presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№12, 22.04.08-ж.
  Саламат плюс

АНАРА Ордокова, "НИКЕ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ" ҮЙ-БҮЛӨНҮ ПЛАНДАШТЫРУУ БОРБОРУНУН ЖОГОРКУ
КАТЕГОРИЯДАГЫ ДАРЫГЕРИ, ГИНЕКОЛОГ:
Жыныстык жашоонун жыргалы да, азабы да бар
Сексуалдык революция бизге эми келип жатат...

Европа сексуалдык революция деген нерседен капкачан эле өтүшкөн. Кыргызстанга бул революция эми келди. "Желтая" прессада сүйүүнүн бардык түрлөрү баяндалып, эркек менен аялдын кошулганын ачык эле сүрөттөп жазышууда. А мындай гезиттерди карысыбы, жашыбы, 14-15 жаштагы өспүрүмбү, окуп жатат. Ал эми кошулууну ачык-айкын көрсөткөн кинолор жөнүндө айтпасам да белгилүү. Америка өз убагында мындай проблеманы башынан өткөрүп, небак бул проблемадан кутулушкан. А биз азыр аракет кылышыбыз керек болуп турат. Ал үчүн биринчи кезекте ар бир ата-эне (атасы баласы менен, апасы кызы менен) балдары менен өзүнчө отуруп алып, жыныстык жолу менен жугуучу оорулардан, боюна бүтүп калуудан кандай сактануу керек, аборттун кесепети тукумсуздукка алып бараары сыяктуу темаларда ачык-айкын маектешип, балдарга туура кеңештерин беришсе, абдан сонун болот эле.
Биз мурун үйлөнгөндөн кийин аял төрөбөсө эле күнөөнүн баары аялда деп ойлочу элек. Көрсө эркектерден да кетет тура. Канчалаган эркектер урологго барып текшерилишсе эле кичинекей чагында кандайдыр бир оору менен ооруганбы, балким ата-энеси кичинекейинде жакшы карап жылуу кийинтпей, жөнөкөй эле суук тийгенденби уруктары алсыз болуп чыга келүүдө. Бизге жакшынакай эле түгөйлөр келишет, көбүнчө "50х50", эки жак тең күнөөлү. Кыскасы, ушул өңдүү проблемаларга кабылбоо үчүн балдарды кичинекейинен тартып туура тарбиялоо азыр аябай актуалдуу!

КЫЗДАРДЫН ЭРТЕРЭЭК ЭЛЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫККАНЫ ЖАКШЫ!

Шаарда төрөлүп-өскөн кыздар көбүнчө тартиптүү, жакшынакай келишет экен. Дарыгер болуп иштегенге өзүм күбө болуп жатпаймынбы. Турмушка чыкканда кыз болуп чыгайын деп ойлошот. Албетте, жыныстык жашоону турмушка чыкпай эле баштап алган прогрессивдүү шаардык кыздар деле бар, бирок, эмнегедир алар жыныстык оорулар жөнүндөгү китепчелерди көбүрөөк окушабы, презерватив колдонушуп, абортко жол беришпейт. А чындап жабыр тарткандар көбүнчө айылдык кыздар. Отуруш, бир сааттык сүйүү, ар жагында эмнелер күтүп тураарын убагында ойлонушпайт. А балдарга эмне, баары бир, өз ишин кылып алып баса беришет. Эч болбосо балдар презерватив колдонуш керек экенин эстеринен чыгарбаса. Анын үстүнө шаарда кыздар ата-энесинин жанында жашаса, айылдан келген кыздарды көзөмөл кылган киши жок, бат эле бузулуп кетип жатышат. Бирок ошол айылдык кыздарды айылда жүргөндө ата-энеси катуу эле кармап жүргөн да. Биринчи болуп айылдыктар күйөөгө кыз болуп тийиш керек деген салтты карманышат эмеспи. Ал эми Европада кыздык деген бул проблема эмес, а биз мусулман мамлекет болгондон кийин мен дарыгер катары айтат элем Европада экономика өнүккөн, сапаттуу билим алышат. Ошон үчүн ал жакта окушат, иштешет, анан 30 жашта деле күйөөгө чыгып кете беришет. Бизде кайсыл жумуш, кайсыл кыйраткан окуу. Институтту жалаң акча менен бүтүрүп, "самопал" диплом алган кызга кайсыл карьера! Ошон үчүн кыздарга эртерээк эле күйөөгө чыккан жакшы. Эми ошол 22де чыгабы 25те чыгабы, кыз бойдон чыкса, жыныстык жол менен жугуучу "бир букет" оору менен же аборт жасатып алып күйөөгө чыкканга караганда жакшы эле да.

