presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№13, 29.04.08-ж.
  Өзгөчө үйлөр

Тоңкобашаткан үй
Учурда кадимкидей эки - үч кабат үйлөр адам баласын канааттандырбай калганбы, айтор фантазияны болушунча пайдаланып, польшалык Даниэль Чапаевский дал ушундай баш - аягы айланган үй курган. Бул тамдын курулушу өзүнө так, даана бир идеяны камтыйт. Тагыраак айтканда, Чапаевский бул эмгеги тууралуу төмөнкүдөй маалымат берет: "Бул үй азыркы аяк-башы билинбеген башаламан замандын символу. Бүгүнкү күндө жашообуздун быт-чыты чыгып калды, бул үйгө кирген адам кандай сезимге кабылаарын билүү мен үчүн өтө кызык. Балким, башы айланып чыккан адам түшүнөөр кандай күндө жашап жатканын"-деп үмүттөнөт Даниэль Чапаевский. Андан да кызыгы бул үй курулуп бүткүчө Даниэль 28 жолу курулушчуларды алмаштырууга туура келген. Анткени, курулушчулар башыбыз айланып жатат, бул үйдүн түзүлүшү өтө татаал деген сыяктуу шылтоолорду айтып жумуш ордуларын таштап баса беришкен.

Куб формасындагы үйлөр
Нидерландиядагы архитектор Плет Блом кадимки эле үйдү 45 грудуска эңкейтип, кубдун үч жагы асманды, үч жагы жерди карап турат. Кызыктуусу ар бир кубдун бир жагында мейманкана, тамактануучу жай жана уктоочу бөлмө орун алган. Бул тамды сатып алууга ар кимдин эле кудурети жете бербесе да кирип кызыгуусу арткан каалоочулар көрүшсө болот.

Гангстердин үйү
Бул үй Архангельскте Николай Сутягиндин фантазиясынан жаралган. Жалаң жыгачтан жасалган он үч кабаттан түзүлгөн үй дүйнө жүзүндөгү эң бийик "имарат" болуп эсептелет. Тилекке каршы, бул эмгек толугу менен аягына чыкпай калган. Анткени, ошол кезде Николай Сутягин кылмыш дүйнөсүнө баш оту менен сүңгүп кетип, көп убактысын, дээрлик жашоосунун теңин абакта өткөргөн. Ал эми темир тордон чыккандан кийин үйдү бүтүрмөк тургай, араң нан тапканга жарап, үйү ошол бойдон жарым-жартылай бүткөн боюнча калтырган. Бүгүнкү күндө жашоосунун акыркы мүнөттөрүн өзү курган үйдүн биринчи кабатында өткөрүп келет.

Бактын үстүндөгү үй
Чымчыктардан айырмаланып адамдар эми жер бүтүп, бактардын так чокусунан орун ала башташты. Тагырак айтсак Индонезияда дал ушундай табышмактуу үй кадимки эле билими жок, карапайым адамдар тарабынан курулган. Кураарын куруп алышып, "Эми катуу шамалдан же катуу жааган жамгырдан бул сырдуу уяны кантип сактап калыш керек?" деген суроого баш катырып жаткан учурлары.
Бактын чок ортосунан орун алган бул тамды алгач көргөндөр бир эсе таң калышса, бир эсе көргөн көздөрүнө ишенишкен эмес. Себеби, түзүлүшү кадимки эле үйлөрдөй балкону, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөрү бар. Болгону мындай укмуштуу үй бактын үстүндө жайгашкан кайсы акылдуу адамдын идеясы экени бүгүнкү күнгө чейин сыр бойдон сакталып келүүдө.

Футбол тобунун формасындагы үй
Голландиялык архитектор Ян Сонки бул өзгөчө керемет үйдү Африканын борборуна салган. Төрт этаждан тургузулган бул үй жайкысын салкын, кышкысын жылуу. Тилекке каршы Ян Сонкинин бул үйдө ойной турган балдары жок болгондуктан, туристтер менен жөнөкөй меймандарга үйүнүн эшиги дайыма ачык.

