presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№12, 22.04.08-ж.
  Адабият айдыңы

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев
Атактуу акын Шайлообек Дүйшеевдин башкалардан айырмасы айта турган оюн тайманбай, жалтанбай айтып, ыр чындык менен куралданган көк жалдыгында жана элге тез жеткен чоң таасирдүүлүгү менен алдына адам салдырбайт. Анда элди ойлонто турган кайрат-күч, дем берип, чыйралта турган касиеттери менен эртеңкини көрө билген кайталангыс талант. Бүгүнкү күндөрүбүздө 2002-жылдагыдай (Үзөңгү- Кууш) жер кайгысы уланып, тилинген жерлерибиз көбөйгөндөн көбөйүп барат. Бул чоң жоготууларыбыздын аягы оңойлук менен токтобой койду атаганат.

"Карачы, канжыгадай тилинген өз жериңди…"
(Ш.Назаркуловго арнадым )
Агайын туугандарым!
Айтайын дегенимин баарын сага айталбасмын,
Кайт деген күндө дагы,
Мен эми кайталбасмын, өзүңөр картаң - азгын,
Өңүңөр чарчаң - азгын.
Анан да Кудай билет, угарыңды сөздөрүмдү,
Кудай билет кыймылдаарын чөөлөрдөй
ооруп бүткөн лөктөрүңдү,
Карачы канжыгадай тилинген өз жериңди,
Кайгыдан чүңүрөйгөн көздөрүңдү!
Жыдыган сыз төлөдө, ташта жатам,
Жыйырма эки күн болду,
Ачка жатам!
Ысык-Көлдө, Тянь-Шанда, Алайдын тоолорунда,
Өзгөндө,
Мырзакеде, Сузактын суйдаңында, Аксынын аржагында,
Алайдын карларында жашап турган агайын туугандарым!
Ыраазымын, силер эч жалгыз-жарым койбодуңар,
Бир бечара кыргызды жылыткандай,
Бир бечара көз жашты уюткандай,
Жүрөгүмдү жылытты ойлоруңар,
Колдорумду жылытты колдоруңар,
Билемин, өкмөттүк шылуундар да алдады,
Болбодуңар,
Силер эч мени жалгыз койбодуңар…
Бекназаров үчүн дешип,
Прокурордон, айыл өкмөт, милийсадан,
Жүргөндөр бар келип, кетип,
Кекээрлеп керип-зекип…
Билемин,
Акимдиктен Акүйгө кетчү жолдун,
Кетчү жолдун баарынын арты - Кулак,
Жамгырды чөл уккандай,
Дайраны көл уккандай,
Өлүмдү жер уккандай,
Биздин сөздүн баарысын шалпып угат,
Биздин сөздүн баарысын аңкып угат…
Балким мага Бекназаров Азимден да,
Миллион эсе Ыйыгыраак,
Миллион эсе Кыйыныраак,
Үзөңгү - Кууш, Каркыра, Сох жерлерим,
Миллион эсе Артыгыраак!
Өз тирдигин көрбөй-көрүп,
Өз жеринде өлбөй-өлүп, жашап турган,
Агайын туугандарым,
Батыш менен Америка капчыгынан үмүттөнгөн,
Байпактуу кылам десе заматта сүйүп көнгөн,
Агайын туугандарым!
Бар болгула,
Силердин азабыңар - менин кайгым,
Силердин тозогуңар - мен күйгөн от.
Бүгүн менин жанымда Шерали жок,
Түнкү саат 5тен кийин кетти маркум!
Алайкуулук бул азамат, Акаев айдыңынын эссиздигин,
Азыркы кан, бектердин
бийликтин бутагында чымчыктай учуп-конуп сайрап турган
Акүйдүн бетсиздигин,
бетсиздигин бул замандын
Кудайга айтыш үчүн учуп кетти,
арбагын бизге таштап,
түнкү саат 5тен кийин.

