№13, 29.04.08-ж. Асылбек Өзүбеков:
"Сулууларды көргөндө көзүңдүн майы агат"
Кийинки күндөрү улуттук телерадио компанияда бир кыйла өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошону менен катар теледе белгилүү "Тунгуч" театрынын да таланттарынын жаңы долбоорлоруна күбө болуудабыз. Бул жакка кантип келип калганынын себебин билип, кененирээк маалымат алуу үчүн "Кайгы-муңдун рыцары", көп кырдуу талант Асылбек Өзүбековдун жаңы иш ордуна баш бактык. Барсак кызуу даярдыктар болуп жатыптыр. Убактысынын тардыгына карабай кеңири маек куруп берди.
- Асылбек байке, азыр эмне менен алексиз жана кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Бүгүнкү күндө Мелис Эшимкановдун чакыруусу менен кыргыз телевидениесинде тамаша, көңүл ачуучу программаларды көбүрөөк ачууну максат кылып отурабыз. 11-январдан баштап келишимдик негизде "Тунгуч ТВ" деген ат менен иштеп атабыз. Мен, Мурат Мамбетов, Эгемберди Чалабаев үчөөбүздүн тең аткарган, өзүбүзгө тиешелүү функцияларбыз бар. Эгемберди сценарийин жазса, Мурат тартып атат. Ал эми уюштуруу иштерин мен аркалап келатам. Эгерде жалпы журтчулук ушул гезитти окуп калса бизди "Күлкүлятор" жана "Сегизинчи шар" интеллектуалдык оюн - зоок долбоорубузду ар бейшемби күнү кечки саат 19-30 да көрсө болот.
Күн да ысып, жаратылыш көрккө бөлөнүп калбадыбы, дагы "Гүлдөй жан" деген фильмди жаратып, концерттик долбоорду жазсак деп турабыз.
- Бул долбоордун негизги максаты эмне?
- Биздин максат жумуштан чарчап келген адам кечинде көйгөйлөрүн унутуп, кичине болсо да күлүп көңүл ачса деп жан талашып иштеп атабыз.
- "Күлкүлятор" деген эмнени түшүндүрөт жана кимдин идеясы?
- "Күлкүляторду" биз журналист Төлөгөгн Карыкеев менен сүйлөшүп таптык. Калькулятордун негизинде алынган сөз. Муну тандап алганыбыздын себеби канчасы күлүп, канчасы мостоюп отурат, бизди канча көрүүчү көрүп атышы мүмкүн, ошолорду эсептейбиз.
- "Сегизинчи шар" жөнүндө да айта өтсөңүз?
- Бильярд оюнунун тегерегинде эки адам беттешип атса сегизинчи шар менен оюн бүтөт эмеспи. Ошол оюн бүткөнгө чейин кыргыз элине төбөсү көрүнгөн белгилүү саясатчылар, милиция кызматкерлери, акын, жазуучулар, ишкерлер болобу жарым саатта пикир алышуу болот. Ошол адамдардын жумушунан сырткары эл көрбөгөн, билбеген жактарын ачып берүү жашоодо кандай адам экенин, тамаша сөздөрүн, көйгөйлөрүн, ички сырларын элге көрсөтүү. Катышам дегендер болсо 47-14-20 телефонуна чалып, мейли сын-пикиринби, көз карашын болобу же жөн гана ойлорун билдирип биз менен кабарлашып турса жакшы болот эле.
- Долбоорлор менен жүрүп, "Тунгуч" театрына көңүл бөлбөй калгандай көрүнөсүз?
- Азыр чыгармачылык менен иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Өзүң көрүп тургандай атайын бир бөлмө бөлүп берип, компьютер, телефон берип, кечээ көңүл ача турган берүүлөрдү даярдап тургула деп бүт бардык шарттарды түзүп беришти. Бирок тилекке каршы жазда "Тунгуч" болуп концерт берчү элек. Азыр бере албай калдык. Облустарды кыдырчу элек, ага дагы убакыттын тартыштыгынан мүмкүнчүлүк болбой калды. Бирок бул жактын жакшы жагы барып бир эле облустагы көрүүчүлөр менен кездешип келсек, азыр ушул телевидениенин күчү менен бир эле убакта жалпы Кыргызстан менен көрүшкөндөй болуп, талантыбызды тартуулоодобуз.
