presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№13, 29.04.08-ж.
  Күүгүмдөгү сырдашуу

Неля:
Чыгармачылыктын ары оор, ары түйшүктүү жолунда бир гана баалуу табылга бар. Ал-чыныгы талант. Жараткан мындай өнөрдү, шык-дараметти миңдин бирине гана тартуу кылат экен. Өрнөктүү өнөр өлбөс-өчпөс атка ээ болуп, кылымдар жашап калаары чын.
Ыр секисинде чыгыш стилине ыктаган ырчыларыбыздын бири - Неляга кеп кезегин узатып, сөзгө тарткан элек.
Ырчы бийкечтин жан дүйнө сырларынан, жеке жашоосунан, чыгармачылыктагы жаңылыктарынан, турмуштук табит жана принциптеринен төмөндөгү маегинен кабар алыңыздар.

"Чыгармачылыкта тарбиячым жок,
бирок, таасир берген адам көп"
- Адамдын колунан келбеген эч нерсе жок. Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?
- Кандай болсо да, чыгармачылыктан тышкары кете албайм. Эмне жасабайын, баары келип эле чыгармачылыкка такалат. Бийге барсам да, адабиятка аралашсам да, сапарга чыксам да баары чыгармачылыктын сыймыктуу, улуу жолуна алып барат. Сыртка гастролдорго чыксам да аудио-видео продукция саткан дүкөнгө шашылам. Ысымдары эл көңүлүндө жүргөн атактуу ырчылардын жыйнактарын, концерттерин көп көрөм. Чыгармачылыктан алыстаганым- эс алганым болуш керек.
- Жаш ырчы кыздар арасында атаандаштык барбы? Маселен, сулуулук боюнча атаандаш катары кимди санайсыз?
- Эстрадада кыздар абдан аз, жигиттер басымдуулук кылат. Мен сырткы келбет боюнча эч ким менен атаандашпас элем. Ар бир адамдын, айрыкча аялзатынын табият тартуулаган теңдешсиз сулуулугу, Жараткан ыроологон жылдызы болот эмеспи. Мен тескерисинче, кыргыз шоу дүйнөсүндө кыздардын көбөйүшүн каалайт элем. Ал эми ырчылар арасында жалгыз ырдын сапаты, уккулуктуулугу боюнча гана атаандаштык болсо дейм.
- Тасмада Замир Мырзанын өнөктөшү болуп, бирок, концертине неге чакырылган жоксуз?
- Замир ошондой чечкен экен… Бирок, кандай болгон күндө да мен ага катыша албайт элем. Себеби, азыр бир топ ырчы биргелешип, белгилүү бир ишкананын беш жылдык маарекеси менен Кыргызстан боюнча турне жасап жүрөбүз.
- Аябай бай адам менен мамиле түзүп, ошонун аркасы менен сахнага чыкканыңыз чынбы?
- Буга бир чети аргасыз күлөм, бир жагы жалган сөздөн күйүп кетем. Ушундай болумсуз кепти жараткандардын "жаратмандыгына" да баа берсе болот. Бул жөн эле кеп.
- Достуктун баркын кандайча чечмелейт элеңиз?
- Достук биринчи кезекте кандай мамилени талап кылат? Албетте, чынчылдыкты жана ак ниеттүүлүктү. Дегеле, кандай кырдаал болбосун, бир калыпта, бирдей мамиледе болуу керек. Бизде кайсы бир досубуз көтөрүлүп кетсе, аны өйдө санап калабыз. Колуң асманга жетип турса да, досуңду сен башыңа чыгарып турууга тийишсиң. Менимче, достукту сөз менен айтып, ченебеш керек. Аны сөз менен ченесең, анда ага татыктуу боло бил. Жашооңдо досуңдун орду болуп, сен аны жоготуп албасаң, түпкү мамиле бузулбай, сакталып калса, ошол сенин жеңишиң, турмуштагы чоң бир табылгаң.
- Жан дүйнөңүз жабыркаган маалда кантип алаксыйсыз? Балким, чылым чегип, ичимдик ичип жиберген учурлар болгондур?
- Мындай учурда ичимдик да, чылым да жардам бербесе керек. "Жардам берет" дегендерге кошула албайм. Анын баарысы утурумдук азгырык. Мен андай нерселерге жол бербейм. Жан дүйнөм кейишке батып, көңүлүм чөккөн кездерде мен башымдан өткөн эң сонун, таттуу күндөрдү эстөөгө тырышам. Жакшы ыр угам, бийлейм. Ошол кайгыруунун канчалык олуттуу экенин аңдоого аракет кылам.
- Курбуларыңызга атаандашып кийинесизби?
- Тескерисинче, алар менен дүкөнгө бирге барып, кеңешип кийим сатып алабыз. Билесизби, чыныгы достор арасында атаандашуу эмес, башкысы, өзгөчө чоң бир ишеним, тереңден жакшы көрүп, урматтоо сезими болушу керек деген ойдомун.
- Күчтүүлөр күчтүүлүк кылат, а алсыздар сизге тоскоолдук кылса кантесиз?
- Чынын айтсам, аларды аямакмын.