Даярдаган Алмазбек Эркебай




(Башталышы өткөн сандарда)
Ырас, ошону менен Саматтын айылы кунга жыгылат. Ал эми сүйгөнүн картаң эрге тийүүдөн куткарган Бөрүбай баарына кайыл болуп кете берген.
Ушул жерден жомогумду токтото турайын. Калганын башка түнү уккула. Уйкуңар келип турат сыягы. Кана эмесе уктайлык, балдарым. Жаттым тынч, жаздыгым кенч. Көзүңөрдү жумгула. Жок, аягына чейин угабыз. Мына тамаша! Эсентур сенчи? Уктай элекмин. Мага эмне, уйкуңар келбесе айта берем. Баса, жомоктун кызык жери азыр башталат. Андай болсо Бөрүбайдын жыландын кызына жолуккан жеринен баштайын…
Ошентип, Ой-Кайыңга качып келген Бөрүбайдын изи сууп, бир нече жыл өтөт. Жигит элге алынып кетсе да, эмнегедир өзүнчө өгөйсүй той-тамашаларга аралашкандан качып, ар дайым жалгыздап оолак жүрөт. Көтөрүп алган боз үйүн да айылдан четкерээк тигет. Айттым го, башында анын кесиби жөнүндө. Жасаганы боз үйдүн сөөгү: кереге, уук, түндүк; ошо менен катар зергерчилик да кылат. Неси болсо да, колунан көөрү төгүлгөн устаны эл кадырлайт. Жасаган иши үчүн сугалактык кылып соодалашпайт. Кол акысын кесип-бычмай бергендерин алат. Ачылып сүйлөбөгөн салт жүргөнү, түркөйлүгү акырындап ар кимдердин көңүлүнө илинбей, жергиликтүү элге сиңип калган кези болчу.
Ошол жылдар аралыгында Бөрүбай ирденип, мал күтөт. Өткөн-кеткен соодагерлерден үй тирчиликке керектүү дүнүйө чогултат. Жууркан - төшөк көктөтүп, ала кийиз, өрө кийиз жасатып алат. Эрте-кеч кереги тиеби дегендей, ал өзүнчө эле аялдын бир сандык кийим-кечесин жыйнайт. Мунун баарын чогултуп жүргөндө үйлөнүп, турмуш курам деп деле ойлобойт бечара. Сүйгөнүнө жетпей калган соң аял алуу анын санаасына кирбеген жорук сыяктанчу. Ошо кезде жигитте дагы бир жаңы өнөр бүтөт. Жаш кезинде атасы ага чоор жасап берип, чоордо ойногонду үйрөткөн. Мына ошол өнөрүнүн пайдасы эми тиет. Мурдараак ага анча кызыкпаса, эми жалгыз боло калганда чоордо ойногон сайын жаны жыргап, бүткөн бою балкый, бугу чыгып, кадимкидей алаксып, жеңилдеп калчу. Мурда ал чоорду ар дайым талдын жаш бутагынан жасачу. Бара-бара ойноп көрүп, анын да сырын алат. Өзгөчө чогойно менен тобулгу жана аса-муса жыгачынан жасалган чоордун үнү жеңил, кооз чыгарын билет. Чоордо ойногон сайын анын бирден бир эрмеги, жан досу - чоор болот. Чоор менен жигиттин жан дүйнөсү бир. Ал экөө муңдаш. Жалгыз бой жигитке мындан өткөн жолдоштун, эрмектин кереги эмне.
Ошондой абалда жашап жүргөн Бөрүбайды бир курдай анын өзүнө окшоп дайыма дөңдө жалгыз отурчу Бакалбай деген куучу жанына чакырат. Бакалбай айылдын карысы. Эл бир чети аны карылыгы сыйласа, экинчиден аны куучу, сыйкырчы деп чочулап турган. Ал эмчи-домчулук кылып дартка чалдыккандарды дарыласа, кээде элди тегерегине чогултуп алып комуз чертип күлдүрүп, бирде бийлеп куудулдук кылчу дейт. Өзгөчө ал боз үйдүн ичинде бакшы бийди бийлегенде төбөсү түндүккө тийип, кайрадан коломтодогу отто кыпкызыл болуп ысыган орокту ала коюп, шыркырата тили менен жалап, кээде кадимкидей кор кечип ойной, элдин жүрөгүн түшүрчү. Ал эми жайдын кечинде карыя ар дайым дөңгө чыгып кылкылдап батып бараткан күндөн көзүн албай чертип, өткөн-кеткендерди, жок издегендерди өзүнө чакырып коюп, ал жайын сурай, кайра анын жоготкон малы кайда жүргөнүнө чейин айтып берип, ал жерден каш карайганча түшчү эмес экен Бакалбай.
Бул жолу жанына келген Бөрүбайдын саламына акырын баш ийкеп коюп, Бакалбай черткен күүсүнүн аягына чыкмайынча унчукпаптыр. Качан күү бүткөндө комузу тирүү жандан бетер аны аярлай чоң ташка жөлөп коюп: "Күүнүн башы Камбаркан" -деген ушул деп кеп баштайт. Адегенде ал Камбаркандын чыгышы менен Камбар атанын тарыхын айтып келип, жөлөнүп турган комузун көрсөтө баян этет.
