№12, 22.04.08-ж.
  Өзүңдү сына

Сиз кандай айымсыз?
Мырзаларга кандай таасир калтырасыз?
Ар бир эле айым мырзалардын көңүл борборунда болууну кааласа керек. Эгерде сиз бир караган эркекке кандай таасир калтыраарыңызды билгиңиз келсе төмөнкү тесттен өтүп, өзүңүздү текшерип көрсөңүз болот.

1. Көбүнчө белекке
кандай гүл алганды
жактырасыз?
а) Архидея
б) Астра
в) Коала
г) Роза
2. Эс алууга жалгыз бара
жатып эң алгач эмне
жөнүндө кыялданасыз?
а) Жанымда мага татыктуу мырза болсо
б) Мага эч ким тоскоол болбогондой тынчтык болсо
в) Бүгүн сөзсүз бир жигитти тузагыма түшүрөм
г) Дагы бирөөсү келип, мени менен таанышаар
3. Кечеге барсаңыз жакын курбуңуздун жигити сизди
кылгыра тиктеп турган
болсо, анда сиз:
а) Аны карап, жөн гана жылмайып коёсуз
б) Экинчи карабаганга аракет кылып, көзүңүздү ала качасыз
в) Мостоюп кечке көзүңүздү албай карай бересиз
г) Дароо курбуңузга айтып, чара колдоносуз
4. Шкафты ачсаңыз ичинде
кутучага оролгон белек
турат, сиз эң алгач эле:
а) Белекти ачпастан ичинде эмне бар экендигин ойлоно баштайсыз
б) Көп деле маани бербейсиз, ачпай деле коёсуз
в) Ачып эмне белек экенин көрөсүз
г) Дароо ачпастан, алгач белек берген адамга ыраазычылык билдиресиз
5. Сиз музыканы:
а) Көпчүлүктүн арасында укканды жакшы көрөсүз
б) Болгон үнүн чыгарып алып, наушник менен укканды жакшы көрөсүз
в) Жакын адамыңыз менен жылуу- жумшак отуруп үйдө укканды жактырасыз
г) Музыка укканды жаман көрөсүз, анткени бат эле башыңыз ооруп чыгат
6. Эркектердеги сиз баалаган, сиз издеген сапат бул:
а) Тамашакөйлүк
б) Чечкиндүүлүк
в) Акылдуулук
г) Күчтүүлүк
7. Сиздин көз карашыңыз боюнча аял сексуалдуу көрүнүш үчүн:
а) денеге чапталышкан узун көйнөк кийишке тийиш
б) денесин жаап-жаппаган кийим кийүүгө тийиш
в) дайыма костюм-юбка кийүүсү керек
г) бийик шиш така кийсе ойдогудай көрүнөт.




15-28 балл алгандар
Мындай айымдар жашоодо кызыктуу окуяларга көп туш болушат. Ары-бери өткөн эркектер жок дегенде бир көз жүгүртүшөт. Себеби, аларга жагуу-бул топтогу айымдардын хоббиси болгондуктан, мырзалардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн колунан келген аракетин кылышат. Бул айымдардын дагы бир өзгөчөлүгү дайыма ачык түстөгү кийимдерди кийип, көпчүлүктөн бөлүнүп турууну жактыргандыктан, өзүн дайыма эң мыкты формада алып жүрүш алар үчүн кадимки эле көрүнүштөрдүн бири. Эркектерди дароо болбосо да бара-бара сөзсүз тузагына түшүрө алышат. Булардын жашоодогу урааны - "Эч качан көлөкөдө калбоо". Бирок, бул калыбыңыздан жазбай жүрө берсеңиз, бирде болбосо бирде ыңгайсыз абалда калышыңыз мүмкүн. Эмнеси болсо да кээде көлөкөдө кыймылдабай отура туруш да пайдалуу экенин эске алып, жүрөгүңүзгө жакын адамыңыздын көңүлүн ирээнжитип алуудан алыс болуңуз.

11 -15 балл алгандар:
Мындай айымдардын жан-дүйнөсү бөтөнчө назик келгендиктен, болор-болбос нерсеге бат таарынышып, ызакор болушат. Ал эми мырзаларга батынып сүйлөшпөйт, бул топтогу асылзаттардын мүнөзү баланыкындай баё болуп, бир нерсеге бат ишенишет. Турмуштук девизи - эч качан бөтөн көзгө ашыкча урунбоо. Жакын адамдарынын, досторунун баарына бирдей мамиле жасаганга аракет кылышып, бирдей көңүл бөлүшөт, бирок ашыкча сезимтал келгендиктен буларга өмүрлүк жубай табуу оңойго турбайт.

