presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№12, 22.04.08-ж.
  Тентек пикиробон

Арзып жүрүп баш кошкон алган жары менен болгон алгачкы нике түнүн эсинен чыгарып койгон адам болбосо керек. Төмөндө атактуулардын нике түнүндө эсте калган көз ирмемдери.
Алгачкы нике түнүңүз эмнеси менен эсиңизде калган?
Кутман Жолдошев, ырчы:
- Уят го…(күлүп) Анан элибизде айтып калышат го нике оттон ысык деп. Анын сыңарындай жараткан кайыптан берген бул бактылуу түндө жубайым экөөбүздүн ортобуздагы алгачкы жылуулукту байкагам. Андан бери он беш жыл өттү, азыркы кезге чейин камыр-жумур болуп, ынтымак турмушта күн кечирип, бирге жашап келебиз.

Турусбек Жумалиев, алып баруучу:
- Жубайым Зоя экөөбүз Москвада окуп жүрүп, 5-курста, чогуу окуган группалаштар, курсташ достордун коштоосунда жатаканада чакан үлпөт өткөргөнбүз. Таң сүрүп калганда чогуу окуган араб улутундагы жигит келип баш кошконубузду куттуктап, 20 метрлик кездеме белекке берген. Араб жигитинин берген белегинен Зоя экөөбүз окшош плащ тиктирип, арткан кездемени апама берсек, ал төрт халат тиктирип кийиптир. Ал халаттары бүгүнкү күндө да бар.

Замир Сабитакунов, ырчы:
- Үйлөнүү тоюндагы нике түн ар бир жаш жубайлардын эсинде ар кандай кырдаал менен сакталат эмеспи. А мен ушул күнү Күмөндөр байке айтмакчы, балалыгым менен кош айтышканым эсимде калган. Чиркин, ошондо эки дене жуурулушуп, махабат аптабы бүтүндөй денемди куйкалап, өзүмдү жоготуп койгон элем. Жалындаган сезим алдында бул ыйык түн ойдогудай өткөн. Жашпыз… Азыр деле ар бир түндү көңүлдүү өткөргөнгө аракет кылабыз. Учурда жубайым экөөбүз оттой ысык ынтымак турмушта жашайбыз.

Кубик Калыков, ырчы, куудул:
- Сурооңорго жооп таба албай турам. Эми бул нике күн, адамдын өмүрүнө берилүүчү атайын бакыт го. Ошол күндөгү жөрөлгөлөрдү эске алганда жаш жубайлар үчүн башка түндөргө салыштырмалуу өзгөчө сезим жараткан, оригиналдуулугу менен эсимде калыптыр.

Дүйшөн Байтөбөтов, актёр:
- Андан бери далай мезгил өттү го. Азыр байбичем экөөбүз балдарыбыздын төрүндө олтурган убагыбыз. Ошондой болсо да, алгачкы үйлөнүү тоюндагы түндөн молдокенин кыраатын келтире сүрө окуп, нике кыйгандагы үнү эсимде калыптыр.

Рустам Аташов, режиссёр:
- Ачыгын айтсам эсимден кеткис күн болгон. Элимдин керемет каада-салттары бар эмеспи, мына ошонун ичинен баш кошуу, эки адамдын биригүүсүндөгү нике түнү баарынан кымбат күндөрдөн. "Улуу сөздө уят жок" демекчи, жубайым "кыздык" белгиси менен келип, мени ырахаттын бешигине бөлөгөн.

Асылбек Өзүбеков, ырчы:
- Ырас, сурооңор кызыктуу экен. Бир анекдот эсиме келе түштү. Жаш жигиттин тою болуп жатат. Көшөгө артындагы сулуу колуктусун көргөнгө ашыгып, кайра-кайра кирип-чыгып чыдамы кеткен жигит топураган конокторду көрүп батыраак эле кетпейби дейт, ичинен жинденип. Анан түн коюуланганда көпчүлүк, тарап? сүйүктүүсүнүн кашына кирген жигитке колуктусу:
- Жөнсөң, и-ий, а-ай, эл укса эмне дейт…
- Таң атканда, жубайы кылгылыкты кылып коюп, кылыктана:
- Жинди турбайсыңбы, жин-ди-и, - дептир.

