- Мынакей бактылуу ата!
- Жазгүл көз жарганын биз да угуп алдык.
- Уулду болушуңар менен!.. Замир кубанганычын жашыра албай апкаарый түштү.
- Сүйүнчүңөрдү берейин мынакей, -деди кубанычын жашыра албай, чөнтөгүнөн акча сууруп чыга. Көкүрөк толго сагынычта Замир, Жазгүлдүн ата-энесиникине барса, эшикти кайненеси ачып, мыскылдай, саламына дале алик албастан:
- Сен капа болбо, Замир бу бала бизде эле калсын!.. - деди ачык эле. Камырабай кайра үйүн жаңсай:
- Келгениң жакшы болбодубу. Бала жөнүндө ийри олтурсак да түз кеңешели, Жазгүлдүн болсо сени жанына жолоткусу тургай көргүсү жок.
- Ой, эне, ал эмне дегениңиз? - Замир таң кала тиктеди да:
- Мен өз боорумду бирөөгө берип коембу? Жок, жок. Мен эч убакта антпеймин!
- Балам, сен бала бага албайт экенсиң! - деди чекирээ караган кайнене. Замирдин чындап итиркейи келди. Жүрөгү кандайдыр куу чеңгелге кабылгандай кысылып, артына кетенчиктей жөнөдү.

Кусалуу ата
Көчө бойлоп кетип бара жаткан. Капысынан жолдун аркы бетинде оролгон чүрпө көтөргөн аялдын бара жатканын көрө калды. Баскан кадамы дал Жазгүлдүкүнө окшош экен. Мүдүрүлө калганына карабай чуркап баратып:
- Жазгүл!
Болгон жапайы үнү менен бир кыйкырып алып, келиндин артынан тызылдай чуркап жөнөдү. Жетип барып каруусунан алып өзүнө карата берди да шалдая туруп калды. Жок, ал таптакыр башка адам экен.
- Кечиресиз, мен… мен сизди… Бирөөгө окшоштуруп… Жүрөгү куушурула кысылды, каңырыгы түтөп, көзүнүн кычыктарына жаш толду. Күбүрөнгөн Замир ымыркайдын жытын сезе койду да келиндин колундагы наристенин уктап жатканын көрүп, андан көзүн албай катып калды. "Өз канымдан жаралган менин балам да ушинтип чоңоюуп жаткандыр."
Буулуккан жигит ушул ойдо, көзүнүнүн чарасынан жашы калкып терс бурула кетти. Бул атанын балага болгон кусасы, сагынычы эле...