- Кыргыз-кыргыз болуп жаралганда эле теңирим анын колуна комузду кошо берген, уулум. Билсең, мен сага комуздун сырын, санжырасын айтып берейин деп чакырдым. Көкүрөгүңө түйүп кой: кыргызга жашташ кары комуз-жашоону, тирүүлүктү күүгө салат. Комуз өмүрдү даңазалайт. Жашоодо өмүрдө туулмак бар, өлмөк бар. Өлүм менен өмүр бар жерде кайгы жана кубаныч, өкүнүч тең орток. Андай болсо, комуз күүсү - адам тарыхынан, анын бүткүл турмушунан кабар этет. Комузда айтылбаган, анын бүткүл турмушунан, оюн-зоок, кайгы-капа, ашыктык-арманга окшогон деги, адамдын жашоосуна, тиричилигине тийиштүүнүн баары бар. мындайча айтканда балам, комуз - тирүүлүктүн аспабы. Адам өлүп, денеси көр алдында калат. Жаны тиги дүйнөгө кетет. Ал эми комуздун өзү баш болуп, анын күүсүнө чейин бул дүйнөдө жашаган бээжай адам менен кошо жашап, калган урпактарга сырын ачат. Кыргыз кыргыз болуп турганда, анын үнү шаңкылдап эч качан өчпөйт. Элибиз канча жашаса, ал ошончо өмүр сүрө турган касиетке ээ…
Карыя Бөрүбайды тиктей берип: "Кана, алдагы койнуңдагыны алып чыкчы",-деп колун сунат. Бөрүбай чоорун койнунан сууруп чыгып, карыяга сунганда ал албайм дегендей баш чайкап коюп, эми чоор жөнүндө сөз салат.
- Андай экен, эми сага чоордун сырын чечмелеп берейин. Ошондо гана сен, балким чоорду колуңа албассың. Түшүнсөң чоор - комуз эмес. Чоор - жаннаттын аспабы. Ал бу дүйнөгө да, тиги дүйнөгө да таандык. Мындайча айтканда, уулум, чоордун жаны бар. Аны адамзат такыр билбейт. Бирок негизинен чоор - тирүү аспап. Анын тарыхы мындай: Тээ качандыр бир кездерде, Кудайым жер-сууну, отту жана жан-жаныбардын баарын жасап болуп, эң акырында Адам ата менен мама Хаваны жараткан дейт.
Медет, дагы оюмду бузуп, сурап жибердиң ээ. Дегинкиси, сураганыңдын да жөнү бар. илгери айткандарым эсиңден чыгып кетиптир. Мейли анда түшүндүрөйүн. Мына бул тырнактай иниң Эсентурдун көөнүнө көп жетпестир. Ал болсо сенин курагыңа ккелгенче түшүнүп калар. Биздин элде илгертеден эле Адам атаны - Адам ата, Еваны - мама Хава дешкен. Көп эле алагды кылбай угуп тур, балам. Мама деген кыргыздын эзелки - түпкү сөзү. Илгертеден энени элибизде Мама дешкен. Кийинчерээк ал сөз акырындай эскирип аялдын эмчеги деген мааниге өтүп кетпедиби. "Ак мамаңды эркелеп эмдим эле, энеке". Болбосо кыргызда "Мамаке, Мамасадык, Мамажусуп, Мамаш, Мамаша" деген толуп жаткан аттар кайдан чыкты дейсиңер. Демек "мама" деген биздин түп сөзүбүз, төл сөзүбүз. Баса, Каба-Хаба деген ат да эл ичинде көп кездешет. Эми мен Бакалбай карыянын аңгемесин улантайын…
… Ошентип, Кудай Адам ата менен мама Хаваны жасап алып, аларга жан сала албай кыйналыптыр кандай аракет кылса да алар жансыз кыймылдабай сулк жата берген дейт. Нечен аракетке түшүп, Кудайдын айласы түгөнөт. "Капырай, башка жан-жаныбардын баарына оңой эле жан салбадым беле"-деп өзү Кудай болуп туруп алсыздыгына таң кала, бир чети айласы кетип, шалдая туруп калат. Эми эмне кылмакчы?..
Бир кезде Кудай эригип отуруп, жанында өсүп турган чогойнону кесип алып, эки жагын таарыйт да, акырын ооз учуна жакындата үйлөп көрөт. Үйлөгөн сайын сонун, сыйкырдуу кооз үн чыгат. Адам ата менен мама Хавага жан кире, алар кыймылдай баштаган экен. Качан аларга толук жан кирип, экөө тең көзүн чып, дүйнөнү таңыркай, сонуркай карай бергенде, Кудай көздөн кайым болот да, баягы чогойно түтүгүн унутуп коёт. Адам ата менен мама Хава кол кармаша так секирип, дүйнөнүн кооздугуна, сонундугуна канбай көпкө ойношот, көпкө убараланышат. Акыры Адам ата унут калган түтүктү кокусунан колуна алып, үйлөйт. Үйлөгөн сайын кооз үн чыгат дейт. Кызыга түшкөн эки жан отуруп алышып, жөнөкөй көрүнгөнсүгөн ошол сыйкырдуу чоордо ойной беришиптир. Байкашса, туш тарабындагы агып жаткан дарыялар токтоп, шамал жүрбөй, дарактар да кыймылсыз, ал эми жан-жаныбарлардын баарысы тең аларга жакын келишип, селейген-селейген боюнча туруп калышыптыр. Ажыдаарлар баштарын көтөргөн бойдон алардан көзүн албай элейишсе: арыстан, жолборс, аюу, кийик, маралы баш болгон канаттууларына чейин Адам ата менен мама Хаванын бийлигинен чыга ала турган көрүнбөйт. Алар кайда карап, кайда барышса, ошоякты карай ээрчий аракеттенишкен эрксиз, кудуретсиз, макулукка айланышкан экен го…
(Уландысы бар)










??.??





??.??