Байыш Момунов, ырчы:
- (Күлүп) Алгачкы нике түндө жеңелеримдин кыз-күйөөгө жасалган ырым-жырымдары ачуумду келтиргени эсте калган. Көрсө, "сүйүнчү" деген жарлыкты көпчүлүккө билдирүүсү зарыл тура. "Башка түшсө байтал жорго болот" -дейт эмеспи элибизде, анын сыңары айтылган каада-салттын жөрөлгөсүнө айласыз көнөт экенсиң. Беш жылдан бери жубайым менен чогуу жашап келем. Анын ортосунда шоктук кылып эки жыл эркелеп кеткеним да бар.

Даярдагандар Чынара Абдраева, Мээрим Сатарова





  Жылдыздар төлгөсү

21-апрелден - 27-апрелге
Кой (21.03-20.04)
Жумушчу аптаңыздын башталышы жогорку өлчөмдөгү айлык маяна менен башталат. Эгер иштөө калыбыңыздан жазбай максаттуу багыт алсаңыз, ийгилик кушу жылоолойт. Эгер сизге кызмат боюнча өтүнүчтөр болсо жетишпей каламбы деген кооптонунун ордуна ишке киришип, карьераңызды түптөөдөн баш тартпаңыз. Жуманын экинчи бөлүгүндө пластикалык операция жасатуу ордуна жаңы жумуш ордуңазда кагаз иштери менен алектениңиз. Сиздин ар бир жасаган эмгегиңиз өсүү тепкичине көтөрүлүп жасаган ишиңизге өзүңүз ыраазы болосуз.

Букачар (21.04.-20.05)
Дүйшөмбүдө анча чоң эмес бирок, маанилүү ишти досторуңуз менен биргеликте чечиңиз. Мүмкүн ушул жолку баарлашуда жеке өзүңүзгө тиешелүү болгон маселени талкуулайсыз. Автоунааңыз менен алыс жолго чыгууда коркунучка чалынбоо үчүн бейтааныш адамдарга кылдат караганыз оң. Көңүлчөөктүгүңүздү же кээ бир өзүңүзгө жакпаган адаттарыңызды өзгөртүүгө ушул окуя өз таасирин берүүсү ыктымал.

Эгиздер(21.05-21.06)
Натыйжасы аз бир топ жумуш бүтүрүүнүн ордуна жыйынтыктуу бир иш бүтүргөнүңүз өзүңүзгө пайда. Апта ортосунда күтүүсүз коноктун арты менен олжого маарыйсыз.Бейшембиде кесиптештер арасында өз ара түшүнүшүү начарлап, көңүлүңүз чөгүүсү мүмкүн. Андыктан бул күнү ортодогу салкын мамилени тактабаганыңыз оң. Апта аягында сиз үчүн кымбат болгон жакын адамыңыздын камкордугу кубандырат.

Бөйөн (22.06-22.07)
Чөйрөңүздөн башка жааттагы жаңы досторду табууга, философиялык талкууларга катышуу ылайыктуу. Жакын адамдарыңыздын ишениминен чыкпоого аракеттениңиз. Шаршембиде коомдук иштерге аралашууга туура келет. Бейшембиде сизге көз көрүнө жолтоо болуп бут тоскондордон чыныгы эмгекчилдигиңиздин арты менен чыгып кете аласыз. Ишембиде көптөн күткөн жакшы кабар угасыз.

Арстан (23.07-23.08)
Досторуңуздун арты менен көңүлүңүздөгү асыл адамыңыз менен жакындан таанышасыз. Мунун натыйжасында жашоого, сүйүүгө болгон мурунку ойлоруңуз түп-тамырынан өзгөрүп, чыныгы сүйүүгө кумарлана аласыз. Жеке турмушуңузда финансылык жагдай биринчи орунга чыга келип керектүү бийиктик сересине көтөрүлө аласыз. Бейшембиде керектүү буюм же кызмат жаатындагы маселени чечүүгө оңтойлуу учур. Аптанын акырында кээ бир аша чапкан кыялдарыңыз урап, реалдуу ойлонууңузга аргасыз кылуучу кырдаал келип чыгат.