- Сизди "Бетке айткан мүнөзү бар" дешет. Мунун зыянын тартпайсызбы?
- "Бетке айткандын заары жок" дейт. Көмүскөдө жашырынып алып, арттан сөз айтканды өтө жек көрөм. Орундуу айтылган сөз кандай болбосун туура кабыл алынат. Негизи сууну сиңе турган жерге куюп, сөздү уга турган адамга айтуу керектигин жакшы билем. Бул мүнөзүмдөн зыян деле тарта элекмин.
- Жашооңузда кечиримдүүсүзбү?
- Кандай десем… Көк беттигим да бар. Бирок, айып өзүмдөн кетсе, биринчи болуп кечирим суроодон качпайм. Дегинкиси, көңүлүмдү кирдетип, кек сактагым келбейт.
- Махабат дарты адамды кээде кейишке салса, кээде ырахатка бөлөйт. А сиз үчүн?
- Ушул сурооңузга чыныгы махабатка тушукканда узак-узак жооп узатам… Сүйлөштүкпү?
- Демек, "жигитим жок" деңизчи?
- Ооба, жүрөгүмдө сезим кайрыктары жаңыра элек…
- Колунда жок жигит сизге арзып калса, кандай кылат элеңиз?
- Эгер мен да аны сүйүп, ошол сезимдердин түбөлүктүүлүгүнө ишенсем, анда анын колун кармап кете бермекмин. Анткени, бакыт чыныгы, туруктуу сезимдер жашаган, байырлаган жерден түнөк табат.
- Бак арасында жалгыз кыялданып олтурган жагабы?
- (Күлүп… ) Күмөндөр байкенин: "Мен турам бакта жөлөнүп, дагы эле турам жөлөнүп, тура эле берем жөлөнүп" деген тамашасы эске түшүп кетти. Негизи эле Күмөндөр байкенин тамашалары жагат. Кээде үйдөн ал кишини туурап калмай адатым да бар. Албетте, жаратылышка чыгып, эс алуу кандай жакшы. Бирок, кичине кезимдеги үй-бүлөбүз менен сейил бакка барган учурларды эсептебегенде, мен бак арасында жалгыз олтуруп көрбөпмүн. Антсе да аябай кыялкечмин. Кээде кыялга батып кеткенде, жанымдагы адамдын эмне сүйлөп жатканын да укпай калам.
- Сыркоолоп калганыңызда, кыйналаганыңызда биринчи болуп сизге кам көргөн адам ким?
- Андай учурда апам, сиңдим жана Миргүл деген курбум дайым жанымда болуп, жардамдарын аябайт. Бирок, Кудайга шүгүр, кандай оору болсо да, аны менен күрөшүүгө өзүмдүн күчүм, эрким жетет деп айта алам.
- Душман күтүп көрдүңүз беле?
- "Улууга урмат, кичүүгө ызаат" менен мамиле кылгым келет. Жылуу сүйлөп, адамдардын көңүлү менен эсептешкенди жакшы көрөм. Бирөөнү душман санап, бирөөгө душман аталгандан Кудай сактасын!
- Намаз окушуңузга эмне себеп болду эле?
- Көздүн карегиндей көргөн сиңдим ислам мектебине барат. Намаз окуганыма ошол түрткү болду. Сиңдимдин чоң-чоң сүрөөлөрдү окуп жүргөнүнө адегенде таңгалып, анан өзүм да анын китептерин кызыгып, окуй баштадым. Бирок, күн сайын беш маал намазга жыгыла элекмин. А жума намазды калтырбайм. Дегеле, эртең менен турганда да, бассам-турсам да, машинага олтурганда да атайын келме келтирип жүрөм. Кичинемден эле апам уктаарда айтуучу келмени үйрөткөн.
- Тарбия - адам тагдырын чечүүчү калыс тараза эмеспи. Чыгармачылыкта кимдерден тарбия алып келесиз?
- Башынан эле Динара, Айчүрөк, Асел эжелерди көрүп, Бек, Сыймык өңдүү агалардын ырларын угуп, ошолордун таасиринде чоңойдук. Ал эми азыр алар жүргөн сахнада бир жүргөнүбүзгө шүгүрчүлүк келтирем. Анан да мен Ассоль Молдокматованын эмгектерин сыйлап келем. Мен аны туураган жайым да бар.
Чыгармачылык кичинекей жолумда атайын бирөө мага тарбиячы, устат болгон эмес. Бирок, сыйлаган адамдарымдан сабак алам, таасирленем.
- Азыркы кезде ырчылык акча табуунун жолубу? Буга кандай ой айтат элеңиз?
- (Ойлонуп…) Балким, кимдир бирөөгө чыгармачылык акча табуунун гана жолу болушу ыктымал. Мен үчүн ырчылык өнөр биринчиден балалык кыялдарымдын орундалышы, экинчиден, ырахат.
Кандай каражат тапсам да, кайра эле ошол чыгармачылыкка жумшайм. Анткени, мага баарыдан да чыгармачылыктагы өсүш, бийиктик кымбат.
- Эркин сөз?
- Жараткан баардыгыбызга бирден милдет тагып, ага жараша шык-жөндөм берген экен. Баарыбыз ошол милдетибизди татыктуу аткарып, жемишин эл менен бирге таталы.

Баарлашкан Нур-Кыял










??.??