presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№13, 29.04.08-ж. Жөө жүрүш болбой калды
Түптө жөө жүрүш уюштурган оппозиция лидерлери жөө жүрүштүн убактылуу которулган чечимин кабыл алды. Ага атайын даярдалган чагымчылардын жүрүшкө чыккандарга тоскоолдук кылышы себеп болду. Ошондой эле Сарыбулак айылында да аларды чагымчылардын тобу күтүп турат деген маалымат жеткен. Жүрүштү уюштурган "Ыйык Ата Журтту коргоо" комитетинин штаб башчысы Азимбек Бекназаров "Бийлик эч нерседен кайра тартпайт, ошондон улам элдин кызыкчылыгы үчүн жүрүштү убактылуу токтотуууга мажбурбуз, бирок бул башталышы гана, биз күрөштү уланта беребиз", - деп билдирген.
Ошондой эле Нарын-Балыкчы багыты боюнча да жөө жүрүш башталган. Бирок, анын демилгечилеринин бири, коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акуновду жана төрт адамды милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Аларга кошуп "Мунаса" укук коргоо уюмунун жетекчиси Бакыт Рысбеков да кармалып, көрсөтмө бергенден соң бошотулган. Кармалгандардын ишин Нарын шаардык соту карап, эскертүү берүү менен бошотту.

Кадырбеков кимдин каарына кабылды?
Бишкектин Ленин райондук соту Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы боюнча санкцияны карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Вячеслав Лужанскийдин айтымында, 10 күндөн соң сот бул маселени кайра карайт. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы аталган кызматта тургандагы иштери боюнча Эсеп палатасынын иликтөөсүнүн негизинде кылмыш ишин козгогонун каржы полициясынан кабарлашкан. Ишенбай Кадырбеков 25-апрелде камакка алынган эле. Айрым саясий ишмерлер болсо анын камалышын оппозицияга өтүп, 12-апрелде элдик курултайга катышкандан кийин башталганын саясий куугунтук катары баалашууда.
Ошол эле учурда 2005-жылы түзүлгөн "Ишенбай Кадырбековду коргоо" комитети жанданып, анын тез арада бошотулуусун талап кылып, эгер талаптары аткарылбаса түрдүү акцияларга барарын, жөө жүрүшкө чыгарын билдиришүүдө.

Караңгы үйдө каман күркүрөйт…
Кыргызстандын энергетика тармагын кармап туруу жана аны өркүндөтүү багытында 300 млн. доллар карыз алынган. Электр тармагына тиешелүү объектилер 1991-жылы 5 млд. сомдун тегерегинде бааланганы маалым болду.
Токтогул ГЭСи Кыргызстан калкы керектеп жаткан электр кубатынын 40 пайызын берет. 2007-жылдын декабрь айында анын 1 агрегаты аварияга учурап, анын ремонтуна 5 млн. сом жумшалган. Азыр көптөгөн адистер Россия менен Казакстанга кетип жатышат. Аларда эмгек акы кыйла жогору. Ошол эле учурда, электр кубатынын тарифи 2001-жылдан бери өзгөрүлө элек. Техникалык жана коммерциялык жоготуу 36 пайыздын тегерегинде болууда.
Парламенттик угуунун учурунда жаңы конуштарды албаганда, Кыргызстандын жыйырмадан ашык айылы ушул убакка чейин чырак менен отурганы маалым болду. Алардын бешөө Жумгал районунда, экөө Баткен аймагында жайгашкан.

Зилзаладан жабыркагандар эмне дейт?
Кыштагы зилзаладан жабыркаган Карасуу районунун тургундары район аймагынан бөлүнгөн Кайрагач участогуна көчпөй, Ош шаарынын чеке белинен жер берүүнү талап кылышууда. Бул туурасында Карасуу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Медер Мырзабеков билдирип, жер титирөөдөн жабыркаган жүздөн ашуун жердештери Кайрагачтын шартынын катаалдыгын, суу жана жайыттын тартыштыгын көрүп айнышкандыгын, талап аткарылбаса азыркы жашап жаткан жерден эч жакка жылбай тургандыгын кошумчалады. Жергиликтүү талдоочулар өкмөт бул көйгөйдү чукул арада бир жаңсыл чечпесе жабыркаган калк келерки кышта дагы үй-жайсыз калып, жергиликтүү бийлик үчүн олуттуу маселе болорун айтышууда.

Ак халатчандар азаюуда
Өкмөт айыл жерлерине дарыгерлерди тартуу максатында түрдүү программаларды кабыл алган. Алардын бири "Дарыгерлердин депозити" долбоору акырындык менен ишке кирүүдө. Бул тууралуу билдирген саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов ай сайын депозит катары төлөнүүчү 3 000 сомду да аз көрүп, айыл жерлерине барып иштөөнү каалоочулар аз болуп жаткандыгын белгиледи. Түштүк облустардан адис дарыгерлер айлык акынын аздыгынан Орусияга, Казакстанга иш издеп кетип жаткандыгы айтылып келет.