Козугарын формасындагы үй
Алгач бул үйдү бир караган адамга түшүнүксүз да, таңкалычтуу да көрүнөөрүндө шек жок. Бирок дал ушул түшүнүксүз там Огайолук профессор Терри Браундун идеясынан жаралган. Албетте, мындай укмуштуу үйдү куруу Браун үчүн оңойго турган эмес. Ал болгон мүмкүнчүлүгүнүн, мүлкүн баарын ушул идеясын ишке ашыруу үчүн жумшаган. Үй толугу менен даяр болуп, эми профессордун акыбети эки эселенип өзүнө кайтканы турат. Анткени, Браун бул эмгегин аукционго коюп, 400 миң доллар пайда көргөн.




"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериалдарында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

63- 66- серияларында…
Табиятынан митаам Виктория бир убакта өзү байланышып алган Мальковцевден коркутуу-үркүтүүсүнөн кутулуунун амалын кылып Ася чоң атасы Павел Федотов экенин эчак маалымдаганын айтат. Бул учурда Анюта Геннадийден эмне себептен Павелди өлтүргүсү келгенин билүү үчүн суракка алат. Бул болбой калган кылмышка баягы эле Мальковцевдин тиешеси бар экенин уккан Анютанын айласы кетет. Ал эми өзүнө үйлөнбөй койгону үчүн Светославга жини келип, өч алууну көздөгөн Виктория Петр аркадьевичке Светик тууралуу бардык чындыкты айтып, тез аранын ичинде чара колдонбосо, өзүнүн өмүрүнө коркунуч тууларын эскертет.

Чындап ачуусу келсе да Петр Аркадьевич Сашага тийбесин айтып Лерага сөз берет. Мальковцев зергерге тез аранын ичинде фибуланы келишим баада сатуусун суранат. Бул убакта эч кимди зериктирбеген Галина Иванга эл катары үйлөнүү тоюн өткөрүүнү сунуштайт. Бирок, тилекке каршы Галина күткөн салтанат анын оюндагыдай болбой супсак өтөт.
Ортолорунда пикир келишпестиктер болуп бир нече жолу урушса да, Раиса кызынын тоюна келет. Апасы Викториянын кеңеши менен Светослав кайненесинин көңүлүн алуунун аракетин кылат. Итиркейи келген Раиса фибуланы Асяга алмашып жибергенин, кызына татыксыз экенин айтса, өз сөзүнөн кайтпаган Светик кайненесинен кат-кат кечирим сурап, катачылыгын мойнуна алат.
Геннадий Викторияга Динанын Светославдан боюнда бар экенин айтып оозун ачырат. Жумуштары менен чет мамлекетте жүргөн Яраслав келээри менен Светославга тишин кайраган Веник досу жокто анын иниси окшоштугунан пайдаланып кандай кылыктарды жасаганын ийне-жибине чейин айтып берет. Жашоосунун акыркы күндөрүн кечирип, ичер суусу түгөнүп бара жатканын түшүнгөн Тамара Степанга Раиса менен жолуктуруусун суранат. Дале көздөгөнүнөн кайтпаган Саша Светиктин үйүнө келип андан боюнда бар экенин аялы Асяга айтат. Бул убакта заманасы куурулган Ярослав иштин чоо- жайын өз оозунан угуш үчүн инисине келет.
Шибегени капка каталбаган Дина Викторияга боюнда жок экенин, калп айтып койгонун билдирет. Ася менен сүйлөшүүнүн аракетин кылып Ярослав ага кайра-кайра телефон чалганы менен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Күйөөсүнөн качып келген Ася эң биринчи Степанга жардам сурап кайрылат. Күтүүсүздөн кайрадан циркке кайтып келген хан бийкенин жоругун кесиптештерине түшүндүрүү үчүн Степан Раисанын ооруп калганына байланыштырат.
Кийинки жумада боло турган серияларын алдын ала "Обон" гезитинен гана окуй аласыз.

Бетти даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??