presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
  Cыр маек

Бактияр Токторов:
"Суроолор боюнча муштум түйүлөт"
"Биз" тобу убагында дүңгүрөп катуу чыккан эле. Мыйзам ченемдүү көрүнүш экен, ар нерсенин өзүнүн убагы болот тура. Бирок, бир чындык бар. Аталган топ кыргыз эстрадасына жаңыча багыт менен келген жана алардын сахна дүйнөсүндө алган татыктуу орду бар.
"Биз" тобунун ырчысы Бактияр Токторов менен тереңден сыр бөлүшүп, кепке тарткан элек.

Жаңылануу үстүндө
- Акыркы кездерде "Биз" тобу сахнадан көп көрүнбөй, күйөрмандарын сагындырууда. Себеби болсо керек?
- Негизи чыгармачылыктын гүлдөп-өсүшү үчүн изденүү, жаңылануу керек эмеспи. Маселен, бир эле ырды кайра-кайра аткара берсең, андан эл да тажайт. Ошондуктан кайра-кайра түрлөнүп, жаңылык киргизип турсаң - бул сенин жеңишиң, чоң табылгаң болуп берет.
Учурда биз кайталангыс жаңылыктарды издеп, тынбай чыгармачылык менен алек болуп жүрөбүз. Чын ниетиң менен тилек кылсаң, ошол жакшы, аруу ойлоруңду Кудай да берет деген чоң ишенимдемин. Буюрса, бизде да жаңы кайрыктар пайда болуп жатат. Тагыраагы, "Периштем - 15" деген ат менен жаңы альбомубуз чыкканы турат.
- Чынын айтканда, азыр деле сизге арзып, Лайли болгон кыздар жок эмес. Ал кыздар сиздин чыныгы турмушуңуздан билип алышса деле ашыкча болбос?
- Туура айтасың. Лайли болуп күйгөн кыздардын жалындаган сезимдерин басаңдатып, өзүмдүн үй-бүлөлүк абалымдан да учкай сөз кыла кетсем. Сүйүктүү жарым бар. Аты Наргиза. Өңү татынакай. Өзү 1981-жылкы болот. Мираида, Аделина деген мотурайган, сүйкүмдүү эки кызым бар. Кыргыздар өзүлөрүнүн очор-бачар, бапыраган үй-бүлөсү менен сыймыктанса керек. Наргизанын дагы боюнда бар. Кудай кааласа, майдын он бештеринде көз жарып калат го. Өзүмдү бактылуу ата, татыктуу түгөй катары сезем. Чыгармачыл адамдарга абасы таза, жаратылышы кооз, бак-шактуу кенен жер жайлуу, ыңгайлуу болот эмеспи. Ошондон улам Сокулуктан жер там сатып алып, ошол жакта жашап жатабыз.
- Айтмакчы, сиз Наргиза эжени койчо бөктөрө качканыңыз чын да?
- Ал чын. Лейлектин борбору Исфанадан карындашым аркылуу эжең менен таанышып калдым. Анда Наргиза 10-класста окучу. Өзүмдүн эле аяш карындашым болуп кетет. Ал ырларымды бериле угуп, мени мурдатан бери эле жактырып жүрчү экен. Мен да кымча белдүү, татынакай кызды көрүп эле жактырдым. Анан Наргиза 10-классты бүтүргөн соң, өзүң айткандай койчо эле бөктөрө качтым. Башкача айтканда, сөйкө салып, колун сурап, создуктуруп олтурбай, анык жигитче ала качып баса бердим.

