presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№13, 29.04.08-ж.
  Спорт

Пекин-2008
Олимпиада оту Австралияда да активисттерсиз өткөн жок. Сиднейде эстафета учурунда австралиялык чемпион Меган Маркстын колунда от өчүп калган. Кытайлык коргоочулар бир канча мүнөттөн кийин кайра отту күйгүзүшкөн.
Австралияда эстафетанын узундугу 20 км түзгөн. Тибеттин көз карандысыздыгын колдогон активисттер Сиднейде да акцияларды уюштуруп, жыйынтыгында 8 адам полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Жума күнү олимпиада оту Япониянын Нарита аэропортуна келген. Аэропортко эч кимди киргизген эмес. Эстафета 2 сааттан кийин жарыяланган. Олимпиада комитети билдиргенине караганда Японияда эстафета учурунда мыйзам бузуулар болсо, марафон жашыруун өткөрүлөт.
4-майдан кийин олимпиада оту Кытайдын бардык аймактарында болуп өтөт. Марафон 8-августта Пекинде Олимпиаданын ачылышында аяктайт.

Шахмат
Sms менен ойногон…
Dubai Open Chess турниринде ирандык шахматчы Садатнаджафи оюндан чыгарылган. Кытайлык проссмейстер Ли Чао менен болгон оюнунда ирандык оюнчу телефон аркылуу sms каттарды алганы билинип калды. Оюндун 10-жүрүшүндө Садатнаджафи телефонун түшүрүп алган. Жыйынтыгында Садатнаджафинин sms аркылуу шахматтын кийинки жүрүштөрүн алып жаткандыгы билинген. Эксперттердин билдиргенине караганда sms жөнөткөн адам интернет аркылуу түз эфирден көрүп жаткан.

Бокс
Рой Джонс кайрадан рингде
Дүйнөлүк бокстун легендасы Рой Джонс ушул жылдын 15-ноябрында Джо Калзаге менен беттешиши мүмкүн. Азыркы убакта дүйнөнүн эң мыктыларынын бири Джо Калзаге менен бир чечимге келе элек.
Калзагенин промоутери Френк Уоррендин айтымында Калзагенин кийинки тең тайлашуучусу тактала элек. Алардын бири Рой Джонс же WBO/WBC чемпиону Келли Павлин болушу мүмкүн.

Хоккей
Канада чемпион!..
Жаштар арасында хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаты өткөн жумада аяктады. Финалда Канада менен Россиянын жаштары ат салышкан. Жыйынтыгында канадалыктар бир канча күчтүүлүк кылып (8:0) эсебинде жеңип алышкан.
Оюндун биринчи 20 минутасында эле канадалыктар беш шайба киргизишкен. Орустарга бул оюн эсеби күтүүсүз болгон. Себеби, финалга чейин орустар группа ичинде канадалыктарды 4:2, жарым финалда болсо америкалыктарды 3:1 эсебинде жеңишкен эле.
Үчүнчү орунга америкалыктар менен Швеция ойношкон. Коло медалын америкалыктар 6:3 эсебинде Швецияны жеңип алышкан.
Финал
Канада - Россия - 8:0 (5:0,2:0,1:0)

Чемпиондор лигасы -2008
"Зенит" финал алдында
24-апрелде Мюнхенде УЕФА кубогунун жарым финалынын 1-оюнунда "Бавария" менен "Зенит" ойноп, 1:1 эсебинде аяктаган.
Оюндун 1-бөлүгүндө бавариялыктар бир канча күчтүүлүк кылып, 18-минутада эле пенальти жарыяланып "Бавария" 1:0 эсебинде жеңип келе жаткан. Орустардын ишенген оюнчусу Аршавин бул оюнда өзүн көрсөтө алган жок.
2-бөлүгүндө орустар ойгонуп бир канча коркунучтуу соккуларды жаратты. Бир канча аракеттеринен соң оюндун 60-минутасында орустар эсепти 1:1 кылып өзгөрттү.
Биринчи жолу өзүнүн тарыхында "Зенит" Европа кубогунун жарым финалына чыкты. Мюнхенде "Зенит" 1:1 эсебиинде ойноп финалга чыгуусуна бир канча мүмкүнчүлүк алды. 1-майда Петербургда бул эки клубдун экинчи беттешүүсү болот.

Чемпиондор лигасынын биринчи жарым
финалынын оюндары болуп өттү
Ливерпуль менен Челси оюну күтүлбөгөндөй болуп өттү. Оюндун 43-минутасында Дирк Кейт алгачкы голун киргизип команданы алдыга алып чыкты. 95-минутада норвегиялык Йон Арис Риисе башы менен топту өзүнүн дарбазасына киргизген.
Ливерпулдун капитаны стивен Джеррард Лондондо гол киргизээрин билдирди.
Барселона менен Манчестр Юнайтед оюну 0:0 эсебинде аяктаган. Бул оюнда Барселона өзүнүн жеринде бир канча күчтүүлүк кылган. Оюндун үчүнчү минутасында Барселонага пенальти жарыялаган. К.Роналду пенальтини колдоно албады. Оюн аягына чейин эсеп 0:0 бойдон калган.

