№13, 29.04.08-ж.
  Илимтөр

Физика илиминде Альберт
Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы боюнча Кыргызстанда, ошондой эле дүйнөлүк илимий коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып, талаш-тартыштардын аягы 19-20 жылдан бери бүтпөй келет. Биздин экс-президент А.Акаев да бул дүйнөлүк аброюу бар окумуштууну жактап, белгилүү физик, маркум Самат Кадыровдун "Бирдиктүү талаа теориясына" анча көңүл бурулбай, анын Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы жөнүндөгү сын пикирлерди кабыл албай келишкен. Биз бул күмөн туудурган теориянын аягы эмне болду деген максатта, физика илимдеринин кандидаты Үсөн Мамыров агайга кайрылып, чакан маек курганбыз.

Үсөн Мамыров, физика илимдеринин кандидаты:
"Нобель сыйлыгын алган Эйнштейндин адашуусу"
- Сиз физика илиминин өкүлү катары айтсаңыз, А.Акаев менен белгилүү окумуштуу (маркум) С.Кадыровдун Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы тууралуу пикир келишпестиктери эмнеден болгон?
- Физика илиминдеги электромагниттик талаанын фотондук вариантын Эйнштейн биринчи ачып, Нобель сыйлыгын алган. Анысы эң туура. А. Акаев өзүнүн илимий иштеринде Эйнштейндин теорияларын колдонгон. Бирок салыштырмалуулук теориясына келгенде бул теория менен иштеген эмесмин, бирок улуу окумуштуу кантип жаңылсын, туура эле болуш керек деп С.Кадыров айткан "Бирдиктүү талаа теориясына" каршы чыгып, улуттук университетте Эйнштейндин даңкын чыгарыш үчүн атайын илимий конференцияларды өткөрүп, атайын борбор ачкан. С.Кадыровду чакырышса келбей койгон. Ошондо Эйнштейндин теориясына каршы пикирди жалгыз мен айткам.
- Так илимдин өкүлдөрүнө "Туура эле болуш керек?"-деген божомолдор кечиримсиз болсо керек. Кандай максаттар менен өзү билбеген теорияны даңктады экен?
- Акаев жөнөкөй жетекчи эмес, илимпоз жетекчи. Илим адамы башкарган өлкөдө, дүйнөлүк атагы бар Эйнштейндин илимдеги туура эмес теориясын, Кыргызстандын окумуштууларынын айтып жатышы, кызык абалга туш кылып, тактикасыздыгыбызды көрсөтпөйлү десе керек.
- Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын кемчилдиги эмнеде?
- Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясында кыймыл салыштырмалуу гана Ньютондун теориясы боюнча салыштырмалуусу да, абсолюттугу да бар. Эйнштейнде абсолюттук жок. Аны издеп кереги жок дейт. Чындыгында абсолюттук кыймыл негизги жолго кетчү багыт. Эң кызыгы бул теория дүйнөдө четке кагылып жокко чыгарыла элек. Мектептерде, ЖОЖдордо эскиче окутулуп жатат. Классикалык теорияны окутпай, шектүү теорияны окутуп жатышат.
- Анда физика илими кризис абалындабы?
- Ооба, кризис абалында. Мисалы, бир эле ручка ар кимге ар кандай көрүнбөйт да? Кандай болсо ошондой чагылдырылышы зарыл. Бул нерсе инварианттуулуктун сакталганы. Жада калса Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясында адашуу бар, өзүңөр да ойлонуп, изденип көргүлө дешпей, ушул акыркы чындык деп жалган окууну окутуп жаткан кокуйлугубузда.