- "Тунгуч" театрында иштеп жүргөндө өзүңөргө бек, өзүңөргө хан болуп, кой деген кожоюн жок иштеп көнүп калгансыңар да, а бул жерде үстүңүздө тургандарга баш ийип, кыйналып калган жоксуңарбы?
- Биздики саясаттан сырткары көңүл ачуучу программа болгондон кийин үстүбүздөн көз салып, андай кылгыла, тигиндей жасагыла деп эч ким жолубузду тоскон жок же болбосо бир калыпка салып зордогон жок. Бир гана элге көңүл ачуучу программаларды даярдап тургула деп болгон шартты түзүп берди.
- Материалдык жактан ким каржылап жатат?
- Улуттук телерадио компаниясы менен келишимдин негизинде иштеп жаткандан кийин бүт жактан колдоп турат. Алган айлыгыбыз өзүбүзгө кенен-кесир жетип жатат. Ал гана эмес биз менен иштеп жүргөн студенттер да тыйын-тыпырын алып жатышат.
- Сиз актёр гана эмес ар кандай таланттын ээси экениңизге күбөбүз. Негизи актер кандай сапатка ээ болуусу кажет?
- Мен актермун. Актермун деп сахна менен эле чектелип калса анда кызыгы кетип калбайбы. Тамеки чеккенди, арак, пиво ичкенди, машина айдаганды, оңго-солго кеткенди, жоголуп кеткенди, уктаганды, турганды, ырдаганды, бийлегенди иши кылып бардык нерсени билишиң керек. Ошондуктан колдон келгенче той-топурларды алып барып, обон жазып, баарына жетишкенге аракет кылып жүрөбүз.
- Тамеки чеккенди, ичкенди билиш керек деп калдыңыз, ичип алып көчөдө түнөгөн күндөрүңүз болгонбу?
- Мм… Эми ичем десем элдер ойлоп калбасын, бул ичип кетиптир деп. Шарты келип калган убакта, той-топурларда, жакшы кишилер менен жолукканда анча-мынча ууртап койбосом жолдо калып ичкен эмесмин. Ичсем да өрмөлөп, жөрмөлөп болсо да, үйгө барам. Жакшы адамдардын кучагында болгондуктан машинага жүктөп, үйгө жеткирип коюшат. А тамеки деген балакетти бирде таштап салып, кайра чегип алам, ушул нерседен кичине жүдөп жатам. Мен суранаар элем, колуңардан келсе, ушул нерсени чекпей эле койсоңор деп. (Күлүп) Сен да чекпе, макулбу. Эгерде чегип баратсаң ойлогун, ии Асылбек байке айтпады беле деп эстеп чекпей койгун.
- Бактылуу балалыктын алтын күндөрүнө бир кайрылып эстеп кетпейсизби?
- (Күлүп) Кичинекей кезимде иттей жакшы бала болгом. Ал кездерди эстегенде көз алдыман кино тасмадай чуурулуп өтөт да. Бала кезде абдан тентек, бир жерге турбаган, чатак, ызы-чуу кылып ботала болуп, колум кир, тырмактар өскөн, бутум мокочо, бети-башым деги баары жара болуп көчөдө эле чоңойгом. Ыраматылык Мария деген таенем мени өзгөчө бөпөлөп бакты. Ал күндөр эч качан эстен кетпейт.
- Ошол убакта тун сүйүүңүздү кимге арнадыңыз эле?
- Алгачкы сүйүү кызык да. Кенедей кезимде 6-7 жашымда кошунамдын кызын аябай жакшы көрүп, ага көрүнөйүн деп бастырманын үстүнө чыгып, анын короо жагын карап, маймыл болуп бактан-бакка секирип, ал чыга калса трюктарды жасай калат элем. 8-класста окуп жүргөндө Сабира деген кызды жакшы көрүп, жүрөк тызылдаганы эсимде.
- Жеңебиз менен чогуу түтүн булатканыңызга канча жыл болду?