Бийкеч (24.08-22.09)
Бардык жааттагы маселени чечүүдө же мыйзам чегинде документ иштерин жаңы иш орундарын издөөгө жуманын биринчи бөлүгү оңтойлуу. Жаңы иштер соңунда күтүлбөгөндөй ийгиликтерди жаратат. Мунун арты менен жан дүйнөңүз өзгөрүүлөргө учурайт. Жуманын экинчи бөлүгүндө жакын достор менен баарлашуда жеке оюңузду таңуулаганыңыз көпчүлүктүн жек көрүүсүнө алып келет. Эс алуу күндөрү өзүңүздүн хоббиңизге убакыт таба билиңиз.

Тараза (24.09.-23.10)
Жумушчу аптаңыздын алгачкы башталуусунда тааныш эмес иштерге аралашууга болбостугун жылдыздар эскертет. Ал эми жеке жашооңузга келсек ойдогудай бир калыпта өтөт. Аптанын экинчи жарымында кимдир бирөөлөр менен кагаз иштерине байланышкан жолугушуу, маалыматтардын алмашуусуна даяр болгонуңуз оң. Жума күнү кимдир бирөө менен чырдашып, өз укугуңузду талашууңуз ыктымал. Апта аягында жакын адамыңызга белек берүүңүз же белек алууңуз күтүлүүдө.

Чаян (24.10-22.11)
Кээ бир кызматкерлер жаңы иш ордуна ээ болушат. Бейшембиде жаңы кесиптештериңизди конокко чакырууңуз ыктымал. Жума күнкү капысынан кезиккен таанышуунун арты сүйүү романтикасына айлануусу ыктымал. Ишемби күнү капчыгыңызга сак болушуңузду жылдыздар эскертет. Ал эми үй буюмдарын же өзүңүзгө керектүү шаймандарды сатып алууну эс алуу күндөрүнөн башка күнгө пландаганыңыз оң.

Жаачы (24.11-22.12)
Өз кызыкчылыгыңызды көздөгөн иштерди бүткөрүүгө дүйшөмбү күн оңтойлуу. Шаршембиде үйбүлөңүзгө байланышкан маселеге баш оорутууңуз ыктымал. Бейшемби, жума күндөрү толкуп ташкан энергияңыз кандай иште болсо да ийгилик алып келет. Ишембиде баалаган адамыңыздын кубанычына ортоктош болосуз. Жекшембиде сиз жөнүндө жагымсыз ушак тарашы ыктымал. Мүмкүн мындайда сабырдуулук менен кырдаалдан чыга аласыз.

Текечер (22.12-20.01)
Тагдыр жакшы мүмкүнчүлүктү тартуулайт. Учурдан пайдаланып калыңыз. Кыймылсыз мүлк жаатында план, иштер алдыга жылат. Ортомчу болуп сизден пайда издегендердин тилегин оорундатпоо сиздин мүнөзүңүзгө байланыштуу. Сүйүү жаатында жаңылыштык кетирбөө үчүн ойлонуп, анын соңунда гана иш кылууңузга туура келет. Жума күнү баш ооруткан маселе келип чыгуусу мүмкүн. Мындайда ички сезимиңизди да уга билиңиз. Жекшембиде конокко барууңуз күтүлүүдө.

Көөкөр (21.01.-19.02)
Аптанын алгачкы күнүндө бөтөн бирөөлөрдөн көз карандылыктан арылып, жаңы иш табууга мүмкүнчүлүк табылыт. Андыктан убакытты уурдатпай, сизге көмөк көрсөткөн жакындрыңыздын жардамынан баш тартпаңыз. Шаршембиде бирге иштешкен жамаат менен ийгиликти белгилейсиз. Бейшембиде капысынан кезиккен адамга көмөк көрсөтүүгө аргасыз болосуз.

Балык (20.02-20.03)
Жүрөгүңүздөн орун алган терең сүйүү сезимин ушактардын таасиринен сактап калууга аракет жасаңыз. Сиздин камырабастыгыңыздын соңу жан дүйнөңүзгө жакын адамыңыздан биротоло ажыратып коюшу ыктымал. Аптанын бейшембисинде жетекчилик менен олутту маселени талкулоо боюнча сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Маанилүү достук жолугушууларды ишемби же жекшемби күндөргө пландасаңыз натыйжалуу болот.

Даярдаган Чынара Абдраева










??.??