presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№12, 22.04.08-ж.
  Биринчи сөлкөбай

Пул турмушта кимдер кандай уланган?
Бул дүнүйө бир тыйындан куралган.
Эң биринчи акча тапкан күн кандай,
Энем эркек төрөгөндөй кубангам.

Кыялбек Урманбетов

Атайбек Бөдөшов, композитор:
- Биздин балалык Союз мезгилине таандык болуп өттү. Ал кезде мектеп окуучулары жайкы каникулда колхоз-совхоздордун жумуштарына жардам кылышчу. 6-класста чөп чабыкка чыктык. Биз теңдүү балдарды чийнечилер жана чөмөлөчүлөр кылып, эки командага бөлүп койду. Мен чийнечилер командасына иштедим. Өгүзгө чийнени кошуп алып, чөп ташыйм. Талааны жаңыртып ырдайм. Чийнечилер катар-катар тизилип алышып, сарайды көздөй жөнөйбүз. Балалык баёо сезим менен жумуштун оордугун деле сезбейбиз, бизге чөп ташыган эң кызык туюлат. Түшкө чейин иштейбиз да, түшкү тамактан кийин сууга түшөбүз. Баарыбыз аркы жээкке сүзүп өтүп кетебиз да, өзүбүзчө ойноп олтуруп алабыз. Байкуш бригадир берки жээкте "ишке чыккыла" деп кыйкырып жүрө берет. Биз ойноп-ойноп алып, тээ бир топто кайра жумушка чыгабыз. Ошентип эки ай иштедик. Окуу жылына беш күн калганда айлык берди. Анда да акчаны өзүбүздүн колубузга берген жок. Ата-энелерибиз алды. Ошондо мага 130 рубль айлык чыгыптыр. Атам менен апам кубанып, ошол акчага мага, бир туугандарыма мектепке кийим-кече, окуу куралдарын сатып берген. Мен болсо көпкө чейин ата-энемдин мактоосу менен дардайып жүрдүм.

Эрнис Абдыжапаров, кино режиссер:
- Мен кичине кезимден тартып эле Миңкуштагы "Наристе" вокалдык ансамблде иштечүмүн. 12 жашымда Фрунзеге фильм-концертке тартылганы келдик. 2-3 күн тартылдык окшойт. Шаар боюнча эскурссия болду. Мен үчүн аябай кызыктуу чыгармачылык сапар болгон. Ошондо 62 рубль 45 тыйын гонорар алганым эсимде. Бир тыйынын коротпой туруп, ата-энеме бергем. Бирок, мен акча тапканыма сүйүнгөн деле эмесмин. Мен үчүн чыгармачылык менен алектенүү акча табуудан да кызыктуураак эле. Азыркыга чейин ошол фильм-концертти теледен берип калышат. Аны көргөн сайын улуу чыгармачылык сапардын башталышын көргөндөй болуп, сүйүнүп калам.

Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
- 4-класста окуп жатканда бүт мектеп колхоздун талаасына картошка тергени чыктык. Күндө арабага түшүп алып, картошка талаага чейин ырдап барабыз. Анан карала- торала болуп, картошка казган трактордун аркасынан жүгүрүп, бозала чаң болуп картошка теребиз. Кечинде кайра ырдаган бойдон үйгө келебиз. Чарчаганды деле билбейбиз. Оюн-күлкү менен кантип бир ай өтүп кеткенин билбей калгам. Канча акча алганымды билбейм. Акчаны колума уучтаган боюнча үйгө келип, апама карматкам. Апам өз эмгегиң менен тапкан акча өзүңө буюрсун деп Жамбылдан мага кара дипломат сатып берген. Ал кезде дипломатты чанда гана окуучулар көтөрчү. Кара дипломат мага көп жыл кызмат кылды.