Пара алган салыкчы
Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкери 24-апрелде иш бөлмөсүндө жеке ишкерден 2000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кире көтөрүлдүбү?
Бишкек шаардык кеңеш кабыл алган чечимге ылайык тролейбус жана чоң автобустарга жол кире 5 сом, чакан автобустарга жол кире 8 сом, кечкисин 10 сом болот. Чечим 1-июндан тарта күчүнө кирет. Шаардык кеңеш ошондой эле 1-майдан тарта борбордогу пенсионерлерге берилип келген жеңилдиктерди акчалай түрдө берүүгө өтүү тууралуу чечимди жактырды. Транспорттук тарифтерди көтөрүү чечими шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.
Ошондой эле Ош шаардык айдоочулардан кайрылуу түшкөндүктөн атайын комиссия түзүлдү. Ал дүйшөмбүдөн тартып ишке киришти. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин жол кире канчага кымбатташы сөзсүз билинет. Оштук эксперт Улукбек Максүталиевдин айтымында, азыркы учурда Ошто жол кире наркын көтөргөнгө негиз жок. Бирок Бишкекти туурап кымбаттоо башталса, анда кары-картаңдар, майыптар жана студенттер гана жабыр тартат. Ошон үчүн адегенде маянаны, стипендияны жана пенсияны көтөрүү керек.




  Дүйнө дүбүрт

Кытай темир жолду өнүктүрөт
Кытай беш жыл ичинде Тибеттен Непалга чейин темир жол курууну пландаштырууда. Бул тууралуу Непал өкмөтүнүн өкүлдөрү маалымдады. Тибет менен Кытайдын негизги аймагын байланыштырган темир жол мындан эки жыл мурун курулган. Бул жол дүйнөдөгү эң тоолуу аймакта жайгашкан жол болуп эсептелет - айрым аймактарда анын бийиктиги 5 миң метрге чейин жетет. Анын курулушу менен расмий Бээжин регионго кошумча калкты тартып, Тибетте этникалык кытайлардын санын көбөйтүү максатын көздөөдө деген кооптонуулар дагы айтылып келген.

Нефти дүйнөдө кымбаттоодо
"Нью-Йорк биржасында нефтинин бир баррелинин баасы 119,37 долларга чейин көтөрүлгөн, бул мурдагы рекорддон 2 долларга жакын көбөйгөн", деп билдирет Франс Пресс агенттиги. Соода процессинде бир баррель үчүн баа 119,9 долларга жеткен, бирок психологиялык жактан маанилүү 120 доллар чегинен ашкан эмес. Лондондун товардык-сырье биржасында Brent маркасындагы нефтинин баасы да өскөн.

Нааразылык Казакстанда да бар
Болжол менен эки миңге чукул адам бүгүн Алматыда турак-жайлардын кулатылышына каршы нааразылык акциясына чыкты. Алар казак өкмөтүн жарандардын турак-жайга болгон укугун коргой алган жок деп айыпташты. Шаар бийлигинин чечими менен жакындан бери Алматыда жаңы конуштарга орун бошотуу үчүн көп үйлөр талкаланып жатат. Алматыда жерге болгон баа акыркы жылы кескин өстү. Жергиликтүү тургундар буга чейин дагы бир нече ирээт бийликтин көңүлүн кыймылсыз мүлк тармагында коррупциянын өрчүшүнө бурууга аракет кылып келген. Бүгүн нааразылык акциясына чыккандар өлкө башчысына кайрылуу жолдошту.

Чернобыль алааматына 22 жыл толду
Украинада, Орусияда жана Беларусияда бул кырсыктын курмандыктарын эскеришти. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кырсыктын айынан 4 миң киши каза болгон деп эсептеп чыккан, бирок өзөктүк энергетикага каршы чыккандар курмандыктардын саны 100 миңден ашат деп айтып келишет. Бул алааматка кыргызстандыктар да катышкан.

Акула кишиге кол салды
Калифорнияда акуланын кол салуусунан 66 жаштагы киши көз жумду. Ал жээктен 150 метр жерде спортсмендерди машыктырып жатканда акула келип, бутун тиштеген. Калифорнияда акуланын кол салуусунан акыркы жолу 2004-жылы бир киши каза тапкан эле.

Киши өлтүрсө дарга асышат
Иранда адам өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылган беш адамды дарга асышып, дагы беш адамга киши колдуу болгондордун үй-бүлөрү тарабынан кечирим берилген. Шарияттын жол-жобосуна ылайык алар кечиримдин ордуна акчалай компенсация алышты. Укук коргоочу эл аралык мунапыс уюму Иран дарга асуулардын саны жагынан Кытайдан кийинки экинчи орунда турарын өткөн аптада жарыялаган болчу. Былтыр эле өлкөдө өлүм жазасы боюнча 317 өкүм ишке ашырылган. Иран болсо өз кезегинде адам укугун бузуулар боюнча өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.

Том Круздун баласы чоң экранда
"Том Круз менен Николь Кидмандын асыранды баласы 13 жаштагы Коннор Круз "7 фунт" фильминде ролду аткарып сыноодон өтүүдө", деп жазат "People" журналы. Азап чеккен адамдын тагдыры жөнүндө баяндаган картинада бала Смиттин жаш чагындагы каарманынын эпизоддук ролун аткарат. Ата-энесинин атагына карабастан, Коннорго ролго атайын тандоо турунан өтүүгө туура келген.

Эл душманы кимдер?
Орус укук коргоочулары улутчул сайттарда "эл душманы" деп аталгандардын жаңы тизмеси пайда болгонуна кабатыр. Фашизимге каршы "Холокост" корунун башчысы Алла Гербердин маалымдаганына караганда, тизмеде рассалык араздашуулар менен алектенген укук коргоочулар жана тартип коргоо органдардын айрым өкүлдөрү кирген жана алардын даректери, телефон номерлери жана башка жеке маалыматтары кошо жайгаштырылган. Укук коргоочулар бийликтен бул окуяны иликтөөнү өтүнүп жатышат.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ









??.??