presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№12, 22.04.08-ж. Бекназаров "Асабадан" кетти
Бул маселе партиянын 12-курултайында каралып, акыркы беш жылдан бери партияны жетектеп келген Азимбек Бекназаров төрагалыкка Советбек Жамалдиновдун талапкерлигин сунуштады. Төрага алмаштырууну Азимбек Бекназаров партия жаңы күчтөр менен жаңыланышы керектиги менен түшүндүрдү. Натыйжада Советбек Жамалдиновдун талапкерлигин курултайга катышкан 50дөн ашуун делегаттын баары колдошту. Курултайда Советбек Жамалдинов 52 жашта экени жана мурда советтик-партиялык кызматта иштеп, андан кийин ишкерлик менен алектенгени айтылды. Ал партиянын мүчөлүгүнө былтыр өткөн. Курултайда ошондой эле партиянын 21 адамдан турган жаңы ордо кеңеши түзүлүп, алардын тогузу өлкө аймактарынан шайланды. Буга чейин "Эркиндик" саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев партиянын төрагалыгынан өз ыктыяры менен кеткен эле.

Бишкекте "Ишкер" эл аралык конгресси өтөт
7-10-майга белгиленген бул иш чарада жергиликтүү жана чет жактан келген ишкерлер ишкердиктин өнүгүшүнө кайсы жагдайлар тоскоолдук кылып жатканын жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулашат. Аталган конгресс "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин демилгеси менен өтмөкчү.

МАИге баш бербеген ким экен?
Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин басма сөз катчысы Виктор Харченконун билдиргенине караганда, Орусиялык аскерлер бараткан унаанын жолун "Жип" маркасындагы номуру жок унаа тороп, андан куралчан төрт адам чыгып, эч себебин түшүндүрбөстөн аларды жерге жаткырып алып сабай баштаган. Харченконун айтымында, үчөө милиция кызматкерлеринин формасын кийип жүргөн. Алардын бирөө бир нече жолу ок атып, базанын бир офицери оор жаракат алган. Ал эми элчиликтин мындай маалыматын Кыргызстандын ИИМи четке кагууда. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов кабарлагандай, орусиялык аскерлер милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алар аткан эскертүү огу Зотов атуу офицердин далы жагына тийген. Субановдун айтымында, МАИ кызматкерлеринен качкан номери жок автоунааны милиция кызматкерлери Ысыкатага чейин кубалап барышкан. Темиркан Субанов жаракат алган офицер ооруканага жеткирилип, ага операция жасалгандыгын билдирди. Ал эми бул окуя боюнча МАИ кызмактерлерине каршылык көрсөттү деген негизде кылмыш иши козголду. Белгилей кетчү жагдай, Кантта жайгашкан орусиялык аскерий аба базанын аскерлери дипломатаиялык кол тийбестик укугуна ээ болчу. Бул чырдан ким утаарын күтө туралы.

Алмаз панкратион боюнча Борбор Азиянын абсолюттук чемпиону болду
19-апрелде түнү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда панкратион федерациясынын мүчөсү Камчыбек Осмоновдун жаркын элесине арналган эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдештин таймаштары жыйынтыкталды. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын балбандары эки күн күч сынашып, натыйжада Азиянын абсолюттук чемпиону болуп "Дордой-Жакып" спорт клубунун балбаны Алмаз Акун табылды. Алмаз Акун панкратион менен он бир жылдан бери машыгып, жыйырма бир жолу уткан.

Республикада иммундаштыруу жумалыгы башталат
Аталган иш чаранын алкагында калкка эмдөө-профилактикасынын зарылдыгы тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле бүгүнтөн тартып ЮНИСЕФтин колдоосу менен витаминдештирүү иш-чарасы өтө баштайт. А витамини 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга жана энелерге берилет. Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, витаминдештирүү акысыз жана ар бир бейтапканада жүргүзүлөт. Кыргызстанда А витамини менен камсыз кылуу чарасы акыркы жылдары өлкө ичинде балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү жогорулаганына байланыштуу өткөрүлө баштаган.

Жолкире маселеси ушул жумада чечилет
24-апрелге белгиленген Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында кичи автобустардагы жол акы канча сомго көтөрүлөөрү чечилиши күтүлүүдө. Өлкөдө күйүүчү майга баанын жогорулашынан улам кичи автобус ээлери жол акыны беш сомдон жети сомго, же андан да жогору көтөрүүнү суранышып мэрияга кайрылышкан. Ал эми өткөн аптада кээ бир кичи автобустун ээлери жол киренин көтөрүлүшүн талап кылышып, нааразылык катары жумушка чыкпай коюшканы маалым.

