presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№12, 22.04.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

"Эрк" (Эркин Кыргызстан) партиясынын лидери, философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулу:
"Менин жашоом сүйүү менен коштолду"
Балалык сүйүү,бактылуу көз ирмем
- Турсунбай Бакирович, гезитибиздин "Атактуулардын арзуусу" аттуу рубрикабыздын коногу болуп олтурасыз. Андыктан костюм шым, галстугуңузду чечип, жүрөгүңүздөгү сезимиңизди биз менен бөлүшүп, жан дүйнө маегин курсак. Алгач, балалык баёо кездеги бал татым тунук сүйүүңүздөн баштасаңыз.
- Рахмат. Албетте, ар бир адам баласында сезим болот. Дудукка тил бүтүрүп, ташка үн бүтүрүп, акынга калем карматып, айрым адамдарга көз жаш жайнаткан сүйүү тууралуу сүйлөй берсең сөз түгөнбөйт. Сүйүү, арзуу, махабат дегенди эч ким таналбайт. Андыктан менин жашоом да сүйүү менен коштолду десем болот. Мен да балалык кезимде башкалар сыяктуу жактырып, жакшы көрүү сезимине кабылгам. Тактап айтканда өзүмдүн Парпи аттуу классташ кызыма ашык болгом. Аны мен эле эмес, бир класстан 2 кыргыз, 1 орус, 1 өзбек, 1 татар бала болуп 5 бала сүйчү элек. Сүйүүгө катуу берилгендиктен Парпини талашып далай балдар менен мушташып, токмок жедим. Мен 8-класста окуп жатканда атам камалып кетип, үйдүн түйшүгү менин мойнума түшкөн. Үй-бүлө багыш үчүн эрте эмгек кылып баштадым. 5-класста окуган иним экөөбүз такта складда алма ящик жасап иштечүбүз. Ошондо тактайга (рейкага) мык менен эрикпестен Т+П=Л деп жазып алып Парпинин айнегине илип коюп карап турчу элем. Ал эч нерседен бейкапар телевизор көрүп, чай ичип, ата-энеси, бир туугандары менен отура берчү. Менин эмгегимди көрбөгөнүнө жиним келип, терезесин тыкылдатып качат элем. Эртеси мектепке барганда "Турсун сен мени ата-энемден, эжемден тил уктурдуң" деп дулдуңдап калчу. Ошентип Парпини 5-класстан 10-класска чейин катуу сүйүп жүрдүм. Тилекке каршы, ушул аралыкта аны көндүрө алган жокмун. Анан армияга кеткенимде өзү кат жазыптыр, ал кезде менин ага болгон катуу тарынычым, ызам бар эле, ошол себептен эркектик намысыма таянып аны катуу кагып салгам, ошондон кийин кайрылып кат жазган жок.
Эсимде, бир жолу паркка барып эжекебиз бир селкинчекке экөөбүздү отургузуп койду. Өзүм селкинчектен аябай коркчумун. Ошол кезде көзүм алайып, жүрөгүм дүкүлдөп атса да Парпинин алдында уят болбоюн деп сүйгөн кызымдын жанында бир топко чейин бактылуу болуп олтургам. Негизи бирөөгө зар да, бирөөгө кор деп бекер айтылбайт экен. Мен Парпини жоопсуз сүйсөм, мени да Албина аттуу татар кыз жоопсуз сүйчү эле. Албина менен 10 жыл бир партада отурум. Байкуш кыз мени катуу сүйгөн, бирок негедир мен аны жактырчу эмесмин. 10-классты бүткөндөн кийин бир жолу алчанын башына чыгып алып алча жеп жатсам, Албина 2 классташ кызым менен жолдон өтүп баратыптыр. Ал дарактын башынан мени көрүп калып "Ай Толик, качан мага үйлөнөсүң?" деп кыйкырды эле чочуганымдан аз жерден дарактан түшүп кетейин дегем. Анан уялганымдан дарактан секирип түшүп, үйгө кирген бойдон чыкпай койдум. Негизи аябай тартынчаак, уяң бала болчум. Парпини катуу сүйгөнүмдөн эле мага тил чыгып кетти.
- Кыргыздын "эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген жакшы сөзү бар . Дегеним, балалык сезимиңизге бүлүк салган Парпи классташыңызга кийин жолуга алдыңызбы?
- Туура айтасың. Парпиге Ош университетинде мугалим болуп иштеп жатканда автобуста кезигип калдым. Мени көрүп эле "Сенин ушундай баритон үнүңдүн бар экенин, ушундай адам болоруңду билсем сага эле турмушка чыгып алат элем"-деп күлдү. Азыр анын жакшынакай үй-бүлөсү, 2 баласы бар. Менин да 6 балам бар. Бирок сүйүү эч качан өчпөйт экен. Кантсе да Парпи менин эң алгачкы, таза, тунук, аруу махабатым болгон. Өзүн тыкан алып жүргөн, сулуу чырай татынакай кыз эле. Эстесем азыр да ичим ачышып кетет. Аны унуткан жокмун.