Жалындаган
сезим
- Ачыгын айтыңызчы, ушул бүгүнкү күнгө чейин канча кызга арзууңузду арнадыңыз?
- (Күлүп…) Толтура да. Негизи чыгармачыл адамдар сүйүүгө жакын болушат окшобойбу. Бир тамаша кептен айта кетейин. Белгилүү бир обончу агабыз сулуу, жылдыздуу кыздарды көрүп калса эле көзүнүн төбөсү менен сыдыра тиктеп, досторуна: "Аай, болбой калды. Тээтигил сулууну колума тийгизгиле. Болбосо, мыкты обондор жаралбай калчудай"-деп тамшанып алчу экен.
Анын сыңарындай эгер биз сүйүп турбасак, жаңы, жакшы чыгармалар да жаралбай калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин мен он беш кызды жалындап-жалбырттап, толкундап, толукшуп сүйдүм.
Биздин репертуарыбызда эле эки жүзгө жакын ырыбыз бар. Ырларымдын дээрлик баардыгынын сөзү, обону, аранжировкасы өзүмө таандык. Ойлоп калам, эгер мен чыныгы ашыктык сезимди башыман өткөрбөсөм, анда мындай эл жүрөгүнөн түнөк тапкан жалындуу ырлар да жаралбайт эле.
- Билсеңиз керек, "Обондун" архивинде Оксананын берген маеги да жүрөт. Ал маегинде Оксана сизди сүйбөгөндүгүн билдирген экен…
- Мм… Кандай десем? 1994-жылдары Оксана биздин топко келип, солист болуп ырдап калды. Чынында жаш болчу, жакшы да кыз эле. Анан да жакшы ырдачу. Ооба, ал мени сүйгөн эмес. Ал туптуура айтыптыр. Мен буга капа деле болбойм. Бирок, башында менде деле Оксанага карата ашыктык сезим болгон эмес. Мен аны "Биздин топтон кетип калбасын" деп алып койгом да… Анын үстүнө чыгармачылыктын ачуу-таттуусун бирге татып, чогуу жүрсөң, бир туугандай болуп калат экенсиң.
- Аай, намыстанып, чындыгын жашырып жатасыз го. Бир кезде Оксананы чындап эле берилип сүйгөнүңүздү айтышат?
- (Ойлонуп…) Биринчи мен деле Оксанага махабатымды арнаган эмесмин. Ырас, кийинчерээк ага карата менде жылуу сезим пайда болгонун жашыргым келбейт. Ортобузда бир кыз бар. Сүйүшпөгөн болсок, кыз да жаралбайт эле да. Тагдыр экен. Бир жылдай жашаган соң, экөөбүз эки айрылыш жолго түштүк.
- Кызыңызды көрүш үчүн барып турасызбы?
- Азыр барбай калдым. (Улутунуп…) Мурда "Кызым" деп ичтен кыйналып, сагынып, азап тарта берчүмүн. "Азиза" деген ырымды да кызыма арнап ырдаган элем. Ошол ырымды концерттеримде кадимкидей көзүмдөн жаш агып, ыйлап ырдачумун. Көрсө, сүйүү деле балага өтөт тура. Бир жолу дагы бир концертимде ошол "Азиза" деген ырымды аткарып жатканымда көздөрүмө жаш толо түштү. Аны азыркы келинчегим Наргиза байкап калган экен. "Мен сизге бир эмес, эки кыз төрөп берем" деди. Кудай оозуна сала бериптир. Айтканындай эки кыздуу болдук. Ошондон кийин "Азиза" деп муңканып ырдап, ыйлабай калдым.

Түркүн-түстүү боёктор
- Жарпыңызды жазып, кантип эс аласыз?
- Мен бош жүрсөм чарчап кетем. Анткени, жан дүйнөм "сахна" деп согуп, "ыр" деп жашап калыптырмын.
Таңданам. Кээ бир жылдыздар: "Менде таптакыр бош убакыт жок. Эс алууга мүмкүнчүлүк болбойт" дешет. Бул туура эмес. Бизге окшогон жеке ырчылардын баары Кудайдын куттуу күнү бош экенин айткым келет. Ашыкча апыртуунун кереги эмне?!
- "Артисттер сахнага ичип алып чыгышат" деген чынбы?
- "Артисттердин баары эле сахнага ичип чыгат" деген туура эмес. Ар бир сахнаны сыйлаган өнөрпоз адам андай кадамга барбашы керек. Бирок, артистти ичирген айланасындагы эле өзүнүн достору.
Айталы, бир ырчы концерт коймок болду. Достору куттуктап келишет да, ак моюндан кыстап ичиришет. Ичпей койсо "көптүң" дейт, ичип койсо "сөктүң" дейт. Айтор, ушундай кызык жашоо да.
Бирок, кандай болгон күндө да сахнага ичип алып чыкканды туура эмес деп билем. А концерттен кийин турбай калгыча ич, мен ага кошулам.
- Эжеге муш көтөрүп, "беш жылдызча" койгон учурларыңыз болсо керек?
- Кээ бир артисттер бар, калп эле: "Мен аялымды урбайм, чекесине чертпейм, сөкпөйм, тилдебейм" деп "сыпайылана" беришет. Ээ атаңгөрү, эркек деген эркектей эле болушу керек да. А мен келинчегимди урчу жерден уруп, сөкчү жерден сөгүп коём. Кээде суроолор боюнча муштум түйүлөт. Кээде "балч" этип "беш жылдызча" да коюлуп калат. Анан кайра эркелетип, алдап-соолап, эжеңди жибитип алам. Анткени, бул жашоо да. А өйдө-төмөн жашоодо бардык нерсе болот.
- Ачууңуз мурдуңуздун учунда го дейм?
- Туура таптың. Менин ачуум аябай чукул. Бирок, тез ачууланып, ак көңүлдүүлүгүмдөн улам тез эле жазылып кетем.
- Эркин сөз...
- Убагында шоу-бизнести чагылдырган эркин гезиттерден "Обон" биринчилерден болуп чыккан. Кайрадан жаралышыңар менен дегим келет. Азыркы шартта 24 бет болуп чыгыш оңой эмес. Гезиттин аталышы да мага жагат. Кыргызстанда жалаң эле ыр дүйнөсүндө эмес, жеке жашообузда да, экономикабызда да жаңы өсүштөр, жаңы обондор жарала берсин.
Ал эми күйөрмандарыбызга "Биз" тобунун жаңы ырларын күтүңүздөр дегибиз келет.

Баарлашкан Нур - Кыял










??.??