ҮЙЛӨНГӨНГӨ КЕЛГЕНДЕ ТАК ОШОЛОР ТАПТАЗА КЫЗДАРДЫ АЛЫШАТ

Чынында азыркы жаштар көбүнчө башаламан жыныстык жашоодо жашашууда. Кыз-жигит бири-бирин табышты, бири-бирин сүйүшөт, бирок балалуу болгулары келбейт, демек презерватив колдонсун! Ошол эле кыз-жигит бири-бири менен чогуу жашап, башка жакка баспаса мейли да, а эгер кыз ар бир отурушта жигитин улам алмаштырсачы? Ал эми балдардын кыздардан кыздарга секиргенин айтпай эле коёюн. Айрым балдар жыныстык жашоону 16-17жашынан эле башташат. Ар кайсы кыз менен жатып, түркүн көзгө көрүнүп билинбеген инфекцияларды өздөрүнө чогултуп алышат да үйлөнгөнгө келгенде так ошолор таптаза, тартиптүү кыздарды алышат. Анан эмне болот? Тигинин оорусу кызга жугат. Совет мезгилинде жыныстык жол менен жугуучу ВИЧ, сифилис, гонорея, трихоманиад өңдүү эле ооруларды билчү элек. Азыр оорулардын да түрү көбөйгөн, инфекциянын эле он чакты түрлөрү бар.
Аборт жасаардын алдында биз пациентти сөзсүз түрдө анализ тапшырууга мажбурлайбыз. Бизде "акчаңды бер биз аборт жасайбыз, андан ары эмне болсоң ошо бол" демей жок. Адегенде консультация өткөрөбүз. Кандай оорулар бар экенин тактайбыз. Эгер кандайдыр бир жыныстык жол менен жугуучу ооруну таап алсак, сөзсүз түрдө түгөйлөрдүн экөөсүн тең дарылайбыз. Ал эми аборт жасачу курал-жарактарыбыз автоклавка өткөрүлүп берилет.

МОСКВАДА БАШАЛАМАН ЖЫНЫСТЫК ЖАШОО...

Канчалаган жаштар азыр Москвага иштегени кетип жатышат. Алардын артынан жалаң сойкулар кеткенби, кыскасы ал жакта жашап иштеген биздин жаштарыбыз башаламан жыныстык жашоодо жашашат экен. Анын үстүнө ал жакка билимдүү, интелигенттүү адамдар кетпейт да. Анан бул жакка букет оорулар менен келишүүдө. Москвада болсо медициналык тейлөө өтө эле кымбат. Ал жактан көрүнүп дарыланууга биздин жумушчулардын чамасы чак келбейт, чак келген күнү дагы сени ал жакта 3-сорт катары дарылайт да.

ХЛАМИДИЯ - ТУКУМСУЗДУК...

Тукумсуздукка алып келүүчү себептер көп. Көбүнчө жыныстык жол менен жугуучу оорулардан улам кабылышат. Анан азыр хламидия, микоплазма, уреаплазма деген сыяктуу "модный" вирус инфекциялары бар. Биз эң эле алгач ушул вирустук инфекцияларга көңүл бурууга аракет кылабыз. Көпчүлүк биздин дарыгерлерибиз бул инфекцияларга анча маани беришпейт. Вирустарды жок кылуу өтө татаал, атүгүл айыкпайт десе да болот. Вирустар менен күрөшүүдө көбүнчө адамдын иммундук системасын көтөрө турган дары-дармектерди беребиз. Анан адамдын организми вирус менен өзү күрөшө баштайт. Тилекке каршы вирусту жок кыла турган жакшы дары азырынча жок.
Вирустук инфекциялардын ичинен хламидия аялдардын тукумсуздукка кабылышына көбүрөөк себепкер болот. Аялдардын маткалык түтүкчөлөрү өтө ичке, ал эми хламидия бул түтүкчөлөрдү дароо бекитип салат.

Дарылык касиети бар бойго бүтүрбөөчү таблеткалар да бар...