Көлдүн ак куусуна ашык болуп…
- Аскерде кызмат кылып, окууга кеч тапшырган үчүн өзүмдөн 4 жаш кичүү улан-кыздар менен окудум. 1-курска барганда эле көлдүк Эркингүл деген кызды жактырып калгам. Кубанычтуусу ал да мени жактырып, аз эле убакыт ичинде экөөбүз катуу сүйүшүп, романтикалуу кыз-жигиттик доорду баштан өткөрдүк. Бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүшүп, карегибизден тең айланып калган кезде болбогон нерсе үчүн таарынышып, жылуу мамилебиз үзүлдү. Аны эстесем азырга чейин өзүмдү-өзүм кечирбей келем. Издешип табышкандай экөөбүздүн өңүбүз да окшош эле, айырмабыз анын көзү жашыл болгондуктан Эркингүлдү "доллардын көзүндөй болгон көзүңдөн" деп эркелетип койчу элем. Ал университетте декандын орун басарынын карындашы болчу.
- Кантип алыстап кеттиңиздер?
- Мен Оштон, ал көлдөн келип экөөбүз тең Фрунзени жакшы билбейт элек. Анан бир күнү бир аялдамадан жолукмай болдук. Ал жолдун аркы бетиндеги аялдамага, мен болсо берки бетиндеги аялдамага туруп алып, бири-бирибизди кечке күтүп, анан кетип калганбыз. Ошондон кийин ал мага, мен ага капа болуп, бири-бирибизге ишеничтен кетип жолугушпай алыстап кеттик. Дагы да болсо сүйүүдөн жолум болбой, өзүмө-өзүм жиним келип, ачуумду басалбай жүргөн кезде туң уулум менен биринчи кызымдын энесине жолугуп, аны сүйүп, ачуу үстүндө ошол кызга үйлөнүп алдым. Үйлөнгөндөн 6-7 ай өткөндөн кийин Эркингүл досунан күндөлүк дептерин берип жибериптир. Ачып окусам, жүрөктү элжиреткен сөздөр менен ыйлап жазыптыр. "Эч нерсени сүрүштүрбөй туруп, эмнеге башка кызга үйлөнүп алдың, ушунчалык да таш боор адамсыңбы, сүйүүңдүн келечеги жок болсо, мени эмнеге өзүңө көндүрүп сүйдүрдүң, аялыңдын атын уксам жүрөгүмө тикенек сайылгандай болот"-деп аябай катуу жазыптыр. Ал экөөбүз жолугушпасак да бири-бирибизге кат жазышып турчу элек. Өкүнүчтүүсү жүрөк оорусунан эрте эле бул дүйнөдөн өтүп кетти. Менин тагдырым мына ушундай карындашым, балалык кездеги, студенттик мезгилдеги сүйгөндөрүмө жетпей калгам.