Бензинди метанол алмаштырабы?
- Эми оюбузду башка маселелерге бурсак. Өлкөбүздөгү өндүрүлүп жаткан электроэнергияны канчалык деңгээлде туура пайдаланып жатабыз?
- Бизде ГЭСтердеги, ТЭСтердеги пайдасыз кетип жаткан энергияны чогулткан атайын өнөр жайыбыз жок. Башка өндүрүштөрүбүз токтогону менен ГЭСтерибиз иштеп жатат. Иштеп жатканда энергияны колдонсоң колдонуп калдың, болбосо кумга суу куйгандай сиңип жок болуп кете берет. ГЭСтерди курганда жок дегенде 70% энергиялык кубатты колдонуп калыш керек. Бизде бул көрсөткүч 30% (15-16 миллиард киловатт) айланасында араң колдонобуз. Көпчүлүк чет өлкөлөрдө ГЭС курганда анын жанына пайдаланбай калган электр энергиясын топтой турган, өнөр жайын кошо курган. Ал эми Тажикстанда аллюминий чыгара турган өндүрүштүн жанында турат. Мисалы, ГЭСтер күнү-түнү иштейт. Эгер учурунда электр энергияны туура пайдаланып калбаса, ал кумга сиңген суудай болуп кете берет. Электр энергиясы аркылуу суудан (суутекти) суутекти ажыратат. Суутекти көп сактай албайсың. Аны абадагы азот менен кошуп амиакты алууга болот. Ал эң сонун жер семирткич. Чыгарган суутекке көмүр кычкыл газын (СО2) кошуп, метанолду алса, аны бензиндин ордуна колдонсо болоорун окумуштуулар билишет. Химия өнөр жайындагы полимерлерди чыгарган эң негизги сырье ушул. Орто Азиядагы эң көп темир кени бизде. Тянь-Шандын, Экинарындын ортосу бүт эле кен, Нарын шаарына чейин созулат. Ошол темир кенин түзмө-түз дом на печь, кокс көмүрүн алып келбей эле түздөн-түз темирин алганча шарт бар. Биз Кыргызстанда агып жаткан суулардын 10% гана араң колдонобуз.
- Электр энергиясы аркылуу суудан суутекти бөлгөн технологиялык жабдууларды кайдан алабыз?
- Россияда, Германияда Америкада бар. Бул көптөгөн практикалык сыноолордон өткөн технологиялык тажрыйба.
- Мини ГЭСтер жөнүндө кандай пикирдесиз?
- Мини ГЭСтерге аз каражат кетирип, көп энергия алганга мүмкүнчүлүк бар. Плотиналарды курбай туруп эле энергия алуунун эң сонун булагы. Мини эмес орто ГЭСтерди курганга эмне үчүн болбосун. Мисалы, Тоңдо "Ак Терек" деген суусу бар. Ошого Ат-Башы ГЭСи бере турган кубаттуу ГЭСти курууга болот.
- Дүйнөдө аба-ырайы өзгөрүлүп, күндүн ысышы байкалууда, биздин мөңгүлөр да 1-5 метрге чейин ээрип жатат деген маалыматтарды угуп жүрөбүз?
- Ата-бабабыз бизге эң жакшы жерлерди мураска калтырган. Мөңгү тоолорубуздан аккан суу канчалаган жерлерди көгөртүп жатат. Өйдөлөгөн сайын нымдуулук муздайт. Биз бийик жерлерде жашайбыз. Тоолорубуз турганда анчалык кабатырланганга негиз жок. Тоолор бизди сактайт. Экваторго жакын жерлер, океан жээгине жакын жашаган шаарларда чоң маселелер болушу мүмкүн…




