presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№13, 29.04.08-ж.

IF
Меймансап
Форум




  Эстрада ырчысы, жаш талант Ильяз Андаш:

"Үч жүз жөжөнү өлтүрүп…"
- Ильяз, эмне себептен эл алдына Ильяз Андаш болуп чыгып жүрөсүң. Маегибизди ушундан баштасак?
- Өзүмдүн фамилиям Андашов. Биздин класста эки Ильяз болгондуктан классташтарым мени Ильяз Андаш, адашымды Ильяз дешчү. Ошол себептен 2-классымдан ушул күнгө чейин Ильяз Андаш аталып келем. Жаңыдан сахнага чыгып жатканда ушул маселе боюнча Тынчтык байкеге сөз козгосом, ал деле көпчүлүк көнүп калган атың менен чыга бер деген сунушун айтып,ошондон улам Ильяз Андаш болуп чыга баштадым.
- Өзүңдү таланттуумун деп айта аласыңбы?
- Кудай берген талант болбосо ыйык сахнаны тепселөө менин жан дүйнөмө туура келбейт. Албетте, мен таланттуумун деп өзүмө-өзүм баа бергенден алысмын. Айтылып келгендей ага эл тараза. Негизи таланттуу адамдын 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек деген бир гана формуласы болот. Ошол сыңары мен да кичинекей чымынымды өркүндөтүү үчүн кыргыз сахнасында эмгек кылып жүрөм.
- Жакында жеке концертиң менен өлкөбүздү кыдырганы жатыптырсың. Мына ошол тушоо кесүү концертиңден кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
- Бул менин көптөн бери күтүп, самап келген чыгармачылыгымдагы бет ачар концертим. Кудай буюрса кыргыз жеримди кыдырып, элимдин жарпын жазып, көңүлүн ачып келүү үчүн камданып жатам. Концертимди алгач, киндик кан тамган жерим Каракол шаарынан баштап, элимдин батасын алганы турам. Концерт берем деген күндөн бери кеч жатып, эрте туруу менин күндөлүгүм болуп калды. Жаңылык айта турган болсом, 3 ырымды "живой" аткарып, репертуарымдагы жаңы ырлар менен бирге бийчилик жөндөмүмдү көрсөтөм. Ошондой эле аккардеондун коштоосундагы ырларым да жаңырат. Мындан сырткары, концерттин жүрүшүндө ар кандай оюн-зооктор ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилет. Дагы бир өзгөчөлүгү менин концерттик афишаларымда өз айыл өкмөтүңдү издеп тап? деген суроо бар. Ал жерде Кыргызсандагы бардык айыл өкмөттөрүнүн аттары жазылган. Биз жергебиздин кайсы айылына барбайлы, жергиликтүү эл менин афишамдан өз айыл өкмөтүн издеп таба алат. Ыр дүйнөмдөгү чыгармачылык тушоомду кесип жаткан "Кыргыз жери, сүйөм сени" деген аталышты алган концертим ийгиликтүү өтөөрүнөн үмүтүм чоң.
- Кыргыз жери демекчи, сенин жүзүңдү тааныткан "Кыргыз жери" деген ырың тууралуу да эл ичинде ар кандай сын-пикирлер айтылып келет. Айрымдары Ильяз жакшы ырдап чыгыптыр десе, кээ бирлери тескерисинче Дарыйка Жалгасынованын аткаруусунда жеткиликтүү аткарылган, бул ырды Ильяз туура эмес ырдап жүрөт деген пикирлер айтылууда…
- Чыгармачылыкта сөзсүз сын-пикир айтылып турушу керек. Ансыз алга жылуу, өсүү болбойт. Мен мына ушундай сындар менен кемчилидигимди оңдоп келем. Бул ырдын сөзүн кыргыз эл акыны Ж.Садыков жазып, обону атактуу залкар компазитор Насыр Давлесовдун талантынан жаралган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Д.Жалгасынованын аткаруусунда жаңырып келди. Учурда, аталган ырды бүгүнкү замандын талабына ылайыкташтырып кайрадан иштеп чыгып, ырдап жатам. Балким кээ бир жерлерин туура эмес ырдап алышым мүмкүн. Анткени бул ыр жаралып атканда Насыр Девлесовдун жанында отуруп, ар бир нотасын карап үйрөнгөн эмесмин.
- Жигиттик милдетиңди аткарып аскерге барайын деген оюң барбы?