- 9-класска чейин Фрунзедеги музыкалык мектепте окуп калдым. Андан кийин 9-10-классты айылга барып улантып келдим. Ошол жылдын жаз мезгилинен баштап чыныгы сүйүүмө, тагыраак айтканда, жубайым Сүйүнгө жолуктум. Экөөбүз кат жазышып, бири-бирибизди көрбөй калсак сагынышып, чогуу киного барып жүргөнбүз. Анда 1974-жылдар болчу. Мына ошондон бери чогуу түтүн булатып турмуштун ысык-суугун бирге татып жүргөнүбүзгө 35 жылдын жүзү болуп калды.
- "Эркекке ишенгенче эки босогоңо ишен" деп коёт го. Үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок болчу адаттан алыс эмес чыгаарсыз?
- Оо кокуй, Кудай урбадыбы. Анын эмнеси бар экен. Эркек болгондон кийин, татынакай кыздарды көрүп, кантип көзүң түшпөйт. Кантип суктанбайсың? Жок дегенде көз майың агызып, ичиңден тызылдап ошолорду карап суктанып алган учурлар көп эле болот. Кат жазып, телефон чалган кыздар бар. Алар менен жакшынакай маанайда сүйлөшүп коём. Албетте, жашоодо оңго-солго кеткен күндөр да болду. Аны жашырбайм. Жашырганда эмне, келинчегим турбайбы, бирок, анын баарын айтпай эле коёюн, ашыкча болуп кетет.
- Ырчынын үй-бүлөсүндө материархатпы же патриархатпы?
- Кандай десем, матриархат десем, кокуй Асылбек болбой калган турбайбы деши мүмкүн. Патриархат десем кыйынсынып атат дегендер да табылат. Кээде ал кыйынсынып муну мындай кылабыз, тиякка кантип барабыз деп чечип койгон учурлар болот. Анда мейли деп макул болуп коёсуң. Кээде оо ороң-бараң бир тийип, кыйкырып - өкүрүп мен кыйын болуп калган күндөр болот. Кээде бири-бирибизди укпай талашып, урушуп кеткен күндөр да болбой койбойт. Ар бир үй бүлө аябай идеалдуу болот деп айта албайм. Бул жашоо, турмуш эгерде баары бир калыпта болсо,кызыкчылыгы болбой калбайбы. Аялың менен урушуп, ызы-чуу болуп туруш, психологдордун айтуусуна караганда ден-соолукка жакшы экен. Анча -мынча ичиңдеги стресстерди арылып турат экен.
- Көптөгөн кыздарга арнаган ырыңызды уксак да, жубайыңызга арнап жазган ырды кулагыбыз чалбады. Буга жеңебиз кандай карайт болду экен?
- Жеңеңдин арманы да ошол. Эмне деген гана ырларды чыгарып, ар кимди көзгө элестетип жазып жүрөсүң, анын баарын мен билемин. Ушунча жылдан бери мага арнап бир обон жаратып койбодуң деп айтып калат. Текст таап койгом, бирок анын үстүнөн иштегенге убакыт болбой жатат.
- Сизди бекеринен "Кайгы-муңдун рыцары" дебесе керек. Эмнеге сиз жараткан ырлардын көпчүлүгү муңдуу?
- Өзүм турмушта шайыр, тамашакөй болгонум менен обон чыгарайын деп отура калсам эле кайрыктардын баары муңдуу болуп кетет. Шаңдуу чыгарганга аракет кылып көрдүм, бирок болбоду. Кимдир бирөөнүн өкүнүчтүү окуясын угуп калсам, анын кайгырганын элестетип отуруп дүйнөсүнө кирип кетем. Анын бактылуу жүргөн күндөрүн ойлоп отуруп деле баары бир муңдуу ырлар жарала берет.
- Кайсы бир убакта аткарган образыңызды эске алып, ошол ролду дагы бир жолу ойносом деп улутунуп алган учурлар болбой койбосо керек?
- Биз дагы сахнаны, образ жаратканды сагынабыз. Мен бактылуу адамдардын бири экенмин. Залкар режиссерлор менен иштешип, чоң-чоң ролдорду аткарып калдым. Грузин жазуучусу Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам", Бексултан Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келээр"аттуу спектаклдери укмуш сонун эле. Атаң көрү, ошолор тартылбай калды. Кээде өкүнөм. Аталган спектаклдеги ролдор жүрөгүмө өзгөчө таасир калтырган.

Маектешкен Нурзат Жусупова