7-11 балл алгандар:
Ал эми бул айымдардын жашоодогу принциби "Жети өлчөп бир кесүү" болгондуктан ар бир ишти кылдаттык менен чече билип, дайыма өзүнө-өзү ишенип жүрөт. Бардык жагдайдан суудан таза, сүттөн ак чыгуунун жолун издешет. Мындай айымдарга мырзалар жакындоодон тартынып турушат. Себеби, оңой менен бир нерсени жактыра бербей, жумурткадан кыр издөөнүн аракетин кылышат. Айтор, жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртпөсөңүз, сизди курчаган, сизди жакшы көргөн адамдарды өзүңүздөн күтүүсүз алыстатып алышыңыз мүмкүн. Эки жагыңызга кылчайып карап көрүңүзчү, көп эле тарамыштай түйүлө бербей жашоонун кереметин сезгениңиз туура болоор.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева




Нурбек Дайырбек уулу:
"Өлүп калам деп коркком..."
Биздин бүгүнкү кыскача маегибиз Роза Шакирова менен "Карабачы" аттуу дуэтти созолонто ырдаган ырчы жигитибиз Нурбек Дайырбек уулу менен болмокчу. Нурбек Дайырбек уулу Ыссыкөл облусуна караштуу Корумду айылында 1985-жылы 29-сентябрда төрөлгөн. Б. Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр Институнун фольклор бөлүмүнүн төртүнчү курсунда окуйт. Учурда жеке ырчы.

- Нурбек, алгач ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калдың?
- Ыр дүйнөсүнө мектепте окуп жүргөн кезимден эле аралаша баштагам, көптөгөн конкурс,фестивалдарга да катышып жүрчүмүн.Мен 9-10 класста окуп жүргөндө таланттуу ырчы байкебиз Сыймык Бейшекеев Балыкчы шаарына уюштурган "Биз таланттарды издейбиз" деген конкурсуна катышып Сыймык байкенин "Аселге кат" аттуу ырын аткарып, биринчи орунду алгам. Андан соң 2001-жылы Бишкекте уюшулган "Жаш таланттар" фестивалына да катышып лауреат болгом. Анан мектепти аяктагандан кийин бул жакка келип институтка тапшырып,өтүп кеттим.
- Угушума караганда мурда"Тунгуч" театры менен да иштешип жүрдүң беле?
- Мен институтта экинчи курста окуп жүргөнүмдө Жамал Сейдакматова уюштурган Мюзклга тандоо жарыялап, анда "Титаник" кинотасмасынын соундтрегин ырдап, биздин институттан экөөбүз, ал эми Консерваториядан алты студент өткөн элек. Кийин Асылбек Өзүбековдун "Тунгуч" театры менен төрт жылдай иштешкен соң, жеке ырчы катары бөлүнүп кеттим, учурда өзүмчө эле ырдап жүрөм.
- Өзүң теңдүү төбөсү көрүнүп калган ырчылар менен кандай мамиледесиң?
- Чынын айтсам, М. Иманбеков, А. Сүйүнбаев, Ч. Мырзаев жана Ташкент кызы Гүлдөр менин курсташтарым, ал эми Султан Садыралиев экөөбүз бир группада окуйбуз. Убагында баарыбыз тең бир жатаканада, бир бөлмөдө жашаганбыз, азыр деле мамилелерибиз жакшы, көпкө көрүшпөй калсак сагынышып калабыз.
- Жакында сени балдар тоноп кетишти деп уктук эле, ошол чынбы?
- Ооба, 1-апрель күнү "Эверест" деген кафеде ырчы болуп иштеген досума барып кичине сүйлөшүп,ырдап отурайын дегенче саат түнкү 1ден өтүп кетиптир. Анан экөөбүз ээрчишип сыртка чыгып, тиги досум алыс жакта тургандыктан биринчи аны таксиге салып ийип, жөн турбастан баса берейин деп бара жатсам, алдымдан эки бала чыгып тамеки сурап калды.Анан мен эч нерсеге түшүнбөстөн туруп калдым. Бир маалда ары жактан дагы экөө басып келип өзүлөрүн милициябыз деп тааныштырып, бирөөсү күбөлүгүн көрсөттү. Мен жакшылап көрөйүн деген максатта моюнумду суна берээрде баягы далдайган экөө мени эки колдон алып машинеге ыргытып ийдиби, билбейм кантип кирип отуруп калганымды сезбей калыптырмын.Ошентип колумдан катуу кармаган бойдон экөө эки жагымда,экөө астымда зуулдаган бойдон шаардан чыгып, өйдө Койташ жакка жөнөдүк. Жүрүп отуруп токой тарапка кайрылышып, эски сарайдын жанына токтотушту да, менден "наша барбы?" деп издей башташты. Эч нерсе чыкпаган соң, чөнтөктөрүмдү аңтарышып болгон акчамды, колумдагы эки күмүш шакегимди чечип алышып эч нерсе дебестен мени ошол жерге таштап кетип калышты. Ошентип мен түнкү үчтөн өтүп калганда үйгө жөө келдим. Биринчи токойго алып барганда өлтүрүп коюшат го деп ойлогом, бирок, Кудай бар экен, акчамды, баалуу буюмдарымды алдырсам да, аман калганыма шүгүр кылам.