- Кандай десем. Атайын чакырылган аскердик кызматта болбосом да Каракол жергесинде эркин аскердик даярдыктан өткөнмүн. Мындан сырткары УТРК тарабынан уюшулган "Жоокер жылдызы" теледолбооруна өз каалоом менен катышып, Койташтагы аскердик бөлүктө 18 күн кызмат өтөп келдим. Ошондо элдин көбүндө ырчыларды жөн эле алып барышып, ырдатып, ойнотуп, жыргатып келишти деген пикирлер жаралыптыр. Жок, андай болгон эмес. Тескерисинче, "Ырчы болсоң өзүңө, күйөрмандарыңа ырчысың, биз үчүн 18 күн бою аскерсиң"-деген принцип менен катуу талап коюшту. Керек болсо, аскерлер эс алган убакта биз жер казып, алар уктаган мезгилде биз тоону аралап, чуркап жүргөнбүз. Анын баары камерага тартылган жок. Мен муну менен актангым келбейт, болгону 18 күн болсо да чыныгы аскердик турмушту көрүп, көп нерсени үйрөнүп келдим.
- Продюсериң Тынчтыкбек Кожобеков менен кандай келишимдин негизинде иштешип жатасың?
- Продюсер деп аталганы менен ортобузда эч кандай келишим жок. Себеби, бири-бирибизге болгон ишеним мөөр басылган келишимден да жогору турат. Тынчтык байке мага ага катары жардамын берип жүрөт. Учурдан пайдаланып ага ыраазычылыгымды билдирем.
- Сени темир-жыгач уста дешет. Өз колуң менен жасаган эмгектериңден да бөлүшө кетсең?
- (Күлүп) Оу, муну кайдан уктуңар. Туура, устачылык кылам. Караколдогу үйүбүздү атам экөөбүз куруп бүтүргөнбүз. Ошол учурда 5 жыл там салам деп жүрүп, кирпич эмнеден жасалаарынан тартып, үйдүн чатырын жапканга чейин үйрөндүм. Ал эми техника боюнча сөз кыла турган болсом машина айдаганга абдан жөндөмдүүмүн. 12 жашымдан советтик маркадагы машиналарды айдап жүрүп, оңдогонду өздөштүрүп алгам. Бул боюнча СТОдо иштесем деле болот. Быйыл эле Таласка тууганымдын тоюна барып, Бишкекке тез жөнөш керек болуп калды. Анан жолдон эле бир машинага түшүп алып келатсам төө ашууга жеткенде бузулуп калса болобу. Машинанын ээси да чоң кызматта иштеген ак кол киши экен, камырабай техникалык кызматка чалып жардам сурап отурат же алары келбейт. Мен болсо аябай шашып жатам. Ошентип, 2-3 саатка созулуп кетти, тиги байке дагы деле кыймылдабайт, анан айла жок машинанын артын ачып, болгон каражат менен чукулап атып, жарым сааттын ичинде Мерс - 600 маркасындагы машинаны оңдоп салдым. Менин мынчалык деп чамалабаган байке таң калып калды. Ошентип ара жолдо техника кызматкери болдум да.
- Шуулдап жүргөнүңө караганда бала кезиңде аябай шок болсоң керек эле?
- Оо айтасыз да. Өтүм айрылгыдай шок элем. 6 айлыгымдан 6 жашыма чейин таята, таэнемдин колунда өстүм. Алардын доорунда жайлоого чыгып, эшек минип алып кой кайтарчу элем. Таянем сууда ойногон небересинин кийимин бир күндө 4-5 жолу алмаштырып убараланчу. Бир жолу жайлоодо жүргөнүбүздө таянем боз үйгө кирип уктап калганынан пайдаланып мээнет менен багып жаткан 300 жөжөсүн мыкчып өлтүрүп таштагам. Өмүрүндө бала урбаган таянем өлүп жаткан жөжөлөрүн көрүп ичи ачышканынан бетимден эки жолу чымчып алган. Анда да күнөөмдү мойнума алып жөн калбай мени токмоктодуң дегенсип боз үйдүн астына өстүргөн гүлдөрүн үзүп таштагам. Кайсы бирин айтайын, мындай окуялар көп эле болгон. Менин шоктугумдан күнүгө таянем менден токмок жеген балдардын ата-энесин кезеги менен кабыл алып отурчу.
- Алгачкы махабатың эсиңдеби?
- Алгачкы махабатым балалык баёо кезимде болгон да. 1-класста окуп жүргөндө Жаркын деген классташымды жакшы көрчүмүн. Ал деле билчү. Ошол сүйүүм мектепти бүткөнчө эле сезимимде жашап келди, бирок жооп алалган жокмун. Сүйүү тартынчаак деген туура окшойт. Канчалык жактырганым менен Жаркынга жакындай албадым. Башкача айтканда сүйүүм ички көөдөнүмдө эле калып кетти. Азыр ал кыз Бишкекте жүрөт. Бирок жолуга элекмин.
- Кезигип калсаң, сезимиңдеги сүйүүң козголуп кетиши мүмкүнбү?
- Мүмкүн. Анткени, азыр менин жүрөгүмдө арзыган адамым жок. Андыктан бош жүрөккө баш багып калышы ыктымал. Балким, менин бешенеме жазылган кыз ошолдур. Аны эми убакыт таразалайт. Негизи анда менин көңүлүм бар.