  Аалам жарыктан турат

Кыргызстан энергетикалык кубаттуу аймак
XX кылым илимий-техникалык прогресстин эң карама-каршылыктуу доорун адамзатка тартуулады. Табияттан алган кубаттуу энергия бир чети адамдын турмушуна жаңылыктарды киргизип, анын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн арттырса, экинчи жагы адамзаттын өзүн, Жер планетасындагы бардык жашоону жок кылып ийүүгө техникалык өбөлгө түзүлдү. Тарыхта болуп көрбөгөндөй кыйраткыч согуштар, атомдук, химиялык кыйроолор ушул кылымдын учурларына туш келди.
Биз азыр кылымдар тогошкон, доор алмашкан мезгил аралыгында түркүн түстүү өзгөрүүлөрдүн алдында турабыз. 2003-жылдан Суупери заманы (водолей эрасы) башталды. Суупери доору илимдеги сапаттык өзгөрүүлөрү менен үчүнчү миң жылдыктын келечегин аныктаганы түрдүү сыноолорду адамзат алдына таштап, дүйнө тездик менен өзгөрүүгө умтулуп турган кезек. Мурун сыр болуп, мистикалуу эзотерикалык фактылары Кудайдын эрки менен ачыла баштайт. Аны адамдарыбыз азап тозок менен кабыл алып, кыйынчылыктар аркылуу моюнга алуга аргасыз болууда. Азыркы биз мекендеген Кыргызстан энергетикалык эң күчтүү аймакта.
Акыр заман деген эмне?
Экинчи жана үчүнчү миң жылдыктардын аралыгында "Акыр заман" келет деген байыртадан келе жаткан түшүнүк бар. Мындай ишенимдерди илим эмне деп түшүндүрөт. Илгери жазуу булактарында Фохат аттуу башаттык космикалык энергия Жер жүзүндө мурда болуп көрбөгөндөй кубулуштар менен байкалат. Биздин ойлорубуз, эмоциябыз, а түгүл денебиз - баары биригип бир энергия. Бирок ар башка сапаттагы көрүнүштөр. Ошондуктан жаңы күч- кубаттын пайда болуусу табиятка жана анын бөлүкчөсү Адамга жаңы талаптарды коёт. Азыркы өнүгүү жолу космостук аң сезим менен жеке аң сезимдин жуурулушу, ар бир адамдын ой-акылы жогорку сапатка өтүп, глобалдык кеңири түрү акырындык менен кулач жаят. Байыркы жазмаларда айтылган "Асман жерге көмкөрүлөт" жана Адам менен периштелердин жана арбактардын ортосун бөлүп турган көшөгө айрылат" деген олуялыктардын түбү ушул жерде. Башкача айтканда "Акыр заман" деген дүйнөнүн талкаланышы эмес, ал өнүгүүнүн кийинки тепкичине көтөрүлүү дегендик менен түшүндүрүлөт.
Албетте, мындай зор жаңылыктар курмандыксыз боло койбогону мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени, жашоодо өз ордун ээлөө үчүн эски көндүм нерселерден арылып, жүрүш-туруштун жаңы эрежелерине иштеген ишке башкача мамиле кылууга, мамлекетти башкаруунун жаңы ыкмаларына тез көнүү оңой эмес. Канга сиңип калган эски консерватордук сезим жөн жай эле коё бермек беле. Эскичилдик өз ордун жаңыча бошоткондон көрө, бүтүн дүйнөнү жексен кылып ийүүгө даяр. Ушундан улам азыркы көйгөйлөр, согуштар адамдар арасында түшүнбөөчүлүктөр, экономиканын кыйрашы келип чыгууда. Бирок абал үмүтсүз десек жаңылабыз. Адамзат аман калгысы келсе, анда ой жүгүртүү ыкмасын өзгөртүүсү керек. Бул "Түбөлүк материк" атанган куттуу жерде жаңы цивилизациянын бешиги термелүүсү мүмкүн. Бирок биз асманды тиктеп отура берсек эч нерсе башталбайт.
Жаңы цивилизациянын эшиги
Отурукташкан маданият өзүнүн ачкөздүк жүрүм- туруму менен жар үстүнө барып такалды. Жердин ресурстары, өсүмдүк, суу, токой, айдалуучу кыртыш чексиз эмес. Өнөр жай индустриясы коротмочул, жаратылышка каршы улам барган сайын талкалагыч күчкө ээ болууда. Руханий нравасыз жашоонун залалы жер турсун космосту бүлүндүрүүдө. Сапаттык - өзгөрүүлөр тарыхта дайыма болуп келген. Бардыгы жаңыланат, кайталанат, эволюциянын башка түрмөгүнө өтөт. Келе жаткан алтын кылымдын же суупери заманынын адамдары абдан зор касиеттерге эгедер болушуп, алар үчүн телепатия, көзү ачыктык, мурунку өмүрлөрүн эскерүү, Космос күчтөрү менен байланышуу туулгандан тартып кадимки көз менен көрүп, кулак менен уккандай касиет болуп калат. Азыркы биз татаал турмушубузда, чыныгы нравалык касиеттерди иштеп чыгып, көчмөн рухтун ооматы ойгоно баштаган жаңы кезеңдердин алдында турабыз. Муну биз канчалык ылдам ойлонсок, кыйынчылыктан ошончо бат чыгабыз.

Бетти даярдаган
Алмазбек Эркебай