Динара Акулова, ырчы:
- Мен анда Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайда студент болчумун. Энем экөөбүз пенсия менен жашачубуз. "Жылдыз" деген ансамблге ишке кирдим. Соло-ритм гитарада ойнойм, ырдайм. Айтор, жумушум өзүмө аябай жагат. Бир күнү концерт бердик. Эң алгачкы жолу 60 рубль айлык алдык. Дароо эле базарга барып, энеме маасы, гөлөч сатып алып, айылга жөнөдүм. Ошондогу энемдин сүйүнгөнү ай. Өзүнө батпай, улам-улам бетимден өөп, "сен дагы киши катарына кошулдуңбу" деп, көзүнө жаш айланып, батасын берген. Анан кошуналарды чакырып, "кызым акча тапканга жарап калды" деп маасы гөлөчүнө аябай мактанып, кемпир-кесекке чай берип, ал күн өзүнчө эле майрамга айланган. Мен өзүм энеме сүйүнүч тартуулаганым үчүн ошол мезгилде чексиз бактылуу болгом.

Айбек Карымов, обончу:
- Биздин мезгилде мектеп окуучулары күзүндө окушчу эмес. Сабакты токтотуп коюп, талаа жумуштарына чыкчубуз. 6-класста картошка тергени бардык. Бир ай айылдан кетип, картошка талаанын жанындагы катар тизилген палаткаларда жашап иштегенбиз. Күндүз кечке иштейбиз. Күүгүм талаш чокко картошка көмүп бышырып жейбиз, ырдайбыз. Кичинекей класстын окуучулары эртерээк уктап калабыз. Чоң класстар тээ бир топко чейин жүрө беришет. Биз болсо аларды аңдып, өзүбүзчө кызыкка батабыз. Андай күндөр тез өтөт эмеспи. Жыйым-терим кандай бүткөнүн баамдабай деле калганбыз. 70 рубль айлык алдым. Чал-кемпирге набат алып барып бердим. Алар менин өз алдымча акча тапканыма зор кубанычта болушкан эле.

Жылдыз Тутуева, ырчы:
- 16 жашымда "Тунгуч" театры менен гастролго чыктым. Бизди бирөөлөр тойго чакырып калышты. Тойго Кавказдан бир мейман келиптир. Ал өз кезегинде тост сүйлөп, анан бийлеп бермек болду. Мен аны коштоп бийледим. Тойдогулар шатырата кол чаап коштоп турушту. Экөөбүз аябай жакшы бийледик. Бий аяктаганда мага акча кыстарды. Канча акча кыстарганын карабастан чөнтөгүмө салып койдум. Үйгө келип карасам 100 доллар экен. Аябай сүйүнүп кеттим. Гастролдон келгенден кийин ата-энеме аныктагычы бар телефон сатып бергем. Ал эми гастролдон алган акчама стулдарга килемче сатып алгам.

Сьездбек Искеналиев, обончу:
- Үйдүн кичүүсү болгондуктан бала кезде акча табуу деген нерсени ойлонгон жокмун. 1-курста окуп жатканымда жездем менен эжем "акча тапканды үйрөн" дешип Аламедин базарындагы булочка жасаган цехке жумушка орноштуруп коюшту. Менин кызматым эртең менен эрте барып, түшкө чейин булочка сатмай. Ар бир булочкага 50 тыйындан кошуп сатам. Күнүгө 30 сом табам. Ал кезде жакшы акча болчу. Бир күнү таң атпай жумушка баратсам, бир орус килейген итин сейилдетип жүрүптүр. Ит мени көздөй жүгүрдү, мен бакырып жерге олтура калдым, аз жерден ит талап кете жаздады. Түшкө чейин иштеп, түштөн кийин окуп жүрдүм. Акчаларымды чогултуп апама чай, кант, конфеттин түрүн алпарсам кубанганынан ыйлаган. Коңшу-колоңду чакырып, "менин көкүрөк күчүгүм эр жетти, минтип акча таап атат, ушу кетирекейге бир батаңарды бергиле" деп чай берип, өзүнчө бир убараланган эле.

Сөлкөбай чогулткандар Самара Сапынова, Фаризат Асанкалый кызы










??.??