Маектеш жөнүдө маалымат:
Ильяз Андаш 1988-жылы 30-июлда Ысыккөл облусунун Каракол шаарында туулган. Үйбүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Учурда Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүндө 4-курстта окуйт.

Маектешкен Ж. Калдарова




  Фарида

Карбозова, ырчы:
"Сезимим бир гана адам үчүн..."
Сахна дүйнөсүнө аралашкан чыгармачыл адамдардын ар биринин өзүнчө, кайталангыс өзгөчөлүгү бар эмеспи.
Ырдын сан жагына эмес, сапат жагына да басым жасаган жаш аткаруучуларыбыз да жок эмес. Жагымдуу, уккулуктуу үнү менен эстрадада татыктуу орду бар Фарида Карбозовага кыска-нуска кеп кезегин узаткан элек.

- Айтсаңыз, ден-соолук эмнеден улам начарлады? Чарчагансыз го?
- Чарчадым деп деле айтпайм. Кичине кезимде тийген суук азыр билинип, ден-соолугума кедергисин тийгизип жатат окшойт. Анан да гастрол учурунда да суукка урунуп, ошолордун таасири эми саламаттыгыма оорчулук келтирип жатса керек. Былтыркы октябрь айынан тарта ооруп калдым. Ден-соолуктун кадырын ушул убактарда тереңден түшүнүп, билдим окшойт. Кыйналып, ооруп турсаң, эч нерсе кыла да албайсың. Оору-адамды ар дайым артка тартып туруучу кесепеттүү нерсе эмеспи. Чыгармачылыгымда да бир аз тыныгуу боло түштү. Дагы иштеле элек көп пландарым бар. Кудай кааласа, жакшы болуп калдым. Эми билекти түрүнүп, кайрадан чыгармачылыгыма чоң күч, талбаган аракет, бийик дем менен киришсем деп турам. Айтмакчы, быйыл он жылдыгым да болуп калыптыр. Таңданам… Убакыт дегениң күлүк аттай окторулуп, шашылганы шашылган. Кечээ эле мотурайган кыз элек. Он жылдыкты да ойлоп, 25-майга карата кызуу даярдыктарды көрүүнү максат кылып жатам.
- Жүрөгүңүздүн ээси тууралуу сөз козгосоңуз?
- Жигитим бар. Көлдүн кулуну болот. Ал ар дайым менин чыгармачылыгымды колдоо менен карайт. Ал мага: "Ырчы деген элдин көзүндө жүрөт. Татынакай болуп, жакшы кийинип жүр" деп айтып калат. Кээде мен ага "Ий, тигил мындай көйнөк тиктириптир, бул мындай форма кийип чыкты" десем, "Сен деле андан да жакшы көйнөк тиктирип кий, өзүң каалагандай жүр" деп менин жан дүйнөмө түшүнүү менен карап келет.
А мен уктап, көзүмдү ачаарым менен сүйүктүүмө чалам. Эгер аны менен сүйлөшпөй калсам, кадимкидей өзүмдү жаман сезип, көңүлүм чөгө түшөт.
Жигитим мен үчүн баарынан бийик, эң жакын адамым деп билем. Экөөбүз бири-бирибизди чындап сүйөбүз.
Билбейм, анан алгандан кийин эле ырдатпай койбосо…
- Сиз үчүн жашооңуздагы жагымдуу нерсе эмне?
- Негизи менин ар бир күнүм кубаныч-шаттык менен коштолуп жүрөт. Сүйгөн адамың сени сыйлап, сүйүп, күндө көз жоосун алган кызыл-тазыл кооз гүлдөрдү алып келип турганы кандай жакшы. Жигитим менен бирге болгон көз ирмемдер мен үчүн өзгөчө жагымдуу дейт элем.
- Бир нерсеге катуу ызаланып, кыйналган учуруңуз болду беле?
- Оой, билесизби, андай учурлар менде көп эле болот. Андайда эч ким менен сүйлөшкүм келбей, жалгыздыкты самап калам. Айрыкча, жигитимди таарынтып алганда ушундай түшүнүксүз абалга малынам. Бир ордумда олтура албай, өзүмчө эле бук болуп же жарыла албай аябай кыйналам.
Кээде жигитим экөөбүз чогуу олтурганда ага бирөөлөр чалып калса да аябай ызаланам. Анткени, бөтөнчө кызганчаактык жайым бар.
- Көөдөнүңүз бук болгондо эч кимге көрүнбөй ыйлап алган кездериңиз болобу?
- Көөдөнүм букка толуп, азап тартканда ичтен улутунуп жүрө берем. Ошондой кездерде ичте катылган кимдир бирөөлөргө болгон капалыктарымды, таарынычтарымды эстеп, күзгүгө каранып алып, көзүм шишгиче ыйлап алам. Анан көзүмдүн шишиги тараганча үйдөн чыкпай калам.
- Жаштык-мастык кылып, жигиттен жигит тандаган учуруңуз болду беле?
- Курбуларым жакшы билет. Мен бир жигитти сүйдүмбү, болду, сезимим бир гана ошого арналат. Көпөлөк сымал гүлдөн-гүлдү тандап конгонду жек көрөм.
Бала кезде 1999-жылы болсо керек, бир жигитти жактыргам. Бирок, ал жөн гана балалык баёо сезим болчу. Мен аны сүйүү деп айтпас элем. Чындап, жалындап-жалбырттап сүйгөнүм азыркы жигитим.

Баарлашкан Нур - Кыял










??.??