presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№13, 29.04.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Салман Кхан
Толук аты - жөнү - Абдул Рашид Салман Кхан
Туулган жылы - 1964-жыл
27-декабрь, Индия
Бир туугандары - карындаштары Альвира жана Арпита, инилери
Арбаз жана Сахаил Кхан
Сыймыгы, кымбат көргөн адамдары -
Ата-энеси
Жактырып, сыйлаган актрисасы -
Каришма Капур
Жакшы көргөн кийими -
жинсы көйнөк, шым
Жактырган модеьери - Джорджо
Армани, Джанни Версаче
Жашоосундагы эң чоң жетишкендиги - Кхандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөндүгү

Тегерегине көптөгөн күйөрмандарды топтогонго жетишкен, келбети, дене түзүлүшү жагынан алдына актёр салдырбаган Салман Кханды кабарчылар жеке жашоосун билүү максатында ар дайым артынан аңдышканы аңдышкан. Атасы Индия элине белгилүү жазуучу Салман Кхан, ал эми апасы таланттуу сүрөтчү. Кээ бир маалымат булактары Абдул Рашиддин туулган жылын жаңылыштык менен 1962-жылы төрөлгөн деп жүрүшөт, мындай болушу мүмкүн эмес, себеби Рашиддин ата-энеси 1962-жылы күзүндө гана баш кошушкан. Кийинчерээк атасы үйүнө экинчи аялы Халенди жетелеп келген, бирок алар балалуу боло алышкан эмес. Атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү Бомбейге көчүп келишкендиктен, актердун бала чагы ушул шаарда өтүп, бүгүнкү күнгө чейин Бомбейде жашап келет. Бала чагында өтө жоош болуп, ата-энесине көп деле түйшүк тарттырган эмес. Апасынын бала багып, тарбиялаганга убактысы тар болгондуктан көбүнчө болочоктогу кичинекей актерду "экинчи апасы" Хален баккан. Ошондон уламбы айтор, ал апасына караганда Халенди жакшы көрөт экен.
Жыйырма үч жашка чыкканда Абдул Рашид кино дүйнөсүнүн босогосун аттаган. Бирок, алгачкы тасмасы ага ийгилик деле алып келген эмес. "Жубайлар" аттуу киного тартылып, жылдыз боло албаса да өзүн кино жаатында сынап көрүп, бир аз да болсо тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк алат. Ал эми 1989-жылы "Мен сүйүүгө туш болдум" аттуу тасмага тартылып, бир ок менен эки коёнду өлтүргөн. Тактап айтсак, дал ушул тасма аркылуу биринчиден "Эң мыкты актер" деген наам менен сыйланса, экинчиден түшүнө кирбеген ири суммадагы гонорар алып капчыгы толгон.
1990-жылы "Менин сүйүктүүм" тасмасына тартылгандан соң, эң популярдуу, эң атактуу актёрлор Амитадга Баччана менен Санджая Даттанын катарына кошулган. 1995-жылы "Каран менен Арджун" киносунда тартылып, кикбоксердун ролун жаратып, ден-соолугунан бир аз жабыркайт. Ошентсе да кинорежиссерлор мушташкан, атышкан эпизоддорго катышуусун сурана башташат. Бирок Абдул Рашиддин табияты мындай зулумдук, зөөкүрлүккө карама-каршы тургандыктан бир топ кирешелүү сунуштардан баш тарткан.
Жеке жашоосу жөнүндө эч кимге ооз ачып айтканды, сыр бөлүшкөндү жактырбагандыктан сүйүүсү, өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө кенен маалымат дээрлик жокко эсе.
Абдул Рашиддин биринчи сүйүүсү Сангита Бижлани, ал эми жашоосундагы чоң изди Боливуддун ажарлуу, ай-чырайлуу актрисасы Айшвария Рай калтырган. Экөөнүн ысык мамилеси эмнегедир муздап, пикир келишпестиктер пайда болуп, Рай көпчүлүккө - "Салман Кханга менин жашоомдо орун жок. Кхан турмушумдагы бир олдоксон каталык" - деп жар салганы бар. Ал эми бул тууралуу Рашид "Жөн гана Айшвария бул сөздөрдү ачуусу менен айткан" - деп комментарий берет. "Мен кабарчыларга таарындым, аларды менин чыгармачылыгыма караганда жеке жашоом көбүрөөк кызыктырат, кокус жеке жашоом жөнүндө кичине эле маалымат берип койсоң, аны кооздогонго, көбүртүп-жабыртып, калпты-чынды койгулаштырганга абдан жөндөмдүү калк болушат экен. Кээде мен өз жашоомдогу жаңылыкты гезит бетинен окуйм. Албетте, бул маалыматтардын кымындай да чындыгы жок болуп чыгат. Мисалы, мен жакында бир адамды сүздүрүп, өлтүрүп алгам. Албетте, бул кырсык, ошентсе да каза болгон баланын үй-бүлөсүнө мен белгилүү бир өлчөмдө материалдык жардам көрсөтүп турам. Акча менен адамды тирилтип албаска болбосун мен эң жакшы түшүнөм. Бирок биз ал адамдар менен тил табышып, бул маселени тынчтык жолу менен чечкен элек. Эмнегедир бул окуя тууралуу кабарчылар гезит бетине мени жеткен мыкаачы, зулум адам катары көрсөтүшүптүр. Мындай жалган маалыматтар менин кадыр-баркыма кара так түшүрүп, күйөрмандарымды алыстатышы мүмкүн. Бул ой мага бассам-турсам тынчтык бербей келет" -дейт журналисттерге нааразы болгон Салман Кхан.