Даярдаган Чынара Абдраева,
Сүрөттү тарткан Эркебек Жекембаев



(Башталышы өткөн
сандарда)
Эх, ушундай эркелей турган, мага түшүнгөн жигитим болсо... Бахиддин элеси көз алдыма тартылып, анын бая жинди өңдөнгөн жылмаюсу көз алдыма келди да, Азиз экөөнү көз ирмемде салыштырып жибердим. Чынымды айтсам, Бахид мага мындан кыйла бийиктей көрүндү. Ал Азиздей жөнөкөй эмес, менден башка эч бир кызы түшүнө алгыс татаалдай сезилди. Бир эсе сыймыктанып кттим. "Мен эч кимге эч качан окшошпогон адамды сүйөм",-дедим өзүмө-өзүм. Мени Азиздин:
- Жарайт, жолдош камандир,-деген тамаша менен коштолуп айтылган сөзү чочутуп жиберди. Мен башымды өйдө көтөрдүм. Үчөөбүз тең күлүп жибердик.
- Сага күлүп жүргөн жарашат, - деди Арзыкан. Ушинтип өзүңдү шайыр алып жүрсөң ооруну жеңесиң.
Муну мен деле билип турам. Бирок ичтен жеген курттай башымды уялаган санаа мени өзүнөн куткарбай койду го.
Аларга көпкө жолтоо болгум келбеди. Анын үстүнө көңүлүм кичине сергий түшкөндүктөн, талыкшып уйкум келгендигин байкадым да, тигилер менен коштошуп бөлмөгө жөнөдүм. Уйкум келди деген менен көпкө уктай албадым.башымды ар түркүн ойлор аралайт. Көбүнесе Бахидге таандык ойлордун аягы кандай бүтөөрүнө кызыгам. Бирок кантип бүтөөрүнө көзүм жетпейт. Ар түркүн кыялдарга батам, аягы эмнегедир чындыка окшошпойт. Ушинтип түйшөлүп жатып уктап кетиптирмин.
Ойгонсом күн жаңы чыгып келаткан мезгил экен. Ордуман шар турдум да, кийинип болгон соң, бети колумду жууй электе эле, мугалимдердин бөлмөсүнө бардым да, мени үйгө жиберишин сурандым, негизинен башымдын катуу ооруп жатканын шылтоолодум. Мугалимдер жөн гана тизмеде жүргөндөрдү жакшы көрөк беле, кутулганча шашышты. Мени бекер жумуштан бошотушпагандыгын эскертип, сөзсүз деканатка справка тапшырып коюшумду өтүнүштү.
Үйгө даярдандым. Өзүм тааныгандардын баары менен коштоштум. Арзыкан айткандай, Азиз мени үйгө чейин жеткирип коймок болду. Жашырбай айтканда, өзүм жете алмак эмесмин. Жүктөрүм абдан оор экен. Ушунун баарын кылган "мамам" деп апамды ичимден тилдеп коём. Болбосо эл катары эки сыйра кийим менен келе бермекмин да, Азизге жалдырамак эмесмин. Арзыканды сыйладыбы, же өзүнүн сөзүнө турайын дедиби, айтор Азиз мени үйгө чейин жеткирип койду.
Үйдө мамам бар экен, ал мени көргөндө ушунчалык жадырап-жайнап тосуп алды. Эң таң калыштуусу мен аны мурдагыдай кучактап учурушканым менен берилип, боорума кысып өпкүлөй албадым. Өзүмдүн эркимен тышкары бир күч тургандай салкын учураштым.
- Сага эмне болду? - деди апам менин мындай аракетиме абдан таң калып.
- Билбейм, башым ооруп жатат - дедим сыр билгизбегенге аракеттенип. Ошол эле замат апам мурдатан берки алыш-бериши бар бир врач эжеге телефон чалды. Экөө көпкө сүйлөштү. Апамдын мүнөзүн билем, ал менин ал-баламды болушунча көбүртүпжабыркатып түшүндүрүп батыраак келип калышын өтүнгөнүн мен өз бөлмөмдө жатып эле туйдум. Бир саат айланбай ал дагы бир таанышын ээрчитип келди. Үчөөлөп көпкө сурашты. Деги баржңдык ал-абалымды өздөрүнчө аныктап билишти окшойт, эки врач акылдашып нервге суук тийген деген бүтүмгө келишти. Апамдын оозу ачыла түштү, буга мен да таң калдым. Себеби мага суук тийгизмек турсун, үлп эткен желден сактоочу апам мени жекире бир карап алды да, анан мага:
- Сен айыл-чарба жумушуна барып суук тийгизип алган турбайсыңбы? - деп урушчудай болуп даярдана баштаганда курма эсиме түштү. Ар жак бери жакты байкабай эле:
- Дубаланган курма жегем, ошондон бери ушинтип.... - Мен чын сырымды айтканым менен врачтар келесоо болгондой бир карап алышты да, күлүп жибериштии. Ызаландым. Алар кызыңды эртерээк дарылоо керек дегендей бирин бири карап, ошол көз караштан түшүнүштү окшойт, чыгып кетишти.
Кечинде жумуштан атам келди. Мен бул мезгилде төшөктө жаткан элем. Ал алгач мени байкабай эле, өз бөлмөсүнө кирип, кийим которуп, ала келген гезитин колуна кармап ашканага кетти.
- Сага эмне болду? Жумуштан бирөө менен уруштуңбу? Карачы көзүңдү, ыйлап отуруп тоодой болуп шишиптир. Ашканадан атамдын биресе таң калган, биресе апама боору ооруган үнү угулду. Баятан дабышы чыкпай жаткан апамдын ыйлап отургнын эми билдим.
- У-уу! - У - уу, - апам жаш баладай өңгүрөп кирди.
- Эй, эмне болуп кетти сага, мынча солууктап ыйлагыдай. Бирөө менен уруштуңбу?...
- Жок, - деди апам ый аралаш.
- И-йе, айтпайсыңбы аан кишинин шаштысын кетирбей?!- атам оор үшкүрүндү,апамдын ушундай ыйы дайыма тажаткансып. Мен атамды элестетип турдум, мындай учурда колун шилтеп, башын чайкап, кбагын чытып жер тиктеп отуруп калчу. Ыйлап отуруп бугу чыкканбы, же атамды кыйнагысы келген жокпу, мурдун шу тартып кепке келгени сезлилди.
- Кызың келиптир ооруп, тигил үйдө баш көтөрө албай жатат. Врачтар нервине суук тийиптир деди. Апам дагы кошуп көбүртүп-жабыртып айтып жатканын түшүнүп турдум, анткени анын артынан дагы бир нерселерди шыбырады. Атам аягына чейин уктубу же укпай эле түшүндүбү, айтор мага келди да:
- Эмка, эмне болду сага? Башың кандй ооруп жатат? Эмнеден кийин минтип ооруп калганыңды билесиңби?... - Атам чекемен сылап, кадим секелек кезимдеидей эркелетти. Ал минтип эрклетип жатканы менен анын артында суроолоруна жооп күтүп жатканын сезип турдум. Шыр жооп берүүгө күчүм жетпеди, сүйлөйүн десем тамагым ыйга буулуп, жүрөгүм эрркегенден улам кысылып кетти. Бул учурда ашканадан бери чыгып калган апам:
Агаа кошумча кылуу зарыл эмес экендигин сездим, ушуну менен сөз бүттү. Чынында мен өзүмдүн кантип, эмне себептен ооруп атканымды жакшы эле айтып берүүгө камдангам, бирок атам деле кадим апамдай кабыл алат деген ишеним жеңип кетти.