Девид Бекхэм
эң кымбат оюнчу
2007-жылдын эң кымбат оюнчусу - Бекхэм деп табылды. Англиянын легендарлуу оюнчусу өткөн жылы рейтинг боюнча 2-орунда турган. 1-орунду бразилиялык "Барселона" оюнчусу Рональдиньо ээлеген.
Бекхем 2007-жылдын январь айында "Лос -Анжелес Гелакси" клубу менен 250 млн еврого 5 жылдык келишим түзгөн. Ошол эле жылы май айына чейин "Реал Мадридде" ойноп Испания чемпиону аталган.
Жылдын эң көп айлык алган машыктыруучусу Жозе Мауриньо табылды. Анын бир жылдык кирешеси 29 млн еврону түзгөн.
Эң кымбат оюнчулардын тизмеси:
1. Бекхэм - 31 млн. евро
2. Рональдиньо - 24,1 млн. евро
3. Лионель Месси - 21 млн.евро
4. Криштиано Роналду - 19,5 млн.евро
5. Анри - 16,8 млн.евро
6. Терри - 13,9 млн.евро
7. Баллак - 13,8 млн. евро
8. Роналдо - 12,9 млн.евро
9. Кака - 12,9 млн. евро
10. Джеррард - 11,8 млн евро

Кыргыз спорту
Сергей Кочурин Пекинде
Кыргызстандык Сергей Кочурин Бангокто болуп өткөн Азия чепионатында фехтования боюнча жеңишке ээ болуп, алтын медалдын ээси болгон.
Улуттук олимпиада комитетинин билдирүүсүндө Сергей Кочурин Пекин - 2008 олимпиадасына жолдомо алды.

Принц
"Дордойдо"
Бир жума мурун ганалык футбол оюнчусу Даниэль Тага менен болгон келишим түзүлгөндөн кийин Даниэль Таганын принц экени билинген.
- Ооба, мен принцмин, атам өзүмдүн уруумдун королу -дейт.
- Сенин урууңда канча адам бар?
- Так билбейм, бир канча миң. Бирок бизде кулдар жок, биздин эл-демократияда жашайт. Атам көз жумгандан кийин мен элимдин королу болуп калам.
- Корол болгондон кийин футбол ойноону улантасыңбы?
- Азырынча бул жөнүндө ойлонуп көрө элекмин- деди Даниэль Тага журналисттердин берген суроолоруна.

Кыргыздын
Антону Турцияда…
Кыргызстандык Антон Землянин Турциянын "Гиресунспор" командасына ойноп келет. Акыркы үч оюнда катары менен гол киргизип Кыргызстандык оюнчу өзүн көрсөткөн.
6-апрелде "Гиренсунспор" "Гиярбакирспор" менен ойногон. 81-минутада Антон оюн талаасына чыгып, бир минутадан кийин 1:1 эсебин, 2:1 эсебине өзгөрткөн. 89-минутада болсо 2-голун киргизип командасына жеңишти алып келди.
12-апрелде "Стамбулспор" менен болгон оюнун 79-оюнда талаага чыгып, 2-минутадан кийин гол киргизген.
19-апрелде "Стамбулспор" менен беттешүүдө Кыргызстандык оюнчу оюндун башынан ойноп 4-минутада эсепти ачкан.
Антондун голдору командасын 15-орундан 12 -орунга алып чыккан.

Россиялыктар чейрек финалда
Россиялык Игорь Андреев менен Николай Давыденко Монте-Карлодо өтүп жаткан Masters сериясы боюнча Николас Альмагаро менен Филипп Кальшрайберди жеңип 1/4 финалында бири-бири менен ат салышмакчы. Алар менен бирге дүйнөнүн эң күчтүү теннисисти Роджер Федерер да чыккан.
Игорь Андреев карьерасында Николас Альмагаро менен беш жолу ойноп, үч жолу жеңип чыккан.
Андреевге бул экинчи жолу 1/4 финалына чыгышы буга чейин Майамиде болуп өткөн турнирде да 1/4 финалына чейин чыккан.

Теннисисттер - миллионерлер
Чарльстондо болуп өткөн теннис боюнча чемпионатта Серена Уильямс чемпион аталды. Бул сезондо миллион доллардан жогору акча тапкандардын экинчиси болду. Анын жалпы утушу - 1 050 993 долларды түзгөн. Биринчи орунда Мария Шарапова - 1 760 626 доллар, Серена экинчи орунда, үчүнчү орунда болсо - 1 017 090 доллар менен Анна Иванович ээледи.
Эркектердин арасында Новак Джокович гана (1 876 806 доллар) миллиондон ашык тапкан. Башка мыктылар Федерер, Надаля да миллионго жете элек. Николай Давыденко болсо 837,273 доллар акча топтоп үчүнчү орунда турат. Биринчи, экинчи орунду Федерер менен Надаля (841, 397$) ээлешкен.

Даярдаган Санжарбек Абдырахманов










??.??