Жаштарга көбүнчө биз презервативдерди жана бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды колдонууну сунуш кылабыз. Презервативдердин жакшы жери алар жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да, кокусунан бойго бүтүүдөн да сактайт. Ал эми бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын жалгыз бир кемчилиги - аларды күн сайын ичип туруу керек. Дүйнө жүзүнө белгилүү бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды чыгарган фармацевттик компаниялар тартипке көнбөгөн пациенттерге таблеткаларды дайындабагыла, алар биздин репутациябызды бузат деп кеңеш беришүүдө. "Алар таблеткаларды эрежеси менен ичишпейт, анан бойлоруна бүтүп калат, күнөөлүү биз болобуз" дешет алар. Фармацевттик компаниялар учурда көптөгөн таблеткаларды чыгарышууда. Аптекага кирсек, алардын ондогон түрлөрү бар. Туура тандап, туура ичүү үчүн сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Айрымдары таблетка ичкенде толуп кетебиз деп коркушат. Бирок учурда аябай төмөн гармондордон турган, бирок 100 пайыз натыйжа берчү таблеткалар чыгууда. Андыктан коркпой эле коюңуздар. Мындан тышкары дарылык касиети бар бойго бүтүрбөөчү таблеткалар да бар. Мисалы, бетине безетки чыккан кыздар ичсе, безеткини жоготууга жардам кылат. Кээ бир кыздардын менструациясы оорутуп келет, таблетка ичип баштаган соң, бул ооруну жөнгө салат.

ЖАСАЛМА КЫЗДЫКТЫ МЫКТЫ ЭЛЕ ЖАСАШАТ...

Айрым кыздардын кыздык белгиси адаттагыдан чоңураак жана чоюлчаак болот. Жыныстык кошулуу учурунда мындай кыздык белгилер канабай калышы мүмкүн. Бирок, мындайлар өтө эле сейрек кездешет. "Эч ким менен жатпасам деле эмнегедир болбой калды" деген кыздардын көпчүлүгү өздөрүнүн айыбын жашыргандар. Калп эле муну шылтоолобой эле коюшсун. Эгер жигит менин укугум тепселенди деп эсептеп, кыз менен жигиттин ортосунда кандайдыр-бир талаш маселелер жаралса, алар соттук медэкспертке кайрыла алышат. Бул жөнүндө бир гана ошолор жыйынтык чыгара алышат.
Европада кыздык менен иштери да жок эмеспи. Аларда эң негизгиси, бири-бирине төп келсе болду. А биз канткен менен мусулман мамлекетпиз, күйөөгө кыздыгы жок келсе буга чейин канча эркек менен жүргөнүн ким билет, балким бузулган кыздыр дегендей кылышат. Анткени, бул нерсе салтка айланып калган да. Бирок, белгилей кетчү нерсе, азыр биздин дарыгерлер жасалма кыздыкты мыкты эле жасашат. Күйөөгө тиердин астында кыздыгын кайра калыбына келтирип алгандар толтура.

БАЗАРДЫН АЙЛАНАСЫНДА ДАРЫЛАНУУ

Азыр базарлардын жанына эле базарда иштегендерге жумуштан чыга калып, кире калганга ылайыктуу кылып, кичинекей жеке медициналык кабинет ачкандар көбөйдү. Эми ал жакта иштегендер деле чындыгында дипломдору бар дарыгерлер, лицензия ала коюп, акча табуу үчүн мындай кадамга барышууда. Бул кабинеттерден жогоруда айтылган гонорея, трихомонад, сифилис сыяктуу ооруларды тез эле анонимно айыктырып коё алышат. Анткени, аталган ооруларды айыктыруу анча татаал эмес, ооруну дарылоонун инструкция-схемасын медициналык адабий китептерден табууга болот. Бирок ушул эле оорулар күчөп кеткен учурда ал кабинеттегилер жардам бере албай калышат.
"Нике жана үй-бүлө" үй-бүлөнү пландаштыруу борборунун контингенти - базарлардын айланасындагы кабинеттерге барган пациенттер эмес. Бизди адистештирилген клиника деп коёт, андыктан бизге оорусу өтө татаалдашып кеткендер, тукумсуздук менен жабыр тарткандар, аборт жасатуучулар кайрылышат.

Асхат Айсаракунов










??.??