"Алтын балалык" кимдики?
Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаеванын "Мээрим" фондусу тарабынан курулган Көлдөгү "Алтын балалык" балдар пансионаты канайым качып жоголгондон кийин Саламаттык сактоо Министрлигинин карамагына өткөн эле. Буга каршы болгон калган "мээримчилер" комплекс биздики деп сотко чуркап жүрүшкөн чагы.

МедАкадемияга Ахунбаевдин аты коюлабы?
Жүрөк дартынын чыгаан дарыгери маркум Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына карата өкмөт тарабынан ушундай демилге көтөрүлүүдө. Академиктин мааракесин уюштуруу боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, аны вице-премьер министр Досбол Нур уулу жетектөөдө. Уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны жума күнү болду.



Олимпиадага алтоо
Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында башталган физика сабагы боюнча эл аралык олимпиада өтүп жатат. Бул Тогузунчу азиялык олимпиадага катышуу үчүн Кыргызстандан алдыңкы алты окуучу жөнөп кетти. Ал эми 28-апрелден 4-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган химия боюнча Менделеев атындагы эл аралык акыл таймашына Кыргызстандан төрт окуучу бараары белгилүү болду.




  Дүйнө дүбүрт

Владимир Путин Алина Кабаевага үйлөнөбү?
Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарында таң калыштуу кабар тарады. "РФнын экс-президенти В.Путин жубайы Людмила менен ажырашканына эки айдын жүзү болуп, азыркы тапта дүйнө жүзүнүн жана Европанын көркөм гимнастика боюнча көп жолку чемпиону жана депутат Алина Кабаевага үйлөнгөнү жатат. Үйлөнүү үлпөт, экс-президенттин туулуп өскөн жеринде, башкача айтканда Санкт-Петербургда жай айларында өтөт. Эки кызы тең чоңоюп бири турмуштан өз ордун таап азыр Мюнхенде жашап жатат. Ал эми экинчиси студент. Эки кызын минтип чоңойткондон кийин Путин өзүнүн жеке турмушун куруу менен алектенип жатат" дешүүдө.

Иракта дагы деле согуш
Ирактын Басра шаарында өкмөттүк аскерлер менен согушкерлер ортосунда айыгышкан кармаш тутанды. Аскерлер радикал шийи лидери Муктада ас-Садрга лоялдуу чөлкөмгө кирип барышкан. Ройтерстин жергиликтүү кабарчысы таң атканда ок атышуунун жана жардыруулардын добушун укканын маалымдады. Ушундай эле уруш Насирияда болгону кабарланууда.

Сербдерге Орустар жардам берүүдө
Москва Косоводогу сербдерге гуманитардык жардамын көбөйтүүнү пландап жатканын Орусиянын чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу билдирди. Жакында сербдерге 10 миң тонна дары-дармек, медициналык жабдыктар жана буудай жеткирилимекчи. Орусия Косовонун бир тараптуу түрдө эгемендүүлүк жарыялашына каршы болуп келатат.

Папа Бенедикт АКШда
Рим католик чиркөөсүнүн башчысы тарыхта алгачкы жолу АКШдагы жөөттөрдүн ибадатканасына сапар жасады. Папа Бенедикт 16-чы Нью-Йорктогу Park East синагогасында болду. Аны Австрияда туулган раббин Артур Шнайер тосуп алды. Раббиндин үйбүлөсү Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы улутчулдардын кыргынына учураган.

Далай Лама далайды көрсөтөбү?
Кытайдын бир катар шаарларында Тибеттин эгемендүүлүгүнө каршы демонстрациялар болуп өттү. Чогулгандар ошондой эле Франциянын товарларын бойкоттоого үндөштү. Муну менен кытайлыктар Олимпиада отунун Париждеги эстафетасы маалында орун алган антикытайлык акцияга жооп беришти. Бээжин "Олимпиадага каршы чараларга тукурууда" деп Тибеттин руханий көсөмү Далай Ламаны айыптоодо. Далай Лама болсо ал адам укуктары жана Тибеттин эгемендүүлүгү эмес, автономиясы үчүн күрөшүп жатканын ырастоодо.

Ирактын карызын кимдер кечүүдө
Ирак өкмөтү Перси булуңундагы мамлекеттерден Багдаддын карызын кечүүнү өтүндү. Өкмөттүн маалымат өкүлү Али ал-Даббаг кувейттик гезитке берген интервьюсунда араб өлкөлөрүн Багдаддагы дипломатиялык миссияларынын деңгээлин жогорулатууга да чакырды. Россия Ирактын 12 миллиард долларлык карызын кечиргенин белгилеген ал-Даббаг, араб мамлекеттери андайга бара элек деди. Ирактын коңшулары эмки жумада өлкө туш болгон проблемаларды талкуулоо үчүн Кувейтте жолугушмакчы.











??.??