presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
 "Обон"-почта

69-55-77, 44-98-21 телефон-доруна чалыңыз же болбосо
OBON
сөзүн жазгандан кийин сөзсүз боштук калтырып текстиңизди жазып,
4436
номерине SMS жөнөтүңүз,
SMS баасы 0,5$.

Ошондой эле гезиттин электрондук почтасына,
obon_pr@mail.ru дареги боюнча жиберсеңиздер болот.

Мындан сырткары
0555 002691 же 0555 000986

номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге жөнөткөнгө шашылыңыздар!..
Сиздердин ой-пикирлериңиз гезит бетине жарыяланат. Мыкты деп табылган SMS билдирүүлөргө атайын белектер бар.


ОП-12-01. Айжаркын, мен сени сүйөм деп Замир

ОП-12-02. Анара эже, биз Индия актёру Салман Кхан тууралуу жазышыңызды суранабыз. 0773175648

ОП-12-03. "Обон". Кыргыздарга салам жолдойм. Айрыкча Алматыда кошо жүргөндөргө. Казакстандан Канат

ОП-12-04. Салам "Обон". Чынгыз Мырзаевге чоң салам. Анан Сокулукта гриль саткан Саматка. Ай

ОП-12-05. Самат, сени сүйөөрүмдү билесиңби? (0555) 22-42-хх

ОП-12-06. "Обонушка", канттыктарга, К.Рыскулова атындагы орто мектепке чоң салам. Гезитчи Махабаттан

ОП-12-07. Кызылтейит айылында жашаган Шанисага узун өмүр, чың ден-соолук каалайм деп Сейитбек

ОП-12-08. Кайрат Примбердиев кандайсың? Мени унуткан жоксуңбу? (0555) 03-11-14 номерине чалып койчу? Нургүл

ОП-12-09. Кайрат Примбердиевге!
Кечир мени, сүйдүм сени
сурабастан,
Сүйгөн менен жүрөмүн го бара албастан.
Эмне кылам, жүрөккө буйрук бере албадым,
Бирок, сүйдү жүрөк сени
алдабастан.

Азыр да сени сүйөм ардагым,
Сүйүп жүрүп көп ырларым
арнадым,
Армандуу, азаптуу бул сүйүүдөн,
Бир гана жалгыздыкты алып
калдым.
Сокулуктан Нургүл

ОП-12-10. Анекдот: Төрөт үйүндө отурган бир келин эгиз баласын карап ойго батып турган кербези
- Булардын биринин атасы го күйөөм болсун, экинчисинин атасы ким экендигине башым маң. Жими

ОП-12-11. Жалалабат шаарындагы 4-мектеп-гимназиясынын 11-б классынын окуучуларына салам. Келе жаткан экзамендериңер ийгиликтүү болсун. Таттыбүбү

ОП-12-12. Ысыкатадагы досторго салам. Кандай жүрөсүңөр? Силер мени эстеп жатасыңарбы? Ал эми мен дайыма силерди эстеп, сагынам. Боха

ОП-12-13. К.Култаев, М.Атабеков, Алихан, Даниель, "Star dance" шоу-балетине салам. Мээрим

ОП-12-14. 68-гимназия мектебинин бардык окуучуларына салам айтам. Жакшы окуп, алдыңкылардан болушуңарга тилектешмин. Окуучу

ОП-12-15. Көздөгөнү жамандык адамдардан уялам. Вино менен аракка берилгендерге айрыкча. 0773946005

ОП-12-16. Шайырбек Араповду 23-апрель туулган күнү менен куттуктайм. Бир келген өмүрдө бактылуу адамдардын катарын толуктап, ууртуңуздан жылмаюу кетпей, жамандыктан адашып, жакшылыкка жанашып, ата-энеңиздин, бир туугандарыңыздын арасында оорубай, аман болуп, кыргыз элимдин сыймыгы болуңуз! Сизди терең урматтоо менен күйөрманыңыз Айзада, Ысыкатадан

ОП-12-17. Ырды катыра аткарган, сүйлөсө сөзүнөн бал тамган кыргыздын дагы бир сыймыктуу кызы Назира Жетигенованы 24-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз! Адамгерчилиги жүзүнөн жанган Назирага жагымдуу маанай жана чыгармачылык чоң жигер каалайбыз. "Обончулар"

ОП-12-18. Салам байлар, силерге ысык салам жолдойм. Айка, Элнура, силерге бекем ден -соолук, көңүлдүү маанай каалайм. Кыргыздын тукумун көбөйтүп, баатыр уулдардан төрөсөңөр деген тилектемин. Эжеңер Назм и

ОП-12-19. "Обон", мен силердин гезитиңерди үзбөй окуйм. Бул маалыматтарды жазып койсоңор. Данияр Үсөнов, сиз көп адамдардын көз жашына калып жатасыз. Эми сизге базар эле жетпей турат го. "Эрди Кудай ураарда өз элине кас болот" деген сиз болдуңуз окшойт. Айка

ОП-12-20. Саадатты жаңы сотка алышы менен куттуктайм. Эжеси Маха

ОП-12-21. Салам "Обон" гезити, ишиңиздерге ийгилик. Менин саламым сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго. Ал жөнүндө жазыңыздарчы. ЖАГУдан Мунара

ОП-12-22. К.Рысбаев атындагы мектептин 11-а классын 2006-жылы бүтүргөн Элмирага салам. Классташы

ОП-12-23. Ортосуулук Алтынайга, Миргүлгө салам. Силер эң жакшы кызсыңар. Кымбат

ОП-12-24. Эмнеге мынча жашоо кызыксыз. Канткенде кызыктуу болот? 07771282хх

ОП-12-25. Неге жашоо керемет эмес. Канткенде керемет болот. Кеңеш бергилечи? Алтынай
Обондон: Алтынай, сенин жарык дүйнөгө келип калгандыгыңдын өзү канчалык керемет. Өзүңдө жаткан өзөктөгү сырларыңды байкасаң, жүрөгүңдү тыңшасаң ал эмне дейт? Кереметти өзүңдөн изде. Өзүңдү-өзүң тапкан күндөн баштап сен өзүңдөн өзүң керемет боло баштайсың.

ОП-12-26. Карындашым Кызжибекти 9-майда үч жашка чыгышы менен куттуктайм! Ага арчадай жаштыкты, булактай тунуктукту, музыкадай шаттыкты каалайм. Аман болуп, кыргыз элинин керегине жараган кыздардан бол! Байкең Максатбек

ОП-12-27.
Акыл да жок, ой да жок,
Ах кумарга айла жок.
Адамзат бүт баш ийген,
Алтын сүйүү, дүйнө пок
Ошон үчүн сулуулар,
Ойноктогон ойдолоп.
Баламышык

ОП-12-28. Анекдот: Бирөө таанышынын короосуна келип каккылабайбы. Эч ким жооп бербей коёт. Катуу каккылап жатса деле дагы жооп жок. Ар жактан ити жүгүрүп келип сурабайбы: - Эмне тарсылдатып жатасың? Үйдө эч ким жок экендигин көрбөй турасыңбы?! -дейт.
Тигинин ээси ооп, жыгылып, бир убакта көзүн ачса жанында дагы эле ит турат дейт.
- Эй ит, сен үргөндү билбейсиңби? десе - Билем, просто сени коркутуп албайын дебедимби деген экен. Алик










??.??