Александр Цекалонун үйлөнүү тою кайда өтөт?
Алып баруучу Цекало менен жыйырма үч жаштагы колуктусу Виктория Глушконун үйлөнүү тоюн алгач орто кылымдагы үңкүрлөргө барып, өмүр бою эстен кеткис кылып өткөрө турган болушкан. Кете турган чыгымдарын эсептеп көрүп, Цекалонун көзү чанагынан чыккан. Себеби, 7000 евродон ашык акча сарптоого туура келет экен. Башы каткан Александр алына ченеп ышкырууну туура көрүп, Италиядагы Милан шаарына барып той өткөрмөй болду. Мындай салтанатка алып баруучунун жакындары июнь айынын орто ченинде күбө болушат.

Дубцованын экинчи күйөрманы
"Фабрика звезд - 4" долбоорунун жеңүүчүсү Ирина Дубцова "Плазма" тобунун солисти Роман Черницын менен ажырашканы көпчүлүккө маалым. Мындан көп өтпөй Ирина Игорь Крутойдун жакын досу 39 жаштагы Тигран менен таанышып, жакын мамиледе жүргөн. Эми Тигран Дубцовага сүйүүсүн арнап, колун сураган. Биринчи, тун сүйүүсүн дале унута элекпи же Роман менен элдешип кайрадан чогуу түтүн булатып калабызбы деп үмүттөнүп жүрөбү, айтор ырчы кыз Тигранга азыр жооп бербей, катуу ойлонуп жүргөн кези.

Кабанов - баңгизатка азгырылды
Жыйырма бешинчи кабатка чыгууну кыялданган "Корни" тобунун курамын түзгөн Леша Кабанов учурда Америкадан келген досу менен баңгизаттын даамын тата баштаган. Кабановдун каалоосу боюнча ал Россияда эмес, Америкада жашаганга кыялданат экен. Себеби, продюсери менен кесиптештеринин көзөмөлү ага көңүлдөгүдөй жашоого тоскоол болууда. Кабановдун тилеги тез аранын ичинде ишке ашышы мүмкүн. Себеби, АКШда анын сүйлөшкөн кызы жашайт жана ал селкинин беш айлык боюнда бар. Учурда ырчы болочоктогу түгөйүнө жетүүгө далалат кылып жүргөн учуру.

Серега кайрымдуулук иштер менен алек
Реппер Серега жакында "Көчө балдары" аттуу кайрымдуулук фондун ачты. Өзү да көчөдө өсүп, көп кыйынчылыктарды тарткандыктан, көчө таптап жүргөн өспүрүмдөрдүн абалын эң жакшы түшүнөт. "Эң негизгиси, алардан кайырчы менен хулигандар өсүп чыкпастан, инженер, музыкант, доктор, спортсмен өсүп чыгыш үчүн мен болгон мүмкүнчүлүгүм менен күчүмдү жумшайм"-дейт 26 жаштагы ырчы.
Эми реппер тапкан акчасынын баарын ушул фондго которот.

Авраам Руссо видеоклип тарттырууда
Көптөн бери күйөрмандарын сагындырып, шоу бизнестен бир топ оолактай түшкөн Руссо учурда Америкада жашап жатса да, өзүнүн жаңы чыккан ырына клип тарттыруунун аракетин кылып жүрөт. Жакын арада ал Россияга кайтып келүүнү пландап жатат. Ал бүгүнкү күндө кызын тарбиялап, америкалыктардын жашоосун өз башы менен кечирүүдө.

Даярдаган
Анара Дүйшөналиева












??.??





??.??