Индиялык кызды сүйүп, Украин кызына үйлөндүм
- Мен негизи сегизинчи класстан баштап эле Индияга же Украин кызга үйлөнөм деп чоң максат койгом. Карабайсыңбы, "Жаштын тилегин берет" дегендей бала кезимден ойлогон оюм орундалды. Ош университетинде иштеп жүрүп Виктория аттуу индиялык кызга жолугуп калып, ал менен да сүйүү күндөрүн өткөрдүм. Бирок, ал кезде үй-бүлөм, аялым бар эле. Ошон үчүн ага үйлөнбөйм деп ачык айткам. Учурда ал кыз Кыргызстанда жүрөт. Азыр аны менен жолугушпайм. Ал эми украин кызына биринчи аялым менен ажырашкандан кийин Украинага окууга барып, ошол жактан үйлөнгөм. Кудайга шүгүр, экөөбүздүн ортобузда Искендер деген уулум бар. Азыр ал Киевде жашайт. Ал украин кыз Кыргызстанга келбейм деп чыкты. Апам болсо мен десең кыргызга үйлөнөсүң деп талап коюп туруп алды. Анан апамдын сөзүн колдоп, аны менен коштошуп Кыргызстанга келе бергем.

Сүйүү азабы...
- Бишкекке жаңы окууга тапшырып келгенимде украиндердин үйүндө жашап, кожоюндун Ольга деген кызын жактырып калгам, ошондо гүлдөрдү тандап беришти үйрөнгөм. Анткени, Ольгага ар күнү гүл берип турчу элем. 1975-жылы Фрунзеде гүл саткандардын баары мени таанышчу. Гүлдөрдү тандап жүрүп бир да духийдин жытына теңкелбеген, ачык кызыл түстөгү суперстер деген атыр гүлдүн түрүн тапканмын. Гүл сатуучулар да мени көргөндө эле ошол гүлдү камдап турушчу. Азыр ойлосом сүйүү үчүн көп эмгек жасап азап да тартыптырмын. Казакстанда аскердик кызматта жүргөндө бир жолу ашканада тамактанып отурсам Кубандык казактар менден "сүйгөн кызың барбы" деп сурашканынан ооба украин кызды сүйөм десем, бул кара (черный) украин кызды сүйөт экен дешип ашканада токмоктошуп, андан чыгып алышып көчөдө тепкилешкен. Ошондо украин кызын айта коём деп баледе калгам. Чынында сүйүү азабын көп эле тарттым.




  Тишим ооруп Чолпонайга жолуктум

- Азыркы жеңебиз менен кантип табышып калдыңыз?
- Өмүрүмдө биринчи жолу 35 жашка чыкканымда тишим катуу ооруп, жанымды коёрго жер таппай калдым. Анда мен Ошто университетте иштечү элем. Анан мени менен чогуу иштеген бир досум: "Менин аялымдын Чолпонай деген жакшы тиш доктур досу бар, аябай мыкты дарыгер" деп областтык стаматологиялык поликлиникага ээрчитип барды. Мактаган аяшы мактаганчалык бар экен, заматта тишимди тазалап, уколду берди да пломба салып, бул пломба 7 жыл сакталат деп айтты. Эртеси күнү бир букет гүл алып барып бердим. Андан кийин апам менен таанышты. Чындап эле Чолпонай айткандай ошол пломба 7 жыл сакталып, депутат болгондон кийин түштү. Насип, тагдыр, бешене деген ушул экен тиш оорунун артынан өмүрлүк жубайымды таптым. Кудайга шүгүр бул жеңеңерден 2 балалуу болдум.
- Балдарыңыз бири-бири менен катташып турабы?
- Бардык нерсе Кудайдын айтканындай болот экен. Эми бул турмуш да. Балдарымдын энелери менен атайын ажырашкан жокмун. Ага да бир себептер болгон. Анан эми балдарда эмне күнөө. Ата-энесинин мамилеси үчүн балдар азап тартыш керек эмес. Баланын көңүлү баарынан биринчи орунда туруш керек. Бала эч качан ата, апа деп бөлбөйт. Эртең чоңойгондо балдарым ата мурда кайда элең деп бетиме түкүрүштү же болбосо аталууларды көрүп атасын издетүүнү каалабайм. Апалары менен ажыраштым, бирок балдарымды таштаган жокмун. Бардыгына бирдей багытта аталык тарбиямды берип келатам. Балдарым бири-бири менен ага-ини, эже-сиңдидей болуп ынтымактуу жүрүшөт. Дайыма катташып, улуусун урматтап, кичүүсүн ызаттап турушат.
- Маегиңизге чоң рахмат.
маектешкен Ж.Бороева













??.??