Маектешкен
Назгүл Кенжекараева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Адамдын акыл-эси өлгөндөн кийин дагы иштейт
Голландиялык окумуштуулардын тобу "О дүйнө бар" деген теорияны далилдешти. Адамдын акыл-эси өлгөндөн кийин дагы иштей тургандыгын бир топ жылды камтыган изилдөөлөрдүн натыйжасы айгинеледи.
Адамзаты көп жылдардан бери эле "Өлгөндөн кийин жашоо уланабы?" деген суроого жооп таба албай келишет. Адамдын жүрөгү менен дем алуусу токтогон менен акыл-эси токтобойт. Анткени, клиникалык өлүмгө кабылгандардын баарысы туннельдин акырындагы жарыкты жана мурунку жашоосунан эпизоддорду көрүшкөн. Мисалы, окумуштуулардын айтууларына караганда ооруканага эс-учун жоготуп жаткан оорукчан түшкөн. Жасалма дем алдыруу жана жүрөгүнө жасалган массаж дагы жардам бербегендиктен, медиктер акырында оозуна түтүкчө салууга аргасыз болуп оозундагы протезди алышкан. Бир жумадан кийин өзүнө келген оорукчан протезин кайтарып берүүсүн суранган. Бирок тополоң учурунда кайсы жерге койгондорун бир дагы врач эстей албай койгондуктан, өзү сүрөттөп берген.
Клиникалык өлүм учурунда адам өзүн-өзү үстүдөн көрүп тургандыгын, бир топ ирет врачтарга тирүү экендигин айтууга аракеттенгендигин жана алардын эмне кылып жаткандыгын кеңири сүрөттөп берген.
Ушуга окшогон көрүнүштөрдөн улам окумуштуулар адамдын акыл-эси мээ жана денеден көз карандысыз иштейт деген тыянакка келишкен.

Японияда мекемелердин үстүнө бак отургузулат
Япониялык Suntory Ltd компаниясы "Patcal" деген аталыштагы мекемелердин үстүнө өсүмдүк өстүрүү үчүн жасалма топуракты иштеп чыгышты деп билдирет Trendhunter сайты. Эң биринчилерден болуп, дарактарды үйлөрдүн башына көчүрүү эсептелет. Бирок, Токиодо жер титирөөсү тез-тез болуп тургандыктан, дарактарды мекемелердин үстүнө көчүрүүдө өтө кылдаттык талап кылынат. Мындай жасалма топурак кадимки топурактан эки эсе жеңил жана токиялык там баштарын жашылдантууга мүмкүндүгү бар. Жасалма топурактын синтетикалык аналогу бар болгондуктан мекеме ичиндеги температураны 10 градуска төмөндөтүп турат.
Эң кызыктуусу, жасалма топуракты ойлоп чыгарган компания алкоголдук ичимдикти чыгаргандарга караганда атагы алыска тарады.

Сегиз аяктуу Лакшми
Индиядагы Бангалар шаарынын докторлору жыйырма төрт саатты камтыган оор операцияны ийгиликтүү аякташты. Операция индиялык эки жашар Лакшмиге жасалды. Эмнегедир бул кыздын төрт колу жана төрт буту болгон. Мындай көрүнүш "таң калыштуу эгиздер" деген аталышка ээ болду. Себеби, эненин курсагындагы эки түйүлдүктүн биринин өсүүсү токтоп калгандыктан Лакшмиге кошулуп калган. Эң мыкты деп аталган отуз врачтын колунан жасалган татаал операция ийгиликтүү аяктап, азыркы күндө ата-энесин кубандырып жаткан учуру.
Бир кезде Лакшмини сатып алуу үчүн цирк адамдарынын келгенинен кызды бекитүүгө дуушар болгондуктарын бактылуу болгон ата-энеси эскеришүүдө.

66 хот-догду 12 мүнөттө ким түгөттү?
Жыл сайын өтүлүп туруучу бат түгөтүү таймашында 66 хот-догду 12 мүнөт ичинде жеп түгөткөн америкалык студент Жоди Чеснат чемпион аталды. Чеснат япониялык алты жолку чемпион Такер Кобаянинден озуп чыкты. Ушул кезге чейинки мелдештерде рекорддо 63 хот-дог желген болсо, азыркы күндө 3 хот-догго ашты.

Балыктар кантип укташат?
Кыбыр эткен жан-жаныбарлардай эле балыктар да укташат экен. А бирок, алар эч качан суу түбүнө жатышпайт. Мына кызык, бир орунда кыймылдабай, суу арасында уктаганды элестете бериңиз.

Кенгурулар кимге окшош?
Европалыктар Австралияга отурукташа башатаганда ит катары кенгуруну короого байлашчу экен. Көрсө алардын түпкү теги иттен тараган деп эсептешип, башкача айтканда учуучу ит деген окшоштуктар коюлган. Практика жүзүндө карап көрсөк кеңгурунун башынын түзүлүшү чындыгында эле итке окшош турбайбы.

Кичинекей чымчык
Бул жандык колубру деп аталат. Эң алсыз аталган колубру чымчыгын кичинекей гүл оңой эле көтөрөт. Ал эми бул жандыктын негизги тамагы - роза гүлүнүн нектары болуп эсептелет.

Даярдагандар Чынара, Айжан