Баарын, көргөн билгенимди төкпөй-чачпай айтып берсемби деп ойлогом. Ан үчүн көп убакыт керек жана да, эң башщкысы атам шашпай угуп, анан менин сөзүмө ишене турганына күмөн санадым. Мени тартынкан дагы бир жагдай, апамдын түшүндүрмөсүнө көнүп клган атам менден чегип эч нерсе да сураган жок. Мен болсо өзүм каалап турсам да атам сурабагандан кийин баарын чечилип айта албадым.
Айткым келип турду, бирок жан дүйнөмдү тиреп, көөдөнүмдү жарып көз жашка айланып жаткан ошол ал-абалымды кантип, эмне менен түшүндүрүп, кандай жол менен жеткирүүнү билбедим. Мурда бул темада атам менен сүйлөшпөгөндүктөн, мен ушундай курма жеп алып ошондон улам бирөөнүн азабын тартып жүрөм деп кантип айтам? Балким Бахид курманын дубаланганы тууралуу өз сезимин билдириш үчүн жөн эле айтып койгондур. Жана бир жигиттин айынан ушундай ооруга чалдыкканымды, ошонун айынан көз жашым кургабай кыйналганымды өзүмдү төрөгөн, кыз сезимин башынан өткөн апам туура кабыл албагандан соң, ошондой эле өзүмдөгү абалды апама жеткирип айта албагандан кийин атама ал жөнүндө чечилип айтвштан тартындым.
Апам экөөбүздүн ортобузда ымандай сыр төгүү, эне менен кыздай сырдашуу буга чейин болбогондцуктан, ичимдеги бугумду ага жеткирип айталбайм. Айткым келет, мени чочутуп койгону, апамдын курманын дубаланышы тууралуу окуяны чындык катары кабыл албаганы. Башынан атамдын эрке кызы болуп, ага жакын болгонум менен мурда мындай темада сырдашып, аны-муну сүйлөшүп көрбөгөндөн кийин көөдөнүмдү жеген бул окуяны, аялзаты гана аңдап биле турган кызга таандык мындай жан дүйнөнү кантип түшүндүрөөрүмдү билбедим. Билинбей көөдөнүмдү жеп жаткан ушул көрүнүшкө жооп таба албагандан соң, өзүмдү бул жашоодо байкуш экенимди дагы бир жолу сездим, жалгыз экениме дагы бир жолу өкүндүм. Жүрөгүм кысыла түштү. Көзүмөн жаш буурчактап төгүлө баштады, аны токтотууга кудуретим жетпеди. Жаздыкты бетиме бастым да, бардык ойдон алаксып, уктаганга аракеттендим.
Канча ойлонуп, канча түйшөлүпкантип уктап калганымды билбейм. Ойгонсом таң атып келе жатыптыр. Балконго чыгып шаардын муздак абасынан дем алгым келип кетти. Баконго киргенде көптөн бери унут болгон, менде таптакыр калбай калган эркиндикти сездим. Бала кезимде дал ушундай эркин болчумун. Эч кимге моюн бербей, каалаганымды аткарып, оюма эмне келсе алдырып кийип, алдырып жеп бүт дүйнө менин алаканымда тургандай элестөөчү. Баары тең, ушинтип менин көңүлүмдү карап турчудай элес калтырган экен. Мына кайра ошол калыбыма келе түштүм. Мындан ары эч кимге көз каранды болбочудай сезим пайда болду.










??.??